Эстелик алдында эскерип…

Илимге кеткен изги жол

Кыскача өмүр таржымалы:
1931-ж. 14-сентябрда Ысык-Көл областынын Күрмөнтү айлында туулган. 1950-ж. Пржевальск (азыркы Каракол) шаарындагы мугалимдер институтун, 1956-ж. Кыргыз мамлекеттик университеттин физика-математикалык факультетин артыкчылык диплому менен бүтүп, 1960-ж. М.И.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин аспирантурасын ийгиликтүү бүткөн. Кызмат жолу 1960-ж. Кыргыз ССР Илимдер академиясынын Физика институтунда илимий кызматчы болуудан башталган. Кийин лаборатория жетекчиси, директордун илим боюнча орун басары, директору, 1997-ж. 9-декабрынан тартып КР Улуттук илимдер академиясынын президенти болуп өмүрүнүн акырына чейин ал кызматта иштеген. Ж. Жээнбаев 2008-ж. 26-апрелинде, 75 жаш курагында арабыздан кеткен.


Бүгүн, 13-ноябрда илимге бүт өмүрүн арнаган белгилүү окумуштуу, академик Жаныбек Жээнбаевдин эстелигинин ачылыш аземи болот. Эстеликтин ачылышынын алдында коомчулукка ал кишинин басып өткөн жолун дагы бир ирет көз сүртүмгө салып койсок. Баскан жол, ашкан ашуу да таатал демекчи турмуш чыйыры илимдин адамы болушуна чыйралтты. Акылдын бай казынасына, илимдин тереңине кеткен өмүр бир эмгектен гана эскерилет.
Мына коомчулук бүгүн терең кайгыруу менен Жаныбек Жээнбаевдин жаркын элесин, илимге салым кошкон эмгектерин эскерет. Ал кишинин залкар замандаштары дагы бир ирет эстелик алдында таазим кылышат. Бүт элеси түшүрүлгөн эстелик солк этпестен ал эскерүүлөргө кулак тыңшайт. Жаныбек Жээнбаев деген кеменгер ысымдын астында, КРнын Улуттук Илимдер академиясынын, Россиянын Педагогикалык жана социалдык илимдер академиясынын, Казак Республикасынын Кибернетика академиясынын академиги, Монголиянын илимдер академиясынын жана университетинин ардактуу доктору, КРнын Илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, илимге эмгек сиңирген ишмер, физика-математика илимдеринин доктору, профессор Жээнбаев Жаныбек Жээнбаевич 2008-жылдын 26-апрелинде каза болгондугун кыргыз эли жакшы билсе керек. Адамзат тагдырында жеке эле үй-бүлөсү, жакын туугандары гана эмес, жалпы элдин эсинен кетпеген адамдар болот эмеспи. Албетте андай адамдардан кыргыз элинин уучу кур эмес. Биз Ж. Жээнбаевди дагы ошондой улуу адамдардын бири катары десек да жарашат.
Жаныбек агай илим адамы катары биздин жүрөгүбүздө сакталып калды. Анын аркасында унутулбай турган эмгектери көп. Жашынан эле жетимдиктин каарын тартып, турмуштун ачуу-таттуусуна бала кезинен эле бышкан Жаныбек Жээнбаевдин илим жолун тандап алышы дагы бекеринен болбосо керек. Анткени, анын атасы Жээнбай Өскөнбаев советтик, партиялык жогорку кызматтарда иштеп, кийин Сталиндин кандуу чеңгээлинен жазыксыз жабыр тарткан көпчүлүк менен катар эле камалып, көп узабай атууга кетет. Андан соң апасы дагы каза болуп, аркасында төрт бала томолой жетим калып, эр жетишкендиги Жаныбек Жээнбаевичтин өмүр баянында көп айтылат. "Эл душманынын" баласы катары көп куугунтук жедим деген өзүнүн дагы эскерүүлөрүн окуганыбыз бар. Ошого карабай билимге умтулуп, физика-математика багытында үзүрлүү эмгектенип, Илимдер Академиясында жөнөкөй илимий кызматчыдан баштап, президенттикке чейин бардык тепкичти басып өткөндүгүн азыр илим жаатында иштеген ар бир адам билсе керек. Ошондой тынбаган эмгектеринин натыйжасында өзүнүн илимий чоң мектептерин ачып кетти. 300дөн ашуун илимий эмгектердин автору болду. Анын ичинде 9 монография бар. 30дан ашуун автордук күбөлүктүн, 9 патенттин ээси. Илимий-педагогикалык ишмердигинде да ондогон физик-изилдөөчүлөрдү, илимдин 2 докторун, 18 кандидатын даярдаган. Кыргызстандын туңгуч президенти А.Акаев да илимге көңүл бурган адам катары Жаныбек Жээнбаевичти улуу адам жана илимпоз катары абдан сыйлагандыгын дагы белгилеп коюшубуз керек. Агайдын чогуу иштешкен кесиптештери дагы "Дегеле илимий жана карьердик өсүүнүн кандай гана бийиктигине чыкпасын ар дайым жөнөкөй, адамгерчиликтүү, агедил бойдон элдин эсинде калды. Ал ар дайым чынчылдыкты, принциптүүлүктү, калыстыкты туу тутуп, адамдын ким экендигине, социалдык абалына, жаш өзгөчөлүгүнө карабай түз мамиле кылууга аракеттенээр эле" деп эскеришет.
