![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №15, 21.05.08-ж. |
Меймансап Форум Чындык барбы? Исмаил Кочкаровдун жубайынан ким 7миң доллар талап кылып жатат? Бул макалага чейин "Асман пресс" гезитинде Карачайлар диаспорасы Исмаил Кочкаровдун камалышына нааразы деген макала жарык көргөн. Аталган макалада 2007-жылдын июнь айында фискалдык органдар тарабынан Исмаил Кочкаровго мыйзамсыз иш аракеттер болуп, 2008-жылдын 12-февралында камака алынганын кабарлаган элек. Ошол кезде эле ЖКнын коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитети дагы ИИМдин уюшулган кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча шаардык башкармалыгынынын И. Кочкаровду камаганы мыйзамсыз экенин маалымдашканын жазганбыз. Бирок, ошондой болсо да ушул күнгө чейин Исмаил Кочкаров камакта. Күйөөсү камалып жатса, аялынын бала-чакасынын абалы кантип жатты экен деген маанайда жубайы Зухра Халитованы кепке тарттык. - Зухра айым, жолдошуңуз Исмаил Кочкаров камалгандан бери жолуга алдыңызбы? - Жолуктум. Эмнегедир бат-бат жолугууга анчалык мүмкүнчүлүк деле беришпей жатат. - Бизге жеткен маалыматтарга караганда Исмаил Кочкаровго күч колдонуп, денесинен жараат алды деген имиштер айтылып жүрөт. Сиз жолукканда күч колдонулганын байкай алдыңызбы? - Моюндары көгөрүп калганын байкадым. Бирок, Исмаилдын эрки күчтүү да. Менин жүрөгүмдү ооруткусу келген жокпу айтор, "Мени кыйнап жатат"-деп даттанган деле эмес. Бирок, бир аз убакыт өткөндөн кийин мага кимдир бирөөлөр телефон чалып, 7-5 миң доллар таап беришимди талап кылышты. Алар сураган сумманы тапканга кудуретим жетпейт десем Исмаилди ур-тепкиге алышып, кыйнашкан окшойт. Эрки күчтүү оңой менен баш ийе бербеген өмүрлүк жарым "Зухра мен үчүн эптеп карыздап болсо да акча таап бер" деп өтүндү. Исмаилдин жалбарган сөзүн угуп, Карачай бизнесмендеринен жалдырып карыздап араң зорго миң доллар таап бердим. Баарынан таңгалыштуусу менин номеримди терип, трубканы Исмаилга берип, акча суратышат. Анча акчаны кайдан табам. Керек болсо квартирам дагы күрөөдө. Аны түшүнгүлөрү келбейт. Бизди кыйнап жтса да, мага болгон кысымды айтып, эч жакка арызданган жокмун. Себеби, кокус мен ачуу чындыкты айтып чыксам, Исмаилга дагы проблема кошулат деп ал үчүн тилимди тишиме катып олтурам. Акча таппай кыйналып жатканымды туйганбы айтор, Кереметтүү Ысыккөлдөн 86 жаштагы энеден 600 сом акча, ага кошумча Исмаилдин амандыгын тилеген кат келиптир. Окуп алып ыраазы болуп ыйладым. Аталган катта "Бир торпогум бар. Эгер акча керек болсо, ошону да сатып берейин" деп жазыптыр жарыктык киши. Мына ошондой ырайымды Исмаилди күнөөсүз камап, азапка салгандар кылса гана. -Сиз Исмаил Кочкаровду күнөөсү жок эле камакка алды деп жатасыз. Аны каматууга кимдер кызыкдар? - Мага бул ишти Жаныш Бакиев эмес, анын атын саткандар эле жасап жаткандай туюлат. Анткени, Жаныш Бакиевдер мынчалык акылга сыйбаган жоруктарды жасабайт болуш керек деп ойлойм. Биз буга чейин тиешелүү жерлерге эмне деген гана кайрылууларды жибербедик. Бирок, эч биринен майнап чыккан жок. Үнүбүз жогору жакка жетпей жатабы деп коомдун санитарлары болгон журналисттер үчүн атайын пресс-конференция кылсак дагы, көпчүлүгүнө "Бул материалды эфирге бербегиле" деген учурлары да болду. Эмне кылаар айлабызды да таппай калдык. Исмаил болсо, арманын айтса угаар киши жоктой болуп, ак барак менен сырдашып, кыргызча, орусча ырларды ошондой эле пьеса жазып жатыптыр. Исмаилди күзөткөндөр анын кыргыз тилин мыкты өздөштүргөнүнө таңгалып,кыргызча ыр окуп беришин өтүнүшөт экен. - Жаныш Бакиев кызыкдар болбосо анда, чуулгандуу окуя кимдердин көмөгү менен башталды? - Исмаилдин 20 жылдан бери чогуу жүргөн