Замирбек Үсөнбаев,
Кыргыз Республикасынын эл артисти:
"Кырк жашка чейин калем кармаган жокмун"
Ата-энеси жөнүндө
Орустар "Природа на детях отдыхает" деп айтмакчы улуу таланттан өзүндөй таланттуу уул чанда чыгат. А мен Алымкул атамдын төкмөлүгүн тартып калганымдын себебин бир гана нерседен көрөм. Менин апам Назими да акын, санжырачы аял болгон. Ал мени маңдайына отургузуп алып эски сөздөр менен сүйлөп, ар биринин чечмелениши жөнүндө айтып берчү. "Атаң баланча жерден мындай ырдаган, бул обонго салып ырдаган" деп атам ырдаган ырларды кырааты менен аткарчу. Талантка айла жок окшобуйбу, ошентип апам ичинде калган ырларын мага арнады. "Эмне үчүн сиз да ырдап чыккан жоксуз" деп сураганымда "Бул киши улуу, жолун талашпайын" деп артында гана болдум деген. Атам "Жетимбай деген аксакалдын бир кызы бар экен" деп алыстан угуп, атайын издеп барат. Анда апам 14 гана жашта болсо, атам 30 жашка келип калган экен. Аны апам минтип эскерчү: "Медреседен үйгө келсем, эшикте 20га чукул ат байланып туруптур. Аңгыча жеңелерим "Молдо кыз, кыйын төкмө кыз тандап жүрүптүр" дешкенин уктум. Унчукпай үйгө кирдим да апамдын этегине жакын отурдум. Апам "Кызым жаш" деди, ошондо атаң колуна комузун алып "Мен эл аралаган ырчымын, өнөрүмдү баалаган кыз керек" деген мааниде, отурган агаларым "Сен да ырда" деп суранышканын мен уялыңкы кабыл алып унчукпай отурганымды көрүшүп, "Кыз деген ушу да, эркек болсо намыстанбайт беле" деп намысыма тийишкенинен, мен 30 саптай ыр токудум. Жуучулар ата-энемдин макулдугун алышкан соң, бир жарым жылдан кийин келип шаан-шөөкөтү менен алып кетишти". Ал кезде кыздар күйөөгө узап жатканда жеңелер ыр менен узатышчу. Апам айылдагы жеңелердин баарына ыр үйрөтчү тура. Ошентип жүрүп аты алыска кетсе керек.
Атам Алымкулдун Алымкул болушуна апамдын салымы зор болгон деп ойлойм. Мага да "Уулум мүнөзүнө карап үйлөн, чыгармачыл адамдын жан-дүйнөсүн түшүнгөн кызды ал. Үйлөнө турган кызыңды биринчи мага тааныштыр. Мен бир көрүп эле айтам" дечү. А атам мен 12 жашымда көзү өтүп кетип, төкмө болгонумду көрбөй калды. Бирок менде үмүтү болсо керек. Анткени мен атамдын, үйгө келген Осмонкул, Карамолдо, Ысмайыл аталардын ырларын бир угуп эле жаттап алып, ошол уккандарыма жаңы бир саптарды кошуп ырдасам кубанып калчу. Мектепте орусча окусам дагы үйдөгү тарбия кыргызча эле. Каникулда дайыма айылга жөнөтүшчү. Кой кайтарып, жорго салдырып, чөп чаап, отун жарып дегендей, айылдын жумуштарынын баарын кылчумун. Бир курдай айылдан мал устукандап жатканымды көргөндөр "Шаардык бала, сен мал устукандаганды билесиңби?" деп таңдангандары эсимде. Көрсө апам мени орус болуп калбай, кыргыздын үрп-адатын, салт-санаасын билип, үйрөнсүн деп айылга жөнөтүшчү тура. Мен 6 жашымдан комуз күүлөп, ырдасам дагы апам эл алдына алып чыккан жок. 15ке толгондо гана филармонияга ээрчитип келип Эстебес, Токтосун агаларга кошуп берди.

