Оозпикир

Мадумаровдун төрагалык ишмердүүлүгүнө кандай баа бересиз?
Накен Касиев, коомдук ишмер:
- Мен Адахан Мадумаровду мурда оппозицияда жүргөндө чыныгы демократ катары билсем, азыр 360 градуска бурулуп, жүзүн өзгөрткөн авторитардык режимдин экинчи адамы катары билип калдым. Бир караган кишиге Адахан мырза биринчи классты түз отур, кыйшык олтурба деп тескеген биринчи класстын мугалиминдей эле таасир калтырат.
Эркин Булекбаев, "Жашылдар" партиясынын лидери:
- Адахан Мадумаровдун төрагалык ишмердүүлүгүнө эң төмөнкү, эки деген баа берем. Анткени, ал кандай бийликке келди ошондой демократияны жана регламентти бузду. Кыска убакыттын ичинде өзүн эки сүйлөгөн инсан катары көрсөтүп алды. Ошондой эле Жогорку Кеңештин иши менен алек болбой, Жогорку Кеңешке келген анча-мынча чиновниктерди да "галстугуң жок" деп тескегенге өтүп алды. Кыскасы, төрага кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланып жатат.
Азиза Абдрасулова, "Кылым шамы" бейөкмөт уюмунун жетекчиси:
- Эгер Адахан Мадумаров бир иш жазаса анда баа берет элем…
Айзада Абазова, "Кыргыз руху" гезитинин башкы редактору:
- Мен мурда Адахан Мадумаров жөнүндө жакшы маанайдагы макалаларды жазат элем. Азыр болсо, ага карама-каршы маанайдагы макала жазып калдым. Мен эле Адахан мырза тууралуу жаман пикирде экем деп жүргөм. Кечээ Адахан Мадумаровду сыйлап, урматтаган инсанга кезигип калдым. Ал "Адахан Мадумаровду жамандап жазып салчы"- деди. Көрсө, мен эле эмес, аны аздектеген жакындары да иренжип калыптыр деп ойлоп калдым.
Кеңешбек Дүйшөбаев, генерал:
- Чынын айтсам анын төрагалык ишмердүүлүгүнө анчалык деле көңүл бурбайм. Алы жетишинче Жогорку Кеңешти башкарып жатса керек. Азыркы парламенттин кандай жол менен келгени барыбыздын көз алдыбызда. Ошон үчүн бул парламентти легитимсиз деп эсептейм.
Бакыт Бешимов, Жогорку Кеңештин депутаты:
- Төрага маданияттуу, салмактуу, ар кандай кырдаалга, оорчулукка чыдаган, кечиримдүү, жогорку сабаттуу, илимдүү адам болушу керек. Тилекке каршы, биздин төрага андай эмес.

Ч.Кутманалиева









Меймансап




Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: (0772) 500564
© J.Janyzak, Kyrgyzstan