"Жаштык" ипотекасы

Бакыт Садыков:
"Ипотекада мындай жеңил шарттар буга чейин болгон эмес"
Өткөн саныбызда "Жаштык" ипотекалык курулуш долбоору тууралуу маселе козголгон. Ага кызыккандар көп болууда. Бүгүн ал долбоордун жетекчиси - экономика илимдеринин канди-даты, ишкер Бакыт Садыковдон маалымат алмакчыбыз.

- Бакыт мырза, бул долбоорго кандайча киришип калдыңар?
- Өзүм курулушчумун, 6-7 жылдан бери ушул тармакта иштеп келатам. Көбүнчө элиталык үйлөрдү салчубуз, бизнес үчүн кирешелүү, жакшы болгону менен андай үйлөргө көпчүлүктүн мүмкүнчүлүктөрү жетпейт экен. Ал эми биз эл үчүн да иштейли дедик. Президент тарабынан социалдык турак-жай тууралу маселе кабыргасынан коюлуп жатпайбы. Азыр үйлөр аябай кымбат. Ага элдин баарынын эле чама чаркы жетпейт, андыктан социалдык турак-жайларды куруу маселеси пайда болот. Мейли, кирешебиз аз болуп калат экен, бирок мен жана командам мамлекетке патриот катары өз салымыбызды салалы дедик. Ар бир адам, бизнесмендер өлкөсүнө жардам бериши керек. Биз буга чейин бул жерибизге башка проектилер менен башкача үйлөрдү куралы дегенбиз. Бирок президент бул жылды жаштар жылы деп жарыялагандыктан, аны колдоого алып "Жаштык" шаарчасын куруу долбоорун сунуштап жатабыз. Президенттин программасына шайкеш келтирип, максаттуу түрдө салуу максат кылып атабыз. Жаштарга, кирешеси анча көп эмес, калктын карапайым катмарына деп багыт алып жатабыз. Бизнестин минтип социалдык маселени да камтыган проект республикада буга чейин боло элек болчу. Үйлөр кирпичтен жер там болуп салынат. Жалпы аянты 80 кв. метр, 50 кв. метр турак-жай аянты. Бир тамды экиге бөлүп беребиз. Менчикке чыгарылат. Короосуна деп берилген жерине өз күчү менен каалаган жайын салып алат. Жалпы саны 50 үй, ошондо экиге бөлгөндө 100 квартира. Долбоор ишке аша тургандай колдоо тапса, анда бир жылдын ичинде куруп бүтүүгө болот.
- Жер аянтын да үнөмдөп, ошол эле учурда заманга ылайыктап көп кабаттуу үйлөрдү салуу маселеси каралган жокпу? Эмне үчүн бир кабат үйлөр болгон жатат?
- Эң туура суроо. Жерибиз ошондой бир эле кабат шаарчага ылайык келип атат. Биринчиден, ал районго көп кабат үй архитектуралык түзүлүш жагынан туура келбей калат, экинчиден, ал жерге көп кабаттуу үй салууга болбойт экен. Жердин, топурактын түзүлүшү ага шарт бербейт экен. Бишкектен чыга бергенде Новопавловка айылына жетип-жетпей оң жагында. Азыр ал жерде жеке менчик үйлөр салынып четинен сатылып атат.
- Ипотекалык дегенде деле азыркы шартта алар да кымбатка айланып калгандыгы айтылууда. Баасы канча? Банктар менен иштешүү жагы да каралдыбы?
- Ипотекалык система менен 5-7 жылга эсептелинди. Үстөк пайыз сиз айтып жаткандай кымбат болбойт - азыр шаарда батир акысы орточо 200 доллар. Ушундан ашык болбойт. Алгачкы взнос 30% же андан да жеңил кылып 20% коюшубуз мүмкүн. Акчаңды батир кожоюнуна төлөбөй өз үйүңө төгө баштасаң болот. Бир үй 30 миң доллар. Биздин тапкан пайдабыз 10% гана болот. Ушул бизге жетет, ыраазы бололу деп жатабыз, негизгиси эл үчүн куралы деген эле максат. Кризис учурунда Президентти эле карап отура бербей, жалгыз өкмөт эле эмес, жалпы баарыбыз - бизнесмендер, банкирлер биригип иштешибиз керек. Мисалы Япония Түштүк Корея абалдары бизден жаман болчу. Биригип, бирге иштеп кризистен чыгышты. Азыр биз ар кимибиз өзүбүздү гана ойлосок, анда оңой менен кризистен чыкпайбыз. Ал эми банктар өзүнчө тема. Кризис учурунда банктар реформага жардам бериши керек. Кантип? Үстөк пайыздарын азайтып элге каражат бериши зарыл. Азыркыдай проценттер менен эч ким иштей албайт. Башкача айтканда банктар өзүлөрүнүн кирешесин гана ойлоп жатат. Менимче, алар пайдасы азайса да өкмөткө, элге өнөктөш болушу керек эле. Проценттерди канчалык азайтып беришсе биз ошончолук бат буттан турмакпыз.
- Сиздин сунушка бийлик тараптан реакция болдубу? Өкмөттүн кандай жардамы керек? Мындай учурда шек саноолор да болчу эле?
- Азыр эми биз бул долбоорду жаңыдан сунуштап жатабыз, ары жагы кандай болот, кандай колдоолорду табат, аны мезгил көрсөтөт. Бул проектини өкмөт колдоп берсе, анда эл утат эле. Биринчи пилоттук проект катары иштейт, эгер жакшы болсо башка жактарга да жайылтабыз. Бизге өкмөттүн финансылык жардамы керек, биз аны иштетип, элге беребиз. Долбоорду ишке ашыруу үчүн баш-аягы 3,5 млн. доллар керектелет. Бул жерде эч кандай афера, эч кандай химия болбойт. Баардыгы таптаза. Абийирибиз менен иштеп атабыз. Жоопкерчиликти толук моюнга алабыз. Мындан кийин да ушул жолго түшкөндөр болсун, жакшы жол экен деп айтылышын каалайбыз.
- Шаарчанын инфраструктурасы кандай болмокчу? Ошол эле учурда инфляцияны эске алып, кийин баасына өзгөртүүлөр киргизилбейби?
- Шаарчанын суу, газ, транспорт маселесин чечүүнүн оорчулугу жок. Бала бакча же мектеп маселесин жергиликтүү бийлик, айыл өкмөт менен макулдашып иштейбиз. Ачыгын айтканда, маселенин бул жагына алардын түздөн-түз тиешеси бар. Келишимге инфляция маселесин да камтыйбыз, баа доллар курсунан, инфиляциядан көз каранды болбойт. Алгачкы айтылган сумма боюнча калат.

Үй алууну каалагандар жана сунуш-пикири барлар 0 555 385-236 номери аркылуу кабарлашсаңыздар болот.
Бактияр Бообеков






  Медиатармак

Эндрю Тесорьер, ЕККУнун Бишкек борборунун жетекчиси:
"Бийлик менен журналисттер жоопкерчиликти тең бөлүшүүсү зарыл"

Өткөн жуманын этегинде Бишкекте ММК маселелери боюнча ЕККУ демилгечи болгон Борбор Азиялык конференция болуп өттү. АКШдан, Европа жана Борбор Азия өлкөлөрүнөн бир катар эксперттер жана журналисттердин эки күндүк талкуусунан кийин атайын декларация кабыл алуу менен жыйынтыкталды.
ЕККУнун ММК эркиндиктери боюнча өкүлү Миклош Харастинин жана ЕККУнун Бишкектеги борборунун аракетинин натыйжасында ишке ашкан бул иш-чара дегеле ММК тармагындагы бир топ маселелерди талкууга алды. Кыргыз өкмөтү тарабынан Тышкы иштер министринин орун басары Руслан Казакбаев катышты. Буга чейин бир нече жолу уюштурулган бул Конференциянын тарыхында Түркмөнстандын өкүлдөрү алгач ирет катышып отурушат. Түркмөнстандын бир телеканалынан өкүл болуп келген журналистке өлкөсүнүн ички-тышкы саясаты боюнча суроолорду жаадырып, жарга такагандар четтен чыкты эле, "Ой, түркмөн журналисттери өзүлөрү Түркмөнбашы Ниязов өлгөндөн бери эле кичине дем жутуп калышты. Силердин алдыгындай саясый сурооңорго жооп бергидей бул жерде Түркмөнстандын өкмөтүнүн өкүлү же министри отурган жок. Бир телеканалдан болсо да өкүлү келип Конференцияга катышып жатканына ыраазы болсоңор" деп арачыга түшүп алып калды. Алыстан келген конокторду айтпаганда, казактар эркин ММКлар бийлик тарабынан басса-турса кысымга алынып жаткандыгын арман кылып айтышты. Кыргызстан ММКнын күңгөй-тескейине "Журналисттер" Коомдук бирикмесинин жетекчиси Марат Токоев токтолду.
Конференцияда Кыргызстан тууралуу кеп болгондо журналисттердин коопсуздугу жана журналистиканын мыйзам базасы маселе жаратып жаткандыгы ачык айтылды. Муну ЕККУ өкүлдөрү да баса белгилешти.
Учурдан пайдаланып ЕККУнун Бишкектеги борборунун жетекчиси, элчи Эндрю Тесорьер мырзаны кепке тарттык.

