Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Мелис Макенбаев
(Романдан үзүндү)
"Пресс Хата"
Бир күнү Рысбек жумушуна кетип бараткан апасын колунан кармап токтотуп, маанилүү бир сөзү бардай сабырдуу карап туруп, минтти:
- Апа, каршы болбосоңуз, менин жашыл спорттук шым-күрмөм бар го, анан да күрөң свитирим?.. Ошону жетим балдардын бир-экөөнө берип коюңузчу? - кантсе да бала эмеспи, баштапкы сабырдуулугун жогото, (каршы чыкпасын дегени го) шашкалактай сүйлөдү:
- Апа, Мен кийгим келбейт бул кийимдерди. Меники экиден-үчтөн эмеспи... Ошолор кийсинчи, алардыкы жок да, макулбу апа?
Уулунун боорукерлигине ичи жылый, көзүнө жаш имериле:
- Макул балам, берип коеюн,- деп жиберген апасы шашкалактап.
Өтүнүчүнүн токтоосуз аткарылганын билгизбөөгө аракетенип, каракүчкө кабагын бүркөп, эшикке атып чыгып кеткен. Ушундай кызык бала! Көктүгү ашкере.
Түнт десе да болчудай аны. Антейин десең, айрым мезгилдерде маал-маалы менен ич дүйнөсүндөгү удургуган кыялдын кесепетиненби, не, тобокелчиликти сүйгөн тайманбас мүнөзүнөнбү, кээде мугалимдерди, өзү менен бирге окуган классташтарынын оозун ачтырууга чейин барган иштерди жасап, анан кайра кабагым-кашым дебей басып кеткен учурлары болгон. Бешинчи класстын окуучусу болуп туруп, өзүнөн үч жаш улуу, жогорку класстын окуучусу менен таймаша кеткеничи? Чыр эмнеден чыкты? Рысбек менен бир класста окуган, момурайган, бир жоош бала боло турган. Экөөнүн үйлөрү жакын болгондуктан, дайыма бирге кетишчү-сабак аяктагандан кийин. Ошол жоош баланын туулган күнүнө атасы сатып берген кооз кемер курун сегизинчи класста окуган- дулдуйган кара бала тартып алып коюптур. Анысы аз келгенсип, какыс-кукус кылып ыйлатыптыр. Сабак бүткөн мезгил болчу. Рысбек караса, терезенин түбүндө тигил бала ыйлап турат.
- Марс, сага эмне болду?-Рысбек жакындай берип сурады.
- Курумду тартып алды. Баягычы?.. Атам сатып берген... Талашсам, урду.
- Ким?
- Тетигине... Кетип баратпайбы- терезени нускап көрсөттү бала. Мырзабекчи?
- Ыйлаба, азыр алып берем куруңду.
- Сенби? - таң калгандай көзү алайды Марстын,- Ал бизден чоң да?!
- Көрөбүз... Ме?.. Менин сумкемди алып келе берчи, мен тигини токтотоюн.
Рысбек сыртка чуркап чыкты. Андан ары күтүлбөгөндөй иш болду. Башы тигинин ийнинен келген кичүү класстын окуучусу өзүнөн алда канча улуу, бойлуу Мырзабекти жолдон токтотуп, омуроолоп турат:
- Сен алдың беле Марстын курун?
- Мен алгам. Эмне болуптур?
- Алсаң, бер!.. Аны атасы туулган күнүнө деп сатып берген.
- Сатып берсе, демек, эми меники... Тур жолдон!..
- Сен курду кайтармайынча, мен жолуңдан кетпейм. Сыйың менен бер!
- Омей, муну кара?.. Молокосос!.. Бир чети үнүнөн таң калышы билинген бала алдында колун курткасынын чөнтөгүнө салып, ишенимдүү турган кичинекей балага карады:
- Бербей койсом, эмне кыласың?
- Тартып алам.
- Сенби?
- Мен.
- Ах! Молокосос!.. - кичине баланын кулагынан, мурдунан биртике чоюп, сес көрсөтүп коеюн дегичекти болбой, андан аркы окуя ал үчүн чагылгадай тездик менен өттү: бир кезде, жер көзүнө аңтарылып, астын-үстүн болуп барып, бир жак ыптасы менен жерге катуу урунгандыгын элдир-селдир билет. Көзү караңгылай түштү. Ордунан турайын дегиче майда балдардын күлкүсүн укту. Ошондо гана өзүн тигил кичинекей бала көтөрүп урганын билди. "Ах, молокосос, азыр сага көрсөтөм! Турсам эле көрөсүң!" Кайрадан жер астын-үстүн.
Эртеси бул окуя мектепке дуу дей түштү. Таң калаарлык. Бир гана мектепте иштегенине бир жыл толо элек дене тарбия мугалими гана сырдуу жылмаят. Дене тарбия сабагынан бөлөк, күрөш боюнча секция ачкан. Мындан жарым жыл мурун бой, күч жагынан теңтуштарынан анчалык айырмаланбаган "Ооба", "Бар", "Жок" дегенден башканы айтпаган тестиер спорт залына, күрөш боюнча машыгууга келген. Тестиердин аты Рысбек экен. Тренер Рысбекке өзгөчө назарын бурду. Рысбектин серпилгич темирдлей ийкемдүү денеси, оң-сол реакцияны айттырбай сезе билген жөндөмдүүлүгү, жеңил басыгы тренердин назарын бурду. Балбандын колдоно турган ыкмасы "Мельница!"
Кийинки кезде негедир Рысбектин машыгуу учурунда тез эле чарчап калганын тренер байкап жүргөн.
- Колдоруң талып жатабы?- тыныгуу учурунан пайдаланып тренер Рысбектен сурады. Тестиер "Жок" дегендей башын чайкады.
- Анда эмнеге, мурдагыга караганда тез чарчап калыбатасың? Бир жериң ооруп жүрөбү, же, үйдөн оор жумуш жасап жатасыңбы?
Калп айтууну билбеген бала саамга ойлонуп туруп, чынын айтты:
- Үйдөн да машыгып жатам, темирлер менен...






