Коомдук-саясый гезит
№21, 21.08.08-ж.





  Жансыр

Чыңгыз Айтматовдун келини Чолпон:
"Европада да башыман жоолук түшүргөн жокмун"
(Башы өткөн сандарда)
Ширин эшиктен киргенде кубаныч, күлкү кошо киргендей туюлчу. Ширин мага кайынэжедей эмес, кыйбас курбумдай, бир тууган сиңдисиндей мамиле жасачу. Мен Брюсселге баргандан үч жумадан кийин Ширин келди. Күнүгө шаарды, магазиндерди кыдырып, Элдар экөөбүздү куттуктап, ар кандай белек-бечкектерди алып берип, шатыра-шатман жүрдү. Күндөр тез өтүп, алар Бишкекке кеткенде бир капталым эңшерилип эле калгандай болгон. Үйүбүз да Ширинди жоктоп, тунжурай түшкөн. Негизи Шириндин колунан бардык нерсе келет. Мага Ширин көп нерсени үйрөттү. Өзгөчө тамакты даамдуу жасагандыктан мага Европанын, Япониянын тамактарын жасаганды үйрөткөн. Мен да Ширинди чын дилимден жакшы көрчүмүн. Ширин өзу сүйгөн адамга баш кошуп бактылуу жашап жатканы мени сүйүнтөт. Жолдошу Кайрат да Ширинге татыктуу жигит, Ширинди сүйгөн үчүн, ар кандай сөзгө көнүл бурбай, Шириндин сүйүүсүнө арзыды деп ойлойм…
- Чолпон, Европадан кыргыздын каада-салтын кармачу белеңер?
- Албетте, Европада жашаганыбызга карабай, мен чачымды байлап, башымдан жоолук түшүргөн жокмун. Ар дайым жеңи узун көйнөк кийип, кайнатамдан айбыгып, ыйбаа кылып, ашыкча да сүйлөшчү эмесмин. Кайнатам суроо берсе гана суроосуна кыска жооп берчүмүн. Балким, менин башымдан жоолук түшүртпөй салынткандары Европада жашасак да бизде ушундай салт деп сыймыктангылары келчү чыгаар. Мен аны түшүнүп кабыл алчумун.
- Чыңгыз Төрөкуловичтин жазуучу катары эмес, жөнөкөй турмушу тууралуу билүү биз үчүн өтө кызык. Бир караганда ал кишинин турмушунда күлүп айта турган окуялар көп болсо керек?
- Албетте, бар. Ага кагаз бети түт келбесе керек. Бир окуяга гана токтолоюн. Кайнатам, кайненем, Элдар, мен болуп, Стамбулга самолет менен чогуу учуп калдык. Бирок Элдар экөөбүздүн орундарыбыз кайнатамдардан бөлөк болгондуктан, жарым саат сайын кайнатам колуна тийген тамактарын алып, "Элдар, курсагыңар ачкан жокпу?" деп көтөрүп келет. Бизге деле ошондой тамактарды бергенине карабай, биздин "кереги жок" дегенибизге карабай биз үчүн кам көргөнү, бир чети жылмаюуну жаратса, бир чети аталык мээримине, камкордугуна таң калгам. Самолетто отургандар "баласы-келини болсо керек" деп, шыбырашып сүйлөшүп калышат. Атам бизге келип кеткен сайын самолетто учуп бара жаткан жүргүнчүлөр далбастап, уюлдук телефондоруна, фотоаппаратка сүрөткө тартып алышчу. Негизи каякка барып келбесин, бизге белек ала келчү. Бир жолу Турциядан келип эле "мен силерге белек алып келдим" деп калды. Ар кимибизге алып келгендерин таркатты. "Чолпон, бул белек сага" деп мага чоң көздүн сүрөтү бар көз мончокту сунуп, "сен эми биздин үйдүн кожейкесисиң да" деди. Мен ал көз мончокту Брюсселдеги үйдүн кире беришиндеги эшиктин үстү жагына, баарыбызга көз тийбесин деген тилек менен илип койдум.
Үйдө Элдардын жакшы көргөн ити бар болчу. Кайнатам "үйдө да киши ит багабы, иттин орду сыртта болуш керек" деп нааразы болгону менен өзүнчө калганда ит менен сүйлөшүп, тамак берип, эркелеткенин көп эле көрдүм. Чыгармаларында ар бир жандыктын образын жакшы ачып бергени, жада калса, жаныбарга да түшүнүү менен мамиле кылганында болсо керек деп ойлоп койчумун. Мен кайнатам жөнүндө айта берсем сөз түгөнбөйт. Керек болсо өмүр бою эскерсем да аздык кылаар.
