Д.Үсөнов премьер-министр, М.Эшимканов Мамкатчы, Ч.Баекова спикер болобу?
Бурулсун Кадыракунова, олуя

"Асман пресс" гезитине 2008-жылдын №16 санына Бурулсун эже Данияр Үсөнов премьер-министр болот деп таамай, так айтканы бүгүнкү күнү дал келип олтурат. Ошондой эле Чолпон Баекованы да спикерликке келет деп айткан эле. Азыр Чолпон айым биринчи вице-спикер деген кызматты аркалады. Ошондуктан ошол учурда айткандарын эч өзгөртүүсүз, кайталап берип олтурабыз.

Берилген аян…
Берилген аян боюнча кайрадан колума калемимди кармап, бул жалган дүйнөдө адашкан пенделерди туура жолго баштап, кудайымдын периштелеринин айттырганын элге жеткирип кою менин адамдык парзым деп билем. Атадан балага, укумдан тукумга уланып келе жаткан сейрек кездешүүчү касиет бул жаралган пенделеримдин миңдин бирине же миллионунун бирине берилет эмеспи. Мени жараткан ошондой касиетке ээ кылып коюптур. Сыйкыр күч, керемет, көзгө көрүнбөгөн айтып берүүчү периштелеримдин жардамы менен касиеттериме баш ийип олтурам. Эмесе пенделеримди, кыргыз элимди шайтандын азгырыгынан, бөөдө кырсыктан, бей күнөө ажалдан сактасын. Кудайым буюрса, элиме ынтымак, ыйман, сыноолорун калайык калкым көтөрө алгыдай жеңилинен берсин демекчимин. Айттырбай келүүчү ааламаттардан кудайым сактасын. Минтип эл каапыр, жер такыр болуп, карапайым калк айта турган оюн "Октон качкан кийиктей" ачык айта албай, кымбатчылык менен жумушсуздуктун сазына батып, бул жарыкчылыкта кудайымдын берген күч энергиясын да туура пайдалана албай жарыгыбыз өчүп, күн- түн экенин биле албай күн өткөрүп жатуудабыз. "Кайсыл жердин жерин жердесең, ошол жердин ырын ырда" дегендей биз бала кезде орустардын гимнин ырдап, кудай жок деп келген болчубуз. Дин аалымы жөнүндө талаш-тартыш көп болуп, Мухаммед пайгамбарыбыздын дини башыбызга кеч жетип, эми гана баштаганда элибиздин пейилине жараша беш адамдын башы кошулса, биринчиси баптист, экинчиси аферист, үчүнчүсү молдо жана көзү ачык , төртүнчүсү артист, бешинчиси юрист болуп чыга келдик. Акаев атабыздын убагында майрам- той көп болуп, Акаев атабыз деп ырдадык. Эми Бакиев атабыздын ырын ырдап жатабыз. Мунун барын көрүп билип, жакамды кармап, кудайым тынччылыгын, ынтымагын берсин деп жаратканга жалынып келем.
"Кул жеймин дейт куйрукту, Кудайым билет буйрукту". Буга чейин жана мындан кийин аты аталган саясатчылар туура түшүнүп, кабылдашса, элдерим жаман болбойт.
Бийлик - мансап, бийлик - жар таш. Ага учуп жүрүп кыраан да жетет. Жылып жүрүп жылан да жетет. Жыландын уусунан кутулуу оңой, элдин ушагынан кутулуш кыйын, адамдарым. Ошондуктан алды артыбызды карап, абайлап иш кылышыбыз керек. алдыдагы аян түшкөн азаматтарга ак жол.Ачык айтып ак сүйлөгүлө. Элиңер үчүн кызмат өтөгүлө. Кудайым баарыңарды бөөдө кырсыктан сактасын.

