Реформа: аткаминерлер армиясы болуп көрбөгөндөй кыскарды
Аша турган ашуубуздун кыры көрүнбөйт
Өлкө башчысы Курманбек Бакиев убада кылган башкаруу реформасын 20-октябрь күнү бийлик жетекчилеринин кеңешмесинде жарыя кылды. Коомчулук катуу күткөн эле. Курманбек Бакиев биринчи мөөнөтүндө мындай ири жана чечкиндүү кадамдарга бара алган жок. Эми экинчи мөөнөт жарыяланган бул иш-чаралардын ишке ашуусуна жана натыйжалуу иштеп кетүүсүнө багышталат өңдөнөт. Орто жолдон оңдоп-түзөтүүлөр сөзсүз болот. Анткени мамлекеттик башкаруу системасы бүтүндөй өзгөрүлүп жатканда баары дароо шыдыр кетиши мүмкүн эмес. Анүстүнө жаңыртылып, кыскартылып кайрадан түзүлгөн структураларда талаш-тартыш жарата турган жагдайлар түзүлөт. Андыктан мамлекет үчүн бул реформанын идеясынан да аткарылышы жана мөөнөтү алда канча маанилүү. Акыл менен айтылганды чеберчилик менен аткаруу тагдыр чечет.

Аппарат, аткаминерлердин армиясы болуп көрбөгөндөй кыскарды. Президенттик администрация эле 50% кыскартууга дуушар болду. Бирок ошол эле учурда президенттин колуна бир топ мүмкүнчүлүктөр топтолду. Зор бийлик. Мындай бийлик эң эле таттуу, бирок оголе опурталдуу болот. Андыктан мындай зор бийликтин өзүн эмес, ошого тете жоопкерчиликти алган эрдик. Жоопкерчилиги жок бийлик элдин убалына калаары бышык.
"Биздин чиновниктер мамлекеттин, элдин кызыкчылыгынан да, жеке кызыкчылыктарын жогору коет" деп айтып, президент абалды моюнга алды. Бул коррупция, чатак ушунда болуп жатат. Мамлекеттик машине төрт дөңгөлөгүн жаңыртып, корпусун алмаштыра турган болду. Бирок моторчу, мотор... Президент өзү моюнга алып жаткан, коррупцияга белинен баткан аткаминерлер армиясы "ичип-жемей" философиясынан арылабы (арылта алабы)? Же таз кейпибиз менен калып, баары талаага чачылабы? Иштин тузу ушунда. Мындай жолго адегенде арууланып, жаңы дем, жаңы дух менен аттанбаса болбойт. Бир да үлкөн чиновниктин айыбы ачылып, жоопко тартылбагандыгын айтам. Кызыгы биздикилер бул ирет кантти болду экен?
Эми реформанын өзүнө токтойлу, Курманбек Бакиевдин айтканына караганда ал үч бөлүктөн турат: өлкөнү башкаруу реформасы; экономиканын реформасы; маданиятты жана адамдык күч -кудуретти кайра жаратуу реформасы.
Реформа башкаруу процессин ийге келтирүү: кайталоочулукту жоюу; функциялар менен компетенцияларды так ажыратуу; жекече фактордун таасирин жана саясый тобокелдиктерди азайтуу өңдөнгөн принциптерди негизинде даярдалгандыгы айтылды.
Өлкөнү башкаруунун реформасы башка реформаларга негиз болууга тийиш деген ишеним менен алгачкы кадам катары Президент институту түзүлдү. Мурдагы администрация жоюлду. Институт курамына президенттик аппарат, катчылык жана Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттиги, ошондой эле коргоо, коопсуздук жана укук тартиби маселелери боюнча мамлекеттик кеңешчиси жана Кыргыз Республикасынын тышкы иштер мамлекеттик министри кирип, президентке тикелей баш ийет.
Президенттик аппарат президенттин ишин уюштуруп, тескөө жагын колго алат жана беш бөлүмдөн турат. Катчылыкка маалымат-аналитикалык тейлөө жана баардык тараптар менен байланыштыруу милдети жүктөлүп, курамына алты бөлүм каралды. Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттиги экономиканы кайра куруу стратегиясын түзүүнү, өнүктүрүү бюджетин даярдоо жана координациялоону колго алып, улуттук экономикалык программаларды, улуттук инфраструктуралык долбоорлорду, инвестициялык программаларды иштеп чыга турган орган болот.
