![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №15, 21.05.08-ж. |
Меймансап Форум Китеп варианты Биз билген да, билбеген да Рысбек (Уландысы. Башталышы өткңн санда) - Рысбек баатыр, биз маегибизден четтеп, азыркы учурдагы абалга кайрылсак… - Алхамдүлилла, адегенде сөздү жакшы жаңылыктан баштайын. №69 Балыкчы шайлоо округунан депутаттыкка кандидаттыгымды №1 болуп каттодон өттүм. Депутаттыкка баруумдун себебине өткөн маектерде токтолгом. - Азыркы убакта иниң Коноев Мирланды ГУУР дын кызматкерлери 10 саат бою кармап, борбор калаабыздагы "Айчүрөк" соода түйүнүнүн астында элге Мирланды кылмышкер катары көрсөткүлөрү келген Суваналиев Өмүрбек, Алибаев Тилек, Абакиров Болоттун көрсөтмөсү менен жасалган "опер кызматкерлеринин маски-шоусу" тууралуу эмне айта аласыз? - Мен мурда да айткам. Бул окуя мени парламентке киргизбөөнүн айла-амалдарынын дагы бири. Атайылап инимдин машинасынан мыйзамга туура келбеген нерселерди табууга аракет кылышкан. Эгерде анын жанына адвокат Ногоев. Р. Жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү келип калбаганда алардын арам оюу ишке ашмак. Сөздүн ток этер жери, менин жакын санаалаштарым мыйзамга туура келбеген нерселерди алып жүрүшпөйт. Жанагы "пастанова" дегениңерди токтоткула. Эл дагы билип, түшүнүп турат. - Сени эл тааныган, улуу- кичүүлөрдүн арасында кадыр- баркы бар атуул катары Чүй облусунун Ысыката районунун Искра айылындагы болуп жаткан чыр- чатак тагыраак айтканда улуттар арасындагы карама- каршылык боюнча оюңду уксак. - Чындыгына келгенде ал окуя мурдатан эле келе жаткан өз ара пикир келишпестиктер менен бири-бирин басынтуу аркылуу курчуп келген. Андай өз ара араздашууга жол берип, ошол талаш-тартыштарды тура жана так териштирбеген укук коргоо органдарынын оркойгон кемчиликтеринин натыйжасы. Мага маалым болгондой, кээ бир дунган улутундагы жарандар кыргыз балдардын үстүнөн үстөмдүк кылып келишкен экен. Улуттар аралык маселе бир эле күндө чечиле койчу иш эмес. Ушунун баарын азыркы учурдагы коомдун социалдык абалы, башкаруу бийлигинин алсыздыгы түрткү болгон. - Президенттин аброюна шек келтирген Текебаевдин парламенттин жыйынында сүйлөгөн сөзүнө кандай карайсыз? - Менин оюмча төрага Текебаевдин мындай мазмундагы билдирүүсү бул барып турган пастык, парламентти башкарып, мыйзамдарды чыгарган төраганын сүйлөгөнү өздөрү чыгарган мыйзамга да туура келбей калды. Бул бүт кыргыз элин шерменде кылгандык. Мен мындай билдирүүнү президентибиз К.Бакиев мырза айткандай "бийликти тартып алуу максаты" деп эле түшүнөм. Президентти мыйзам колдой албаса эл турат, президент үчүн биз чыгабыз. К. Момоев (уландысы бар) Айчүрөк Султанова ырчы: "Тааныбагандарга баргандан корком" - Сиз чыгармачыл жана саясий чөйрөдө иштеген адамсыз, эки кызмат бири-бирине тоскоол болбойбу? - Мен "Жогорку Кеңешке убактылуу стенограмма тергенге машинистка кыздар керек"-деген жарыядан улам Жогорку Кеңеште 12-күн иштеп кеткем. Көп өтпөй мындан ары иштөө сунушу түшүп, мен макулдугумду берген соң дароо "Которуу бөлүмүнө" которушту. Ошондон бери бул жакта иштеп жүргөнүмө 12 жылдын жүзү болду. Чыгармачылыгым да ушул жерден башталган. Кичинемден эле ырчы, актриса болом деген тилегим бар болчу. Бирок, мага чыгармачыл жактан жол көрсөткөн киши жок арманымды ичте катып жүрө бердим. Бир күнү жумушта майрам болуп калып, Абидин Темиров келип калды. Кесиптештерим "Айчүрөк жакшы ырдайт, ырдадып көрсөң" -деп калышты. Абидин ырдаганымды жактырып, экөөбүз бирге ыр жаздырмай болдук. Ошентип, анын эки