Көп жылдык эмгектери үчүн СССРдин медалдары, КПСС БКнын, Кыргызстан КП БКнын Ардак грамоталары, КРнын "Даңк" медалы, 2-даражадагы "Манас" ордени, "Золотая фортуна" Эл аралык рейтинг академиясынын Георгий күмүш медалы менен сыйланган.
Биз өзгөчө белгилеп айта турган дагы бир нерсе - Жаныбек Жээнбаев Кыргызстанда өз алдынча Физика институтунун ачылышына зор салым кошкон. Атомдук спектроскопия жана жылуулуктагы плазманын физикасы-Жаныбек агайдын бирден-бир илимий изилдөө багыты десек болот. Ал 1968-жылдан тартып эле АКШ, Франция, Германия, Испания, Болгария өңдүү мамлекеттерде өткөрүлгөн эларалык конференцияларда, конгресс-симпозиумдарда илимий докладдар менен чыгып жүрүп,союздук деңгээлде кыргыз физиктеринин ийгилигин тааныткан. 40 жашында (1971-ж.) докторлук диссертациясын жактоо менен жыл өтпөй профессорлук наамды алган. Ошентип, физика илимине опол тоодой эмгек жасаган Жаныбек Жээнбаевичтин салымы менен 1984-жылы Илимдер академиясынын курамында өзүнчө Физика институту ачылат. Жогоруда белгилегендей бул институттун түзүлүшүнүн демилгечиси да, уюштуруучусу да, биринчи директору да Ж.Жээнбаев болгон. Азыркы күнү анын плазманын физикасы багыты боюнча кесиптеш шакирттери, окуучулары Россияда, Израилде, Францияда, Швейцарияда, бир тобу Кыргызстанда үзүрлүү эмгектенишүүдө.
Дегеле СССРдин кулашы советтик илимдин да кыйрашына алып келбедиби. Ушундай оор мезгилде, 1993-жылы Ж.Жээнбаев КР Улуттук Илимдер Академиясы кыйын абалда калганда вице-президент болуп барып, бутуна тургузган. 1997-жылы академиянын президенти болуп шайланган.
Жеке эле окумуштуу-сыноочу, изилдөөчү жана физика илиминин уюштуруучусу катары эмес, республикадагы илимий ой-пикирдин бардык тармактары боюнча да улуттук лидер катары, ири эксперименталдык комплекстин жетекчиси катары, глобалдык инновациялык ишмерлердин идеологу катары өзүнүн жөндөмүн, талантын көрсөтө алган инсан. Анын жетекчилиги менен Кыргыз Илимдер Академиясы сакталып калгандыгын Кыргызстандагы илимпоздордун тобу дагы тана албастыр. Сакталып гана калбастан Илимдер Академияларынын Эл аралык ассоциациясына, Илимдер Академиясынын Бүткүл дүйнөлүк Советине Азия өлкөлөрүнүн Илимий Академияларынын ассоциациясына, Эл аралык Академиялык Советке мүчө болуусуна дагы болгон күчүн жумшаган. Учурда кыргыз окумуштууларынын эмгектери, изилдөөлөрү дүйнөгө таанылып, НАТО, ЮНЕСКО, МНТЦ тарабынан каржыланып, дүйнөлүк илимий коомчулуктун катарында кыргыз илиминдеги адамдардын да аты аталып келет.
Эмне дейбиз, бүгүн колуна китеп кармап, алысты ойлуу тиктеп турган Жаныбек Жээнбаевдин эстелиги ачылып, ушул бойдон элеси элдин көкүрөгүндө түбөлүк сакталып калат. Айкел Ж.Жээнбаевдин БУУнун алдында туруктуу өкүл болуп иштеген уулу Нурбектин салымы менен тургузулган. Автору - Кыргыз эл баатыры Тургунбай Садыков.
