Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Сырмаек

"Сүйбөгөн жардан сүйүктүү уулум бар"
Айжаркын Эргешова, акын, Жолон Мамытов атындагы сыйлыктын ээси:
- Айжаркын эже, канча китептин авторусуз?
- Алгачкы "Сиз" аттуу ырлар жыйнагым төртүнчү курста окуп жүргөндө чыккан. 2006 - жылы "Жүрөктөгү арал" аттуу китебим жарык көрүп, Алыкул Осмонов атындагы сыйлыктын дипломанттыгына татыды. Учурда "Шоокумсуз толкундар" аттуу ырлар, аңгемелер жыйнагын басмага даярдап жатам.
- Ырларыңызда кайсы темага басым жасайсыз?
- Адам баласы айтып, жазып бүтпөй турган бир гана тема бар, ал сүйүү темасы. Атага, энеге, балага, туулган жерге, анан - тагдырыңа ышкы болуп жазылып, бирок маңдайыңа бүткөн же бүтпөй калган, эң жакыныңа, ошол эле учурда азабыңа айланган адамга болгон сүйүү.
- Сиз алган жар жөнүндө айтып жатасыз да ээ?
- Нике, насип кайыптан буйруйт деп коёт. Бирок, атаганат, бардык эле адамдын тагдырына өзүң сүйгөн жанга жар болуу жазыла бербейт тура. Дүйнөдөгү эң бактылуу жандар - сүйгөн жанга нике буйруп, жакшы адамдар менен насиптеш болгон адамдар. Мен өмүрүмдө жакшы адамдар менен көп эле насиптеш болдум, бирок сүйгөн жанга нике буйрубады. Жолдошум абдан жакшы адам болсо да, өжөрлүгүм шорум беле, сүйө албай койдум. Биздин турмуш ажырашуу менен бүттү. Азыр сүйбөгөн жандан, сүйүктүү уулум бар.
- "Азабыңа айланган адамга болгон сүйүү" дедиңиз. Ошол сүйгөнүңүз барбы, же ырда эле жашайбы?
- Өмүрүмдө эки адам жанымды бейпайга салып, тынч күндөрүмдү буюктурган бороонго айландырды. Биринчиси, менден көп жаш улуу жан эле. Биз эч качан сүйүү жөнүндө сүйлөшкөн эмеспиз. Кээде "менин сезимдерим жөнүндө билет болду бекен?" деп ойлоп, буулугуп кетчүмүн. Кантип эле куйтулугу, арамдыгы жок наристе каттар, баладай баёо, жаштыктай жалындуу ырлар эч нерсе айтпасын. Билсе да, эстүү адам өз сезимин катып, мени аяды го. Анткени, бир жолу "Ыраазымын, бул жакшы нерсе, кудай сүйүүдөн, сүйүлүүдөн айрыбасын" деген эле. Ыр булактын көзүн ошол адамга болгон сүйүү менен ачып, менин аялдык бийиктигимди, тазалыгымды ошол наристе сезим периште болуп кайтарып, көп жылдар балапан сүйүүнүн деми менен жашадым. Ал сезим баланын тилегиндей таза, кол жеткис бойдон жашоонун бүктөмүнө сиңип, биз жөн гана жакын санаалаш, пикирлеш адамдарга айланып баратканда экинчи адам жолукту. Бул сүйүү турмуштун дал өзүндөй катаал, туюк, өжөр, эртеңдери белгисиз. Бир билгеним - сүйүүгө, сүйүлүүгө акым бар. Калганын көрө жатарбыз.
- Эже, күлкүлүү окуяңыздан айтып бербейсизби?
- Мейли, окуяларым аябай көп, балалык кезден айтып берейин. Мен сабактан жакшы окуганым менен абдан тентек, өжөр болчумун. Эсимде, алтынчы класста окуп жатканда мектепке врачтар келип, баарыбызды текшерүүдөн өткөрүп калды. Кудайберди деген алчы таасын жеген тапан балабыз бар эле. "Кыздар, силерди бүт чечинтип текшерет экен" деди. "Биз текшертпейбиз" дедим мен. Ал кезде чечинтет деген биз үчүн абдан уят эле. "Көрөбүз" дейт, Кудайберди ансайын өчөштүрүп. Кыздардын баарын уюштуруп, мектептен качып чыгып кеттик. Мектепке жакын жерде биздин үй бар болчу. Атам кошуна айылдагы мектепке директор болуп которулуп кетип, ал үй сарайы менен бош турчу. Кыздарды сарайга ээрчитип барып, сарайдын эшигинин алдынан сойлоп кирдим да, малдын кыгын чыгарган форточканы ачып, сырттагылардын баарын киргиздим. Балдар да ээрчип алган. Аларга эмне жок дейм да. Бала болбосок үн чыгарбай отурбайбызбы. Кайдан, сарайды үч көтөрүп чөп чачышып ойнодук. Бир оокумда эле завучтун үнү чыкты. Куду кинодогудай болуп, "кана бир - бирден чыккыла" дейт кыйкырып. Дымып отурабыз. Кээ бир кыздар ыйлап кирди. Агай биздин чыкпасыбызга көзү жетти окшойт, бою кыска Сейит деген агайды биз кирген форточкадан киргизип, өзү сыртта турду. Сейит агай форточкага улам бирден сүйрөп барып, Ташболот агайга башыбызды чыгарып берип, өзү артыбыздан түртөт, агай жакадан кармап туруп сыртка сүйрөп чыгат. Биз го кичинекейирээк элек. Бир аз бой жетип калган кыздар кофталары түрүлсө уялышат, кээси жанагы мен араң кирген эшиктин алдындагы тешиктен эптеп батып, сойлоп качып чыгышты. Баарыбыздын курсактарыбыз, билектерибиз форточканын, эшиктин кырына сыйрылган, аппак фартуктарыбыз, кофталарыбыз булганып, бетибиз бозала чаң. Ошол кебетебиз менен немистин солдаттарындай тизип, мектепке айдап барып, биз качып кетчүдөй кайтарып турушуп, мугалимдер көптөп врачка киргизгени эсимде. Класс жетекчибиз бул "побегди" уюштурган мен экенимди билип алып, жаакка бир чапты го. Негедир көгөрүп ыйлабай, врачка да кирбей койгом. Мындай эркек баладай тентек жоруктарым студент кезде да көп кайталанды. Университитетке барсам азыр да мугалимдерим ошол жоруктарымды айтып, "Университитеттин тарыхында эч ким сен жасаган жорукту даап жасай элек" деп күлүп калышат.
Авина Сманова




