эски малдын көзүндөй

"Мен көчөдөгү бейтааныш кишилер салам берген Чынара Жакыпова бойдон кала бергим келет"
Чынара Жакыпова:
Чынара Жакыпова кыргыздын чыгаан кыздарынын бири. Акаев заманында чоң чабуулга туш болгон эжебиз журналист журтуна катуу таарынып калган көрүнөт, эмнегедир капаска камалган куштай прессаны кыртышы сүйбөй турган учуру. Архивди аңтарып отуруп, мобуреки маегин таап алдык, азыркы позициясы кандай экени белгисиз, эски көз карашын бир карап көрөлү. Учурдагы оңой эмес кырдаалга эжебиз өз баасын берип, акылын айтабы деген эле илгери үмүт.

- Чынара Шаршеевна, Кыргызтандагыазыркы саясий абал, көкөй кескен маселе тууралуу сиздин ой-пикириңиз кандай?
- Азыркы саясий абалыбыз абдан карама-каршы мүнөздө. Элбиз кыйналып турган чак Алардын активдүү түрдө тигил же бул стратегияны колдой албай жатышканынын себеби журтубуз башкаруучулардын көңүлү калып, саясаттан качып калышты. Эл экономикадагы конкреттүү, прогрессивдүү өзгөрүүлөрдү күтүп жатат. Эң жакшы саясат - экономиканын нормалдуу иштеши. Биз өз элибиз. Конфронтацияга алып баруучу жолдорго кадам жасашыбыз керек. Себеби, биз баарыбыз өзүбүздү мекенибизди сүйүүгө жана эмгектенүүгө үйрөнүшүбүз керек. Азыркы саясий кырдаалдын өкүнүчтүүлүгү саясий кландардын бийликке умтулуусу жана бийлик үчүн болгон күрөш, башкача айтканда эч ким алардан тартып алып жатпаган бийликти талашуусу. Бирок, бул жөн гана күрөш эмес, бул мамлекеттин калган каткан менчиги үчүн күрөш. Абдан аянычтуу, кайгылуу…
Кыргызстанда өтө коркунучтуу кырдаал түзүлдү: бийлик да, саясий элита да курчуган жаатташуунун соңу эмне менен аяктаарын эсепке албай жатышат.
Ушуга байланыштуу мен бир мисалды айтайын. Мага россиялык белгилүү политологдордун бири Алексей Малашенко жакында Алма-Атада өткөн бир изилдөөгө катышканын айтып берди. Анда жергиликтүү эксперттер Борбор Азиянын келечеги кандай сценарийде өнүгөөрүнө өз ойлорун билдирип, ал божомолдорун факты, аргументтер менен негиздеп беришиптир.
Анын жыйынтыктары ойго салып, тынчыңды кетире турган келечекти айтыптыр. Эксперттердин 5%ы гана Борбор Азия регионундагы мамлекеттердин келечеги кең болуп, согушу жок бейкуттукта, ачкасы жок токчулукта гүлдөп өнүгүшөт дептир. Адистердин 60%ы глобалдык жана катастрофалык өзгөрүүлөр деле болбойт, азыр экономика кандай абалда болсо келечекте деле ушул калыбында калат, өнүгүүнүн темпи жана өзгөчөлүктөрү сакталат дешиптир. Ал эми эксперттердин 35%ы Орто Азиянын келечеги катаал, жер бөлүшө албаган тынымсыз согуштар жүрүп, айрым азыркы мамлекеттер жоюлуп тынат дегенди айтыптыр. Кыргызстан ал эксперттердин эсебинде, ошол жоюлуп кетиши мүмкүн делген өлкөлөрдүн катарында турат экен…
- Коңшулардын мындай божомолдорун чындап эле көңүлгө алууга болобу? Балким, Кыргызстан кантип алардын энчисине өтөрүн алар түштөрүндө көрүп жатышса керек?
- Жакында бир батыш компаниясы Кыргызстан тууралуу "Жоголуп бараткан республика" аттуу фильм тартканы жатканы белгилүү болду. Фильмдин аты биринчи - жумушчу варианттагысы болсо керек. Бирок, мен Кыргызстанды дүйнөлүк картада аты өчөөр республика дешкенде катуу тынчым кетип, мындай болбосо экен деп Кудайга кайра-кайра табынам. Фильмдин авторлору Кыргызстандын келечегине күмөн санаардан мурда республикабыздын граждандык согуштун босогосунда турганын, өзүнөн күчтүү коңшулары менен болгон чек ара талаштарын, а тургай өз жерин четинен аларга бере баштаганын, экономикасынын алсыздыгын эсепке алышса керек. Мындан сырткары алар бийлик менен оппозиция ортосундагы диалогдун жоктугу кесепеттүү жыйынтыктарды берет дешет.