- Эндрю мырза, конференциянын жыйынтыгына кандай баа бересиз?
- Бул конференция аябай жигердүү өттү. Бул сөзүмө катышып жаткан эксперттер, журналисттер күбө. Медиа боюнча иш алдыга жылып атат. Кыргыз өкмөтү менен да, журналисттер менен да бир пикирге келүүгө аракет кылабыз. Мамлекет тараптан да, журналисттер тараптан да бирдей жоопкерчилик болуусуна басым коебуз. Быйылкы конференцияда журналисттердин билими тууралуу сөз болду. Эч бир нерсе эч убакта идеалдуу боло албайт, андыктан бул процесс мындан да жакшырышы керек. Эмне үчүн минтип айтып жатам? Анткени дүйнө өзгөрүп жатат. Дүйнөдөгү обьективдүү жагдайлар өзгөрүп атат. Медиа маалыматты тартуулагандын да жолу өзгөрдү. Мурдагыдай бир гана газетадан маалымат ала турган кез эмес. Элдер азыр гезиттен башка да ар түрдүү жолдор менен маалымат алып жатышат. Ток этерин айтсам, медианын технологиялык мүмкүнчүлүктөрү өзгөрдү. Ушул нерселерди эске алганда, убакыттан артта калбаш үчүн дагы эки нерсени өзгөртүш керек. Бул мыйзам чыгаруу жана медиа билим берүү. Кыргызстан тууралуу айта турган болсок анда эки маселени айтуу керек. Медиадагы тактык жана чынчылдык. Ушул эки нерсеге басым коюп жатабыз. Мындай шартта мамлекет жана саясый күчтөр журналисттер үчүн маалымат алууга жол ачышы керек. Алар журналисттерге жолтоо болбош керек. Журналистиканын өнүгүшү үчүн саясый күчтөр мыйзамдар жана башка жолдор аркылуу да жакшы жардам бере алат.
- Акыркы мезгилде Кыргызстан ЕККУнун стандарттарынан четтеп бараткандыгы тууралуу пикирлер айтылып жүрөт. Кыргызстанда акыркы учурда кызуу талаш жараткан өлүм жазасы тууралуу сиздердин пикир кандай?
- Менин угушум боюнча бир нече саясатчылар өлүм жазасы боюнча маселе көтөрүп чыгышты. Бул боюнча ошол бойдон эч кандай маалымат жок, парламентте каралуусу тууралуу да кабар жок. Эгерде бул маселе кайра көтөрүлө турган болсо анда ЕККУ сөзсүз түрдө бул дебатка катышат. Өлүм жазасы боюнча бир топ өлкөлөрдүн тажрыйбасын сунуштайт. Ушул жерден кошумча катары айтып кетейин, ЕККУнун мүчө мамлекеттеринин ичинен экөө гана өлүм жазасын аткарат. Калган бир нече өлкө өлүм жазасына мараторий жарыялаган. Жалпысынан айтканда, Кыргызстандын кабыл алып жаткан ар бир мыйзам долбоорлоруна өз баасын берип, комментарий айтууга ЕККУ дайыма ачык. Мыйзам долбоорлору боюнча бизге кайрылып эксперттик баа берүүбүздү суранганда биз дайыма кубануу менен кабыл алабыз. Анткени баса белгилеп кетейин ЕККУ бул бир үй-бүлө. Мүчө болгон 56 өлкө - бардыгы бирдей укуктуу.

Урмат ИМАНАЛИЕВ