  Сандан-санга

БАЛАСЫН ИЗДЕП БОЗДОГОН ЭНЕ
Доктурга барсам балаң кыймылдап калыптыр, абортко болбойт деди. Мен жалдырап ыйладым. Доктур кайра түшүндүрө баштады: - ме, бычакты ал, - деди колума карматып - азыр тетиги кичине баланы алып келем - деп терезеден өтүп бараткан баланы көрсөттү - сен анын адегенде бутун, анан колун, башын тирүүлөй кесесиң, андан кийин денесин төрткө бөлүп бир тешиктен бата тургандай кылып кескилеп сууруп чыгасың?
- Эмнеге? - деп коркуп кеттим.
- Көрдүңбү, коркосуң, кесе албайсың, өлтүрө албайсың, а мени болсо өлтүр деп кыйнап атасың. Балаң ичиңде эле жатканы болбосо, кадимки бала да, дем алып, сен аркылуу азыктанып чоңойуп, жарыкка чыкканга даярданып атат. Ал наристени өлтүрүп бер деп мени кылмышка түртүп атасың.
Мен эңги-деңги болуп, эмне кыларымы билбей калдым. Бир курбума барсам, ал эжесинин үйүнө алпарды. Жакшы, түшүнүктүү, боорукер эжеси бар экен. Биз түшүндүрүп айттык. Ал, "анда ата-энең менен сүйлөшүп көрөйүн" деди эле "жо-ок" деп кыйкырып жибердим. Акыры жигитим менен сүйлөшүп, көндүрмөк болду.
Көндүргөнү барса, ал "бала менден эмес" деп так секирип кетиптир. Жок дегенде үйлөндүк деп бетин ачып кой, биздикинде жашай берсин төрөгүчө десе "сиз мага жалаа жапканыңыз үчүн сотко берем" деп коркутуптур. Ушунча жакшы сүйлөшүп, сен-мен дебей жүрүп эле эмнеге өзгөрүлүп калганына таң калдым. Нары-бери сүйрөшүп жүрүп акыры ошол аяш эжемкинде туруп калдым, үч айдан кийин төрөт үйдөн балканактай бала төрөдүм.
Баланы эмиз деп алып келгенде эмизбейм дедим. Эмнеге?- деп чаңкылдады сестра. "Мага кереги жок" - дедим эриндерим диркиреп. "Анда отказ жаз азыр, мага баланын кереги жок, мен деген сойкумун деп жаз" деп мени сүйрөп коридорго алып чыкты. Ручка, кагазды ыргытып берип, басып кетти. Мен минтип жаздым: "студент болчумун, жигитим алдап кетти, үйлөнбөй койду, төрөп койгонумду ата-энем укса өлтүрүп салат, ошол үчүн наристемен убактылуу баш тартам". Кагазды столдун үстүнө коюп, өзүм балдар жаткан бөлмөгө акырын өтүп барып, жалгыз калган баламды колума алып жыттадым.
Мен өпкөн сайын эмчек издеп оозун чормойтуп, тамшана берди. Жүрөгүм ачышып кетти. Полго отура калып, эмчегимди ачып оозуна салдым. Эмчегиме сүт толуп, оорутуп, чыдатпай аткан. Чопулдатып соро баштады. Аябай ачка экен, кагылайыным. Ээрип кеттим. Баламды жетелеп баратканымды эстедим. Атам барбы? - десе, атаң учкуч болчу, баатырларча курман болуп калган дейм. Баламды жаркылдатып жетелеп барсам ата-энем айласы жок кечиришет дедим. Ага чейин аяш эжемкинде жашай берем, окууму бүтөм, иштейм - деп кыялга чөмүп кеттим. Кайра-кайра жыттайм, жытыңан кагылайынымды, таштабайм, кудайдын жазганын көрөм да - деп оюмдун аягына чыга электе эшик шарак этип ачылып жанагы жинди кыял сестра кирип келди.