ырын жаздырттык. Андан ары Абидин артисттер менен тааныштырып, концерттерге катыштырып чыгармачыл чөйрөгө аралашып калдым. Убагында "Котормо бөлүмүндө" иштеген коллегаларым көбү чыгармачыл адамдар болгондуктан, мени туура түшүнүп, концерттерге, сьемкаларга барганга шарт түзүп беришти. Алар да көбү чыгармачыл адамдар эле. Ошондон бери эки жакты бирдей алып келе жатам. Экөө бири-бирине тоскоол кылбайт. Кээде жумуштан кыңылдап ырдап жүргөнүмдү өзүм да байкабай калам. Сьемкаларга түшкү тамактануу учурунда бара койсом, концерт, тойлорго жумуштан кийин барам. - А гостроль убагында кантесиз? - Мен ушул ишиме байланыштуу гастролго чыкпайм. Бирок, былтыр сиңдимдин 20-жылдыгы болуп, Дилшат Кангелдиева экөөбүздү Жалалабадка чакырып калды. Дилшат экөөбүз "Атайын барып аткан соң элге концерт тартуулай келели"-деп кеңешип, Жалалабадка жөнөп калдык. Дилшат "Камбаркан" тобу менен чет-мамлекеттерге барчу, бирок, өзүнчө гостролго чыкчу эмес да. Экөөбүз тең гастролго чыгып көрбөгөн жаныбыз, ошондо гастролго чыгыш оңой эмес экенин билдик. Чынында чоң эмгек кетет экен, гастролдоп жүргөн ырчыларга баа бердим. - Сегиз ырчы кыздан турган "Үкү" тобу түзүлгөнү чынбы? - Биз "Досторго" деген ырыбыз менен сегиз кыз телевидениге тартылганбыз. Ал жакта иштегендер аттарыбызды жазбастан астына "Үкү" тобу деп жазып коюшуптур. Антип топ түзгөн да эмеспиз, өзүбүздү антип атаган да эмеспиз. "Үкү" деген комедия жанрындагы топ бар го. Бир чети күлкүң келет. Сьемка учурунда баарыбыз кыргыз кийимчен, укү топучан жүргөнбүз, "Үкүчөндөр" деп ага чейин эле тамашалап жатышкан. Ошого жараша жазып коешса керек. - Качан бир көрүнүп, концерт берейин деп жатасыз? - Быйыл 5-6 июнда эл"Үкү" тобу деп атап алышкан сегиз кыз биргеликте концерт берели деп жатабыз. Концерттин аты "Досторго" деп аталат. Ошол сегиз кыз турмушта да доспуз. Чыгармачылык, үй-бүлөлүк жактан катташып, айына эки жолу шерине ойнойбуз. Биздин мүнөзүбүз да бири-бирибизге төп келет. Көп эле ырчыларды көрүп жүрөм, бири-бирин көрө алышпайт. Көзүңө жакшы сүйлөп, аркаңа башкача сүйлөп коешат. "Бул эмне үчүн менден биринчи ырдашы керек, мен эмнеге сахнага биринчи чыкпайм"-дешип, майда-чүйдөдөн эле урушуп кетишет. Биздин мамиленин тазалыгын ушундан деле байкасак болот, шеринебиз 5-6 жылдан бери эле айланып келе жатат. - Концерт берүүнүн биринчи идеясы кимдики болду? - Биз чогулуп, отурганда эле чыгармачылык жөнүндө сүйлөшөбүз да. Жайнагүл Калчаева эжебиз "Кыздар, чогулуп концерт бербейлиби" деп калды. Гүлзат Байзакова "Мага Адылбек Кыязов "Досторго" деген ырын берген, ошону чогуу жаздырбайлыбы, бизге абдан ылайыктуу"-деп калды. Сөздөрүн окусак баарыбызга жакты. Ырды жаздырып биринчи жолу "21-кылымдын жылдыздарына" ырдап чыктык. Андан кийин "Кыздар ай" деген элдик ырды чогуу ырдап жаздырдык. Негизи эле ошол сегиз кыздын баары элдик ырларга жакынбыз. Буюрса, концертибизде көбүнчө элдик ырлар,дуеттер, триолор ырдалат. - Тойго Жогорку Кеңештеги кесиптештериңиз көбүрөөк чакырса керек? - Ооба. Мен өзүм деле тааныбагандар чакырса барбайм. Тааныгандарга же болбосо тамада аркылуу гана барам. Буга чейин көп эле имиштерди уккам. Ырчыларды тойго деп чакырышат экен. Ырчы дарек боюнча барса, сауна же үч-төрт киши эле чогулган жер болуп калат. Ошондой болуп калабы деп жалгыз чакырган жерге баргандан корком. Азыр акчага көпкөндөр толтура да. - Жеке турмушуңуздан да айтып бербейсизби? - Жолдошум Агрардык университеттин күзөт бөлүмүнүн начальниги болуп иштейт. Улуу уулум Марсел студент. Кичүүсү Марлен мени менен кошо чыгармачылыкка аралашып жүрөт. Мен аны акын болот го дегем. 