Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери
   Кыргызский газеты
Кыргыз китеп
ggle_v

Жанызакка келген каттар жана Жанызактын кайрылуулары
email  •  архив
Кайрылуу каттары
жана келген каттар:

Россиянын жарандыгын алган кыргыз патриот болбой калабы?...
Орус атуулдугун алган кыргыздар кийин Кыргызстанга келсе киргизеби?...
“Учур” гезитине айтып койгулачы...
Айгүл ШАРШЕНдин китептерин кантип сатып алам...
“Колжазма терем” дегендерге жумуш бар...
Кыргызча китептерди окугум келет, бирок тамгалар башкача чыгып калып жатат...
Кайсы диндесиз? Сайтка китеп чыгарса болобу?
Ушул сиздин сайтыңыздагы рекламалардан канча акча табасыз?
Жибербеген тыйынды “жибердим” дебегиле...
Бермет менден бир китеп сураптыр...
Жанара бизден “Тамчы” гезитиндеги материалды сураптыр...
Арабаев университетинен Жанызакка кат келиптир...
Адабий китептин биринчи бетине жаш жубайлардын ажайып сүрөтү керек......
"Кытайлык деле эмесмин, кыргызстандык элемин" деп жазыптыр Нурзада...
"Текебаевдин видеосу бар дебедиңиз беле..." деп сураптыр Меймансаптан бирөө
"Мидиндин эшек дептеринде" эмнеге "Мидин" дегенибиз "Жапар" делинип калган" дейт...
"Кыргызстанда кайсы мектеп жакшы, кызым быйыл мектепке барат эле" дейт...
Жуңгодогу “Актилек“ сайтынын ээси кечирим сурады...
Супсулууну кой, "Обонду" таппай жатыптыр...
Жуңгодогу (Кытай) “Актилек“ сайтынын “ууру“ кыргыздарына эскертүү...
Жуңго кыргыздарынын “Актилек” сайтына..
"Заман Кыргызстан" гезитине тергич тууралуу түшүндүрмө кат..
Реферат сураган экен..
Кытай кыргыздарынан ризограф сурадым эле..
Деректирдин емейл дарегин сураптыр..
Кытайлык кыргыз кызы Нурзада Расул кызы Айгеримге нааразы..
Ашкере динчилден кат келиптир..
Сулуу кыз менен таанышат элем дейт..


Поиск
Керектүү материалды ушул жерден издегиле:
ggle_h

Саясатташтыруунун обу жок
формуласы же алиби кана?
Саясатка укурук, өлүмгө өкүрүк салуу менен сенсация издөө түрдүү тайпадагы адамдарга адат болуп бараткандай. Көзү өткөндөрдү көтөрө чаап, аларды саясаттын көлөкөсүнө чаптай берүү кимдир бирөөлөрдүн чырагына май тамызып жатканын, момун окурман аңдап, билип деле калды. Күмөөндүү анализди коомчулукка салаар алдында моюнга кур салып, бир сыйра абийир сандыгын ачып койсо дейм. Дегеним күмөндүү чынга, беймаалым нерсени маалым нерсеге кошуп коюу калемге ылайык эмес.

Мына карап көрсөңөр сандар бирден куралат, бирден түгөнөт. Бу математиканын мыйзамы.Тизмектеп санай берсек эле коомдук пикир жаралып калбайт. Оболу анализдин негизги концепциясын терең билип алуу зарыл. Болбосо "Чала молдо дин бузат" деген кептин заары айланып келип башка тийет. Мунун баарын "Алиби" гезитинин №3 11.12.09 санындагы "Кыргызстан кандуу өлкөгө айланды" деген макалага карата айтылууда. Чү дегенде эле тоголок көлөмдөгү "Кыргызстан кандуу өлкөгө айланды" деген тема менен журналист "өкүм" чыгарып койгон. Журналист кайсы бир маселени эки аспектиде чагылдырып, жыйынтыкты окурман журтуна таштап, коомдук пикир жаратуучу функцияны аткарыш керек да. А бул макалада өзүнүн оюн таңуулоо менен жыйынтык чыгарып жатпайбы. Жок дегенде "айландыбы?" деген бүдөмүк суроо менен башташ керек эле го. Кандай каармандарды тизмектеп жатам деген мааниде көз сыдырымга салса болмок. Эч нерседен кабары жок жазганына караганда , автор 5-10 жыл Кыргызстанда жашабагандай сүртүм калтырды. Жашаса мындай формада макала жазбайт эле да. " Төөңдүн бир тиши түштү беле?" деген сыңары кандуу бычактын канын аарчыган болуп жатат. Андан ары автор "Акыркы төрт жыл кандуу жылдардан болуп, Кыргызстан кандуу өлкөгө айланды. Бирок, мындай куугунтуктоолорго, адам өлтүрүүлөргө көңүл бурулбай жатканынан улам коркунучтуу, кандуу жолдун артында бийликтин жыты буруксуйт" деп жазып жыт изкегич деңгээлге түшүп кеткен. "Буруксуйт, быкшыйт, жыттанып" деген сөздөрдү колдонуп жазсам эле макалам курчуп кетет деп баш тырмаса керек да. Эми ал тепкичтен кыргыз журналистикасы көтөрүлгөн. Адам өлтүрүү боюнча башталган маселеден чыгып, куугунтукка өтүп кеткен.Себеби куугунтук деген сөз баарына майдай жагат. Итбай, Чотбайы деле каканактан баш кийим кийгендей "куугунтук" деп калкан издеп калышат. Албетте, бул оңой пиар."Атың чыкпаса жер өрттө"деген кептей эле. Ой куу, факты келтирүү, негиздемеге таянуу деген болуш керек . Автордун андан кийинки абзацы "Азыркы бийликтин жүргүзкөн саясатына нааразы болуп, эл алдына ачык оюн билдирген инсандардын дароо жок болуп, көздөрүнүн тазаланышы" деп башталат да, карарган тизмени чубаган. Айтор чатыраш ойлорго чагылган түшкөндөй болуп жатпайбы. Ф.Куловдун жакын санаалашы, каскадер Үсөн Кудайбергеновдон тизме башталыптыр. Маркум Үсөн Кудайбергенов биринчиден бүгүнкү бийликке коркунуч туудурган фигура деле эмес болчу. Ачуу чындыкты чырылдатып, саясий деле активдүүлүгү жок эле. Бизнес менен кинонун бир учунда жүрчү. Март революциясы болгондо талап тоноого бөгөт коюп, штабтарды жетектегени анык. Ал учурда жаңы бийликтин ордосунун таасирдүүлүгү жок эле да. Ф.Куловдун айланасында фон катары көрүлгөнүн айтып коюуш керек.
Жыргалбек Сурабалдиев деле бир сөз менен айтканда саясий баталиялардан алыс фигура болчу. Колунда бар, капчыктуу спортко жакын экени анык . Демек акча бар жерде башка "мир" дегендей бирөөнү тырыштырат , бирөө аны тырыштырат деген кеп да. Базар,бизнес талаш өңдүү ич ара конкуренттери менен келишпестиктер канча бир ирет айтылып жүрөт го. Айтылуу ак шапкечендердин айланасында да, бул маркумду байланыштырып жүрүшпөйбү. Депутаттык трибунада деле баш көтөрүп, суйлөгөн жан эмес болчу. Бул депутаттын өлүмүнө тиешеси бар делип , АскарАкаевдин жана Алмаз Атамбаевдин жан сакчысы болуп жүргөн Эркин Мамбаталиев кармалмадыбы? "А бул эмнени каңкуулайт" деп журналист бир шилтем менен ой чабыттап көрсүнчү анан баардык карта ачылмак.
Тынчтыкбек Акматбаевдин кандай каза болгонун коомчулук жакшы билет болсо керек. Эки авторитеттин канча жылдан берки тирешүүсү, бул кандуу окуяга алып келбеди беле. Буга ким күнөөлүү экенин Т. Акматбаевдин агасы Рысбек аянттан ачык айтты эле го. Түрмөдөн депутатка кол салган канкор кармалды мыйзам алдында өз жазасын алды. Аны да сүйкөй берүү болобу? Нурлан, Мирлан Коноевдер саясатчы эмес, Акматбаевдин аталаш туугандары. Айтпаса да түшүнүктүү. Алардын "мири" такыр башка. Ким үчүн, эмне үчүн өлтүрүлдү? Ар ким кылганына, башы менен жооп берет деген мыйзам бар. Анын сааты келсе, ал сөзсүз аткарылат. Же бийлик киллердин тапанчасына жармашысы керекпи.
Баяман Эркинбаев . Ооба, ал кыргыздын бычакка сап уулдарынын бири экени талашсыз. Анын айланасында ачык жагдайларда айтылбаган нерселер көп. Баяман дегенде "бандит "деген түшүнүктөр болуп келген. Бала кезинен спорт менен оозго алынды, көзгө көрүндү. Эрки күчтүү эрлерден эле. Бирок, спортсмен катары жогоруда айткан биринчи категорияны эмес, экинчисин тандап алган. Спорт чөйрөсү акыры ал чөйрөгө алып барат деңизчи.
Баямандын дагы бир көзүрү Карасуу базары - Борбор Азия боюнча эң ири базар. Базардын аянты илгери эле 15 гектар жерди ээлеген жана бир күндүк жүгүртүүсүндө эле 500 миң АКШ долларын айланткан кан базар. Баяман аны "мыйзамсыз менчиктештирип алган" деп нааразы болгон жергиликтүү калк "баатырдын" алдына барганда автомат менен аткылап, кууганы элдин эсинен чыга элек болсо керек. Бир топ адам жарадар болгон ал инцидент Баямандын Оштогу "Алай" мейманканасынын алдында болгон.
Тээ илгери эле Акаевдин маалында Баяманга каршы 40 ашык кылмыш иштери козголуп, суракка алынмакчы болгондо, депутат кесиптештери Башкы прокуратуранын суроосун четке кагып, Баяманды кол тийбестик укугунан ажыратпай койгон. Март ыңкылабы болду. Салымы бар болчу аны танууга болбойт. Бирок, Акаев кетсе эле кылмышкерлер дүйнөсүнүн мыйзамдары биротоло орноп калган жок да.
Акыры Карасуудагы кан базар чындап эле кан төгүүгө алып келди. Базар талашуунун айынан Абдалим Жунусов да, Баяман Эркинбаев да бул дүйнө менен кош айтышты. Ал жол менен парламентаризмдин ортосундагы чекти бузууга мүмкүн эмес.
Абдалим Жунусов базар талаштын курмандыгы болгону факт . Бул маркумду өлүмүн да саясатыштырып жиберген авторго жол болсун.
Руслан Шабатоев, Бактияр Амиржановду өлтүргөндөр, көмгөндөр кармалды го. Кылмышкерлер кандай чөйрөдөгү адамдар болгонун автор жакшы билсе керек. Баягы эле акча, разборка, карыз..
Ал эми орган кызматкерлеринин өлтүргөндөр кимдер? Албетте крим дүйнөдөгү кылмышкерлер. Баңги деген жерде балакет бар демекчи Уран, Анвар Алиевдердин кызматтары эле айтып турбайбы. Наркобизнеске каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы болсо экинчиси кылмышка каршы күрөшүүнүн башчысы болуп жатпайбы. Алардын өлтүрүлүшүнөн саясат издеп, бийликти бокочо көрсөтүштүн кереги жок. Системаны билиш керек автор. Санжар Кадыралиев кандай кырдаалдарда мындай тагдырга туш болчу бу депутат да спортсмен болчу. Өзүнүн тобу бар экенин менмендеген саясатчылар билет го. Медет Садыркулов кандай жагдайда каза тапты коомчулук жакшы билет.

Автордун айтуусу боюнча Рысбек жана Тынычбек Акматбаевдер, Мирлан жана Нурлан Коноевдер, Жыргалбек Сурабалдиев, Четин Сервент, Сергей Слепченко, Абдалим Жунусов, Медет Садыркулов, Санжарбек Абдиев, Мелис Ниязалиев, Исмаил Кочкаровдор ж.б. у.с. бир топ адамдар карапайым калк дегенде ак эткенден так этип ичкен ашын жерге койгон, эл-жер, кыргыз мамлекети үчүн күйгөн патриот-саясатчылар болгон экен. Эл-жерди, мамлекетти сүйүү эң оболу ошол мамлекеттин мыйзамдарын урматтоодон башталат, патриот болуу мыйзамдуулукту туу тутууудан тутанат.

Илгери жоокерчилик заманда билегинде күчү ашып ташыгандардын арасынан коңшу элдерге барып жылкысын тийип, уул-кызын олжолоп, кул-күң кылып кайра тарткандар оголе көп болгон. Алардын олжосуна туйтунгандар "баатыр" кылып алышкан. Ал замандын талабы ошондой болгон. Анан албетте алардын арасынан акыл-эси, жүрөк-сезими менен эл-журт, агайын-тууган деп жоодон коргоп, мал-жанын ууру-бөрүдөн коруп тургандар чыккан. Алар да баатыр атыгышчу. Баатыр эмей анан эмне!
Ал заманды артка калтырып, азыркы күнгө келип жеттик. Анткен менен адамзат ашып-ташып турган энергиясынан айрылган жок, керек болсо ошонун эсебинен өнүгүп-өсүп олтурат. Андыктан билеги күчтүүлөр өнүккөн замандын шартында жылкы тийип качкан жылаңач баатыр эмес, эл сүйгөн спортсмен болуусу мыйзам ченемдүү.
Ошол спортсмендерибиз да жалпысынан бөлүп караганда эки эле категорияга бөлүнүп калат экен. Биринчиси, элдин, мамлекеттин намысын коргоп, туусун желбиреткен профессионал спортсмендерибиз. Биз алар менен сыймыктанып келебиз. Спортсмендер үчүн бул бийиктик оңой менен багына койбойт - ал үчүн эмгектенүү керек. Ошол эмгектенүүдөн качкан жана оңой олжого туйтунгусу келгендердин арасынан спортсмендердин экинчи категориясы келип чыгат. Алар да спортсмендер, тагыраагы спорт болгондо да күч колдонуу менен атаандашын катардан чыгарып зыянын тийгизе турган спорттун түрлөрү менен шугулданышат. Алар спорттук мелдештерге катышпайт, катышса да жабык эшик артында мушташ уюштурушат. Алар олимпиадаларга барып эл намысын коргобойт, алар бийлик үчүн, мыйзамсыз бийлик үчүн күрөшөт, "чемпион" болуунун ордуна "авторитет" болууну көздөшөт. Күч атасын тааныбайт болуп, рэкет жана уюшкан кылмыштуулук ушундан башталат. Алар ошол криминалдык бийлиги менен өз территориясын бөлөк улуттун бандиттеринен коргоп келгендигин да белгилей кетүү керек. Бирок, алар өз миссиясынын чегинен чыгып кетип жатышты.
Япония, Италия, АКШ жана Россияда мафиянын мамлекетке аралашкан учурлары болгондугу маалым. Бирок, мамлекет мафиозилердин алдында кол куушуруп туруп берген эмес. Кыргызстандын шартында алар андан да тереңдеп кетишкендей таасир берет. Спортмен чалыш кылмышкерлер жолу куушура баштаганда легализацияланууну колдонушпады беле. Алар бизнестин кирешелүү тармактарын көзөмөлдөөсүн уланта беришкен. Казино, мейманкана, ири-ири базарлардын, кыймылсыз мүлк тилкелеринин кожоюндары катары ийгиликтүү жеке ишкер болуп чыга келишти. Буга орустардын "Бригада" фильми сонун мисал болуп берет.
Ага алымсынбайм дегендери саясатка жамынып, бизнесин дагы өркүндөтүүнү жана иммунитетке ээ болууну көздөп депутат болобуз дешти. Мамлекеттик бийлик бутагы болгон парламентке шайланып келишти. Бирок алардын табияты, насили өзгөрүп кеткен жок. Бир колуна байлыкты, экинчи колуна кош бийликти - расмий да, криминалдык да бийликти кармаганына корстон болуп чектен чыга башташты. Бул көрүнүштүн эң эле апогейи, туу чокусу деп Рысбек Акматбаевдин ишмердүүлүгүн айтсак жарашат. Аны азыр баатыр дегендер четтен чыгат. Анысына макулбуз. Бирок ошол эле учурда .......... экендигин кантип танабыз? Же, дале болсо илгерки жоокерчилик замандын мыйзамдары менен жашайлыбы?
Кылмыштуу дүйнөнүн өкүлдөрү парламентке депутат болом деп жулунгандар эски бийликте болгону эмне жалганбы?
Кыргызда көзү өткөн кишини жамандабайт деп коет, бирок өлгөн адамдардын өлүмүнөн саясый спекуляция жасалып жаткан учурда унчукпай кое албайт экенсиң. Анүстүнө жөнү жок жамандап жаткан жерибиз жок, болгонун болгондой айтууга аракет кылып жатабыз.
Кыргызстанда кечээ жакында эле 12 уюшкан кылмыштуу топтор аракеттенишкен. Алардын мыйзамдарына бекеринен "катаал бирок адилеттүү" деген баа берилген жок. Кылт этип кылдан тайчу болсоң, тапанча менен тарс эткизип акырын атып кете беришет. Бири-бирине баш ийбей, мен хан болом деп жүрүшүп далайынын башы кетти. Түштүк региондору өзүнчө, Ысыккөлдүктөр Акматбаевдердин айланасына, Карабалталыктар Бокушев аталыгы менен да өз алдынча, Талас өзүнчө, Азиз Батукаев өңдүүлөр өзүнчө.
Таасир талашып отуруп, бирин бири кырып бүтүштү, дагы кырышат. Тек гана кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрүнөн баатыр жасоонун кажети жок. Айрыкча алардын өлүмдөрүн саясатка таңуулап, бийликти жамандоо, бандиттерди коргоо коомду жакшылыкка алып барбайт.
Аталган макаланын автору "кара тизмесин" узарткысы келгенби, айтор, таза криминалдын курмандыгы болгон журналист Юрий Александровдун жубайы экөөнүн өлүмүн да саясый спекуляцияга айлантып жибериптир. Ал кылмышкер курмандыгынын журналист экендигин деле билбесе керек, же журналист болсо эле катардагы калктан бийик туруп, кырсыктын алдында да кайсы бир жеңилдиктерге ээ болушу керекпи? Журналист кырсыкка кабылса бийликти күнөөлөп калабыз, ошол эле журналист кыз зордуктап ошол кыздын колунан бычак жеп каза тапса да оңой менен ишенбейбиз. "Жылан" гезитинин башкы редактору С.Мураталиевдин ишин айтам.
Бирок эл аралык коомчулук бизден биринчи чыдабай кетпеди беле?! Европа, АКШ, ал тургай Россиянын бийлик өкүлдөрүнүн Кыргызстанда криминалдын саясатка аралашып жатканына тынчсызданган расмий тынчсыздануу каттары келген. Андыктан, андай бандитизм менен расмий парламентаризмди айрып таанып карап, жөнү жок жерден мамлекетке сөз тийгизе бербейли. Ар бир иштин артында кайсы кылмыштуу топ тургандыгы ачык билинип, кылмышкерлер соттолуп, жазаларын алышкан. Кылмышкерлердин кылы кыйшайса эле мамлекетке доомат артпай, саясый спекуляциядан алыс болсок жараша турган.
Куугунтук маселесине келсек, тизмедегилер сүттөн аппак эмес. Мыйзам астында бирөөнү тебелеп, тепсешкени мамлекеттин казынасына кол салганы ачыкка чыкса болбойбу. Анда коррупция менен кантип күрөшүшү керек? Эмнеге автор кылмыштык жагдайларды билбей саясат деп эле адвокат боло берет. Жаман ахыбалда тасмага түшүп калса да бийлик күнөөлүүбү? Кандай шөкөтөбөйлү " айай " кылбайлы аларды. Бирок биз эч качан мыйзамдуулукту унутпайлы... Бирөөнүн чымчыгы өлсө деле күнөөлөй бербейли... Крим дүйнө - кир дүйнө.
Темирбек Сыдыков




ggle_v

кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"
email • архив • редакция 
17-декабрь, 2009-ж.:
1-бет
ЖАҢЫ ЖЫЛДЫ ЭРТЕЛЕП ЧАКЫРГАНДА...
2-3-бет
Саясатташтыруунун обу жок
формуласы же алиби кана?

4-бет
"Господин" мырзабеков эми кантип аппак боло алат?
5-бет
Аскарали Нышанов,
"Басмасөз" ААКнын башкы директору:
"Бизге жогору жактан эч ким буйрук бере албайт"

6-бет
Орхан Инанды,
"Себат" эл аралык
билим берүү мекемесинин
жетекчиси:
"Бардык нерсени билим менен жеңсе болот"

7-бет
Айнура Аскарова,
"Замандаш" журналынын редактору:
"Казан аякты кагыштырган да, табыштырган да мен"

8-9-бет
Жыл мыктылары...
10-бет
Мамбет Мамакеев, академик, Кыргыз Республикасынын баатыры,
улуттук хирургия борборунун директору:
"Картайганы ыйлаак чал болуп баратам"

11-бет
Кален Сыдыкова, Публицист:
"Кыргыз журналистикасында "эркин" деген түшүнүк абсурд"

12-бет
Акжолтойдун тагдырын бир да балага каалабайм
13-14-15-бет
"Жан дүйнө тазалыгынын жетишпегендиги
руханий азыктын жетишпегендиги"

16-бет
Азат москванын сахнасында

ggle_v

oh_kaptal
WebMoney кошелек:
Z189154646502
R429713653063

Яндекс цитирования

Орусча - по-русски:
 •  Бесплатные уроки...
 •  Про кырг._раскладку
 •  Про кырг._шрифты
 •  Про меня

Курс валют
Курсы валют к сому


Тагыраак көрсөткүчтөрдү
Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >>


Эркин макалалар
Макала, чыгарма, жарнама...
Алексей Рощин
Лучший Президент

Назаралиев Ж.
Курманбек Салиевич Бакиев, тур ордуңдан, сот келатат!

Турсунбай Бакир уулу
"Мой курс - отстранить родственников президента от власти"

Назаралиев Ж.
Курманбек Бакиев кимди мураскер кылып калтырат?
Кого Курманбек Бакиев назначит преемником?


Гезиттердеги кызык макалалардын топтому
Кызык макала
Курандын да, Манастын да атын булгап...
Өлкөбүз "көкмээлер аралчасына" айланабы?
Дин жана дил:
1-макала
2-макала
3-макала
Чыңгыздын айымдары:
1-макала
2-макала
3-макала
4-макала
5-макала
6-макала


bottom
Төмөнкү
емейл жана телефон
сайттын ээси

Жанызак:
емейл:janyzak@mail.ru
тел.: +996777329784
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!