- Мынакей, бул жакта экен, эй акмак, сенин бул жакка киргенге кандай акың бар, отказ кылып алып кайра эмнеге алдың баланы, уурдайын деп ойлодуңбу?- деп чыңырып , мени жон талаштыра муштап жиберди. Ушунчалык катуу чапты эле, мен жүткүнгөндө эмчегим баламын оозуна тыгыла түшүп, какалып, чакалып баштады, эсим чыгып кетти. Жинди сестра өзү да коркуп калды. Нянка ала коюп, өйдө каратып көтөрүп далысына акырын чапкылап, сылап атып эс алдырса кайра эмчек издеп башын эки жакка буруп оозун чормойтуп ыйлап кирди.
- Эже, эмизип коёюнчу - десем, омий мынагу жинди неме го өзү, ой Гуля, милицияга чалчы, баланы муунтуп атканын бардыгыңар көрдүңөр го? Мен арыз жазам, кол коёсуңар, жөн кетпей өлтүрө кетейин деген экен да көрсө- деп алкылдап кирди. Гуля деген немеси "Эмчегиңди катпайсыңбы" - дегенинен карасам, көйнөгүмүн сыртында экен, сүт агып атыптыр. Балам какаганда ийип кеткен экен. Ошентип милиция чакырам деп доолуланып атып, мени сыртка түртүп чыгарды.
Палатама барып аябай ыйладым. Гулясы кирип келип:
- Тур, жатпа, милиция чакырып койду, качып кетип кал - деди.
- Эже - деп келатсам, - бол-бол, үлгүрбөй каласың - дейт.
- Эй эже, мен болгону эмиздим, өзүмүн баламы эмнеге өлтүрмөк элем? - десем, мен түшүнөм, бирок тигил старший да, ошонун айтканы менен болот- деди.
- Эже, мен отказ кылбайм, баламы алып кетем!
- Эмне? - деп далдырап тиктеп калды.
- Ошо.
- Анда сени камап салат.

Уландысы кийинки санда

Бурулкан КАРАГУЛОВА





кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"
email • архив • редакция 
1-апрель, 2009-ж.:
1-бет
Убадачыл
Данияр Үсөно

2-бет
Жер ээлөөчү Салымеков
3-бет
Үйүбүздөн үмүт кетти
4-бет
Абайла, кокуй Акүй угат
5-бет
Убадачыл, чоң бизнесмен
6-бет
Лариса Асанбекова, Академик парапсихолог:
"Саи Баба адамзатты кара күчтөрдөн куткаруу үчүн келген"

7-бет
Лейла Сыдыкова, ЖКнын депутаты:
"Бийлик оппозицияга биргелешип иштешели деп кол сунду"

8-бет
Астананы багынткан кыргыз балдары
9-бет
Жандүйнө
10-бет
"БАРДЫК НЕРСЕ КУДАЙДЫН БУЙРУГУ МЕНЕН"
11-бет
Сен тиккен теректер, сен калтырган келечектей сезилет
12-бет
"Сүйбөгөн жардан сүйүктүү уулум бар"
13-бет
"Олимпиадаларга барганда келгенче шашам"
14-бет
АЛГАЧКЫ САМЫН
16-бет
Назира Жетигенова, куудул:
"Аборт" жасатып, азыр сегизи калды











??.??