Май колго мазе болот

АЛГАЧКЫ САМЫН
Самын негизинен мал жана өсүмдүк майларынан, синтетикалык май кислоталарынан, жегичтерден ж.бдан жасалат. Пайдаланышына карата кир самын, атыр самын жана атайын (дары) самын болуп бөлүнөт. Самын катуу, суюк жана күкүм түрүндө болот.

Самын адам жашоосундагы эң зарыл каражаттардын бири. Өткөн заманда Мисир падышасы Хоп меймандарга сый тамак берет. Ашканада иштеген бир кызматкери этиятсыздыктан, жаңы эле сызгырылган кой майын байкабай очоктогу күлгө төгүп алат. Падышанын жазалоосунан үрөйү учуп, төгүлгөн майды дароо күлгө аралаштырып, бир нече кыш жасап коёт. Андан соң колун жууп, ушунчалык таза жуулганына өзү да таң калат. Мына ошондо гана май аралашкан күлдүн касиети болсо керек деп ойлойт. Ал колу кирдеп кеткенде кыш менен кайра жууп көрөт да, ырас эле анын чындыгына ынанат. Өзү менен чогуу иштеген ашпозчу, уста жана кызматчыларга да кышты пайдалануу үчүн берет. Алардын да колдору демейдекиден тазара түшөт.
Ошондон кийин ал кышты ашкана кызматкерлери бети-колун, майлык, чүпүрөк-чапырактарды жууп турганга пайдалана башташат.
Падыша Хоп казан башындагы иштеген кызматчылардын өңү-башы өзүнүкүнөн да таза экенин көрүп таңданат. Хан сүрүштүрүп, бул сырдын түп маанисин билет. Тиги жаш кызматкерге өзүнө да кирпич жасап берүүнү буйруйт. Кызматкер пайдаланууга ыңгайлуу болсун деп, кой майы менен күлдү аябай аралаштырат да, аны чакан-чакан кыш кейпине келтирип, шамалга кургатат. Анан ханга аларды пайдаланганда кез-кези менен сууга салып туруңуз деп кеңеш айтат.
Ошондон кийин бул кыш-самын Мисир өлкөсүнөн Швейцарияга, Рим ж.б. өлкөлөргө тарайт. Бирок ошол доордо адамдар кой майы аралашкан күл аркылуу кол менен беттин тазарышынын сырын далилдеп бералышчу эмес.
Доорубуздун аалымдары бу сырдын түйүнүнө жетишти. Эзелтен бери күлдө натрий кислотасы бар болуп, ал тазалоо касиетке ээ экендиги талашсыз. Анын үстүнө кой майында ээритүү, жумшартуу касиети болгондуктан күл менен аралашканда кирди тазалап кетирүү өнүмү ого бетер күчөйт экен. Ошондон улам кийинчерээк Англияда дүйнөдө биринчи болуп самын чыгаруучу завод курулган.


К ир самын: үй шартында колдонуу үчүн 70 жана 72%дуу май кислоталарынан жасалат. Бул самын саломас май аралашмасынан (күн карама, пахта, буурчак ж.б. өсүмдүк майларын гидрогендеп алынган катуу май), синтетикалык май кислоталарынан, суюк өсүмдүк майынан жана канифолдон даярдалат. Самын эритмесинде дайыма аз өлчөмдө жегич шакар болуп, ал кир жууганда жүн жана жибек жипти жеп жиберет. Кир самын менен колду, денени жана башты жуушка болбойт.
Атыр самын: 77, 78% май кислоталуу жогорку сапаттагы май (уй, чочко, кокос майы, май аралашмасы) менен синтетикалык май кислотасына жыттуу заттар, боёктор жана атайын кошумчалар кошулуп жасалат. Сууга эригенде атыр самын жегич каиетке ээ, жууганда терини кургатып дүүлүктүрөт, ошондуктан анын кээ бир түрүнө майлоочу заттар кошулат. Катуу атыр самындын дарылоочу жана дезинфекциялык касиетке ээ атайын түрлөрү да чыгарылат.
Суюк атыр самынына: күн караманын кориандр, кокос майлары, жегич калий, суу-спирт, глицерин, жыпар жыттуу заттар кошулат.
Күкүм самынга: соода (кир жууш үчүн) жана крахмал (сакал-мурутту алуу үчүн) кошулат.