Равшан Жээнбеков
Бирөөнүн жеринде султан болгуча, өз жеринде ултан болгону жакшы эле. Бирок, Равшан мырзанын азырынча алыста жүрө бергени оң. Азыр келем десе, аны Кыргызстанда темир тор күтөт.Темир тордун артында элиң менен сүйлөшө албай жаткыча алыста жүрө турганы жакшы. Жашсың, курчсуң, бир-эки жыл убакыт көз ачып- жумганча өтүп кетет. Өзүңө сак бол. "Асылган оору алмайынча койбойт" демекчи артыңдан түшкөндөр сени жөн койбойт. Өлө турган адам сандыкка бекинип жатса да өлөт. Сени кудайым колдосун. Ток этээр жерин айтканда жебеген- ичпеген жер алдында. Жейли -ичели дегендер жер үстүндө. "Бармак басты, көз кысты" болуп, "тишиң барда таш чайна, тишиң түшсө аш кайда" деп жаштыгыңа салып, министр болуп жүргөндө "Мен ким элем, ким болдум" десең болмок, балам. "Төө кыядан өткөн соң, оо дегениң курусун" дегендей оппозициянын алы кетип калганда келем деп курчтугуңа салып, аша чапканың болбойт. Бергендин алганы болот. Келечекте, 3-4 жыл ичинде эл үчүн кызмат берилет сага, Кудай буюрса. Келме кезек деген бар. Напси душман, кекиртегин тыя албай жеп-ичип алышып, пенделерим өзүнө-өзүлөрү терс иштерди жасап алышып, "саптай албаган ийнесинен көрөт" болбогула. Ууру кылсаң жалгыз кыл. Экөө болсо, бирөө айгак деген ушул.

Мелис Эшимканов
Мага түшкөн аян боюнча Мелис Эшимканов ордун таап, теле оңолот деп элдер эрте кубанып алды көрүнөт. Мелис мырза, азыр ээлеп турган кызматынан кете тургандай болуп калды. "Атан төө мас болсо, тайлагы менен дос болот" демекчи оппозициянын мыкты, курч лидерлери Акүйдөгү Бакиев атабыз менен достошту. Карапайым эл эми иштери оңолсун десек, үч ай өтүп-өтпөй эле күн тийген жердин күкүгүндөй күкүктөр сайрап, бузукулар аралап, жеп-ичтиң деп отчет алышып, "Кечээ көргөн бүгүн жок. Атаңгөрү дүйнө бок" дегенди эсибизден чыгарып, көр дүйнөгө азгырылып, кызматтан түш көргөндөй түшүп калаарыңды эсиңден чыгарба. Жогору жактагыларга чоң берип, кызматын сактап калайын десе теледе жеп-иче турган көзгө көрүнүктүү эч нерсе деле жок. Учурда Мелис акебиз не кылаар айласын таппай ойлонуп туру. Кудай буюрса, жакынкы аралыкта тигил кызматтан түшөт. Башка кызматка бараарын бир Кудай өзү билет.Мелистин да колдоочусу бар.

Данияр Үсөнов
Данияр мырза жакынкы күндөрү эл атасы болуп, орустун (Игорь Чудиновдун) ордуна барып, элибизди оңго салып, иштин майын чыгарып, элдин батасына ээ болот. Жарыгыңды, байлыгыңды элге чачырат. Кудай колдосун. Бакиев башчыбыздын оң колу болуп, кырсыктан тышкары жүр. Төлгө төп болсун.

Акылбек Жапаров
Акылбек мырза, ишине так жигит. Бир жаман көрүп калган кишисин оңой менен жакшы көрбөйт. Жакын арада сак болсун. Аны жеп-ичти деген шылтоо менен түртүп ийишпесе эле болду. Бирок, илинип- чалынып жүрүп дагы эле чоң кызматтардын биринен орун алат.