  Обончунун тагдыры

(Лариса Асанбекованын обончу Алтымыш Кадыровду эскерип "Обондоруң оболосун кылымга" китебинен үзүндү)
Ал ыр биздин тойдун көркүн ачып, эл жакшы кабыл алды. Көп өтпөй Алтымыш "Лариса, бизде ушундай үйлөнүү тойлордо жар-жар айтылбайт. Ал эми казак, өзбектерде эки жаштын тою жар-жарсыз өтпөйт эмеспи. Сен мага ошол тууралуу ыр жазып бер" деп суранды. "Алтымыш, мен көптөн бери ыр жазбай, чыгармачылыктан четтеп калдым. Чоң акындарга эле заказ бербейсиңби" кыязында кеп кыйытсам, Алтымыш ал оюма макул болбоду. Ошону менен азыр эң белгилүү "Жар-жардын" сөзү жарыкка чыкты. Аны окуп алып Алтымыш аябай кубанды. Анан адатынча бир заматта обон чыгарып койду. Ошентип, экөөбүздүн "Жар-жар" аттуу биринчи ыр балабыз төрөлгөн. Биринчи ыр балабыз акжолтой болду. Анын артынан "Арман", "Кетпечи", "Сүрөтүңдү тартып алдым көз менен", "Жүрчү, кеттик жайлоого" жана башка көптөгөн ырлар жаралып, экөөбүздүн чыгармачылыгыбыз ого бетер ширелишип. 1998-жылы Бишкекте алгачкы чыгармачылык концертибизди бердик. Алтымыштын чоң сахнага чыгып, өзүмдү элге тартууласам, обончу катары өзүмдүн жүзүмдү көрсөтсөм деп ак эткенден так эткен тилеги ишке ашып, Алтыке бактылуу болуп турду.
Концерт болоор алдында эми кандай болот деп ойго батып бир топ толкунданган элек. Кудай жалгап концертибиз өзүбүз ойлогон деңгээлден дагы жакшы өттү. Ошондо Алтымыш чын жүрөгүнөн сүйүнүп, "Лариса, мен бүгүн кайра төрөлдүм. Жарык дүйнөгө жаңы гана келдим. Ушунун баары сенин эмгегиң. Сен болбосоң бул ырлар жаралбайт болчу. Мен ырдамак турсун тирүү болот белем..." деп көзүнө жаш алды. Ошондо Алтымыштын муун-жүүнү бошоп, эреркеп ыйлаганын биринчи көрдүм. Ал кубанычтын, бакыттын көз жашы эле. Алгачкы концерт Алтымышка чоң чыгармачылык дем берди. Мурункудан да көп иштечү, изденчү болду.
Экөөбүз чыгармачылык жөнүндө аябай көп пикир алышчубуз. Анын кандай маанидеги ырга обон жаратаарын көзүнөн, өзүнөн айткан сөздөрүнөн улам билип турчумун. Ошондуктан сырдашуу учурдагы Алтымыштын ойлорун ырга айлантчумун. Мисалы, "Арман" деген ыр өзүнүн мага болгон сүйүүсүн айткан кезде жазылган. Ошол мезгилде башыма түшкөн кырсыктардын аягына чекит кое албай, эң жакын деп сыйлап жүргөн адамдарым душмандык кылып кетишип, менин жан дүйнөм жабыркап, аябай оор абалда болчумун. Алтымыш түнкү саат үчтө телефон чалып, "Мен сенин "Арман" деген ырыңа сонун обон чыгардым. Ыйлабачы. Сен мага керексиң" деп көңүлүмдү көтөрүп, телефондон жаңы обонун угузду. Обон ушунчалык армандуу, муңдуу чыгыптыр. Эмнегедир Алтымыш бүт арманын ушул ырга төккөндөй сезилди мага. Анан саат үчкө чейин уктабай, обон жазып олтурганы жүрөгүмдү оорутуп, шолоктоп ыйлаганым эсимде. Кийин студиядан ушул ырды өзү ыйлап, ырдап жаздырган эле. Дайыма менин күлүп жадырап жүрүшүмдү каалачу. Кичине кабагым бүркөлсө эле мени күлдүрүштүн айласын издеп турчу. "Лариса, сага күлгөн аябай жарашат. Мени оорубасын десең мага күлүп жүр" дечү. Бирок, турмуш деген турмуш да, дайыма эле күлүп жүрө албайсың, кабагың бүркөлгөн учурлар көп болот. Андай мезгилде Алтымыш мени "обонум", "жомогум" деп эркелетип, кадимкидей кытыгылап күлдүрчү. Анын ушул каалоосунан улам "Күн болуп күлүп турчу" аттуу "ыр балабыз" жаралган.
Күн болуп күлүп турсаң,
Каректен нур бөлүнүп.
Жан дүйнөм балкып эрийт,
Жүрөктөн ыр төгүлүп.

