![]() | ![]() Коомдук-саясый гезит №21, 21.08.08-ж. |
Cыймык Канат Бегалиевдин жеңиши канча турат?Биз Канат күмүш медалды жеңип алды деген күнү Канаттын ата-энеси уулунун күмүш медалга ээ болгонун угуп, кандай кабыл алды деген ниетте үйүнө барган элек. Машинеден эми гана түшүп жатканыбызда ары-бери өтүп жаткан машинелер токтой калып, ичиндеги адамдар кубанычы койнуна батпай жаткан Канаттын жакындарына "силер Канаттын туугандарысыңарбы? Канат күмүш медалдын ээси болду. Куттуктайбыз" деп мен кыргыз дегендер кайдыгер карабай кубанып жатышканына биз да күбө болдук. Дарбазадан киргенибизде Канаттын жакындары Чубактын ырларын созуп ырдап жатышыптыр. Баламдын ийгилигине биз эле эмес, бүтүндөй Кыргызстан кубанып жатат. Мен кубанычымды кантип жашырам. Бул биздин үйбүлөнүн эле кубанычы, сүйүнүчү эмес. Бүтүндөй кыргыз мамлекетинин ийгилиги деп жатты Канаттын апасы Батма. - Эненин жүрөгү баарын сезет деп коюшат. Канаттын ийгиликке жетээри түшүңүздөн аян бердиби? - Кандай түш көрсөм да, Канатым ийгиликке жетсе экен деп ниет, тилек кылып жаттык. Кудайга шүгүр, Канат ишеничибизди актады. Кыргызстандын туусун дагы бир ирет желбиретип, элинин намысына коргоду. Канат финалга чыкканга чейин чалым экөөбүз ыйлап, кудайга жалынып, Канаттын жеңишин тилеп жаттык. Күрөшкөнүн ыйлап олтуруп көрдүм. Жеңишке жеткенин угуп, сүйүнгөнүбүздөн ыйлап да жибердик. - Канат, башка балдарыңыздан эмнеси менен айырмаланат? - Мен балдарымды андай-мындай деп бөлгөндөн алысмын. Ар бир баламдын өз орду бар. Алардын ичинде Канаттын да орду башка. Бала-чакам менен Канаттын жеңишке жетишине кубанып, жетине албай жатабыз. Канат күмүш медалга ээ болсо дагы, ал медал биз үчүн алтынга тете. Алтын албай калды деп өкүнбөйбүз. Ыраазыбыз. - Канаттын спортсмен болушуна каршы болгон жок белеңиз? - Балдарыбыздын баары шаарга окууга кетип калды. Абышкама бир бала окубай эле мал багып, үйдө калсын дедим. Майрамбек Ахмедов Бишкектен Таласка барган экен. Канаттын күрөшүп жатканын көрүп, ушул баладан бир деме чыгат деп байкап калыптыр. Таластык Ороз Шаршекеев деген тренери да эки жолу келип, окууга жөнөтүшүмдү суранды. Анда да каршы болдум. Үчүнчү жолу келип, суранып жатып, борбордогу спорт интернатына алып кетишти. Ошондон баштап Канат жакшы ийгиликтерге жете баштады. Биз дагы Канатка колубуздан келишинче жардам көрсөтүп жаттык. Азыр болсо Канатка түшүнүп калдым. Балам тамак ичпей 8-9 кг салмак таштагандарын көрүп жүрөгүм ооруйт. - Канатта атасынын сапаты көппү же сиздикиби? - Өжөрлүгү, тырышчаактыгы атасын тарткан десем болот. Ал эми ырчы, бийчилиги, шайырдыгы, жөнөкөйлүгү менин мүнөзүмдү тарткан десем аша чапкандык болбос. Биздин үй-бүлө олтурганда жалаң күлкү менен олтурабыз. Канат ушул кезге чейин эркелеп, ыгы келе калган жерден күлдүрөт. Тамашакөй жан. Тамак жасасам дагы көңүлүмдү алып, тамак даамдуу болуптур деп турат. Канат биздин эрке балабыз болчу. Кичүү уулум төрөлгөндө ага анча көңүл бурулбай калды. Кичине таарынып жүрүп, анан көнүп кетти. Байкелери да эркелетип көнүп калган. Азыр деле жакшы көрүп, Канатты