|
Кыргыз гезиттери Кыргызский газеты |
Кыргыз китеп |
Кайрылуу каттары жана келген каттар:
Айнура Аскарова, "Замандаш" журналынын редактору: "Казан аякты кагыштырган да, табыштырган да мен" - Учурунда Марат Султановдун пресс-катчысы болдуңуз эле. Кандайча "Замандашка" келип калдыңыз? - Уулум менен үйдө олтурсам, Замандаштагылар чалып, чакырып калышты. Күнүнө 5 саат эле келип-кетип турганга мүмкүнчүлүгүм бар десем, макул болушту. Анын үстүнө "Замандаш" журналын Мухтар Өмүракунов, Абдыкерим Муратов, Эмил Өмүракунов мырзалар болуп чогуу түптөгөнбүз. Ошондуктан убактылуу болсо деле жардамдаш деген сунушту четке кага албай койдум. Себеби, "Замандаш" деген атты да мен койгом. Журналдын редактору Талант Конокбаев агай диссертацияcын жактайм деп кеткенине байланыштуу убактылуу редактордун милдетин аткаруучу болуп жатам. Бирок, Жогорку Кеңештин масштабына иштеп көнүп алгандыктанбы, декреттик отпускам бүтсө, көнгөн ишиме эле иштейин деген ниетим бар. - Замандаш журналы өзүн -өзү актайбы? Кыргызстанда бул журналга элдин талабы кандай? - Журнал өзүн -өзү толук актабайт. Чынын айтыш керек Кыргызстанда журналдардын окумдуулугу аз. Коомчулук журналга али толук көнө элек. Бирок, ошого карабай 6 жылдан бери үзгүлтүксүз чыгып келаткан түстүү, окумдуу журналдардын бири - "Замандаш". - Жолдошуңуз менен кантип таанышып калгансыз? - Жолдошум экөөбүздү кайынэнем тааныштырып, табыштырган. Жогорку Кеңеште иштеп жүргөндө кайынэнем Т.Сарпашовго жумуштары менен келип, паспортун унутуп калып, кире албай турган экен. Аларды ээрчитип келип, Т.Сарпашовго киргизип койгом. Ошондо кайын энем мени жактырып калып, Айбек экөөбүздү тааныштырган. Айбектей түгөйгө жолуктурганы үчүн Кудайга ыраазымын. - Жакшы түгөйгө го жолугупсуз. А үйдө кандай кожейкесиз? - Баары колуман келет деп ооз көптүрүп айта албайм. Мисалы, үй актап, от жагып, огороддо иштеп көргөн эмесмин. Ачык айтканда кара жумушка жокмун. От жакканды кечээ жакында үйрөндүм. Ата-энем эркелетип чоңойтуп коюптур. Бирок, ашканада мыкты кожейкемин. Тамактарды түрлөп жасап, даамына чыгара жасай алам. Конок тосконду жакшы көрөм. - Кокус казан-аяк кагышса, элдешүүгө эң биринчи ким кадам жасайт? - Чынын айтсам, казан-аякты кагыштырган да мен, табыштырган да мен. Көп учурда биз аялдар баштап жиберет эмеспизби. Жолдошум абдан оор басырыктуу, кенебеген, айкөл. Мен эле чыйпылыктап, "аны антели, муну минтели" деп кулак-мээсин жеп, "ой кыймылдасаң боло" дей берем. Ошондо да кенебейт. Бир чети ошондой мүнөз күткөн жакшы экен, ашыкча санаасы жок. Мирлан АЛЫМБАЕВ Мурзалиева Айна Кочековна, Магистр парапсихолог, гипнолог: 2010-жылы жүрөгүндө оту бар, башкарууга жөндөмдүүлөр бийликке келишет - Айна эже, кирип келе жаткан жолборс жылына астрологиялык кандай маалымат бересиз? - Быйыл кирип келген 2010-жылдын жалпы суммасы 3 деген санды берет. Бул санды Юпитер планетасы колдоп жүрөт. Жолборс жылында 3 саны же Юпитер планетасынын өктөмү Жер шарына күч берип, жоопкерчиликке чакырат. Иштиктүү чоң маселелерге кадам коюп жөндөмдүү болууга үндөйт. Өтө оор, опурталдуу убактарда чечкиндүү чечимдерди кабыл алууну күтөт. Оң тойсуз ар кандай абалдардын тең салмакта, шайкештикте болуусун каалайт. - Жолборс жылында төрөлгөндөр кандай мүнөздүү болушат? - Мүнөздөрү ар кандай сапаттарга бай. Темпераментүү келишет. Эч нерседен тартынбаган өжөр. Өз ишине так. Ыкчам кыймылдаган, эмоциясы күчтүү, ачуусу чукул. Кыйынчылыктан чочулабаган оптимист болушат. Көп учурда өз күчүнө ишенип турушат. Алар