Президенттин коргоо, коопсуздук жана укук тартиби маселелери боюнча мамлекеттик кеңешчиси күч министрликтерин координациялап, коргоо, коопсуздук жана укук тартибинин маселелери боюнча сунуштарды даярдайт. Тышкы иштер мамлекеттик министри тышкы саясый ишмердик жагынан бардык министрликтер менен ведомстволордун ишин координациялап, президентке түз баш ийет.
Президенттин Институтунун органдарынын бардык жетекчилери, ошондой эле коргоо, коопсуздук жана укук тартиби маселелери боюнча мамлекеттик кеңешчи, тышкы иштер мамлекеттик министри, Жогорку Кеңештин төрагасы жана премьер-министр Президенттик Кеңешменин туруктуу мүчөлөрү болуп саналыша турган болду. Андыктан мурда Конституциялык орган болуп келген Коопсуздук Кеңеши жоюлуп, анын функциялары коопсуздук иштери боюнча президенттин кеңешчисине жүктөлөт.
Өкмөттү реформалоо да биринчи этапка кирген. Өкмөттүн аппарат башчысы - вице-премьер статусуна ээ болуп, өкмөттүн ишмердигине көз салуу; талдоо жана көзөмөлдөө; тескөө, аймактык, тышкы, тармактык жана башка саясаттарды ишке ашырууну тескөө; өкмөттүн иш мазмунундагы жана түзүмүндөгү өзгөрүүлөрдү иштеп чыгуу бөлүмдөрүнүн жетекчилерин өз алдынча дайындайт. Ал эми премьер-министрдин өзүнчө канцеляриясы боло турган болду.
Жаңы структурада аппараттан сырткары он төрт министрлик:
Финансы, Юстиция, Коргоо, ИИМ, Өзгөчө кырдаалдар, Энергетика, Экономикалык тескөө, Айыл чарба, Жаратылыш ресурстары, Транспорт жана байланыш, Мамлекеттик мүлк, Саламаттык сактоо, Билим берүү жана илим, Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрликтери каралган.
Өкмөт алдында жети агенттик болот:
Антимонополиялык жөнгө салуу агенттиги, Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги, Социалдык камсыздандыруу агенттиги, Байланыш агенттиги, Дене тарбия жана спорт агенттиги, Архитектура жана курулуш агенттиги, Маданият агенттиги.
Мындан тышкары, Өкмөт алдында алты кызмат түзүлөт:
Жаза аткаруу кызматы, Финансылык чалгындоо кызматы, Чек ара кызматы, Салык кызматы, Бажы кызматы, Финансы рыногун тескөө жана көзөмөлдөө кызматы.
Комитеттер, анын ичинде УКМК жоюлуп, Улуттук коопсуздук мамлекетик кызматы болуп кайра түзүлүп, өкмөттүн курамынан чыгарылат. Ошондой эле Финансы полиция кызматы да Өкмөттөн чыгарылып, мындан ары Мамлекеттик финансы полиция кызматы аталып, баардык экономикалык кылмыштарды тейлөөнү колго алат. Башка ведомстволордун, мисалы ИИМдин экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү бөлүмүнүн функциялары эми финполицияга өтмөкчү.
Экономикалык блок демекчи, Финансы министрлиги депозиттерди коргоо жана башка агенттиктердин жоюлгандыгына байланыштуу алардын ишин да аткара турган болду. Лицензиялык ишмердикти координациялоо, тарифтик эсептөөлөрдү, фискалдык саясатты ишке ашыра турган Экономикалык тескөө министрлигинин алдына техникалык тескөөнүн инструменти катары стандарттардын жана метрологиянын Улуттук институту да өткөрүлөт. Мындан ары өнөр жай тармагы да бул министрликке баш ийет. Ошентип экономикалык тармак борборлоштурулмакчы.
Бирин бири кайталаган структулар катары Соцфонддун социалдык жыйымдар боюнча функциясы салык кызматына берилди. Мурункудай бир тармакты бир нече кызматтар жыра талашпай, бир гана министрлик жоопту болуп иштөөгө шарт түзүлдү.
Кайталоочулукту жоюу максатында бардык министрликтер менен ведомстволордон каттоо функциялары алынып, бирдиктүү Мамлекеттик каттоо кызматы түзүлөт. Маселен, Ички иштер министрлигинен автотранспорттук каражаттарды каттоо жана паспорт столдору, Айыл чарба министрлигинен айыл чарба техникасын, Юстиция министрлигинен жарандык абал тууралу актыларды каттоо функциялары чыгарылат. Аны менен катар, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча Мамлекеттик агенттиктин иш-аракеттеринин орчундуу бөлүгү жана маалымат ресурстары жана технологиялары Мамлекеттик агенттигинин бүт функциясы Мамлекеттик каттоо кызматына өткөрүлөт. Ошентип бул жаңы кызмат өлкөнүн бирдиктүү маалымат банкы болгону турат.
