|
Кыргыз гезиттери Кыргызский газеты |
Кыргыз китеп |
Кайрылуу каттары жана келген каттар:
"Жан дүйнө тазалыгынын жетишпегендиги руханий азыктын жетишпегендиги" Асман пресс: -Саламатсыздарбы, урматтуу кереге кеңештин коноктору. Мына биздин арабызда Кулатуу федерациясынын президенти Адамаалы , суфий, биоэнергет, элдик дарыгер Рашид Кыдыралиев, Бишкектеги "Ата жолу" Ордосунун жетекчиси Абдумалик Максат Бузурманкул, таролог, гипнолог, парапсихолог Айна Мурзалиева жана парапсихолог, эниоинженер, академик Лариса Асанбековалар олтурушат. Негизги сурообуз: бүгүнкүдөй дүйнөлөшүү учурунда адам баласы, анын ичинен биздин кыргыз баласы мындан ары кандай жолду тандап алышы керек, кантип адамдын аң сезимин тазаласа болот? Андан тышкары Кудай жок же бар деген ача пикирлер ар дайым айтылып келет. Ушул кудай деген түшүнүк адамдын аң сезимине жөн эле сиңип калган нерсеби же анын башка дагы жандырмактары барбы? Лариса Асанбекова:- Кудай сөзсүз бар. Кудай десе эле көктөн карап турган кандайдыр бир жандык же аксакал абышка эмес, Кудай бул энергия. Бардык зат, ошондой эле адам дагы энергия болгондон кийин биздин ал энергиябыздын сапатына жараша тагдырыбыз, ден соолугубуз болот. Ошондуктан жан дүйнөнү тазалоо, энергиясынын сапатын жогорулатуу аң-сезимибизден да бийик деңгээлге жеткенде гана бардык жакшылыктарга жолдор ачык болот. Биз кыргыз баласы ошол жан дүйнөнү агартуучу жолду тандап алышыбыз керек. Адамалы Осмоналиев: - Кыргыз болуш үчүн кыргыз идеологиясына көңүл буруп, улуттук калорит менен иштеш керек. Кыргыз улуу калк. Жети атасын унутпай, үрп-адатын кылымдардан кылымдар бою өзүнүн урпактарына калтырып келатат. Кыргыздын тили, сөзү кандай бай. Санжырасы, тарыхы терең. Биздин жакшы жактарыбызды башка улуттарды коелу, кытайлар уурдап алышчу экен. Кооз оймо чиймелерди эле алалычы. Майрамкул деген "Дасмияда" иштеп, сүрөт тарткан жигиттин сүрөттөрүн көрүп бир японец "Бул эң байыркы калктын өнөрү" деп баа берген. Биздин кол өнөрчүлүгүбүздүн ар бирине атайын токтоло турган болсок, өзүнчө эле улуу кенч жатат. "Асман пресс": - Ошол оймо чиймелерибиз адамдын аң-сезимине бекеринен келбегендир? Адамалы Осмоналиев: - Бийик аң-сезимдин белгиси да. Кыргыз табигат менен айкалышып жашаган. Жан-жаныбарларды сыйлаган. "Куштун пири буудайык, иттин пири кумайык" деп иттен бери сыйлаган. Бул кыргыздын моралдык жактан бийиктигин көргөзөт. "Асман пресс": - Ошондой бийик касиеттерди кыргыз бүгүнкү күндө сактап кала алдыбы? Адамалы Осмоналиев: - Кыргыз жоокер калк болуп, тоолуу жерлерде жашап, табигаттын көп өзгөрүүлөрүнө туш келген экен. Суукка тоңуп, ысыкка күйүп дегендей. Ошого карабастан өзүнө тиешелүү сапаттарын сактап келген. Орустар келгенден тартып чындыгында көп байлыктарыбызды жоготтук. Албетте, алардын пайдасы деле болду. Бирок, биздин тарбия берүүчү негизги салт-санаабыздын көбүн жоготтук. Бул элдин өзүнөн да болот. Биздей эле совет доорунда жашаган башка калктар өз салт-санаасын, тилин сактап кала алышты. "Асман пресс": - Ата бабалардан калган мурастарга биз көп учурларда таянабыз да. Бүгүнкү күндө адамдардын кетирип жаткан кемчиликтерин айтып жаткан аталардын сөзүн ортого түшүп, бизге жеткирип жаткан ордонун өкүлү Абдумалик