актрисанын күзгүсү

Махабат Байгабылова, Жаштар театрынын актрисасы:
"Мурунку күйөөм Жаныш Кулманбетов азыр жөн гана режиссерум"
Сыйкыр калемгер Чыңгыз Айтматов менен балет өнөрүнүн чолпон жылдызы Бүбүсара Бейшеналиеванын ортосундагы бири-бирине болгон сүйүү күчтүү, тунук, бир чети адам суктанаарлык, бир чети аянычтуу болгонун алардын сүйүүсүнө күбө болгон адамдардан жана ар кандай маалымат булактарынан угуп келебиз. Мындан эки жыл мурда Жаныш Кулманбетовдун "Чыңгыз менен Бүбүсара" пьесасы театрга коюлуп, эл арасында чоң резонанс жараткан. Эми режиссер "Чыңгыз менен Бүбүсараны" фильм кылып тартып, экран аркылуу элге тартуулаганы турат. Бүбүсаранын ролун жаш актриса Махабат Байгабылова театр сахнасы аркылуу ачып берген. Кинодо да башкы ролду аткарган.

- Махабат айым, атактуу балерина Бүбүсаранын ролун аткаруу бактысына кантип ээ болуп калдыңыз?
- Режиссер Жаныш Кулманбетовдун айтуусу боюнча Бүбүсарага менин сырткы келбетим менен мүнөзүмдүн окшоштугу театрда да, кинодо да роль жаратууга өбөлгө түзгөн экен.
- Сиздин буга чейинки театрда же кинодо жараткан образдарыңыз менен анчейин тааныш эмес экенбиз. Режиссер "Ачыла элек сандыкта, бычыла элек кундуз бар" деп көрөгөчтүк кылып сыртыңыздан байкап жүргөн го…
- Ал киши экөөбүз бир канча жыл бирге жашаганбыз. "Чыңгыз менен Бүбүсара" пьесасын экөөбүз чогуу жашап жүргөн убакта эле жазган. Айтматов Бүбүсара менен бирге жүргөн күндөрүн эскерүү кылып Мухтар Шахановго айтып берип, экөө биргеликте "Аскада калган аңчынын ыйы" китебин жазышкан экен. Жаныш да пьесанын өзөгүн ошол китептен алып жазган. Кээде жазгандарын мага окутуп, "Мобу сенин сүйлөгөн сөздөрүң" деп Бүбүсаранын речин мага көрсөтүп калчу. Бүбүсара экөөбүздүн окшоштук тапса керек. Пьесанын аягына да "Сага арналат" деп жазганы бар. Мен ал кезде Жаныш экөөбүздүн кыздарыбызды тарбиялап үйдө отурган кезим болчу. Азыркы учурда толук кандуу театрдын ишине берилип иштеп жатканыма үч жылдын жүзү болду. А Жаныш экөөбүздүн ажырашканыбызга жети жылдан ашык убакыт өтүптүр. Бирок, экөөбүз эки башка жол менен кеткенибизге карабай, Жаныш мага бул ролду сунуштап келди. Башында "ойнобойм" деп караманча каршы болгом. Бирок, ушундай бир мүмкүнчүлүк келип атса ойной берейин, бул да менин бешенеме жөн жерден берилбесе керек деп макулдугумду бердим. Көрсө адам деген ар убакта адам бойдон калып, көп нерсеге теңелбеш керек экен. Жан жаныбардан айырмабыз да ушунда турбайбы. Турмуштагы башыбыздан өткөн жаман элестерди артка калтырып, чогуу иштегенге өттүк.
- Бир кездеги өмүрлүк жар, азыркы учурда жөн гана режиссер болуп калганда аны менен бир аренада иштешүү кандайдыр бир кысынууну пайда кылбайт бекен?
- Мендеги ага болгон сүйүү сезими калбагандан кийин андай деле болгон жок. Азыр ал мага жөн гана балдарымдын атасы жана жөн гана режиссер. Ар бир адам сүйүүсүн таап жашаганга акысы бар деп ойлойм. Азыр Жаныштын үй-бүлөсү бар. Мен кыздарым менен. Кысынгыдай сьемка учурунда эле көрүшсөк бир жөн эле, буга чейин эле үйгө кыздарына келип турчу, азыр деле келип турат. Кыздары атасы менен абдан ынак. Негизи, жашоо деген көп нерсени сен ойлогондой кылбай, күтүлбөгөн сыноолорду бере берет тура.
- Кечиресиз, ушундай улуу инсандын ролу сизге ишенип берилгенден кийин аны жеткиликтүү аткара алдым деп ойлойсузбу?