Залкарлар, өнөр жөнүндө
Илгери Осмонкул, Калыгул, Жеңижок аталарыбыз бир доор болсо, кийинки доор Ашыраалы, Эстебес, Тууганбай, Мамбет агалар болду. Мен алардын эң кичүүсү болуп кошулуп калдым. Филармонияга 1968-жылы киргем. Андан бери 40 жылдан ашуун убакыт өтүптүр. 40 жыл аз көрүнгөнү менен кылчайып карасаң бир топ эле убакыт экен. Төкмөлүк өнөргө аралашканымдан тартып, атам, апам, залкарлар, устаттарым, шакирттерим жөнүндө бир китеп жазып жатам. Апам "Балам, төкмө акындык менен жазма акындыктын айырмасы асман менен жердей. Эгер төкмө болом деген аракетиңден тайбасаң 40 жашка чейин колуңа калем кармаба. Оюң экиге бөлүнүп, же жазма акын же төкмө акын боло албай каласың" деп кеменгерлик сөзүн айткан эле. Айтканын кылып китепти кырктын кырынан ашканда жазып калдым. Мен жазып жаткан залкар адамдар Эстебес, Тууганбай, Ашыраалы, Асанкул Шаршенов, Гүлжан Сейиткулова, Мейликан Козубекова ж.б. кандай гана адамдар эле. Алардын бири-бирине окшобогон өзүнчө бир керемети бар…
Алардын баары азыр арабызда жок экенине кейийт экенсиң. Алардын орду толгус экен. Кыргыздын бир кемчилиги талантты көзү тирүүсүндө баалабайт экенбиз. Азыр Сооронбай Жусуев, Сүйүнбай Эралиев, Төлөгөн Касымбеков аксакалдарды "Көзү тирүү классиктер" деп азыр эле айтып койуш керек. Мына казактар Жамбыл акынына эстеликти өздөрүнүн жеринен тышкары Москвага да тургузушту. А биздин шаардын бир бурчунда бир да төкмөнүн эстелиги коюлбаптыр. А биздин өнөргө "Кайталангыс шедевр" деп ЮНЕСКО баасын берип жатат. Чет элге чыксаң "Сөздөрүңүздү түшүнгөн жокпуз, бирок ыргактар менен уйкаш ырдаганыңызды билип жатабыз. Бул өнөр качан пайда болду эле? Кантип эле турган жерден ыр чыгат?" дешип таң калып сурашат. "Бул өнөр кыргыз пайда болгону жаралган. "Манасты" ушул күнгө акындар жеткирген" деп айтам. Бул өнөрдүн шириндиги, кереметтиги ушунда, котормосуз эле жан-дүйнөгө жетет. Японияда эмгиче ар бирибиздин ата-тегибизден бери изилдеп, ачылыш жасап жиберишмек.
Эстебес, Тууганбай агалар тирүү кезинде деле окумуштуулар кайрылып жүрүштү: "Силерди, өнөрүңөрдү изилдейли дедик эле, сүйлөп берсеңер" деп. Акындар деген бир күнү ачылып-чачылып сүйлөгүсү келет, бир күнү такыр эч нерсе айткысы келбейт, ушундай калк. Ошол окумуштуулар аспирантурада окуп жаткан, илим изилдеп жүргөн баласын төкмөлөрдүн болобу, жазуучулардын жанына болобу кошуп берсе бир майнап чыкмак. Анткени акын ар жерде ар башка сүйлөп, күндө жаңыланып турат. Ошолорду жазып алса эле кандай жетишкендик. Совет доорунун артыкчылыгы: мисалы, атама жазуучулар союзунан айлык төлөп өлөр өлгөнчө катчы беришкен. Ал Абдрасул Токтомушев эле. Ошон үчүн атам Алымкулдун сөзү элге жакшы сиңип калган, ошон үчүн эл аны унутпайт. Бир курдай мен 1,5 саат тынбай төгүптүрмүн. Бирөөлөр жаздырып алышыптыр, кийин өзүмө угузганда, таң калдым. Ал айтылган сөздөр кайра экинчи кайталанбайт. Биздин казактан айырмабыз да ушунда, алар көбүнчө жазып алып, жаттап ырдашат. А биздики турган жерден эле агылат. Кээде бизди радиого, телеге чакырып микрофонду такап "Ырдаңыз" дешет, а биз миңдеген эл карап, сүрөп укканга көнгөнбүз. Элдин деми менен ырдайбыз.
Азыр элди кыдырып гастролго чыкканга, филармониянын бизге бере турган ашыкча каражаты жок болуп жатат. Асанкул Шаршенов айткандай "Эң алысы Кантка" барабыз. Кээде өзүбүз демөөрчүлөрдү таап айылдарга барып калганыбызда эл "Ушундай нукура кыргыздын ырларын сагындык" дешип сахнадан кетиришпейт. Бул өнөрдүн нукуралуулугун ушул боюнча сактап калганга баарыбыз аракет кылышыбыз керек. Ушул өнөр өчпөсө экен деген аракет менен көп эле жаштарды окуттук, тарбияладык. Азыр өздөрүнчө ырдап жүрүшөт. Биз айтканды кандай деңгээлде аткарып жатышат билбейм. Башкысы майдаланбай, шоуго айланып кетпесе экен деп тилейм.

Үй-бүлөсү жөнүндө
Жубайым Саадатты апам айткандай биринчи ага алып барып көрсөтүп, келинчек кылып алгам. Кесиби тамак-аш боюнча инженер-технолог.Чыгармачыл адамдын түйшүгү көп болот, колдогон киши керек экен. Менин бактыма Саадат ошондой адам болду. "Эмне үчүн чыгармачыл адамга үйлөнгөн жоксуз" деп көп сурап калышат. "Бир үйдөн бирөө эле ырдаш керек" деп тамашалап коем. 3 уул, 2 кызды тарбияладык. 7 неберелүү болуп чоң-ата, чоң-эне, таята, таэнебиз. Балдарымдын баардыгы жогорку билимдүү. Бирок менин жолумду жолдоп, төкмөлүк өнөргө ыкташкан жок. Неберелеримден сөзсүз чыгыш керек деп үмүттөнүп коем. Балдарым да мен сыяктуу орус мектепти окуп бүтүштү. Бирок менин ата-энем сыяктуу эле үйдөн тарбияны кыргызча бердик. Жети атасын, кыргыздын үрп-адатын, салт-санаасын билишет. Ар бир үйдөн берилген туура тарбия улуттун өсүшүнө өбөлгө болот турбайбы.
Даярдаган
Эльмира Мадиева













Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызактыкы:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!