"Аккан арыктан суу агат" демекчи, илимпоздун уул-кыздары дагы ата-энеси сыймыктана тургандай мыкты инсандардан. Балким Жаныбек аганын көзү тирүү болгондо уулунун эмгектери менен сыймыктанмактыр... Айкелди карап отуруп, анын эч бир кынтыксыз жасалгандыгына баа бербей кое албайсың.
А.Надырбекова




  Рух дүйнө

Нурак Абдырахманов:
"Эл артистин" эл берип, Өкмөт унчуга элек"
- Нурак агай, Устат-шакирт мектебинде балдарга комуз өнөрүн үйрөтүп жаткан экенсиз. Угушубузга караганда бул мектепке америкалык адам демөөрчүлүк кылат экен. Америка менен комуздун кандай байланышы бар?
- Америкалык Агахан деген адам бар. Ошол адам Памирдеги Бадахшандын кеткен элдин урпагы экен. Анын ата-теги Чынгызхандын заманында Египетке барышып Каир деген шаар түптөп алышып, Мухаммед пайгамбардын урпактарынын кыздарынын бирине, бирөөсү үйлөнүп, ошол жерде отурукташып калышкан. Ага хан урпактарынын бири улуу урматтуу принц Ага хан мүмкүн өзүнүн теги кыргыз экенин билген үчүн кыргыздарга кайрылгандыр… Бул мектеп 2004-жылы ачылган. "Ага хан" фонду тарабынан каржыланып, балдарды кароо-сынактарга катыштырып, биздей устаттарга көмөк көрсөтүп келишет. Бул мектептин өзгөчөлүгү илгерки устаттар кандай үйрөтсө ошондой ыкма менен ага кошумча өзүм жазган нота менен үйрөнүшөт.
- Нотаны качан жаздыңыз?
- Мен бул комузга ылайыкташкан нотаны Ак-Талаа районунда музыкалык мектепте комуздан сабак берип, ошол жерде директор болуп турган убакта эле жазгам. Европалык нота менен балдар абдан кыйналышат. Комузда музыканын маанайына жараша кылдары өзгөрүп күүлөнүп, ноталар жылышып кетет. Менин жазган нота антип жылышпайт, үйрөнгөнгө да оңой. Оңой болгондуктан мен тарбиялап жаткан 8 жашар балдар чоң кишилерден да таасын ойноп, сенсация жаратып жатышат. Мисал үчүн, Канат деген балам 8 жашында балдардын эл аралык кароо-сынагына катышып, Түркияны багынтып келген. "Таң булбулу" деген татаал күүнү 8 жаштагы бир окуучум филармонияда аткарганда, залда отурган миңден ашык киши туруп алып кол чабышкан.
- Өзүңүз сахнага канча жашыңызда чыктыңыз эле?
- Менин атам да чоң комузчу болгон. Мен атамдан сабак алгандан тышкары алп комузчулар Шекербек, Чалагыз, Ыбрай, Абдыкерим Мокоев, Касымкул Көчөрбаев, Асаналы Кыштообаев залкарлардын баарынан сабак алдым."Ой, сен жарачу бала экенсиң" деп эле ар кимиси кол ойноткон комуздун сырларын үйрөтүштү.
Эсимде, мен 12 жашымда райондук, облусттук кароо-сынактан жеңип чыгып, борборго келип, эски орус драм театрынын чоң сахнасына чыктым. Анда көрүүчүлөр мени башкача кабыл алышты эле. Көрсө, ал кезде 12 жаштагы баланын чоң күүнү комузда сайратканы сейрек кездешчү тура. Ыбрай Тумановдун "Жеңиш" күүсүн чертип, Ардак грамота, алтын бууланган саат белекке алганым да эсимде. Комузчулардын тагдыры айланып келип бири-бирибизге байланышып калганын кара! Атам атка өңөрүп берген кымыз, козусун артынып алып, Касымкул комузчуга комуз үйрөнгөнү көп бараар элем. Ошол устатымдын небереси Рахат Көчөрбаевге өзүм кайра устат болдум.
- Азыр биз руханий байлыкка эмес материалдык байлыкка көз каранды болуп жашап жаткан заманда залкарлар кармаган комуздун барк-баасы канча?
- Биз бардык нерсени экономикалык шартка шылтайбыз.
А экономикага караганда руханий байлык маанилүү экенин билбейбиз. Ачынган курсак тойунаар, жыртылган кийим бүтөлөөр, ал эми рух дүйнөсү жок болсо кылымдан-кылымга кайрып ала албайбыз. Ошону өзүбүз түшүнбөй жатабыз. Биякта түшүнбөй жаткан комузду чет мамлекетте суктанып карап отурушса, аттиң дейсиң. Комуз менен чет мамлекетке канча чыктык. Алар мени бура бастырбай, колумду кармалашып "бир нерсе тагып алдыңызбы"деп таң калып сурашат.