мырза кандай пикир кошо алат? Абдумалик Максат Бузурманкул: - Биздин ордо аталардын айтканын урпактарына жеткирип, туура эмес жасалган иштерди кайра калыбына келтирип келатат. Алла таалага ибадат кылууну унутпастан, азыркы заманбап техниканын заманына айкалыштыра жакшы иштерди жасасак көп жакшылыктарга жетебиз. Дүйнөгө эң кеңири тараган дин бул ислам дини. Бул дин Алла таалага ибадат кылуунун жолун көрсөтүп келатат. "Асман пресс": - Ислам дини деп жатасыңар, азыр Кыргызстанда теңирчилик деген дагы бир түшүнүк бар. Анын жактоочулары жер-суу, тоо-ташка сыйынуу керек деп келатышпайбы? Абдумалик Максат Бузурманкул: - 14-кылымдарда касиеттүү адам Кожо Ахмед Ясави өткөн экен. Ал көчмөн калкына исламды түшүндүрүп, чагылган, от күйүү, таш кулоо бардыгы тең эле бир Аллага тиешелүү деген. Рашид Кадыралиев: - Биринчи кезекте бул жан дүйнө тазалыгынын жетишпегендиги. Исламда жан дүйнөнүн тазалыгына көңүл бөлүүнүн бардыгы толук берилген. Биз анын өзүбүзгө тиешелүү жактарын сөзсүз алышыбыз керек. Азыр адамдардын көпчүлүгү материалдык дүйнөгө көбүрөөк берилип кетишкен. Дүнүйөнүн түбүнө эч ким жеткен эмес. Ошону адам баласы түшүнбөй келатат. Бул жашоо адам баласы үчүн сыноо гана. Бул жашоо биз үчүн роль аткарганы келген оюн сыяктуу. Ар бирибиздин өз миссиябыз, ролубуз бар. Андыктан таза жашап, туура жүрүш үчүн эң туура жол ислам дини демекчибиз. Чет элдиктер деле ислам динин эң туура жолго багыттоочу дин катары таанышууда. Муну эми илимий негизде дагы далилдеп жатышат. Медицина, техника жагынан да куранда 6-кылымда айтылган нерселер азыркы убакта илимде далилденип жатат. Мени менен бирге жүргөн окумуштуулар деле бул диндин тууралыгын моюнга алышты. Адамда көрүү үчүн көз бар. Андан тышкары туя билген жүрөк көз бар. Анан көзгө көрүнбөгөн сырдуу дүйнө бар. Көз менен көрүп, жүрөк менен сезип, анан сырдуу дүйнө үчөө биригип бир гармонияга келтире алса адам өз миссиясын аткарган болот. Чындыгында адамдардын көпчүлүгү туура эмес жолду тандап алышкан. Бирок, акыр аягы алардын бардыгы тең ушул жолго келет. Биз Алла тааланын буйругун аткарып чуркасак, Алла таала биздин аркабыздан дүйнөнү чуркатып коет. - Түрктөр балдарын мактаганда кыргыз деп мактайт турбайбы. Бул бекер айтылган эмес да. Лариса Асанбекова: - Биз жаман адаттардын баарын кыргызга таандык кылып, өзүбүздү басынтып турабыз. Жаман деген сөз канчалык көп айтылса ошончолук мээге сиңип, ал материалдашат. Ошондуктан кайсыл гана адам болбосун жакшы сүйлөп, туура жүрсө өзү үчүн дагы, башкалар үчүн дагы пайда алып келет. Адамалы Осмоналиев: - Кыргыздар салтты бек кармаган, эрктүү, эр жүрөк, батыр эл болгон үчүн башка улуттар суктанып келишкен. Бирок, кийинки учурларда ислам динин туура эмес кабыл алып, өтө эле фанат болуп, канча деген жаш балдарыбыз кыргызга тиешесиз узун көйнөк кийип, сакалдарын чубалтып коюп алып жүрүшөт. Кыргыздын өзүнүн жакшынакай кийимдери бар да. Лариса Асанбекова: - Эми ушул ислам динин кимдер туура эмес түшүндүрүп, жаштарды фанат кылып жатышат. Молдолорбу же..? Адамалы Осмоналиев: - Бул эми исламдын душмандары болсо керек. Айна Мурзалиева: - Узун эмес чокчо сакал коюга уруксат берилген. Ислам дини чыккан жер өтө ысык болгондуктан жеринин шартына жараша кийнген. Биздин шартыбызга жараша өзүбүздүн киймди кийип, тарбияласа болот го. Лариса Асанбекова: - Кудай энергия болсо, кудай үчүн биздин кийимибиздин кереги барбы? Рашид Кадыралиев: - Кудай биздин жүрөгүбүздү карайт. Тышкы кейипке же кийм кечекке карабайт. Бирок, пайгамбарыбыз Мухаммад САВ жол көрсөтүп кеткен. Аялдарга мисалы сакал чыкпайт, эркектерге сакал чыгат. Бул дагы бекеринен болбосо керек. Албетте, сакал койгондон кийин аны апсайтып карабай, тарабай койбостон аны дагы караш керек. Тыкан алып жүрсө болот. Койбой койсо деле болот. Эң башкысы кудайга жүрөк менен берилиш керек. "Асман пресс: - Азыр Лариса эже кудай үчүн биздин кийимибиз керекпи деген суроону ортого салды. Ислам дининде болсо мусулман аялдары узун кийинип, жоолук салынышы керек деп айтат. Бул чектөөбү? Рашид Кадыралиев: - Аны терең түшүнүп, терең кароого аракет кылыш керек. Ислам дининен ала турган нерселер көп деп башында айтып кетпедимби. Туура түшүнбөгөндүктөн көп адамдар кыйналып жүрүшөт. А башка диндерге салыштырмалуу ислам дини эң таза, эң туура жол көрсөтө турган дин. Кийиниш үчүн да адам биринчиден өзү даяр болушу керек. Ошондой ыйман күчтүү болсо адам туура кийинет. Туура кийинип жүрүү деле адамдарды жакшы жакка чакырат. Мисалы, аял анча жылаңачтанбай жакшы кийинип жүрүшү керек. Баш кийим кийип жүрүү зарыл. Анткени төбөдөн көп кара нерселер кирет. Энергетика илими боюнча көп айта турган нерселер бар. Экинчиден, кыска юбка кийген кыз менен узун кийинген кызды алалы. Көчөдөгү адамдар экөөнүн кимисин биринчи карайт? Албетте, кыска кийингенин. Узун кийинген кызга анча даай алышпайт. А тигини мазактап ойношу да мүмкүн. Ал канча кишинин көңүлүн өзүнө буруп жатат. Эң башкысы жарашыктуу, таза жүрүш керек. Айна Мурзалиева: - Чеченстандын президенти аялдар башына бир байлам жоолук салынып алсын деген атайын мыйзам киргизбедиби. Бул мусулман өлкөсү болгондон кийин мусулмандардын жакшы белгиси деген. Бизде деле ошондой чара керектир. Баарыбыз эле азыр жоолук салынбай жүрүп жатпайбызбы. Лариса Асанбекова: - Биоэнергетиканын мыйзамы боюнча төбөдө жетинчи чакра жайгашкан. Чач болсо энергияны өткөргүч (проводник) катары ролду ойнойт. Жоолукту эмне үчүн мечитке барганда салынышат? Эмне үчүн өлгөнгө барганда салыныш керек? Себеби адам мечитке, мазарларга тазаланыш үчүн барышат. Андай жерде ар кандай жаман энергиядан тазаланышат. Чач ошол жаман энергияны тартып алат. Жоолук салынуунун себеби ушуга байланыштуу. Өлгөнгө барганда да кайгы капа, терс энергия болот. Ошон үчүн бардык терс энергия болгон жерлерде баш кийим кийүү керек. Адамалы Осмоналиев: - Негизи кийим адамды тарбиялайт. Мисалы, офицерлердин формасын алалы. Алардын баскан турганы, сүйлөгөнү ошол формага карата калыптанат. Лариса Асанбекова: - Бирөөнү күч менен башка динге киргизип же күч менен мындай кийин, андай кийин дебеш керек. Болгону туура түшүндүрүү зарыл. Куранда дагы бир динден экинчи динди өйдө караба жана динге күч менен адамды тартпаш керек, ар бир адам өз салты менен жана өзүнүн каалоосу менен келиш керек деген сөз бар. Рашид Кадыралиев: - Ар бир улуттун өзүнүн ишеничи, салты бар. Адамалы байке айтып жаткан спорт аркылуу деле тазаланса болот. Бул дагы өзүнчө