аяп турушат. - Укканыбызга караганда Талас, Тариел агалары да мыкты күрөшөт экен. Балбанчылык каныңыдарда барбы? - Негизи чоң аталары аюу менен күрөшкөн балбан болгон экен. Чоң атасынын касиети колдоп балдарым күрөштү жакшы өздөштүрүштү окшойт. Канат чоң атасын тартты деп ойлойм. Аккан арыктан суу агат демекчи Канаттын атасы да күрөшүп, эл оозуна алынгандардан. - Кайсы жердин кызысыз? - Мен Көлдүн кызымын. Таластын келинимин. - Канатка мамлекеттен кандай жардамдар берилет? - Ай сайын 25 миң сом президенттин стипендиясын алат. Улуттук олимпиада комитетинен 600 доллардан алып турчу. 5-6 айдан бербей калышты го. - Канат, калыстар башкаларга тартып коет деп нааразы болгон учурлары барбы? - Канат көтөрүмдүү жигит. Антип деле даттанбайт. Бирок, калыстардын башкаларга тартып койгону элдин көз алдында эле болуп жатпайбы. Тариел Бегалиев, Канаттын агасы - Мелдешке катышып жатканда эң биринчи спортсменге эмне керек? - Моралдык, жана психологиялык жактан чоң даярдык керек. Кимдики күчтүү болсо ошол жеңишке жетишет. Канат жакшы даярдык менен барган. Кудай жалгап, жеңишке жетип, байгелүү орунга ээ болду. Ошонун үзүрүн көрүп, жакшы санаалаштар менен майрамдап, кубанычыбыз койнубузга батпай турган чак. Айпери, Канаттын жубайы - Спортсмендин жубайы болуш кандай экен? - Албетте, оңой эмес экен. Кыйынчылыктарын кошо тартып, Канаттын ийгилигин тилеп, Кудайга жалынып олтурабыз. Ал менен кошо машыга албасак да, анын даярданганын көрүп, кыйналам. Мелдештерге кеткенде ойлоносуң. Жеңилип калганда ыйладым. - Силер турмуш куруп калганда Канаттын аты чыгып калган учур беле? - Дүйнөлүк чемпионаттан экинчи орунду алып келген. Ошондон кийин турмуш курганбыз. - Сиздин жүрөгүңүздү Канаттын атак-даңкы багындырдыбы же сапатыбы? - Менин жүрөгүмдү Канаттын даңкы эмес, жөнөкөйлүгү, токтоолугу, туруктуулугу багындырган. - Үй-бүлөдө идиш-аяк кагышып кетсе, кимиңер биринчи сүйлөп, кырдаалды жөнгө саласыңар? - Канат экөөбүз такыр урушпайбыз. Ал машыгуу менен эле алек. Көрүшкөндө да сагынышып көрүшөбүз. - Канча баланын ата-энеси болуп калдыңар? - Камила аттуу кызыбыз бар. Кудай буюруса, ноябрда көз жарганы турам. - Спортсменге турмушка чыгышыңды ата-энең кандай кабыл алды? - Апам "башка жигитке эле турмушка чыкпайсыңбы. Спортсменге турмушка чыксаң кыйыныраак болот" деп кыйылган. Кийин бири-бириңди жакшы көрсөң эмне дейт элем бактылуу бол деген. - Канат менен качан кантип таанышып калгансың? - Канат экөөбүз классташым аркылуу таанышканбыз. Канат экөө чогуу машыкчу. Капыстан таанышып, анан табышып алдык. Кудайга шүгүр, Канат ата-эненин сүйкүмдүү уулу, кызынын сүйүктүү атасы. Менин жаркылдаган жарым. - Канат биринчи планга үй-бүлөнү коебу же спорттубу? - Менимче, экөөнү тең чогуу алып жүрөт. - Канаттын аэропортко келгенин элестете аласыңбы? - Албете, элестете алам. Баарыбыз аэропортко барабыз. Канат өзү айткандай кызыбыз Камиланы алдыга кое беребиз. Канат Камилага медалын тагат. Азыр кызымдын Канатты көздөй басып бараткан бактылуу көз ирмемди элестетип кубанып жатам. - Канат балалуу