Коомдук-саясый гезит
№21, 21.08.08-ж.





  Бакулянын блокнотунан

Бактыгүл Бадыева
- Бакуля, элге таанылып калганыңды алгачкы жолу кантип билдиң?
- Чынын айтсам эсимде жок.
- Качан акыркы жолу ырчы болом деп чечтиң эле?
- Акыркы жолу канча жашымда чечкенимди билбейм, бирок кичинекей кезимден бери ырчы болуу кыялымда болчу. Кичинемде кыялым менен ырчы болуп жашап келсем, азыр чыныгы турмушта ырчымын.
- Акыркы жолу качан сүйдүң?
- Эми сүйбөйм. Мени сүйсүн.
- Сени туура түшүнгөн биринчи адам?
- Апам. Мени кыял-жоругумду көтөрүп, кубаныч-кайгымды тең бөлүшүп, дайыма жүрөгү менен менин жанымда.
- Акыркы жолу качан ыйладың?
- Быйыл 29-май туулган күнүмдү кафеде дос-туугандарым менен белгиледим. Ошондо ушул дүйнөгө жаралганыма сүйүнгөнүмдөн көзүмө жаш алдым.
- Эс тартканда эң биринчи окуган китебиң?
- "Золушка" баштаган жомокторду окугам. Ошол учурда өзүмдү жомоктун арасында жүргөндөй сезип, жомоктогу баш каармандын ордуна өзүмдү коюп, элестетип окучумун.
- Акыркы жолу окуган китебиң?
- "Основы любви между мужем и женой" деген китепти окуп чыктым. Эмитен эле турмушка чыкканга даярданып жатам дебеймби.
- Ата-энең сенин алгачкы ийгилигиңе качан кубанды эле?
- Ар бир эле ийгилигиме кубанышса керек.
- Акыркы жолу кайсы нерсеге катуу ойлондуң?
- "Сагынба" аттуу жаңы ыр жаздыргам. Ошого клип тарттырайын деп сценарийин ойлонуп жаткан кезим.
- Акыркы жолу ким менен учураштың?
- Сени менен.
- Акыркы жолу кайсы кинону көрдүң?
- "P.S. Я тебя люблю"
- Кечээ кечинде каякта болдуң?
- Эжемдер менен кафеге барып, шишкебек жеп келдик. Көптөн бери туугандарым менен жолукпай, сагынып калыптырмын.
- Уктаарда айтчу акыркы сөзүң?
- "Кудайга миң мертебе рахмат. Кудай колдосун"
- Эртең менен турганда айтчу биринчи сөзүң?
- Турганда да "Кудай" деп турам.
- Акыркы жолу көп акча коротуп алган буюмуң?
- Кечээ эле кулагымда тагынып жүргөн алтын сөйкөмдү 380 долларга сатып алдым.
- Акыркы жолу кайсы тойдо ырдадың?
- "Алтын казына" ресторанында үйлүнүү -үлпөт тойдо.
- Акыркы жолу өзүң жөнүндө уккан ушак же тамаша.
- "Супер инфо" гезитинин смс бетине кимдир-бирөө менин атымдан "Кыргызстандыктар менден жакында кутуласыңар. Мен Казакстанга кетем" деген сыяктуу ар кайсы сөздөрдү жибериптир да, Бактыгүл Бадыева деп жазып коюптур. Жазган киши же мени, же окурмандарды шылдыңдаганы белгисиз.
- Эң биринчи өзүң жасаган тамагың?
- Картошка кууругам. (күйүп кеткен.)
- Сага жаккан акыркы ыр?
- Мирбек Атабековдун "Кыргызстаным" деген жаңы ыры жакшы чыгыптыр.
- Алгачкы жолу сен эфирге чыккан көрсөтүү?
- Кыргыз телевидениеси тарткан "Ыр десте" көрсөтүүсүндө ырдап чыккам.
Эльмира Мадиева














Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan