![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №20, 14.08.08-ж. |
Ырчы Райхон: "Бир концерт даярдоо үчүн бир жыл сарптайм"Өзбекстандын эстрада ырчысы Райхонду "Прадо" эс алуу комплексинде жүргөн жеринен кезиктирдик. "Менин бул жакта экенимди кантип билип алдыңар?" деп күлдү. "1-2 күнгө келгенимди эч ким билбесе керек" деп ойлогон Райхонду жөн кетирбей бирин- экин суроого жооп алып калдык. - Бул жолу сизди Кыргызстанга эмне алып келди? - Мен Кыргызстанга келген сайын эмкиде дагы келсем экен деген тилек менен кетем. Мага кыргыз элинин меймандостугу, кең пейилдиги абдан жагат. Ар дайым жылуу маанай менен тосуп аласыңар. Мен да келген сайын өзүмдүн чыгармачылыгыма, жан-дүйнөмө ырахат алып кайтам. Бул жолу жаш жубайлардын үйлөнүү тоюна ырдаганы келдим. - Бул жолу тойго келсеңиз, концерттик программа менен качан келесиз? Күйөрмандарыңыз бир жылдан бери сагынган чыгаар… - Кудай буюрса, сиздер жана өзүм күткөн концерт жакынкы аралыкта болот деп ишенем. Убакыт билинбей өтүп, күйөрмандарым менен көрүшө элегиме бир жыл болуптур. Күзгө жакын ортодогу боштукту ыр менен толтурабыз деп убада берип кетем. - Бир концерттик программаны даярдоого канча убакыт талап кылынат? - Башкалар үчүн айта албайм, а мага бир концерт даярдоо үчүн бир жыл сарптайм. Декорация, балет, сахнадагы костюм ж.б. сахнанын артында билинбеген толтура майда иштер бар, ошонун баарына кылдат мамиле кылам. - Сизди бир гана музыка менен чектелбей, кино жаатында да эмгектенет деп уккан элек. - "Кечир" деген тасмада башкы каармандын ролун аткарып, андан тышкары өзүм продюсердик кылып, идеянын, сценарийдин автору болуп, көп жүктү мойнума үйүп алыптырмын. Музыка менен кинону бирдей алып жүрүш абдан оор экен. Азырынча мен тартылган фильм бирөө эле. Башка киного тартылганга убакыт жок. Анын үстүнө бүгүн Кыргызстанда болсом, эртең Римде, бүрсүгүнү Москвадамын. Атайын чакыруу менен ар кандай иш-чараларга, тойлорго көп кетем. А киного тартылып жатканда Өзбекстандан алыс кетпешим керек болуп калат. - Ата-эне, туугандарыңыз "жакшы эле ырдадың, эми үй-бүлө күт" дешпейби? - Менин үй-бүлөм чыгармачыл адамдар. Менин чыгармачылыгымды туура түшүнүп, тескерисинче, колдоп турушат. Чоң атам Наби Ганиев өзбек киносунун негиздөөчүлөрүнүн бири болгон. Ал тарткан эски "Тахир менен Зухра" көркөм тасмасы дүйнөлүк классикага кирген. Атам Атабек Ганиев да актер. "Аты-баты, шли солдаты" киносун көрсөңөр, ошондогу жалгыз өзбек менин атам. Апам Тамара Шакирова Өзбекстандын эмгек сиңирген артисти. Эжем Шахноза Ганиева да чыгармачыл адам. Чыгармачыл үй-бүлөдө чыгармачылыкка карата терс пикирлер айтылбаш керек деп ойлойм. Э. Мадиева Тааный жүрүңүз "Мээрим Асанова, "Алмаз" радиосунун маалымат бөлүмүнүн башчысы\: "Дүйнө ыргактары бир толкунда" - Мээрим, кайсы окуу жайды бүтүргөнсүң? - Мен БГУнун эл аралык мамилелер факультетин бүтүргөм. Журналистикага эч кандай тиешем жок. Бирок, журналистика менин хоббим. Башка кесиптин