бир багыт. А жашоонун мыйзамы такыр башка. Рухий бийиктик керек. Бул ислам дининде жакшы берилген. Адам биринчи өзүн-өзү тарбиялай билсе жана үй-бүлөдөн жакшы тарбияланса кийинки жашоосу ошого байланыштуу болот. Азыр Европа материалдык дүйнөнүн эмне экендигин көрүп, билип, түшүнүп бүтүштү. Алар азыр руханий илим алганга аракет кыла башташты. Биз эмне үчүн жерге келдик, эмне үчүн жашайбыз, эмнеге максат кылабыз? Ар бир киши өз максатын түз билгенде ошого Алла таалам жардам берет. А эртең менен туруп бул жакты бир карап, тигил жакты бир карап баш кайда оосо ошол жакка кетип жатсак максатыбыз жок да. Еврейлер дагы балдарын кандай жакшы тарбиялашат. Тартип, дисциплина бар. Биз дагы ошол максатыбызды билишибиз зарыл. Эмнеге жаралдык? Өз жолубузду табышыбыз керек. "Асман пресс": - Адам өзүнүн туура жолун кантип билиши керек? Же ар бир адам кандай миссия аткараарын кантип билсе болот? Рашид Кадыралиев: - Ар бир адам өзүнүн жасаган ишинен, жашоосунан жан дүйнөсү канаагат алса ошол адамдын миссиясы аткарылган болот. Ошон үчүн мен мен, сен сен деп айтылат. Биз өзүбүзгө же бирөөгө бир нерсени таңуулабашыбыз керек. Ушундай кыл деп күчкө салабыз. Балким ал адам короо шыпырса жан дүйнөсү ырахат алып мындан да жакшы жашамактыр? Атасы прокурор болсо күчкө салып баласын дагы прокурор кылат. Спортсмендин баласы спортсмен болот. Алар кыбырап, күн өткөрүп жүрө бериши мүмкүн, бирок канагаттануу ала албайт. Элге да, өзүнө да жакшылык алып келе албайт. Ар ким өзүнүн жүрөгүнө жаккан нерсени сүйүп жасаса, натыйжасы болот. Ыйман сабактарын окутуп, кандай жашоо керектигин үйрөтүү мезгил талабы. Биздин ата-энелерибиз улууга салам бер, кичүүнү ызаатта деп кандай тарбия берген. Азыр жаш балдар бизди андай сыйлабаса керек. Атыбыздан айтып чакырышат. Биз өз жашообуз менен айланабызга үлгү көрсөтүшүбүз керек. Адамга жети атасынан бери келаткан нерселер дагы таасир бериши мүмкүн. Атасы үчүн баласы жооп берет. Кармический путь деп коебуз. Атасы киши өлтүрүп жүргөн болсо баласы эч убакта ак болбойт. Ата-эне жакшы жашаса балага да жакшы. Бардык нерсе маалыматты алып жүрөт. Адамдын ДНКсында ата-бабадан келаткан маалымат укумдан-тукумга берилет. Терс сапаттардан арылыш үчүн бир гана жол Кудайдын мыйзамын бузбай жашоо. "Асман пресс": - Тукумга берилет деп ата-бабалардын кемчилигине баласы жооп бербеши үчүн эмне кылышы керек. Карманы буруп кетсе болобу? Рашид Кадыралиев: - Болот. Бир гана руханий тазалык менен. Адамалы Осмоналиев:- Адам баласын төрөлгөндөн тартып, керек болсо курсактагы кезден тарбиялаш керек. Биз азыр цивилизациялуу мамлекеттерди туурап, ар кандай нерселерди жеп-ичип, колдонуп жатабыз. Балдарыбыздын мээсин бузуп жатабыз. Биздин ичкен тамактарыбыздын баары химикат. Булар дагы таасирин тийгизет. Илгерки адамдар эмне үчүн ак сөөк, чымыр болушкан. Таза тамактанышкан. Жаратылыш менен гармонияда жашаган. Газ-түтүндөр мөңгүлөрдү эритип жатат. Жерди чукуп, болгонун казып алып жатабыз. Бардык нерсе үчүн кудай жазалайт. Лариса Асанбекова:- Азыркы жаштарга деле күнөө кое бербеш керек. Мисалы, Абдумалик сыяктуу балдар деле ата бабалардын рухтарынын жардамы менен элди агартып жатышпайбы. Ошол өзүбүздүн салт менен ата-бабаларыбыздын рухунун