Айрым чет өлкөлүк эксперттер биздин республиканын келечегине тынчсызданган ойлорун ортого салып келишет, алардын божомолдоруна караганда Кыргызстанды бир нече мамлекеттер бөлүп кетиши бар.
Ошол эле Алексей Малашенко "демократиянын насилине шек кетти, эксперттер болжоп жаткан караңгы келечек Кыргызстандын мисалында эртелеп чындыкка айланууда" дейт. Ишенбей кое да албайсың, себеби ар бирибиздин жүрөгүбүздү оорутуп жаткан өлкөдөгү азыркы кырдаал капсалаңдуу келечекти кабарлап турат. Бирибиз менен бирибиз эрегише бергенден өлкөбүздүн пайдубалына доо кетиши мүмкүн.
- Абал ушундай эле курчпу?
- Тилекке каршы, чындап эле Борбор Азия мамлекеттери азыр эки айрылыш жолдо турат, бири-жай турмушта бакубат өнүгүү келечеги, бири-алаамат-апааттуу туңгуюк. Кыргызстан кайсыл жолго түшөт азырынча белгисиз. Бул мамлекет башчылары менен саясий элитанын эркине байланыштуу.
Тарых Кыргызстанга ХХ кылымдын 90-жылдарынын башында Кудайдын белегин тартуу кылды - өлкө 10 жыл бейкут жолдо өнүктү. Биз муну туура баалап, мамлекеттүүлүгүбүздү чыңдоо максатында пайдалана албадык. Бийлик башындагылардын таттуу кыялдарын катардагы көпчүлүк тең бөлүшө бербейт. Мунун бир далили 500миң чамалаш колунан иш келген тың кыргыздар Россия, Казакстанда иштеп жүрүшөт. А канчалаган адамдар Кыргызстанды биротоло таштап кетишти.
- Мындайда эмне кылуу керек деген ойдосуз? Бийлик бирди айтып, оппозиция башканы сунуштап, бири-бири менен кызыл чеке болуп турат?
- Менимче, таарыныч, өйдөсүнүү дегендерден өйдө туруп, атуулдук коомдун бардык катмарларын кучагына камтыган турмушка жакын сүйлөшүүлөрдү, тил табышууну баштоо керек. Биздин жетекчилер "мага баланча саясатчы жакпай калды, аны менен экинчи сүйлөшпөйм" дешип, кээде таарынып калган жаш балага окшоп калышат. Эгер ал саясатчынын артында кылкылдаган шайлоочулары турса, ал элдин колдоосун алып турса, мындай саясатчы менен сөзсүз эсептешүү керек.
- "Жылтырагандын баары эле алтын эмес" дейт элибизде. Мен, мен деп көкүрөгүн соккон саясатчыларыбыз эле арбын. Алардын ичинен кимдин эмгегин жогору баалайсыз?
- Өзүнөн мурда мекенин ак дилден сүйгөндөрдүн эмгегин баалар элем. Баарынан кечип, өз мекени үчүн бардык нерсеге барчу кишилерди сыйлаймын. Тилекке каршы, ушундай өткөөл мезгилде мындай адамдардын аздыгы бизди мүңкүрөтүп олтурат. Постсоветтик коомдун трагедиясы да ушунда болуп жатпайбы.
- Сиз отставкага кеткенден кийинки пресс-конференцияда А.Акаев сизди "ырысын көтөрө албай кетти" деген эле. Ал эми Акаев жөнүндө сиздин оюңуз кандай?
- Саясий ишмерлердин ишине тарых жана убакыт баасын берет. Бул адамга биз кандай гана баа бербейли, ал үчүн мамлекетти башкаруу өтө эле кыйын. Анын үстүнө ал өзүнүн кемесин чөлдө башкарууга аракет кылып жатпайбы!
- Жөнөкөй адам - касиеттүү адам. А сиз адамдын касиеттүүлүгүн кантип сынайсыз?