Мурат Султаналиев деген эң ишенимдүү досу бар болчу. Ошол инсан азыр Жаныш Бакиевдин жардамчысы. Исмаилды каматканга бирден-бир себепкер адам ошол деп ойлойм. Исмаил өзүнүн акцияларын Талант Мамытовдун наамына каттатып койгон. Аны ишеничтүү адам деп билчү. Талант Мамытов менен Мурат Султаналиев экөө өз ара сүйлөшүп, Исмаил эч нерседен капары жок Ысыккөлгө иш сапар менен кеткенинде Исмаилсыз өздөрүнө жасалма документтин негизинде каттатып алышкан. Азыр ошол жасалма документти мыйзамдаштырыш үчүн СИЗОго камап, кол коюп бер деп, ур-токмокко алып жатышат. Кыскасы, кайсы бир адамдардын кызыкчылыг үчүн акылга сыйбаган иш жасалып, үч айдан бери көз боеомочулук беренеси менен Исмаил себепсиз камакта жатат. Адилет министри Марат Кайыповдун атына Исмаил СИЗОдогу кысымды арыз аркылуу маалымдаган. Ошондой эле "Эгер өлүп калсам эч ким күнөөлүү эмес. Мен көпкө жашабайм" деген маанидеги арыз жаз деп мажбурлашканын жазган. "Бирок, мен андай арыз жазганым жок. Себеби, менин жашы жетелек үч балам бар. Аларды бутуна тургузуп, аталык милдетимди аткарып, эрезеге жеткиришим керек" деп кошумчалаптыр. Аталган арызды адвокаттын жардамы менен Марат Кайыповго киргиздик. Учурда Исмаилдин акцияларына кызыкдар болгондор "Кол коюп берсең чыгасың" деген талап коюп жатат. Макул деп кол коюп койсо, учурунда чындыкты айтып чыгат же СИЗОдон чыккандан кийин бизден өчүн алат деп ошол замат өлтүрүп, биротоло көзүн тазалап коюшу мүмкүн деген бүшүркөө менен күн кечирип жатабыз. Мен Исмаилдин алдамчылык менен камалды дегенге макул эмесмин. Байкаган кишиге бул жерде кылмыш иши эмес, тескерисинче, экономикалык талаш маселе айдан ачык көрүнүп турат. Жадагалса бул чуулгандуу ишти Исмаилдин адвокаттары да кимдир бирөөнүн заказы менен жасалып жаткан иш деп баалашууда. Керек болсо тергөөчү дагы Исмаилдин күнөөсү жок экенин билет. "Таанышың болсо танкасың, таанышың жок болсо маңкасың" деген заман болуп калганбы ,Талант Мамытовдун колдоочусу, чоң таанышы болуп, ушул ишти жасап жатат. Бүгүнкү күндө кырдаал жасалма документти мыйзамдаштырып алууну көздөп, күнөөсү жок адамды жөн эле азапка салып, айласы кеткенде кол коюп берет кыязында иш кылып жатышкандай. - Зухра айым, Исмаил мырза менен качан, кайдан таанышып калдыңыз эле? - Ой, ал кезде мектептин окуучусу болчумун. Боюмдун узундугун көрүп, Исмаил мени студент кыз экен деп ойлоптур. Таанышып жакшы мамиледе жүрдүк. Сөзүбүз бүткөндө үйлөнүп алдык. Азыр бир кыз эки уулубуз бар. Эң улуусу алты жашта. Ортончусу төрт жашта. Кичинекейи үч жашта. - Балдарыңыз атасынын камалып жатканын билеби? - Жок билбейт. Аларга атаңар камалып жатат деп айтып, жүрөктөрүн ооруткум келбейт. "Атам качан келет? Сагынып кеттик" деп куса болушканынан улам айлам кетип, атаңар жумуштары менен башка өлкөгө камандировкага кетти деп алаксытып жатам. Балдарымды атасын кайра-кайра суратпаштын аркетин кылып, алар тура электе Исмаилдын атынан кат жазып, балдарым жакшы көргөн конфет, шокаладдарды алып келип,атаңар берип жибериптир деп көңүлдөрүн жубаткан болом. Ага болбой эле балдарым сагынгандан аталап эле калышты. "Эрте келсе экен" деп жолун карап күтүшөт. Үч айдан бери камакта болуп, келбей жатканын балдардын жүрөктөрү сезип атканбы айтор, мага алдангылары келбей, "Атам үч айдан бери жок. Башка үй-бүлөгө. Башка балдарга кетип калды окшойт"- деп да калышат. Балдардын аянычтуу, куса болгон абалын көрүп, жүрөгүм эзилип, аларга көз жашымды көрсөтпөй ыйлап алам. Ч.Кутманалиева Коңгуроо Саясатты эмес, нансыз калбасам экен деп ойлон, кыргызым! Тээ Гаити, Египет, Эфиопада өзгөчө күч алган глобалдык экономикалык, азык- түлүк кризиси эми Орусияга жетип, андан бери карай Орто Азияны да тооруп тургандыгы жакындан бери байма-бай айтыла баштады. Айрым экономисттер болсо бул кымбатчылыктын башталышы гана деген жүрөк үшүтөөрлүк баасын беришип, айтор, азык-түлүк кризиси Кыргызстандыктардын дагы күнүмдүк турмушунан сезиле баштады. Албетте, менменсиген улуу держава Орусия үчүн да бул маселе оорчулугун тийгизип жатканда ансыз да эзели экономикасы оңоло албаган Кыргызстан үчүн опол тоодой эле нерсе да. Орусиянын жаңы президенти Дмитрий Медведьев бул кризистен элин кантип алып чыгууну ойлоп, "башы ооруп" жаткандыгын эл аралык бир топ басылмалар жазып чыкпадыбы. Ошондон улам "а биздин эл башындагылардын башы кантип "ооруп жатат" болду экен" деген ойго келесиң. Маалыматтарга таянсак, былтыр декабрь айында орус өкмөтү негизги азык- түлүк азыктарынын баасын бир деңгээлде кармап туруу планын иштеп чыккандыгына карабастан апрель айында Орусияда негизги тамак-аш продуктыларынын баасы 6, 4%га өсүп, Евробиримдик өлкөлөрүнө салыштырганда 3 эсеге көп болгон. Демек мындай кымбаттоолордун эпкини ансыз да кайышып турган кыргыздар тарапка жакшы эле тиери айдан-ачык болууда. Биз Дүйнөлүк Банк жана Бириккен Улуттар Уюмунун салган саресептерине таянсак деле алардын божомолунда дүйнөдө азык- түлүктүн баасы дагы өсө бермекчи. Алардын айтуусу боюнча алдыдагы он жыл ичинде баалардын дагы өсүшү күтүлөт. Ошентип, дүйнө жүзү боюнча тамак-ашты импорттогон өлкөлөрдүн биринчи катарында болуп келген Орусиянын импортко болгон көз карандылыгы жергиликтүү базар мындай турсун дүйнөлүк базарга өз таасирин тийгизе турган болуп калды. Мындай кырдаалдын келип чыгышы колунда бар жана колунда жоктордун ортосундагы ажырымды дагы курчутчудай. Башкасын айтпаганда да номур биринчи кезекте элге керектелүүчү ун маселеси алдыдагы жылдарда кандай болот, бул дагы өзүнчө бир табышмак бойдон. Алысты айтпай өзүбүздүн кампабызды карасак. Быйыл Кыргызстанда дан эгиндери былтыркыга салыштырмалуу 53 миң гектар жерге арбын себилгендигин адистерибиз айтып жатышат. Бирок, далай жердегисин жаз ортосунда үшүк уруп кеткендигин дагы тана алышкан жок. Мисалы, Талас, Чүй областары биригип, 101 миң гектар жерди үшүк алып кеткен. Демек, быйыл дагы баалар асмандап, эл чөнтөгүнө күч келе турган окшоп калды. Башка эмнени айта алабыз? Экономиканын эбегейсиз этегин чойгон айыл- чарбасындагы өнүгүү 1,4% га араң чыгып жатса анан кайдагы жакшы жашоону элестетебиз? Албетте, жогорудагы Орусиянын президенти окшоп, Кыргыз өкмөтү бир катар маселелерди чечүү керектигин жаз ортологондо араң айтты. "Буудай", "Жүгөрү" деп аталган долбоорлордун иштеп баштаарын, жергиликтүү дыйкандардан базар баасында 300 миң тонна буудай сатып алууну көздөп жатышкандыгын билдиришти. Элдин кампасынан ошончо буудай чогула калса анда жакшы. Себеби, канча деген акча мисалы, Казакстандын казынасына куюлбай, өзүбүздүн элге берилсе сонун эле болмок. Эгерде бизге керектүү буудайдын 30%ы ошол эле 300 миң тоннаны түзсө, анда 150млн. доллардан ашык акча болот экен. Ошонун бары дыйкандардын колуна берилсе аларда деле эртеңки күнү дыйканчылыкка болгон кызыкчылык жогоруламак. Кандай айткан күндө да кыргызбайлар кайрадан айылдарга эле барып, жер тырмалабаса болбой калды. Саясат деп саясий оюндардын аркасында жүрүп, тиши өтсө-өтпөсө дагы аянтка чыгып ач айкырыкты салып жатып эмнеге жеттик? Эгер эл өзүн-өзү көтөрүп, багып кетпесе өкмөт кыйратат дегенден майнап чыкпайт. Андыктан, саясат деген саздан чыгып, эртең нансыз калбасам экен деп ойлонолу, кыргызым. Дүйнө боюнча азык- түлүк кризиси ажыдаардай каптап келатканда алакан жайып олтургандан пайда чыгабы. А.Асанбекова |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|