ээси болсом да, ишимдин фанаткасымын. - Башка кесиптин ээси болуп туруп, кантип алып баруучу болуп калдың? - Радиодон кастинг болуп жатканын уктум. Алып баруучулукка кызыгуум артып, барып көрүүнү чечтим. Кастингге катышып, күтүлбөгөн жерден алып баруучу болуп калдым. Ошондон бери "Алмаз" радиосунда иштеп келе жатам. - Сиз эмгектенип жаткан "Алмаз" радиосу башка радиолордон эмнеси менен айырмаланат? - "Алмаз" радиосу башка радиолордон чектелбегени менен дээрлик айырмаланат. Маселен, бизде кыргыз тили эле эмес, өзбек, түрк тилдеринде да уктуруулар бар. Ошондуктан биздин девиз "Дүйнө ыргактары бир толкунда" деп аталат. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Чүй боорундагы окурмандарды 102.1 жыштыгындагы "Алмаз" радиосун угууга чакырам. - "Алмаз" радиосунун угармандарынын көпчүлүгү кайсы муун? - Менимче, биздин угармандарыбызды жаш муун, орто муун деп бөлүш өтө кыйын. Анткени, оюн-зоок уктурууларга көбүнчө жаштар чыгат. Ал эми "Учкул ойлор" уктуруусуна олуттуу темаларды алып чыкканыбызда турмушка олуттуу көз караш менен караган эже, агайлар чыгып, ой-пикирлерин бөлүшөт. Кыскасы, биздин угармандар 13 жаштан баштап, 45-50 жашка чейинки адамдар деп ойлойм. - Саясатчылар менен да иштешесиңерби? - Албетте, мекенибизде элди түйшөлткөн кандайдыр бир кырдаал жаралса, ошол кырдалга тиешеси бар же өз баасын бере алган саясатчыларды заматта түз эфирге чакырып, ой бөлүшөбүз. - Түз эфир учурундагы күлкүлүү учурларыңдан эстеп бербейсиңби… - Албетте, биздин уктуруулардын көпчүлүгү түз эфирде болгондуктан күлкүлүү учурлар арбын болот. Баарын эстесем гезит бети чак келбейт го. Бирөөсүн гана эстеп берейин. Бир жолу Урмат Усенов менен Акбар Сүйүнбаев түз эфирдеги уктурууга конок болуп келишкен. Роза деген кесиптешим жумушка жаңы орношкон. Радионун иштөө стилине микшерге анча көнө элек учуру болчу. Свет өчүп калып, Роза микрофонду өчүргөндү унутуп, "Мээрим эже свет өчүп калды, эми эмне болот?" деп сүйлөгөнү, Урмат менен Акбардын күлгөнү, менин басканымдан өйдө угармандарга угулуптур… - Кокус түз эфирден жаңылып калсаңар жетекчилик кандай чара көрөт? - Биздин иш күнүбүздүн көпчүлүгү түз эфир болгондон кийин андай учурлар болбой койбойт. Сөз учат, бирок, канаты жок дегендей кээде техникалык мүчүлүштүктөр аркылуу же алып баруучулардан жаңылыштык кетпей койбойт. Бирок, жетекчилер кокус угуп калса, жаңылбашыбызды талап кылат. Маалымат бөлүмүнүн жоопкерчилиги менде болгондуктан маалыматтардан кокус ката кеткен болсо, мен жооп берем. - Учурда радиолор көбөйүп, алып баруучулар ди-джей деп аталып калды. Сен өзүңдү ди-джеймин деп эсептейсиңби? - Мен дагы алып баруучулардын ди-джей деп аталышына каршымын. Чыгышта музыка койгон адамдарды ди-джей деп аташат. А бизде болсо, радиодо иштеген алып баруучулар ди-джей деп аталып калды. А бирок, мен өзүмдү ди-джеймин деп эсептебейм. - Кокус теледен түнкү каналга же башка көрсөтүүлөргө алып баруучу бол деп чакырса