- Алардын берилгендигинен, ыймандуулугунан. Эгер адам жөн гана мыкты кесипкер болсо - бул аз. Ал чынчыл жана ыймандуу болуш керек. Кыргыздар "ыйманыңды сатпагын" дешет эмеспи. Ансыз деле заманыбыз куу адамдардан, куулуктан, саясий оюндардан тажап бүтүштү. Айтмакчы, бир акылмандын аныктамасы боюнча куулук - бул кыска акыл экен.
- Эже, келиңиз анда, саясаттын чаташкан ойлорунан бир аз алыстап, жаштыгыңызга кайрылып көрөлү. Жаштыгыңыз кандай өткөн?
- Мен курста алдыңкы болуш үчүн өтө көп окуп, убактымдын көбүн китепкана менен архивде өткөргөм. Курста советтик дипломаттар менен министрлердин балдары окугандыктан алдыңкы болуу абдан кыйын болду. Москвада окутуу ата-энеме канчалык кыйынчылык туудураарын билип, сезип, алардын ишенимин актоого бардык күч аракеттеримди жумшадым. МГУнун тарых факультетинде англис тилин окутууга чоң көңүл бурулчу. Жумасына 6 жолу англис тилинде сабак болуп, ал эми военкада аскер котормочусу катарында окутушчу. Эң эле күлкүлүүсү военкада "туткунга түшкөндөрдү" англис тилинде суракка алуу ыкмасында окучубуз. Ошондуктан биз "военно-английский факультетте исторический уклон менен окуйбуз" деп тамашалашып калар элек. Кандай гана болбосун мен "Историк преподаватель со знанием иностранного языка" кесиби боюнча артыкчылык дипломун алууга жетиштим. Мага согуш мезгилинде көзүнөн ажыраган бир профессор мугалимибиз аябай таң калаар эле. Ал менин орус эмес экениме ишенчү эмес. Анын оюу боюнча 30 студенттин жоопторунун эң орус тилдүүсү эле менин жоопторум болуптур. Кийин ал: биздин эң мыкты "руско-язычная" деп айтып жүрдү. Окуп жүргөн мезгилде билим алуу - негизги деп коомдук иштерге катышчу эмесмин.
Мен өзүмдүн университетимди ушул күнгө чейин сүйөмүн жана бул жерден билим алганыма ар дайым сыймыктанам.
- Турмушта ыйык туткан адамдарыңыз кимдер?
- Мен апамды жана 5 жыл мурда каза тапкан атамды ыйык тутам. Алар бизге көптү үйрөттү. Билим алуубузга шарт түзүп, сиңдим экөөбүздү канаттуга кактырбай чоңойтушту. Бүт өмүрлөрүн жана күчтөрүн жумшаган апам менен атам үчүн милдетибиз чексиз.
- Бөлмөңүздө картиналардын арбындыгы байкалат. Искусствонун бул түрү сизге жагат го?
- Ооба, живописти өзгөчө сүйөм. Художниктерден Далини баалайм. Кыргыз жаш сүрөтчүлөрүнөн Саркын Сооронбаев көп үмүттөндүрүп жүрөт.
- Жакшы тилек жарым ырыс демекчи сөздүн акырында өзүңүздүн ой-максаттарыңызды айта кетсеңиз?
- Мага "Кайра билим берүү министри болууну каалайсызбы же ким болгуңуз келет?" деген суроолорду көп беришет. "Конкреттүү иштери менен журт баалаган адам болгум келет" деп баарына бирдей жооп берем. Балким, чыныгы саясатчылар портфелдерин бөлүштүрө албай жатканда мен өзүмдүн коллегаларым менен биргелешип, окуучулар жана студенттер үчүн окуу китептерин жазууга үлгүрөрмүн. Же тестирлөө борборун түзүүгө мүмкүнчүлүк болоор.
Айтыңызчы, менин ысымымдын астында министр Жакыпова же профессор Жакыпова деп турганынын кандай айырмачылыгы бар? Калктын эсинде адамдын кызматы эмес, адамдын адамдыгы калат эмеспи. Бийлик үчүн чыканагым менен күрөшкүм келбейт. Ал табигатымдан болбогон нерсе. Кызматтык машина жана чет өлкө үчүн командировкалар деп өзүмдүн карманган принциптеримден аттагым келбейт. Чет өлкөгө мурда деле барчумун жана дагы эле бара берем. Эгер тигил же бул адам керек болсо, ал кишини эл өзү чакыртып алат.

"Аалам", 1994-жыл. №11,
"Аалам", 2002-жыл. №22













Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!