Күн болуп тийип турчу,
Мээримиң төгүп мага.
Өмүрүм өтсө мейли,
Өзүң деп күйүп жана.

Сүйкүмдүү жылмайганың,
Сезимди өрттөп өтөт.
Керемет ошол элес,
Каректен кантип өчөт.

Назданып эркелесең,
Берерге жаным даяр.
Артылып арзуум сага,
Махабат багым даяр.
Бул ырга чыккан обон абдан ийгиликтүү болуп, "Чолпон" бий-ансамбли тарабынан атайын чыгыш бийи коюлду.
Ыр балдардын катары көбөйө баштаган сайын Алтымыштын мага болгон сүйүүсү дагы күч алды. Анын ашыктык сезимдери чын дилинен чыгып атканына жүрөгүмдөн ишенсем дагы, ага турмушка чыккандай шартым жок болчу. Алтымыштын атагы чыккан сайын экөөбүзгө болгон бут тосуулар, көрө албастыктар дагы көбөйдү. Ушуга байланыштуу Алтыкенин үйлөнөлү деген сунушуна макул болбой жүрдүм. Бир ирет артисттердин жалпы концерти болду. Алтымыш кийинип-чечинген гримдөө бөлмөгө кокусунан кирип бардым. Ал күзгүнүн маңдайында күзгүнү телмире тиктеп, ойлуу олтуруптур, көзүнөн аккан жашы жаак ылдый куюлуп атыптыр. Мен анын ыйлап атканын көрүп чочуп кеттим. "Эмне болду, Алтыке, бир жериң ооруп абтабы?" дедим. Ал ошондо жаңы эле ырдап чыккан. Анан эл аны ушунчалык жакшы кабыл алган эле. Мен залда олтуруп, тимеле кубангам. Ал эми Алтымыштын ыйлап жатканы мен үчүн түшүнүксүз болду. "Лариса, мени ушундай деңгээлге, ушундай атакка сен жеткирдиң. Мен болсо жанымда жүргөн сүйгөнүмө жете албай армандамын. Ошон үчүн ойго батып ыйладым. Эмне үчүн мени теңсинбейсиң, же оорулуу деп чанып атасыңбы?" деп үнү буулуп, өзү калтырап кетти. Мен чынында жаман абалда калдым. Алтыке, сен эмне антип атасың.Соо жүрүп мен кетемби же ооруп жүрүп сен кетесиңби ал бир кудайдын иши. Сени чанбайм.
Тескерисинче, мен сени али өзүмдүн турмуштук көйгөйүмө аралаштырбайын деп жүрөм.






кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"
email • архив • редакция 
22-октябрь, 2009-ж.:
1-бет
Бекбалаев билдирүү жок буйрук чыгарыптыр...
2-бет
Мирослав Ниязов, коомдук ишмер:
"Кыргызстандагы оппозициямын дегендер бийлик талашкан күчтөр"

3-бет
Д.Үсөнов премьер-министр, М.Эшимканов Мамкатчы, Ч.Баекова спикер болобу?
4-5-бет
Реформа: аткаминерлер армиясы болуп көрбөгөндөй кыскарды
Аша турган ашуубуздун кыры көрүнбөйт

6-бет
Осмонакун Ибраимов,
Государственный секретарь КР 2000-2005 гг.
Аксыйская трагедия: как это было

7-бет
Бакыт Садыков:
"Ипотекада мындай жеңил шарттар буга чейин болгон эмес"

8-бет
Саясаттагы айымдар
9-бет
Данияр Үсөнов
10-бет
Амангелдиге
аң казган кимдер?

11-бет
Журналисттин суроосун жоопсуз калтырбаган министрлер
12-бет
Супер келинчек
14-бет
Маска анкета
15-бет
Мелис Макенбаев
(Романдан үзүндү)
"Пресс Хата"

16-бет
"Токтогулда биз жараткан образдарга өздөрүн окшоштуруп капа болушту"










??.??