жардамы менен алардын айткандарын элге жеткирүү ордодогулардын максаты экен. Мектепти, Политехникалык институтту кызыл диплом менен бүтсө да, азыр "Ата жолу" деп ордо ачып, канчалаган элдерге жан дүйнөсүн агартканга жардам берип жүргөн жигит экен. Мисалы ар бир адамдын өзүнүн түшүнүгүнө, деңгээлине жараша элдик дарыгери болот. Биз чакра, энергия десек бардык эле адамдар түшүнбөй калышы мүмкүн. Материалдык дүйнөдө жашаган адамдарга түшүнүгүнө, деңгээлдерине жараша кыргыздын нукура сөздөрү менен, көзү өтүп кеткен аталардын, бийик инсандардын рухтары аркылуу жеткиликтүү айтып берип, көп адамдар өз жолун таап, айыгып кеткендери бар экен. Айна Мурзалиева: - Гезиттен окуп калган жайым бар. Абдумалик Максат Бузурманкул: - Касиеттүү деген сөздүн өзүндө эле бир нерсе камтылып турат. Бир китепте кыргыздар Алланын биринчи нурдан жараткан калкынын бири деп жазылыптыр. Ушундай катуу билдирүү менен чыгыптыр. Мунун эми канчалык деңгээлде чын экендигин мен азыр айта албайм. Бирок, кыргыздын улуу калк экендигин тарых деле тастыктап келатпайбы. Ата-бабаларыбызда касиет болгон. Ар бир эле адамда өзүнө тиешелүү же элге жардам берген касиеттери болот экен. Кээси колундагы оту менен, кээси тилинде мөөрү бар деп сөз менен адамга шыпаа болуп келатат. Биз, жаштар, эки доордун тогошуусуна туш болдук. Совет доору жалкоосуна деле иштегенине деле бирдей карап келген. Бирок ал заман кулагандан кийин кичине кыйынчылыктарга чыдабай канча адам баласы арака берилип кетти. Шайтан дагы ушундай учурларда колдонот экен да. Ойлонбогон жолдор менен адамды алдайт. Жаштар ошондон улам жакшы тарбия албай өксүп калды деген ойдомун. Кыргызга ар кайсыл элдин салттары кошулуп, кыргыздын нукура салттары унутулуп бараткандай. Биздин максат кыргыздын өзүнүн салтын колдонуу менен куранда жазылган ислам динин бузбай элге жеткирүү. Касиети бар адамдар ар кандай терс жолдорго түшүп кетип жатат. Мисалы, кээси адам көрбөсө Алла талам аны оорутуп же башка кылып кыйнайт экен. Ошол кезде жандын тынччылыгын издеп, ар кайсыл жолду тандап кетет. Мисалы, биздин аталардын рухтары ошондой касиеттүү адамдардын касиетин көрсөтүп, оң жолго салууну көздөйт. Кара энергия топтолуп калгандан кийин адам баласы өзүн башкара албай калат деп айтышат. Ордо дагы ошондой кара нерселерден тазалайт. Ордо бул мечит эмес. Мечит бул Алланын үйү. Бул жерге баарыбыз ибадат кылышыбыз керек. Динде эки нерсе бар экен, фарс анан сүннөт деген. Фарс Алла таала тарабынан берилген буйрук. Муну аткарбай коюга мүмкүн эмес. Сүннөт, Мухамед пайгамбарыбыздын бизге калтырып кеткен тарбиясы. Ошол эле жогоруда айтылып кеткен кийим дагы сүннөт деп айтылып жүрөт. Бул чынында эле жердин шартына жараша болушу керек. Шарттары менен болуш керек деп мухаммад пайгамбар деле айткан. Кыргызды ислам дининен алыстаткан дагы жанагы мындай болбосо болбойт деген таңуулоо болсо керек. Кыргыз өзүнүн салты менен исламдын жакшы жактарын алса. Элге кызмат кылуу биздин негизги максат. Бизде актык деп коет. Аталардын рухтарына арнап мазарларга ак кездемелерди жабабыз. Биз куран окуу менен жана актык жаап, аталарга сый-урмат көрсөткөн болот экенбиз. Көзү ачыктар мазарларды айланып, кыйкырып, кекиринип калышат, бул туура эмес. Бул азыркы тил менен айтканда этикага да жатпайт. "Асман пресс": - Ал жабылган актыкты алып кетесиңерби же ошол мазарларда калабы? Абдумалик Максат Бузурманкул: - Аны алып кетүүгө ар кимдин оорусуна жараша аталар өзү уруксат берсе гана оорусуна шыпаа болуш үчүн алып кетишет. Башка учурларда ошол жерде эле калат. Ага аталар дем салып беришет. Башкача айтканда заряддалып калат. Ушундан соң адамдын иши илгерилейт. Аллага болгон ишеним биз тилек кылсак кабыл болот деп айтылат. "Асман пресс": - Өткөн маекте бардык шакирттердин ордодон тышкары өзүнүн иштеген иштери бар дедиңиз эле. Эмне үчүн сиз өз кесибиңиз менен иштеген жоксуз? Абдумалик Максат Бузурманкул: -Иштегенге шакирттерим деп аталардын руху биздин экөөбүзгө гана уруксат берген жок. Башында кантип жан багабыз деп каршы болдук. Сынап көрдүм. Кореядан келген конокторго котормочу болуп иштеп көрөйүн дедим. Үчүнчү күнү машинамды уурдап кетишти. Киреше кирбейт чыгаша чыгат деп аталар эскерткен. Аталар мага сынак берет. Сага көп сунуштар болот деп дагы бир жолу эскертишти. Ийилсең дагы чыгашага учурайсың деди. Айткандай эле фирма ачылды, иштебейсиңби деген сунуш түштү. Макул болгон жокмун. Аталар деген колдоочу. Мен сизди көрүп тургандай эле көрүп турат. Алар мен аркылуу айтып турат. Мындайча айтканда мен аталардын сөздөрүн элге жеткирип туруучу ортомчумун. Айна Мурзалиева: - Ордого кызмат кылып жаткан касиеттүү адамдар өтүп кеткен бийик инсандардын рухтары менен контакка чыгышат турбайбы. Азыркы суу пери доорунда биз тазалануунун жолундабыз, таза энергия куюлуп, нурдай жаап адамдарды актыкка үндөп турган мезгилде жашап жатабыз. Ар бир элдин түшүнүгүнө жараша ар бир эл өзүнүн белгилүү баатырларынын прототиби аркылуу маалымат алышат. Адамдарды түз жолго буруу үчүн рухтар аркылуу маалымат берилет да. Кара энергия толгон жерлерди же каралыкка баткан адамдарды агартуу үчүн көзгө көрүнбөгөн дүйнөнүн энергожандыктары маалымат ташыйт. "Асман пресс": - Баар-дыгыңыздарга суроо. Касиетти кандай түшүндүрөт элеңиздер? Лариса Асанбекова: - Касиет бул жан дүйнө энергиясынын сапатынын бийик деңгээлге жетиши. Андай энергияга жеткен адам бардык нерсени оңой эле жасайт. Мисалы, ойлогон нерсе сөзсүз аткарылат. Мындай деңгээлге жеткен адам ой менен бардык нерсени жасайт. Азыркы пирамидаларды биздин мезгилдеги техника көтөрө албаганы менен бизден мурунку лимур, атланттар аны ойдун күчү менен ордунан кыймылдатышкан. Ошондой касиетти кастарлабай жана ал касиетти терс нерселерге колдонуп, кудайдан өздөрүн бийик санай баштаганда атланттарды кудай жерден тазалап койгон. Ошондо дагы баары жок болуп кеткен эмес. Жан дүйнөсүнүн энергиясынын сапатын таза, бийик сактап калган элдер аман калышкан. Мисалы ошондой элдердин арасында кыргыздар да бар. Кыргыз ошондуктан касиеттүү, улуу эл деп айтылат. Ар бир кыргызда касиет бар. "Асман пресс": - Айнагүл эже, сиз таролог, башкача айтканда карта ачып, келечекти айтасыз. А мусулмандардын айтуусу боюнча келечекти айтуу шайтандын иши делет. Буга көз каршыңар кандай? - Албетте, көзү ачыктык кылып бирөөнүн тагдырын айтып, мындай болот деген туура эмес. Лариса Асанбекова: - Бирок таро бардык илимдер катылган илим болуп жатпайбы? Тародо нумералогия, астрология, астрономия, математика, стихия, сырдуу дүйнөнүн көп сырлары катылган эмеспи. Рашид Кадыралиев: - Анда сөз жок. Илим экени талашсыз. Парапсихология илиминде дагы Алланын мыйзамдары бар да. Эгер руханий билимиң жок болсо элдик дарыгерлик менен иштеш кыйын. А мурунку олуялар абсолюттук түрдө руханий таза кишилер болгон . Кыргыздар эмне үчүн таза болгон? Алар көчмөн болгон. Материалдык дүйнө кызыктырган эмес. Таза жашоодо жаратылыш менен айкалышта, жаратылыштын мыйзамдарын бузбай жашашкан. Сыйынышкан. Ошон үчүн алардын дээрлик ар бири алдын ала туя билүү жөндөмүнө ээ болгон. Айна Мурзалиева: -Тагдырды айтуу мусулманда туура эмес деп айтылганы менен бул боюнча мен бир китепти окудум. Аны которсомбу деп дагы ойлоп кетем. Америкадагы ООНдо иштеп жүргөн бир киши болот. Сен баланчага баргының, ал сага китеп жазып берет деп компьютерге өзүнөн-өзү жазыла берет . Кудай менен баарлашуу деп башталат ал китеп. Ал киши аялы менен ажырашып, жумушу да жакшы болбой, бизнеси да артка кетет. Анан кафеде олтурганда жанагыдай маалымат келет. Ошентип өзү жооп издеген суроолордун бардыгына компюьтер аркылуу жооп алат. Анда азыркы адамдар үчүнчү эксперименттен жаралган амдардансыңар деген. Илгери ата-бабаларыбыз жакшы тамактарды жеген деп айтып жатпайбызбы. Ошону дагы кудай маалымат аркылуу түшүндүрүп жатат. Сен азыр жакшы жашап жатам, космоско чейин жеттик деп ойлоп жатасыңбы. Баарын туура эмес жасап жатасыңар. Азыр жөн эле эшикке чыгып токойду карап, ошонун ичинде эмне болсо ошону менен эле тамактанышың керек деп жараткам. Сени түтүн чыгарып, жерди тырмалап ал деген эмесмин. Ошондуктан 2012-жылга чейин убакыт берем, андан кийин өзгөрүүлөр болот. Эгер андан ары токтобосоңор силердин үйүңөр болгон жер ар кандай өзгөрүүлөргө учурап, бөөдө кырсыктар болот деген. Экологияны сактаган жоксуңар дейт . Анда тиги киши үңкүргө барып жашайлыбы, цивилизацияда жашап жатабыз, жетишкендиктерибизге сүйүнбөйсүңбү десе, сен жетишкен адам эмессиң, ачкөзсүң дейт. Тең салмактарды жоготуп бараткан нерселердин баарын өз ордуна койбосоңор кайсыл жакта ысык болсо ал жакта суук болот, кайсыл жакта суук болсо ал жерде ысык болот, кайда кум болсо ал жакта көл болот деген. Лариса Асанбекова: - Окумуштуу, врач, офтельмолог Эрнест Мулдашевдин эсеби боюнча жер кара энергияга толуп кеткенде өзүн-өзү тазалаш үчүн 60 градуска бурулса баары аралашып, суу болгон жер кумга, кумдуу жер сууга айланат экен. Рашид Кадыралиев: - Акыр заман деген ошол. Айна Мурзалиева: - Эсеп боюнча уюлдар алмашат. Лариса Асанбекова: - Ошол акыр заман болбош үчүн бизге окшогон парапсихологдор болобу же ордодогу кызматчылар болобу элди актыкка үндөп, жан дүйнөсүн тазалап, энергиясынын сапатын жогорулатканга жардам берсек ал акыр заман болбойт. Биздин баарыбыздын максатыбыз муну ар бир адамга түшүндүрүп жеткирүү. Акыр замандын болбоосу үчүн жер планетасындагы ар бир адам жооптуу. Айна Мурзалиева: - Мага келген адамдардын көбү Түркестанга чейин барып, мазар басып келдик, намаз оку деп мени кыйнады деп көп айтып келишет. Кандайдыр бир күч тепкиледи дешет. Абдумалик Максат Бузурманкул: - Мазарга чыгуунун да өзүнүн жолу бар. Шартын туура, так сактап, айтылган аманаттарды аткарса тилектердин баары кабыл болот. Кыйналганы ошол шарттарды туура аткарбай жаткандыгы. Рашид Кадыралиев: - Мазарларга баруу бул башка деңгээл. Биринчи деңгээл. Кудай менен жашап тирүү Алла менен контакка чыгуу. Жан дүйнөнү тазалоонун бир жолу. Дербиштер бардык материалдык дүйнөдөн баш тарткан адамдар. Шейхтер өлгөндөн кийин деле ал көмүлгөн жерден нур чыгып турат. Бул руханий азыктануу да. Ар ким өзүнүн энергиясына жараша азык алат. Лариса Асанбекова: - Окуучу даяр болсо, окута турган устат өзү келет деген сөз бар. Мисалы окууга даяр болгон адам устат издеп өзү аракет кыла баштайт. Андай адам окута турган адамды сөзсүз табат. Парапсихология илиминде эң башкы мыйзам "не навреди", эч кимге жамандык кылба дейт. Ар бир адам ар бир иши, ар бир сөзү үчүн Кудай алдында жооп берет. Рашид Кадыралиев: - Ар бир адамга Алла таала тарабынан жекече нерселер берилет. Баарын ачык айтканга болбойт. Мисалы биздин суфийлерде көп шакирттер болбойт. Мен өзүм шакиртмин. Илимди үйрөтсө болот, бирок ал үйрөткөн илимиңди шакиртиң кандай максатта колдонот. Ошондуктан ар бир эле адамга баардык эле сырды ачып, окутууга уруксат берилбейт. Жалпы маалымат берилиши мүмкүн. Бирок, тереңдеп үйрөтүүгө болбойт. "Асман пресс": - Сиздерге болгон акыркы сурообуз болсун. Төлгө тартууда эмне үчүн ташты көп колдонушат? Айна Мурзалиева: - 41 деген цифрада өзгөчө бир арифметика жатат. Кытайлардын дагы 41 ге бөлүнгөн И-Цзининде (Книга перемен) да укмуштуудай математика бар. Текшерип көрдүм. Бул жерде дагы кандайдыр бир сандардын магиясы бар. Төлгөнү кадимки таштар менен же баалуу таштар менен салат. Таштар аркылуу да маалымат алууга болот. Лариса Асанбекова : - Мен жакында Түркестанга зыяратка барып келдим. Бул зыяраттын маанисин илим аркылуу элге түшүндүрүш үчүн өз көзүм менен көрүүүгө туура келди. Албетте, рухий "Аталардын" гана чакыруусу менен. Адам колу менен кармап, көзү менен көрмөйүнчө ишенбейт да. Ошол жакта бир чоң аска таш бар экен. Ортосу жарака. Ошол жаракадан энергиясы кара адам канчалык арык болсо да өтө албай, кыпчылып калат экен. Ортого кыпчылып калган адам кудайдан кечирим сурап келме келтирмейинче таш улам кыса берет экен. Энергиясы таза адам дене түзүлүшү толук экенине карабай өтүп кетип жатат. Кызыктуу нерсеси энергиясы кара адамды алдыга өткөрбөйт, кечирим сураса артка кое берет экен. Эмне үчүн деп илим аркылуу жооп табууга аракеттенип көрсөм, таш терс энергияны же ооруларды өзүнө тартып алып адамды тазалайт экен. Ташка кыпчылып калган адамдарды кайсыл жерден кысканын сураштырып көргөнүмдө ошол адамдардын таш кыскан чакрасы тескери иштегенин көрдүм. Таш дагы жандуу нерсе да. Таштар-Атаны деле алсак, адам ташты көтөрүп бара жатканда терс энергияны ташка өткөрүп, өзүнүн болгон жаман энергиясын, оорусун ыргытып жиберүү менен терс энергиядан арылат. Ал эми таш кудайдын жардамы менен өзүн-өзү тазалап турат. Парапсихолог, эниоинженер, академик Лариса Асанбекова сеанс кылат. Байланыш телефондору: 0312-933-622 0312-890-198
Тагыраак көрсөткүчтөрдү Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >> Макала, чыгарма, жарнама...
Алексей Рощин
Назаралиев Ж.
Турсунбай Бакир уулу
Назаралиев Ж.
Кызык макала
|
|
|
| ||||||||||||||