Реформалардын эпкини Ички иштер министрлигине башкача таасирин тийгизе турган болуп калды. Өткөндө Б.Ногойбаев өз агенттигине улуттук статусун сурап жатты эле, бүгүн иш теңирден тескери чыгып калды. Баңги базарда миллиондогон акчалардын жүгүрүп жаткандыгын эске алсак, Б. Ногойбаев менен М. Конгантиев бул тармакты талашканы бекер жеринен болгон эмес. Натыйжада Баңгизаттарды көзөмөлдөө агенттиги жоюлуп, баңгиге байланышкан кылмыштарды ИИМ тескей турган болду. Бирок анткен менен ИИМдин курамындагы "майлуу" тармактар министрликтен бөлүнүп, жарымы жаңы түзүлгөн Мамлекеттик каттоо кызматына, кай бири финполиция кызматына өткөрүлдү.
Мамлекеттик кадрдык резерв бирдиктүү болуп, мамлекеттик кызматкерлерден эле эмес, бизнестин, жарандык коомдун жана академиялык чөйрөлөрдүн өкүлдөрүнөн да курала тургандыгы айтылды. Кадрдык резервге ошондой эле аскер кызматчылары жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери да кирмек болду.
Бул милдеттерди аткаруу үчүн Мамлекеттик кызмат боюнча агенттик бийликтин борбордук органынын даражасына ээ болуу менен Мамлекеттик кадрдык кызмат болуп түзүлөт. Кадр маселеси түптүз барып эле коррупция маселесине такалаары турган иш. Аткаминерлердин армиясын кыскартуудан үнөмдөлгөн каражаттын кайсы бир бөлүгү кайра эле чиновниктердин айлыгын көтөрүүгө жумшалганы турат. Бул эми коррупциянын алдын алууну көздөгөн кадам. Кадрлар менен коррупцияга каршы күрөш маселеси шайкеш иштеп кетет деген ниетте коррупциянын алдын алуу боюнча улуттук агенттик эми Мамлекеттик кадр кызматына кошулду. Айтор бул структура борбордук бийлик бутактарынын даражасына ээ болуп, өз алдынча, ал тургай башка министрликтердин кадр маселесин тейлей турган үлкөн орган болот. Мурдатан иштеп келген мамлекеттик класстык чиндердин системасы жокко чыгарылып, адистин профессиналдуугу бир гана акча менен баалана турган болду.
Кадр маселесине келгенде премьер-министрдин колу кыйла кыскарып калды. Анткени, буга чейин райондун акиминин жана облус губернаторунун орун басарларын дайындап келген болсо, эми районду губернатор, облусту президент тейлей турган болду.
Бул ири реформалардын биринчи этабын камтыганы болду, азырынча чиновниктердин саны кыйла кыскарганынан башка жемиштери билинбейт. Жыйынтык идеяны ишке ашыруудан, андан ары натыйжалуу алып кетүүдөн көз каранды. Ал эми реформанын талылуу жери болгон экономика жана маданият тармагы биринчи этаптын жыйынтыгына жараша болот. Андыктан, аша турган ашуубуздун кыры да көрүнө элек.





Кеңешбек Дүйшөбаев,
коомдук ишмер:
- Биринчи эле кадам болуп жаткандан кийин кандай болоорун күтүп турушубуз керек. Биринчиден өзгөрүштүн өзү жакшы нерсе да. Элдин баары эле өзгөрүүнү жакшы тилек, жакшы ниет менен жасайт да. Туурабы? Президент деле баары жакшы болот деген үмүт менен ушундай кадамга барып жатат да. Эрте жарыкта эле реформа жаман жыйынтыгын берет деп жамандай бериш болбойт. Кичине сабыр кылып турсак бул өзгөрүүнүн жыйынтыгы бир-эки айда эле билинип калат.

Курманбек Осмонов,
коомдук ишмер:
- Биринчи кезекте башкаруу системасындагы бирин биринин функциясын кайталаган ведомстволордун кыскарганы жакшы эле болду. Жаңы түзүлгөн өкмөттүн курамы, президенттин институтуна караштуу органдар мындан ары кандай функцияларды аркалап, канчалык деңгээлде сапаттуу аткарат кептин баары ошондо. Канткен күндө деле өзгөрүүнү эрте жарыкта эле андай мындай бер дей берүүгө мүкүн эмес. Негизи өзгөрүүнү жакшы кабыл алса болот.