барасыңбы? - Алдын ала андай-мындай деп айтыш кыйын. Бирок, журналистикага байланышкан иш болсо ойлонуп көрөм. - "Алмаз" радиосунда көңүлгө толбогон же курсак тойгузбаган жаш ырчылардын ырларын ким иргейт? - Биз кандай ырчы болбосун анын ырларын "Алмаз" радиосунун эмгек жамааты чогуу олтуруп, угуп, талдап, ырдын күнгөй-тескейин карап, эгер талапка жооп бере турган болсо, радиодон беребиз. Талапка жооп бербесе бербейбиз. Бирок жаш муун курсак тойгузбаган ырларды жакшы көрүп угуп жатышат. - Окурмандарга "Алмаз" радиосу качан ачылганы тууралуу маалымат бере кетсең? - Биздин радио 16 жыл мурун ачылган. Бир топ бут тосуулар болуп, жаап салуу аракети да көрүлгөн экен. Бирок, ага карабай бир топ кыйынчылыктарды башынан кечирип, 16 жылдан бери иш алып келе жатат. - Сыр болбосо "Алмаз" радиосунун ээси ким? Журналистикага тиешеси бар инсанбы? - "Алмаз" радиосунун жетекчиси Рустам Кошмуратов. Кесиби боюнча медик. Бирок, жашынан бери радио ачсам деген тилеги, кыялы бар экен. Ошол кыялын, тилегин 16 жыл мурун ишке ашырыптыр. Медкызматкер болсо дагы айрым журналисттерден кем калбаган, чыгармачыл жан дүйнөсү бар мыкты инсан. - Кокус ооруп калсаңар жетекчиңер медкызматкер экенин билдирип, кеп-кеңешин береби? - Албетте, берет. "Мындай дары ич, андай дары ич" деп кеңешин берип, сакайып кетишибизге көмөктөшөт. - Башка кесиптин ээси болуп туруп, алып баруучу болушуңду туугандарың, досторуң кандай кабыл алды? - Мен борбордо төрөлүп-өскөндүктөн кыргыз тилине салыштырмалуу орус тилин жакшы сүйлөчүмүн. "Алмаз" радиосуна барып, кыргызча алып баруучу болуп алсам тааныштарым таң калышып, "Сен кыргызча да сүйлөй аласыңбы" дешип жүрдү. Анткени, үйдөн кыргызча, курбуларым менен орусча сүйлөшчүмүн. Радиого жаңы иштегенде айрым кыргызча сөздөрдү акцент менен сүйлөчү экенмин. Жаңы иштеп жүргөндө эшиктен кирээр замат ата-энем бул сөздү акцент менен сүйлөп койдуң деп айтып калышчу. - Сынды кандай кабыл аласың? - Эгер менин дарегиме туура айтылган сын болсо, аны туура түшүнүп кабыл алам. Башкаларга салыштырмалуу ачуу сындарды ата-энем көп айтат. Жумушка жаңы орношкондо сынды көп айтышчу. Кудай сактасын азыр андай орчундуу деле сын уга элекмин. Сыягы кыргыз тилин таптак сүйлөп калдым окшойт. - Эң жакын адамың ким? - Бул дүйнөдө менин жеңилимди жерден, оорумду колдон алган эң жакын адамым энем. Энекем мага жашоо тартуулаган асыл жан. Энекем менин сырымды сактай билген эң жакын сырдашым. Ч. Кутманалиева Талапкерлердин эсине! "Асман-пресс" гезити шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгүнө катышып, КР Шайлоо кодексине ылайык бардык талапкерлерге, саясий партияларга үгүт материалдары үчүн гезиттен орун берүүгө даяр. Жарыя үчүн гезиттин аянтынын баалары: 1 кв. см (түстүү) - 20 сом. 1 кв. см (ак-кара) - 15 сом. 1 бет (түстүү) - 20000 сом. 1 бет (ак-кара) - 15000 сом. 1/2 бет (түстүү) - 10000 сом. 1/2 бет (ак-кара) - 8000 сом. |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|