Президенттин кадрдык жүрүшү же Мадумаров спикерликтен түшөбү?
Бизде имиштердин арты эле чын чыгып кала турган болду. Кызыгы "Асман пресс" гезитинин кезектеги саны дээрлик даярдалып калганда, тагыраагы 24-майда мамкатчылыкка бир нече адамдардын, Ю.Тойчубековдун, М. Эшимкановдун, Нур уулу Досболдун кандидатуралары көрсөтүлүп жаткандыгын жазган элек. Эки күн өтпөй мамкатчылыкка Нур уулу Досболдун дайындалгандыгы бизди дагы таң калтырды. Биз андан тышкары дагы кандай кадрдык жүрүштөр боло тургандыгы туурасында "көзү ачыктык" кылган элек. Аны сиздердин алдыңыздарга жайып олтурабыз. Жыйынтыгын чогуу талдаарбыз. Ал имиштер төмөндөгүдөй: Эл арасында президенттин аброюна көбүрөөк көлөкө түшүргөн адам катары Адахан Кимсанбаевичтин аты атала баштады. Ушундай кептердин арты менен атайын "команда" болгонбу айтор, анын "огородуна" арбын "таштар" ыргып, ушундан улам "Ак Жол" партиясынын имиджин Мадумаров түшүрүп жатабы деген кыязда аны төрагалыктан түшүрүү үчүн аракеттер башталгандыгын да кулагыбыз чалды. Анын ордуна спикерликке Ч. Баекова олтурат имиш."Ак Жол" демекчи, ал партиянын парламенттеги тобун жетектеген Э. Ибраимованын вице-премьерликке келе турганынан өйдө чын чыкты (Мындайда биздин дагы көзүбүз ачылып баратканбы деп тобоо кылат экенсиң). Ошондой эле президенттин администрация жетекчиси М. Садыркулов дагы кызматтан кетип, анын ордуна пресс-катчы Нурлан Шакиевдин келиши мүмкүн. Шаардын мэрлигине болсо Алмаз Атамбаевдин "куда түшүп" жаткандыгын дагы айтып коелу. Азыркы мэр Данияр Үсөнов И. Чудиновдун ордуна премьер-министр болуп бараары да айтылууда... Ушундай. Укпадым дебегиле.
Май, 2008-жыл

Бурулсун Кадыракунованын бүгүнкү төлгөсү
же Адахан Мадумаров Данияр Үсөновдун ордуна барат
Бүгүн эртең кызматым менен коштошом же кызматка келем деп түйшөлүп жаткандардын санаасын тындыралы деп Бурулсун эже менен азыноолок кеп курдук.
- Бурулсун эже, Мелис Эшимкановдун саясий карьерасы эмне болот?
- Ал телени агартып, көгөртүп, азырынча ошол эле орудунда турат.
- Игорь Чудинов кайсы кызматка барат?
- Ал жакын арада элчилик кызматка аттанат.
- Президенттин кеңешчиси ким болот?
- Жаныш Бакиев эле болот.
- Максим Бакиев саясатка аралашабы?
- Аралашпайт. Баягыдай эле өз иштери менен алек болот.
- Өмүрбек Бабановдун кызматы кандай болот?
- Өз ордунда эле калат.
- Адахан Мадумаров кандай кызматты аркалайт?
- Менимче, Адахан Мадумаров Дания Үсөновдун ордуна барып калышы мүмкүн.
- Нариман Түлеевдин кызматы жогорулайбы?
- Мурдагы эле ордунда калып, шаарды агартып, көгөртөт.
- Турузбек Мамашовдун кызматы кандай болот?
- Мурдагы эле ордунда калышы да, элчи болуп кетиши да мүмкүн.
- Оппозициядагылар кызматка тартылабы?
- Жок. Темир Сариев, Өмүрбек Текебаев, Алмаз Атамбаевдер менен буга чейин эле кызматка тартуу боюнча сүйлөшүүлөр болуп келген. Бирок, алар азыр кызматка келишпейт.
Иштин көзүн билген тажрыйбалуу кызматкерлер толтура. Ошолорду таап, иргеп кызматка койбосо кадр алмашуу эртең, бүрсүгүнү эле бүтө койбойт. Кадр алмашууунун үстүндө эле болобуз. Билим берүү министрлигине Артыкбүбү деген бир айым келет.