5-класска чейин ыр чыгарып жүрүп эле таштап койду. Сөздү кайдан табат деп таң калчумун, баарын "на ходу" чыгарчу. Өткөндө Алексей Филатов уюштурган "Жаңы ысымдар" деген аталыштагы концертинде ырдап чыкты. - Күндүзү жумушта, кечинде той-концертте жүрсөңүз, жолдошуңуз кызганбайбы? - Жолдошум туура түшүнүт. Мен айлап-жылдап гастролго кетпесем, барган жерге түнөп калбасам дегендей. Анүстүнө азыр уулум концертте, тойдо дайым жанымда жүрөт. Той, концерт деле күнүгө болбойт да. Биз ал темада урушпайбыз. Эльмира Мадиева Судьялыкка сулуулар келди Өткөн аптанын аягында ЖК нын депутаттары Кыргызстандын Жогорку Сотунун судьялыгына Президент сунуш кылган адамдарды шайлашты. Бул ирет депутаттардын элегинен эки судья Айжамал Ажибраимова жана Дильбар Максимбекова өтүп, "Өх" деп калышкан учуру. Добуш берүү негизинен жашыруун түрдө болуп, А. Ажибраимова үчүн 72 депутат "макул" деп добуш беришсе, 2өө "каршы", Д. Максимбекова үчүн дагы 72си "макул", 2өө "каршы" болушту. Эми алар бейшемби күнү, 22- майда ЖКнын алдында ант беришет. Чыңгыз Айтматовдун абалы кандай? Кыргызстандын улуу жазуучу Чынгыз Айтматовдун бөйрөгү катуу ооруп, ооруканага түшкөндүгү дүйнөгө дүң этти. Натыйжада, Чыңгыз Айтматовдун Татарстандын президенти жана окурмандары менен жолугушуу, энесинин туугандары жаткан көрүстөнгө баруу пландары үзгүлтүккө учурап, бирок, жазуучуга өз маалында медициналык жардам көрсөтүлгөн. Биздин маалыматтар боюнча учурда Чынгыз Айтматовдун абалы кайрадан жакшырып, дарыгерлер анын канындагы уулуу заттарды тазалашкан. Чынгыз Айтматов аталган өлкөгө Орусиянын "Россия" теле демилгеси менен "Кылымга тете бир күн" романы боюнча тасмага тартылуу үчүн барган.Учурда Айтматов саламаттыгын сакайтуу үчүн Германияда. "Ак шумкар" кайра "Атамекенден" бөлүндүбү? Ошентип, оппозициянын мен-мен деген лөктөрү баш кошуп, "Акыйкат үчүн" кыймылына бириккени анча деле суу кечпей, аталган кыймылдын айрым өкүлдөрү кайрадан өз-өз партияларынын ишин кайрадан жандандыруу максатында артка чегине башташты. Алсак, аркы жуманын этегинде "Ак шумкар" саясий партиясынын лидерлеринин бири Темир Сариев акыркы убактарда аталган партиянын саясий кеңеши эки ирет чогулгандыгын белгилөө менен эми үчүнчү жыйналышына камынып жатышкандыгын билдирди. Июнь айында болсо партиянын курултайы чакырылат экен. Андан тышкары келе жаткан жергиликтүү өзүн-өзү башкарууга жана бийликтин жогорку органдарына шайлоолорго катышуу максаты бар болгон "Акшумкарчылар" партияны түзүүнүн демилгечилеринин бири болгон К. Байболов эгер Кыргызстанда болсо аны курултайга чакыра тургандыктарын белгилешүүдө. Бирок мындай чакырууга саясаттан биротоло кеткендигин официалдуу түрдө жарыялаган Кубатбек мырза кандай жооп айтат азырынча белгисиз. А. Мадумаров: "Мандатыңарды таштап кеткиле" ЖКнын депутаттарына жана кызматкерлерине майрамдарга карата сыйлык ыйгаруу жөнүндөгү токтом долбоорун талкуулап жатышып, бейшемби күнү эл депутаттары төрага А. Мадумаровдон эң жаман баа алган окуучудай эле тил угушту. "Өзүңөр ушул жерде отуруп, айлыкты алып жатасыңар. Машине тээп, жеңилдиктери колдонуп жатасыңар. А гезитке чыксаңар легитимсиз парламент деп кыйкырасыңар. Андай болсо алып жаткан акчаңар арам. Популизмдин дагы чеги болуш керек да. Жакпайбы мандатыңарды таштап чыгып кеткиле" деген төрага өзгөчө сынын СДПКнын парламенттеги депутаты Б. Бешимовго жолдоду. |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|