сыпайы, бирок "жырткыч" жаныбардын мүнөзү басымдуулук кылат. Сыртынан эч кимге зыяны жок, жоош көрүнсө да жолборс жылында төрөлгөндөрдүн кыялы оор. Катылгандардын катыгын берүүгө даяр келишет. Мүнөзү жандуу, аракетчил. Кээде чектен чыгып кетишет. Көпчүлүккө көңүлдүү жолдош, бир аз ээн башыраак. Ыр-чырдан качышпайт, көз карандылыкты жактырышпай, талаш-тартыштын үстүндө болуп өздөрүнө проблема жасап турушат. Башкарганды жактырышат. Бирөөнүн кийлигишип чектеп турганына, тоскоол болгонуна чыдай алышпайт. Мүнөзү чапчаң болуп туруп, анча эстүү эместердин пайдасына жеңилип берет. Жолборс жаныбарлардын падышасы болгондуктан текеберчилиги дагы арбын. Ага башкалар кошомат кылып турганын каалашат. Айтканын аткарып, жагынып, жазакерленип тургандарга алданып калышат. Сүйлөгөн сөздөрү менен жасаган иштери төп келбей калганын билгенде күтүүсүздөн эч кимге кеңешпей чечимин өзгөртүп жиберип каталыгын оңдоп кетишет. Тобокелдике баргандан коркушпайт. Көбүнчө акылга сыйбаган, кооптуу кадамдарды жасашат. - Акча, байлык дегендерге жолборс жылындагылар кандай мамиле кылышат? - Көздөгөн багытынан кайра тартпай ийгиликтерге жетишишет. Тобокелдике барып, бир чети акылга салып отурбай ишенимдүү, чечкиндүү кадамдарды жасагандыгы менен татыктуу жумуш жасап, байлык табышат. Алардын колуна байлык, бийлик таң калаарлыктай жеңил тийет. Жолборстар сараң же ичи тар эмес, март болушат. Анын дагы бир баалуу сапаты айкөлдүгүнүн, акылдуулугунун берметин сизге ушундай сүйкүмдүүлүк, достук ниетте бере алгандыктан сизди эч оңтойсуздандырбайт. Сиз жакшы кеңешке муктаж болуп турганда анын жардамга сунулган колу кандай гана зарыл экенин сезесиз. Жолборстордун жашоосун байлык коштоп турат. - Үй бүлөдө кандай ата, кандай жар болушат? - Ал балдарын, үй бүлөсүн сүйүп аларга кам көрөт. Бирок ачыгын айтканда үй бүлө өзүнөн кийинки экинчи планда. Анын балалуу болгондугунун башкы себеби жарын бактылуу кылуу, сүйүүсүн далилдөө деп түшүнсөк болот. Алар катуу, бирок керек убакта мээрман боло алышат. Намысыңызды кордобойт, сиздин ролду эч качан төмөндөтпөйт. - Быйыл кайсы кесипте иштегендер жолдуу? - Жолборс жылында ар ким өздөрүн ар кандай кесипке арнап иштермандыгын көрсөтүшөт. Жоокерлик мүнөзү күч болгондуктан багынбагандыктын туусун булгалап тоскоолдуктарды тоготпой эмгектенишет. Аскер тармак, чек арачылар, өрт өчүрүүчүлөр, өзгөчө кырдаал структурасында күч структураларында көрүнүктүү өзгөрүүлөрдү күтсөк болот. - Бул жылы жалпы эле баарыбызга кандай мүнөздөр тушугушу мүмкүн? - Көшөрүп орундуу далилдерди талап кылмай, адилетсиздикке, басмырлаганга чыдабаган мүнөз күтүп, буркан-шаркан катуу кетип, улуу иштерди коргоп, айрым баш ийбестиктерге жол беришибиз мүмкүн. Бирок жолборстун калыстыгы, айкөлдүгү, намыскөйлүгү, талашсыз чоң руху адамдарга жугуп, элди майдачылыктан сактап баардык маселелерди оптимисттик маанайда чечип алууга чоң жардам берет. Быйыл саясатка аралашып жан дүйнөсү жалындуу, көкүрөгүндө чырагы жанган, жоопкерчиликтен коркпогон, эл башкарууга жөндөмдүүлөр кызматка келишет деп ишенсек болот. - Жаңы жылдык каалооңуз? - Сиздердин гезиттин жалпы жамаатына ийгилик, ден- соолук. Калың калкымдын эртеңки келечегинде жагымдуу жаңылыктар көп болсун. Кападан алыс, кабактары жарык болуусун каалайм. Маектешкен Мирлан АЛЫМБАЕВ
Тагыраак көрсөткүчтөрдү Кыргыз Улуттук Банкынан табасыз: биерде >> Макала, чыгарма, жарнама...
Алексей Рощин
Назаралиев Ж.
Турсунбай Бакир уулу
Назаралиев Ж.
Кызык макала
|
|
|
| ||||||||||||||