болсом, балам менин жолумду жолдойт деп кыялданабы? - Ооба, балалуу болсом, балам менин жолумду жолдойт. Өзүм тарбиялайм деп калат. Руслан Мамбетов, Канаттын жердеши: Иниңиз Канаттын ушундай бийиктиктерге жетээрин сездиңиз беле? - Канат 15 жаштан баштап, күрөшүп аты чыгып калган. Комментатор Кубан Атабеков айткандай Канаттын Бээжиндеги ийгилиги, жетишкендиги алтын калем менен тарыхта жазылып калат. Канат Кыргызстандын тарыхында өчпөс тамгалар менен жазыла турган спортсмен болду. - Канаттын байгелүү орунга ээ болушун биринчи кайдан уктуңуз? - Телефондон уктум. Тариелге чалып, финалга чыктым дептир. Саат үчтө жумушту токтотуп коюп, Канаты колдоп, чыдамсыздык менен баарыбыз телени карап олтурдук. Анарбай Бапиев, Канаттын айылдашы - Канаттын ийгиликке жеткенин угуп, ата-энесинин жанында бололу деп Таластан атайын келдик. Кубанычыбыз койнубузга батпай, жетине албай турабыз. Канатты Манас атамдын арбагы колдоп, дагы ийгиликтерге жете берсин. Канат дагы бир топ мелдештерде жеңип, Кыргызстандын желегин желбиретет деген ниеттемин. Канат атанын уулу. Кубаныч Сатаев, ырчы: - Канат менен достук мамилең качан башталган? - Канат менен 2006-жылы биринчи жолу таанышкам. Биздин достук мамилебизге себепкер болгон Канаттын агасы Тариел байке. Канаттын атасы менен менин атам жакшы мамиледе жүргөн, ага-ини болуп сыйлашкан адамдардан болушкан экен. Ошол мамиле үзүлбөсүн деп бизди достоштурган. Анын үстүнө Канат үй-бүлөсү менен ырга жакын. Атамдын ырларын жакшы көрүшөт. Дээрине жеткире ырдай дагы алышат. Канат экөөбүздүн бир туугандык, достук мамилебиз эки жылдан бери уланып келе жатат. Ар дайым Канаттын ийгиликтеринде жолугуп, чогуу-чаран кубанычын тең бөлүшөм. Канат Бээжинге кетээринде элдин батасын алып кеткен. Ошол батаны, элдин ишенимин актады десем аша чапкандык болбос. Бапиев Бактыбек, Канаттын айылдашы: - Канат Кыргызстан боюнча тууну көтөргөн сыймыгыбыз болду. Айылда Канатты идеал туткан канчалаган жаштарыбыз өсүп келе жатат. Менин кубанганым Канаты Кумир туткан балдар көп. Канат акебиздей болобуз дешет. Канат Таласка барган сайын балдар менен жолугушуу кечесин мектепте өткөрүп турабыз. Окуучулардын суроолоруна жооп берет. Менимче, Канат Кыргызстанда булактын көзүн тазалады. Канаттын медалы ургаачы болуп, артынан көп медал алып келсин. Рашид Токтогулов, Канаттын айылдашы - Канат Бээжиндеги олимпиададан куру келбей медал менен келди. Эмки мелдеште чемпион болушуна ишенимибиз чоң. - Канат кандай адам? - Канат төрт тарабы төп келген инсан. Маселен, спорт жагынан да ыр жагынан да бар. Бильярд жагынан кеп жок. Баардык тарабы төп келген Кудай берген жигит. Таластын атын чыгарган Манас ата, андан кийин Чыңгыз ага, андан кийин Канат болду. Келин аман-эсен көз жарып, Канаттай мыкты уул төрөп алсын. Ч.Кутманалиева P.S. Дүйнөнү дүңгүрөтүп жатса оңойбу, Канаттын жеңишине кубанган президент өз фондунан машине берем десе, өкмөттүн эсебинен 100 миң доллар берилет. Айрым маалыматтарга караганда "криминалдын" анабашылары да "Lexus" машина белекке берет экен. |
|
© J.Janyzak, Kyrgyzstan
|