- Элдарды Чыңгыз ага кичүү баласы катары абдан жакшы көрсө керек…
- Менимче, Элдар кайнатамдын кичүү, эрке гана баласы болбостон оң колу, башкача айтканда, жардамчысы болчу. Кайнатам өмүрүндө үч нерсени билчү эмес экен деп айтып жүрүшпөйбү. Ал компьютер, чет тили жана машина айдаганды үйрөнбөптүр. Ал киши билбегендердин баарын Элдар жакшы өздөштүргөндүктөн айтканын айткандай аткарган ишенимдүү кишиси эле. Кайда болбосун ар дайым жанында жүрчү.
- Брюсселде жашаганда үйүңөргө Кыргызстандан кимдер конокко барчу эле?
- Үйгө эч ким деле келчү эмес. Бирок, атам көпчүлүк конокторду Элчиликтен эле тосуп, ошол жактан сүйлөшүп, узатып койчу.
- Аскар Акаев үйүңүздөргө барчу беле?
- Жок. Мен ал кишинин келгенин көргөн жокмун.
- Үйдөн кайсы тилде көбүрөөк сүйлөшчү элеңиздер?
- Эки тилде. Тактап айтканда, кыргызча жана орусча сүйлөшчүбүз.
- Айтматовдун үй-бүлөсүнөн сиздин жан дүйнөңүздү түшүнгөн, сиз өзүңүзгө жакын деп эсептеген адамдар кимдер?
- Кайнатам, Ширин жана Элдар. Мен аларды сыйлайм, урматтайм. Менин жүрөгүмдө жакшы сезим менен калган адамдар.
- Элдар кайсы окуу жайды бүтүргөн?
- Ал сүрөтчүлөрдүн жогорку окуу жайын бүткөн. Элдар Кыргызстанда жашабаса да, Кыргызстандын кооздугуна суктанган кыргыздын атуулу. Дегеним, Кыргызстанга келген сайын тоого чыгып, Ысыккөлгө барып, табиятка суктанып, кыргыздын керемет тоолорун пейзаж кылып тартчу.
- Элдардын Чыңгыз агага окшош сапаттары кайсылар?
- Менимче, көп эле окшоштуктары бар. Маселен, Элдар дагы кайнатамдай чыгармачыл жан дүйнөсү бар инсан. Кайнатам кара сөздүн чебери болсо, Элдар сүрөтчү. Дагы бир окшоштугу, Элдар кайнатамдай ак көңүл, маданияттуу, адамдарга эч качан жаман айтпайт.
- Кайнатаңыз каза болгондо батага бардыңызбы?
- Бардым. Үйүнө да, филармонияга да бардым. Ал киши менин кайнатам болбогон күндө деле бармакмын. Өзүнүздөр деле күбө болбодуңуздарбы, канча адам келип, бүт дүйнө жүзү аза күткөнүн. Мен ал кишини бир жылдан ашык жакындан билип, бир үйдө чогуу жашап калбадымбы, анан кантип барбай коймок элем. Мен эле эмес, менин ата-энем, туугандарым да барышты. Алар дагы куда катары эмес, улуу инсандын улуулугун, адамдык жогорку сапатын сыйлап барышты. Сөөктү боз үйгө алып киргенден кийин артынан жакын туугандар кирип атышты. Мен да өзүмдүн туугандарым менен ошол кезде кирип, кайнатамдын жакындарына көз көрсөтүп, көңүл айтып чыктым. Кайненем ыйлап отуруптур, учурашсам башын ийкеп койду. Ширин өзүнө тарта моюнумдан кучактады. Мен Ширинге кайрат айттым. Андан кийин иштерге кол кабыш кылайын деп, ашканага барып, идиш-аяктарды жууштум. Элдар менин иштеп жатканымды көрүп, "Үйүңө барып эс ала бер. Бул жерде жардам берчүлөр көп" - деди. Анан мен үйүмө кайттым.
- Сиз Айтматовдордун үй-бүлөсүндө бир жылдан ашык жашап калсаңыз, Айтматовдун бир туугандары менен тааныша алдыңызбы? Таанышсаңыз алар сизди кандай кабыл алды?
- Элдар экөөбүз таанышкандан үч күндөн кийин эле мени атасы менен тааныштырды дебедим беле. Ошондон көп өтпөй эле Элдардын ата-энеси жана мен болуп Илгиз атанын үйүнө конокко бардык. Илгиз ата да, Розалия апа (Илгиз Айтматовдун жубайы) да билимдүү, илимдүү, жан-дүйнөлөрү таза, бийик инсандар экени сүйлөгөн сөздөрүнөн, бардык кыймыл-аракеттеринен эле байкалып турду. Роза Айтматова менен таанышканда да Жараткан Айтматовдордон адамдык сапаттын, акыл-эстин, таланттын бийик даражасын тартуулаган окшойт деген ойдо калгам. Бардыгы ушунчалык жөнөкөй, бой көтөрүп "биз Айтматовбуз" деп көкүрөгүн какпаган, бардык нерсеге өздөрүнүн акылы жана эмгеги менен жетишкен инсандар экен. Кийинчирээк Розалия апа Брюсселдеги үйгө келип кеткен. Мага жакын тууганындай мамиле жасап, жайы келе калганда сырдашканга да үлгүргөнбүз.
Аскар ага менен Санжар ага атасына камкордук көрүп, алыста болсо, телефон чалып, жакында болсо, ахывалын сурап турушчу.
Айтматовдордун балдары, келиндери жана бир туугандары мага жакшы мамилелери, адамдык бийик сапаттары менен менин жан дүйнөмдө өмүр бою кала берет.
- Элдар атасынын атак-даңкын, фамилиясын колдончу беле?
- Жок, тескерисинче, Элдар өзүн Айтматовдун уулу экенин жөндөн-жөн эле айта бербейт. Өзүн атасынын аты менен даңазаланышын каалабайт. Бишкектен МАИ кармап калып, документтерин текшерип алып "эмнеге Айтматовдун уулу экениңди айткан жоксуң?" деп калышчу. Андай учурлар көп эле болгон. Өздөрү билип калып эле сураганда айтпаса, эч качан биринчи "мен Айтматовдун уулумун" деп айтканын уккан жокмун.
- Чолпон, сиз Айтматовдун чыгармалары менен таанышсызбы? Кайсы чыгармаларын окудуңуз эле?
- Албетте, окугам, чыгармалары менен алгачкы жолу мектептен таанышкан болсом, Элдар менен таанышкандан кийин дээрлик бардык чыгармаларын окуп чыгып, гений деп бекер айтышпаганын түшүнгөм. Ал кишиде бардык эле адамдарда боло бербей турган алдын ала көрө билүү касиети бар десем жаңылбайм. Акыркы "Тоолор кулаганда" аттуу чыгармасын жазып жатканда мындай бир кызык окуя болгон. Элдар экөөбүз Бишкекте ресторандын биринде тамактанып, эс алып олтурганбыз. Бир убакта ресторандын админстратору келип, бизди отурган орунубузду бошотуп берүүбүздү, бул жерге өтө сыйлуу адамдын келе турганын айтты. Элдар мындай мамилеге бир чети таң калып, бир чети жини келип, үйгө келгенде окуяны атасына айтып берди. Ал сыйлуу конок улуу урматтуулардын биринин уулу экен. Ошондо кайнатам Элдарга "андайларга жинденип көңүлүңөрдү оорутпагыла" деп, анан "кызык, мен ушундай окуяны азыркы чыгармамда жазгам да, Арсен Саманчинди да ресторандан чыгарып коюшат" деп айтып ойлонуп калган.
Ал чыгармасы биз Брюсселде жашап жүргөндө 2006-жылы декабрда басмага берилип, 2007-жылы жарыкка чыккан.
Кайнатам жөнүндө айта берсем сөз түгөнбөйт. Кабинети, бөлмөсү ар дайым иреттүү, таптаза болуп, ар бир буюму, ар бир кагазы өз ордунда турчу. Мен бөлмөсүн жыйнаганда полун жууп, чаңдарын сүргөнүм болбосо, жыйнап кыйналчу эмесмин. Жада калса, кереги жок кагаздарын урнага таштаганда да башаламан ыргытпай, тыкыйтып салып койгонун көрүп таң калгам. Керек болсо, көпчүлүк аялдар да андай таза, тыкан болбойт…














Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan