Супер келинчек
(Башы өткөн сандарда)

- Хорошо, мен барып келе коеюн. А силер болсо көңүлдүү олтуруп тургула, - деп Улан конокторго жарыя кылды.
- Улик, мени да алып алчы?
- Жок, жок, жок. Анел, сен кетип калсаң бул жерде Жанна жалгыз калып калат. Башкалары болсо өздөрү менен өздөрү алек болуп жатышса, - деп Улан өзү чыгып кетти.
Жолдо келатып, жол боюндагы Кубанычтын үйүнө кире кетүүнү ойлонду. Балким, жумуштан соң кийимин которуу үчүн үйүнө келип калышы да мүмкүн да. Апасынын жанына кечке олтура бермек беле. Телефонун болсо заряды түгөнүп калгандыр. Чынында эле Кубанычтын үйүнүн терезеси күйүп туруптур. Демек үйдө деп ойлонгон Улан бат эле төртүнчү кабатка көтөрүлдү дагы коңгуроону басты.
- Ким бул? - үйдөн кыздын үнү угулду.
- Мен Уланмын, Кубаныч барбы? - деген Улан Разияны көрүп таң калып калды. Апакай жоолук салынып алып, капкара чачтарын өрүп ылдыйды карай кое берип койгон жакшынакай кыздын көздөрүнө көздөрү чагыла түштү.
- Мм..Мен Кубанычты издеп келдим эле.
- Ал үйдө жок.
- Келген жокпу.
- Келе элек….
- Ааа…
Кыска жооп узаткан Разия эшикти жаап алгандан соң гана Улан кайра машинасын көздөй жөнөдү. Туугандарынан болсо керек деп ойлоп койгону менен Разиянын көз карашы көкүрөгүндө кандайдыр бир жылуу сезим калтырды.
Апасына барып, сүйлөшүп олтурганда Кубанычка жумушу боюнча чалышып, эртеңки күнгө чейин келишимдерге кол коюу керектигин айтышып чакырып кетишкен. Иш боюнча болгондон кийин, тынчыраак олтуруп иштерибизди бүтүрүп алалы деген Кубаныч телефонун атайын өчүрүп койгон эле. Кечигээрин айтып, чалып коюуну дагы унутуптур. Анын үстүнө мындай ишкерлерди колдон чыгарбай кармап калуу керектигин Кубаныч жакшы билет. Демек, биринчи иштин маанилүүсүн гана бүтүрүү керек.
Бир жарым сааттык сүйлөшүүлөрдөн соң иштин ойдогудай бүткөндүгүнө кубанган Кубаныч телефонун күйгүзгөндө Улан да, Анел да биринин артынан бири чалып, ызылдап эле калышты…
***
Разияны көргөндөн бери Улан эмнегедир анын көз карашын унута албай койду. Илбериңки, бае мүнөзү бар татынакай кыздын жалжылдаган каректери көзүн жумса эле бет алдына келет. Сүйүп калгандан соомунбу деген Улан өзүн канчалык алаксытайын десе да Разиянын ошондогу көз карашы азгырды да турду. Сүйлөшүп көрсөмбү деген ой мээсине келе калды. Эмнеге болбосун. Кубанын үйдөгү телефонунун номурун шыпылдатып терип жиберди.
Туут…..Туууут…..
- Алло.
- Саламатсызбы? - өзүнө аз да болсо тааныш болуп калган үндөн сүрдөп кетти.
- Саламатчылык. Сизге ким керек эле?
- Ммм… Мен ким менен сүйлөшүп жатам?
- Разия…
- Сиздин атыңыз Разиябы?
- Ооба…
- Мм…Мен Улан болом. Куба менен, ой, Кубаныч менен бирге иштейм. Ал азыр үйдө жок беле? - калп эле сурады.
- Жок, ал үйдө жок. - Келе да элек деп айтып жибере жаздады Разия.
- Сиз менен таанышканыма абдан кубанычтамын. Айтмакчы, Кубаныч келсе менин издегенимди айтпай эле коюңуз. Мен аны өзүм таап алам, - деп телефонду койгон Улан Разиянын жагымдуу үнүнө элжирей олтуруп калды.
Ушундайча башталган кыска диалог улам барган сайын узарып, Улан ар күн сайын Разияга телефон чалып алып ар нерселерди айтып берет. Разия кыткылыктап күлгөн сайын аны дагы күлдүрө бергиси келет. Бир күнү өзү телефондон сүйлөшүп жаткан кыз Кубанычтын кимиси болоорун билгиси келди. Адаттагыдай эле телефон чалып, Кубанычтын жок экендигин, күндө Анелдикине барып жаткандыгын билсе да калп эле сурап коет. Разия анын жок экендигин айтат.
- Мен ага деле эмес. сиз менен сүйлөшөйүн деп кайрадан чалып калдым.
- Аа…
- Разия, бир жерден жолугуп, анан сүйлөшпөйлүбү?
- Эмнени?
- Ну, турмуш жөнүндө, сиз, биз жөнүндө…
Разия унчукпай калды.
- Эмне унчукпай калдыңыз? Сунушум жакпай калдыбы?
- Сүйлөшө турган сөзүңүз болсо телефондон эле айта бериңиз,- эмнегедир Разиянын үнү таарынгандай туюлду.
- Жок. Мен жөн эле… - Улан шашып кетти. Эгер менин бул сунушум жакпаса, анда экинчи кайталабай эле коеюн, макулбу?
- Макул…
Разия өзүн абдан ыңгайсыз сезди. Улан менен телефон аркылуу сүйлөшүп жатканын бир ирет кайненеси көрүп калган эле. Бирок, андай деле маани берген эмес.

(Уландысы бар)