- Башында "Ушундай улуу инсандын сүйүүсүнө шек келтирип, ушактаганыңарды койбойсуңарбы" деген адамдар да болгон. Бирок, ошол айткан адамдар театрга келишип, спектаклди көрүп отуруп көздөрүнө жаш алып отурганын көрдүк. Театрда аткарганымда жылуу пикирлер көп болду. Кээ бир көрөрмандар спектакль бүткөндөн кийин жаныма келишип, ыраазычылыгын билдиришип, спектаклдин сезону бир жумага созулса, ошонун үч күнүн тынбай келип көрүп отургандарын айтып жатышса "Жакшы эле аткардым окшойт" деп ойлоп койгом. Эми кинодогу образын элге жеткирүү мойнумда турат. Анткени фильм азыр даярдоо этабында. Экранга чыккандан кийин кандай ой-пикир, сындар айтылат билбейм. Чынын айтсам өзүм да Бүбүсаранын кеменгерлик, акылдуу, ажайып сулуу образын элге жеткирдимби, жокпу деп коркуп жаткан убагым. Мындайча айтканда алдымда чоң сот турат. Карьерамдын уланып, уланбашы да ушул киного байланыштуудур деп ойлоп кетем. Бирок, мен болгон күч-аракетимди жумшадым. Режиссердун "мындай кыл, андай кыл" дегенинен тышкары, өзүм да издендим. Жаныштын пьесасын кайра-кайра окуп чыккандан тажаган жокмун. Бүбүсара эже менен бирге иштешкен опера-балет театрынын адамдары менен баарлаштым. Мага эң чоң жардамды Бүбүсаранын курбусу Афелия Эркинбаева көрсөттү. Ал балеринанын "привычкаларынан" өйдө айтып берди. Бүбүсаранын бир тууган сиңдисинин күйөөсү менин аткарганымды көрүп "Сен анын привычкаларынан бери кайдан билесиң" деп сурайт. "Курбусу айтып берген" десем, "а бул привычкасынчы" дейт. Мен "Бул өзүмдүкү" десем, "Демек, силер бир бир дарактын мөмөсү экенсиңер" деп таң калып, күлүп жатпайбы. Көрсө, мен мындай жүргөндө деле экөөбүздүн окшоштук жактарыбыз көп экен. Азыр мен айтып жаткан сиңдиси жана күйөө баласы менен көп кабаттуу үйдө кошуна турабыз. Бизге эң калыс бааны Чыңгыз Төрөкулович бермек деп ойлойм. Анткени ал театрдын быйылкы июль, август айында өтүүчү сезонунда спектаклге келип көрмөк. Жаныш Кулманбетов менен театрда Чыңгыздын образын жараткан Темирлан Сманбеков агай спектаклге чакыруу барагын алып барып берген экен. Ошондо "Эл кандай кабыл алды" деп сураптыр. Жаныш "Элдер көрүп бүткүчөктү көздөрүнө жаш алып отурушат" десе, же элди аяп айтканыбы же өзүнүн сүйүүсүн аяганыбы"ии байкуш" дептир. Чакыруу барагын ачып үнүн чыгара "Чыңгыз - Темирлан Сманбеков, Бүбүсара - Махабат Байгабылова" деп окуп, төш чөнтөгүнө салып алган дейт. Чыңгыз аганын ар бир кадамы тарых, бул да болсо биз үчүн тарых да. Ал эми кино да тартайын деп жатам деп оюн айтса, унчукпаптыр. Менин оюмча унчукпаганы, макул болгону болсо керек. Улуу инсандын өлүмүн укканда кадимкидей жүрөгүм ачышып, бир боорум үзүлгөндөй эле болду.
- Сиз роль жаратып жатып, экөөнүн сезимине суктандыңызбы же аядыңызбы?
- Мен биринчиден Бүбүсаранын акылдуу, кеменгер, жан дүйнөсү таза, жүрөгү кенен аял экендигин сездим. Ошондуктан анын жан-дүйнөсүн ачып бергенге аракет кылдым. Эки чыгармачыл гигант адамдын сүйүүсү чын эле ыйык экен. Спектаклдин жүрүшүндө да "Бул менин жашоомдогу эң таза, тунук сүйүү" деп бири-бирине айтканы бар. Ролума баш отум менен берилип кетип маңдайымдагы өнөктөшүмдү Чыңгыз ага элестетип жатып, "Ушундай да сүйүү болот экен ээ, адамдардын баары бири-бирин ушундай сүйүшсө кана, атаганат" деп суктанып коем. Анан "Бири-бирин чындап сүйсө эмнеге баш кошуп алышкан эмес" деп аяп да коем. Бирок, Чыңгыз Айтматов баш кошуу тууралуу сунушун көп эле жолу айткан экен. Бүбүсаранын акылдуулугун ушундан эле байкаса болот. Чыңгызды партиядан чыгарып коет, элге жаманатты болуп, карьерасына тоскоол болот, өзүм да оорукчан болсом деп өзүнүн сүйүүсүн тобекелдикке салган. Балким, ушул аялзатынан эргүү алып, Чыңгыз Айтматов ушундай улуу чыгармаларды жараткандыр. Бүбүсара Чыңгыздын атынан айтпай, Ачинов деп тергечү экен. Кыргыздарда ыйбаа кылган адамды тергеп айтышат го. Чыңгыздын улуу адам экенин Бүбүсара билген, сезген болуш керек.