Бир курдай Италияга барганыбызда, кайсы шаарга барбайлык алдыңкы орундукта төрт жигит отурган болот. Концерт бүткөндө гүл тапшырышат. Бул көрүнүш беш-алты шаарда кайталанды. Анан мен котормочу аркылуу эмне үчүн аркабыздан калбай жүргөнүн сурадым. Алар "Биз Италиянын белгилүү гитаристтерибиз, дүйнөдөгү гитаристтердин болгон сырын, сыйкырын өздөштүрүп алганбыз. А бирок, сиздин комузда кол ойнотконуңузду көрүп биз дале эч нерсе биле элегибизди билдик. Сиздин бул өнөрүңүз бизге "сверхестественно" болуп көрүндү. Сизден бир нерсе үйрөнүп калалы деп жатабыз" дешти.
Дагы бир курдай Түркияга барып, атайын меймандарга ылайыкташылган чоң курортто концерт коюп жатканыбызда бир чиренген мырза карап отурган. Ал адам биз барган шаардын губернатору экенин, концерт бүткөн соң таанышып, билдик. Концерт бүтүп, конок болуп Кыргызстанга жөнөйлү деп жатканыбызда, тилмечи аркылуу ал бизге буларды айтты. "Менин шаарыма өнөрүн тартуулап мен деген кыйындар келген. Аларга салыштырмалуу силердин маданиятыңар алда канча өйдө турат экен" деди. Ал биздин өнөрүбүзгө, комузубузга, кийимибизге гана суктанбастан, бири-бирибизге кылган мамилеге, тамакка бата кылганыбызга, төргө улуулата өткөнүбүзгө суктанып отуруптур. Мына ушинтип, башкалар баалаган нерсени өзүбүз баалабай жатабыз. Сыртка чыкканда кыргызды комуз гана көтөрөт. А бул жерде илике алынбай келебиз. Сырттан мен ушундай сыйга татыдым деп, дүйнөнү түрө кыдырып келип, мага наам, сыйлык бергиле деп өз жериңден суранган болбойт экен, сурана да албайт экенсиң. Өкмөтүбүз бизге көңүл бура турган түрү жок. "Эл артисттигин" ыгын тапкандар алабы деп да ойлонуп коем. Эл аралык Юнеско фестивалынын жеңүүчүсү болдум, наам турсун рахмат айткан киши жок. Ошондон улам, кыргызда комуздун барк-баасы төмөн түшкөн турбайбы же чоңдордун болгон түшүнүгү ушу го деп коем.
- Былтыр 60 жылдык мааракеңизди өткөргөнүңүздү укканбыз. Маданият министри катышты беле?
- Өзү келген жок, орун басары келди. Залда отургандар "Сага эл артистигин биз бердик" деп кыйкырышты. Орун басары угуп-көрүп эле отурду, анан эмне билгени бар экенин ким билсин, унчуккан жок.
- Комузду каалоосу болсо каалаган жашта үйрөнсө болобу?
- Негизи комузду кичинекей кезинен үйрөнгөн жакшы. Анткени баланын акылы, колу, манжасы, булчуңдары кичине кезинде үйрөтсөң ошого жараша калыптанып калат. Мен комузду балдарга кичинекейинен үйрөткөн себебим до ошол. Чоң кишилер күчтүү каалоо болсо үйрөнүп кетишет, бирок, чандасы гана. Мисал үчүн Самара Токтакунова комузду колуна кеч кармаган. Эми мындай таланттар сейрек.
Мен чыгарган нота жаңы баштаган үйрөнчүктөргө абдан оңой. Ошону кеңири жайылтуу үчүн атайын ноталар түшүрүлгөн китеп жаздым. Ошол китеп боюнча сабак алышса рух дүйнөсүнө түгөнбөгөн азык болот. Комуз өнөрүнүн сырларын башкаларга дагы көп көрсөткүм, үйрөткүм келет. Өкмөт менин көзүмдүн тирүүсүндө пайдаланып, шарт түзүп берсе жакшы болмок. Ага эми көп деле эч нерсенин кереги жок. Анүчүн бир кабинет, компюьтердик техника, видеокамера керек. Компьютерге ноталарды салып, видеого колдордун кыймылын, комузду илип-чалып аткандарын үч тараптан тартып монтаждап койсок, кимде-ким комуз үйрөнөм,анын көп кырдуу сырларын изилдейм десе ошол монтаждалган дисктен көчүрүп алып кете беришет. Ошентип, бул жер-жерлерге жайылат эле. Рух дүйнөсүнүн бир көйгөйү да чечилип калмак.
Эльмира Мадиева













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan