Мирослав Ниязов, коомдук ишмер:
"Кыргызстандагы оппозициямын дегендер бийлик талашкан күчтөр"
- Мирослав мырза, сиз бүгүн кайсы жээктесиз? Дегеним, массалык маалымат каражаттарына берген маектериңизден байкасак эки жакка тең кошулбай ортодо жүрөсүз. Катуунун асты, жумшактын үстү менен басып жүргөн орточулдар учуру келгенде өз кызыкчылыгын көздөп сатылып кетет деп кооптонгондор да бар. Буга эмне демекчисиз?
- Баарына жагынсам экен деп жагалданбайм деле. Ошондуктан эки жакка тең ачуу сынымды айта берем. Бирок, биз оппозициянын өзүн туура түшүнбөй бийликке каршы сүйлөгөн кишини эле оппозиция деп жатабыз. Бул туура эмес. Мен оппозициямын деп кыйкырып өкүргөндөрдү деле көрбөдүкпү. Бүгүн бийликти жамандап, эртең кызматка чакырса эле жүгүрүп барып, жүгүнүп эле иштеп жатышат. Мындайлар кантип оппозиция болушат.
Оппозиция деп ички дүйнөсү, жүрөгү таза мамлекеттин келечегине кам көрүп, элди бутуна тургузуу аракетин көргөн адамдарды айтышыбыз керек. Тилекке каршы, Кыргызстандан андай адамдарды көрө албай жатам.
- Демек, сиздин пикириңизде Кыргызстанда оппозиция жок турбайбы?
- Бүгүнкү күндө конкреттүү көз карашы менен жүргөн, элдин эртеңи үчүн күрөшкөн оппозиция жок. Бизде оппозициябыз дегендердин баары эле бийликке умтулушат. Мен мамлекеттин кызыкчылыгын көздөгөн оппозицияны көрбөгөн үчүн БЭКке кошулган жокмун. Буларды бийлик үчүн жан талашып жаткан күчтөр десек болот. Бирок, булар бийликке келген күндө дагы Кыргызстанга эч кандай жакшылык алып келбейт. Баягы эле баарыбызга тааныш-билиш, мышык-чычкан оюндар башталат.
- Мирослав мырза, сиз учурунда коопсуздук кеңешинин катчысы болгонсуз. Бул кызматтын негизги багыттарын кантсе да терең түшүнүп калдыңыз да. Мына азыр коопсуздук кеңешин жоюп салды. Мындай кадамга баруу кандай жыйынтык берет деп ойлойсуз?
- Биз коопсуздук проблемасын майдалабай тескерисинче, коопсуздук системасын курушубуз керек. А бизде болсо ошол системаны курбай эле президенткеби же аткаруу бийлигинеби көз каранды кылып жатат. Мына ушундай жагдайлардын кесепетинен бизде азык-түлүк, энергетика, экология коопсуздугу колго алынбай, жөнгө салынбай жатат.
- Президент кечээги сүйлөгөн сөзүндө президенттик администрацияны да 50 %га кыскартып, бирин-бири кайталаган структураларды жойду. Сиз бул реформадан эмнелерди күтөсүз?
- Эл чоң үмүт менен күтүп жатат. Бирок, мындай кыскартуулардан эч кандай пайда деле чыкпайт. Анткени, мамлекеттик түзүлүштүн максаты болуш керек. А бул жерде үйбүлөлүк башкаруу системасы болуп жаткандан кийин эч кандай проблема деле чечилбейт. Кыргызстан эгемендик алгандан бери канчалаган реформалар болду. Кыргыз эли бир грамм да пайдасын көргөн жокпуз. Азабын гана тартып келе жатабыз. Дегеним, реформадан кийин Кыргызстандын абалы жогорулап эмес, тескерисинче, төмөндөп кетип жатат. Ошонун натыйжасында Кыргызстан дүйнө жүзүндө артта калган мамлекет болуп жатпайбызбы. Реформанын ички дүйнөсүн, маңызын түшүнбөй туруп, реформа кылып кыйратабыз деп киришип жатканыбыз туура эмес.
Биз буга чейин бир канча жолу Конституцияны өзгөртүп, өзгөртсөк эле баары жайында болот деп туура эмес ой жүгүрттүк . Кеп системада эмес, мамлекеттик кызматта иштеген адамдарда болуп жатканын ушу күнгө чейин аңдап билбей, кризистен система эмес, адам чыгарат деген түшүнүктү түшүнө албай жатабыз. Ошондуктан бүгүнкү күндө бир да мактана турган тармагыбыз жок.
Биздин мамлекетте буга чейин кетирген кемчиликтердин баарын моюнга алып, аларды жойгон система курбаса, бул реформа баягы эле мышык-чычкан оюнун ойногон реформалардын бири болуп, зыянынан башка пайдасы жок болуп, коррупция күчөп, эл менен бийликтин ортосунда чоң жарака кетет.

Ч. Кутманалиева




Тышкы иштер министрлигинин күчтөнүшү юбилейине жакшы белек болду
Быйыл 24-октябрда Тышкы иштер министрлиги 65 жылдык юбилейин белгилөөнүн алдында турат. Бул аралыкта кыргыз дипломаттары бир топ иштерди аткаргандыгын белгилей кетмекчибиз. Кыргыз коллегаларын майрамы менен алгачкылардан болуп, Москвадан Сергей Лавров куттуктоосун жөнөттү. Президент баштаган реформалардын деми менен Тышкы иштер министрлиги өзгөчө статуска ээ болгондугу - дипломаттарыбыздын юбилейине карата эң сонун белек болду окшойт. Бирок бул атайын белек десек окшошпой калат го, болгону ушуга туш келип калгандыгы жакшы жышаана. Ал эми кыргыз мамлекети үчүн тышкы саясаттын күч алышы учурдун талабы. Не демекчибиз, чоң ишеним артылып турган ишиңерге ийгилик. Майрамыңыздар менен!

Реформа эпкини 67 мыйзамды өзгөртөт
Өкмөт башчы Данияр Үсөнов эсептеп чыгып коюптур, реформаларды ишке ашыруу үчүн 67 мыйзамды өзгөртүү зарыл экен. Адегенде эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тууралуу мыйзам өзгөрөт. Алардан сырткары 120 жаңы регламенттерди иштеп чыгуу керек. 18 жылдык тарыхында Кыргызстан Данияр Үсөновдун келиши менен 17-өкмөт башчысы менен таанышып отурат. Адегенде эле өкмөт башчыга депутат Динара Молдошева "Депутаттык суроо-талаптарды сүрсүтүп кармап жата бербей, өз убагында жооп берип тургандай болсоңор" деген таризде сын-каалоосун айтты.

Аялын "псих" кылган саясатчы
Гезитибиздин өткөн сандарынын биринде "Кимдин канча аялы бар" аттуу рубриканын астында жарык көргөн макаладан кийин укмуштуу маалыматтар редакцияга келе баштады. Ал маалыматтардын арасында жүзү таанымал, бакыйган чиновник экинчи жаш аял алыш үчүн дени соо биринчи жубайын бийлигине салып, психбольницага жаткырып, "псих" деген справкага ээ кылган экен. "Жаш кызды алып жатасың, коомчулукка айтам" деген сөзү үчүн чиновник артын ушундайча тазалаптыр. Башкасынан күтсөк да биз бу кишиден мындайды эч күтпөгөнбүз деп тил тиштеп турган кез. Эгер ал чиновниктин бу кылыгы коомчулукка билинсе, талкуу, жектөө катуу болчудай. Азырынча…

Б. Жеенбеков биздин адвокат
Республикалык МАИнин мурунку начальниги маркум Рысбек Керимбаевдин биринчи аялы Күлүйпа Керимбаева менен, үчүнчү аялы Чынара Турабакунова жарым жылдан бери үй талашып соттошуп келе жатышат. К.Керимбаеванын сөзү үчүн Чынара айым гезитти сотко чыгып жаткан кези. Айымдардын мүлк талашы эми "бүлк" талаш болчудай болуп калды. Себеби, белгилүү адвокат Бабырбек Жеенбеков "Асман пресстин" укугун сотто коргоого билек түрө киришти. "Чын" айымдардын чыныгы сериалы башталчудай. Эмне дейбиз, Рысбек агабыз тирүү болгондо баарын тыят эле го деп арман гана айтабыз.