Бүбүсара онкологияга жатканда Чыңгыз Айтматов күндө эки маал барчу экен. Ошол жакта врачтардан баштап, ооруп жаткан адамдардан өйдө Чыңгыз келе турган убактыны билишип, ал гүл көтөрүп келатканда терезеден жарданып карап турушчу экен. Бүбүсаранын дарты жанын кыйнап жатса дагы Чыңгыз келээрде чачын тарап, түзөнүп, отуруп калчу тура. Чыңгыз кеткиче ооруганын билгизбей, чыдап, тиштенип отурчу дешет. Бул да болсо сүйүүнүн күчү болсо керек.
Бүбүсара туугандарына "Мен өлгөндө сөөгүмдү ооруканадан ыйлабый, кыйкырбай, унчукпай алып кеткиле. Менин бул жерде жатканымды баардыгы билишет… Кээ бир адамды алып кетип жаткандай ушунчалык ыйлашат, тим эле сай сөөгүң сыздайт" деп айткан экен. Айткандай туугандары билгизбей алып кетишкен экен. Аны келбес жайга узатып жатканда театрдын вахтер, пол жуугучунан бери тикесинен тик турушуптур. Ал театрга киргенде чоңунан баштап, пол жууган адамдан бери көңүлүн алып "Кандайсыз, оорубай эле сизби, үйдөгүлөр тынчпы" деп адамдын ахыбалын күндө сурагандан эринчи эмес дешет. Ушундай эскерүүлөрдү ар ким бирден айтканда эле билинбей, айтылбай келген көп майда деталдар чыгып жатпайбы. Сүйүктүүсү өлгөндө Чыңгыз ага кара кийинип, эч кимди көзгө илбей бакырып ыйлап, өлүктүн башына өзү туруптур. Кинодо азыркы үй-бүлөсү кандай кабыл алат деп ал жерин баса белгилеп көрсөткөн жокпуз.
- Бийледиңизби?
- Театрда аткарганда бийлегем. Баары эле мактап калышчу. "Ой сен чачыңды түйүп, колуңду көтөрүп койсоң эле балерина болуп калат турбайсыңбы" дешип. Кичине кезимде балет мектебинде үч ай окугам. Негизим бар десем болот. Мен кичинемден эле эл алдына чыкканды жакшы көрчүмүн. Ата-энемдин каршы болгонуна карабай улуу эжемди ээрчип артист болом деп шаарга келе бергем. Бирок, театр адамы болуп калам деп ойлогон эмесмин. Эжем раматылык "Сенин боюң узун, сен актриса деле болсоң болот, тандоо жүрүп жатыптыр, жүрү барып келебиз" деп кыргыз драма театрына ээрчитип барды. Ал жерден көптөн бери театралдык окуу жайдын директору болуп иштеген Галина Ибраимова менен тааныштык. "Өзүм үйрөтүп алам" деп окуу жайга кабыл алды. Жаныш менин окутуучум эле. Экинчи курсумдан Жанышка турмушка чыктым. Андан соң Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтун сырттан окуп бүтүрдүм.
- Профессионал эмес актер менен иштешкен кыйын болгон жокпу. Биз билгенден Чыңгыз Айтматовдун ролун аткарган Азамат Калман Ф. Куловдун пресс-катчысы болуп иштечү…
- Биринчи келгенде чырайын көрүп тоготпогон неме болсо керек деп ойлогом. Мен ойлогондой эмес абдан адамкерчиликтүү, жөнөкөй адам экен. Анын ушул жакшы сапаттары анын актердук жактагы кемчиликтерин жууп кетти. Бир нерсени айтсаң аны туура кабыл алат экен. Эми ал экөөбүздүн кандай аткарганыбызды эл таразалайт болуш керек. Чыңгыз Бүбүсарадан үч жаш кичүү болсо, кинодогу Чыңгыздан (Азамат Калман) мен дагы үч жаш улуу экенмин. Жөн гана окшоштук дейин десең, бул да болсо өйдө жактан берилген кандайдыр бир сыр болсо керек.
- Бүбүсаранын образы менен жашап, иштеп жаткан убактарда түшүңүзгө кирген жокпу?
- Түшүмдө жаттап жаткан текстимди унутуп калып, издеп жүргөн болом. А бирок, өзү түшүмө кирген жок. Ошентсе да төртүнчү, бешинчи күндөрү жыт чыгарып, куран окутуп жаттым. Бул кинодо да театрда да алгачкы чоң ролум болду да. "Хаят" мейманканасынын жанында эстелиги бар го, күмбөзүнө жете албасам дагы деп,театрдан чыгып гүл алып барып койчумун. Спектаклдин премьерасы болгондо элди чакырып бата алдым. Бул нерселерди кылуу менин парзым болчу.
Эльмира Мадиева













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan