Досуңду көрсөтчү...

ырчы Гулнара Тойгонбаева курбусу
Жамиля муратова Жөнүндө
Достук деген - бул эки тараптын бири-бирине болгон сый, урмат, түшүнүккө толгон мамиле. Бири бирине тууган-туушкан болбосо дагы бири-бирине карата ачык, таза мамиле түзүп, жеке кызыкчылыкты көздөбөстөн (карыстный цель)бири биринин жакшылыгында, жамандыгында жанында турган инсандарды дос деп эсептесе болот. Менин эң жакын досум деп жан курбум, ырчы жана композитор Жамиля Муратованы эсептейм. Биздин достугубузга 10 жылдан ашып калды. Кайсы күнү, кайсыл жерден таанышканыбыз менин да, Жамилянын да эсинде жок. Айтор, ал кезде Жамиля Кыргыз телевидениесинде "Звездная студия" аттуу көрсөтүүнүн редактору жана алып баруучусу болуп иштеп жаткан, а мен болсо жаңыдан ырдап чыгып жаткан кезим болчу. Тамашалашканда Жамиля мени Күкүш, а мен болсо аны Жампыш деп коем. Жампыштын биринчиден, адамдык сапаттарын баалайм. Ал ак-ниет, ачык, боорукер адам. Туулган күн жана башка ар кандай майрамдарда бири- бирибизди куттуктаганга шашабыз. Менин апам, андан кийин атам кайтыш болгондо, мага аябай чоң моралдык колдоо корсоткон. Аны мен эчкачан унутпайм.
Экинчиден, мен Жамилянын музыкалдуу талантын, өзгөчөлөнгөн үнүн, эч кимдикине окшобогон ырларынын обондорун баалайм. Экөөбүз дүкөнгө да ,базарга да, концертке да, пикник болсо да, конок болсо да чогуу барганга аракет кылабыз.
Тамак-аштын рецептеринен, саясатка чейин сүйлөшөбүз. Анын ичинде жеке турмуш да, кийим-кече, ар кандай ушактар да бар. Бирок бизди эң көп кызыктырганы - чыгармачылык, музыка, ыр! Менин репертуарымда Жамиля жараткан "Мен - кыргызмын", "Келдиңби сүйүү" аттуу ырлар бар. Экөөбүз бирге "Үмүттөрүм-күлүктөрүм", "Муңайбас", "Жылдыздуу жердешим" аттуу ырлардын музыкасын экөөбүз бирге чыгарганбыз. Жамиля экөөбүздүн достугубуз да, чыгармачылыгыбыз да дагы көпкө узаарына, экөөбүз дагы көптөгөн элдин жүрөгүнөн орун ээлей турган ырларды жаратаарыбызга да бекем ишенем.

Э. Мадиева