Сахнатөр

Назира Жетигенова, куудул:
"Аборт" жасатып, азыр сегизи калды
- Жакында концерт коёюн деп жаткан турбайсызбы?
- 15 жылдан бери шоу чөйрөсүндө жүрүп өзүмдүн жеке концертимди чоң максат менен берип жатам. Мындан үч жыл мурун Жакып Сыдыков экөөбүз "Таңдай тамаша" аттуу концерт бергенбиз. Канчалык чыгынып аракет кылсаң деле бары бир убак сааты чыкмайынча болбойт экен. Кудай буйруп пешенеме жазып коюптур ушул жылы ушул убакта концерт бересиң деп. Азыркы учурда концертимди берейин деп жүгүрүп жүрөм. Эл эмгегимди бааласа концертиме көп келет, жакпай калсам аз келет. Буюрса жакшы болсо экен деп тиленип атам
- Жеке концертиңизди өзүңүздүн туугандарыңыз менен өткөрөйүн дедиңизби?
- Негизи биздин үйдө таланттуулар көп, бардыгыбызды жараткан алтын апакем таланттуу. Кичинекейибизде бизге ырдап берчүү. Апам кызым үчөбүз дует ырдайлы деп жатабыз. Төрт кызбыз Алина, Назгүл, Назира, Надира ушул төртөөбүз энебизге рахмат айтып Лариса Асанбекованын сөзүнө жазылган "Энекем" деген ырды апама арнап ырдайбыз. Алпаруучулар Алина Жетигеннова менен Мирлан Жетигенов болот. Эжекемдин кызы Асел өзүнүн бийин элге тартуулайт, Азиз Жетигенов, менден кийинки сиңдимдин баласы Даниел да ырдайт. Ал мурун Сауле менен 5 жашында ырдап жүрчү, азыр он жашта. Андан тышкары менин курбу кыздарымды да ырдатайын деп турам. Арасында орусу да, негири да бар. Досторум менен Бек Борбиевдин "Досум" деген ырын ырдайбыз.
- Концертке өзүңүздөрдөн башка ырчылар катышабы же?...
Башка ырчылардан Айгүл Чалова, Роза Шакирова, Нурбек Дайырбек уулу, Райхан Абдувалиевалар катышат. Роза, Нурбек үчөөбүз дует ырдайбыз. Андан сырткары циркке катышып үйрөнгөн опуттарымды көрсөтөм, шише тебелеп, оттон секирем. Азыркы учурда окутуп жаткан окуучуларым да бар. Алар дагы биринчи жолу сахнага чыгып биринчи тушоосун кесишет.
- Окуучуларды кантип тандайсыз?
- Мектеп окуучуларын албайм дегем. Студенттерди, отузга жакындап калган балдарды алдым. Булардын арасында 7-класста окуган бир кенже балам бар. Окуучуларымдын баардыгы өзүмөн кичүү. Жети эркек бир кыз, ушул сегизөө тең концертиме катышат.
- Жаштарга караганда, чоңдорду үйрөткөн кыйыныраак болсо керек?
- Өзүңдүн башыңа түшпөсө эч нерсени билбейт экенсиң. Ойдо жок жерден минтип иш баштап алдык. Анан куудулдарды, ырчыларды тандоого кириштик. Телевидениеге кастинг жарыяладык. Ага алтымыш киши келген, алардын ичинен он бешин тандап алгам. Бири айылдан келет, бири шаардан келет дегендей, ары-бери басышат. Алардын баардыгына айтып отуруш өтө эле кыйын. Менин айтканымды угуп, ары жакка баргандан кийин өз билгендерин жасашат. Кыйынчылык болду, анан "Аборт" жасап отуруп, азыр сегизи калды. Сегизин деле кароо мага кыйын болуп жатат. Ар биринин кыялы ар кандай, ар бирин үйрөтүп, тарбиялаш кыйын эле. Мага чалып дагы окучуларды аласызбы деп сурагандар көп, азырынча ушуларды эле өстүрүп алайынчы, кийин кыйын болуп сатираларды жазып калсам дагы көрөм.
- Эми балдарды тарбиялап сахнага алып чыктыңыз дейли. Анан кийинкиси кандай болот?
- Ар биринин өзүнөн да. Мисалы биз Алина эжемдин тобунда жүргөндө, Мирлан Жетигенов, Азиз Жетигенов, мен, Нурлан Намазбеков, Фарида Карбосова дагы көп эле окучулар бар болчу. Арасынан тырышып аракет кылгандарыбыз чыктык, аракет кылбагандар өздөрүнүн турмушун улап кетип калышты.
- Цирктен кандай пайда, кандай зыян таптыңыз?
- Пайдалуу жактары көп эле, үйдө жатып чарчагандан көрө, иш кылып чарчаган жакшы. Үйдө жатсаң ар нерсени ойлойсуң, ооруйсуң. Бул жерде жүргөндө убактым текке кетпей, арыктадым. Кичинекейимде клоун болом дечүмүн, асмандагы жылдыздарды карап мен дагы ушинтип учсам деп. Ошол тилегиме жеттим десем да болот. Жакшы ийгиликтерге жетип 50 000 миң сом алдым.
Ал эми зыян тапканым болсо, мени үйрөтккөндөр эч нерсе болбойт, эч жериң күйбөйт дешкен. Эшикте шамал болуп жатканда от жагып секиртишти биринчи жолу, үч метрди үч жолу аттасам, антпе китаянкалардай болуп өтүш керек деди. Залга киргенде отко бутум күйдү. Көрсө керосинди куюп сиңгенден кийин анан от жагат экен. Алар болсо куяр замат тутантып жиберип от алоолонуп кетпедиби. Бирок, элдин көбүнөн, ыйлагым келсе да күлүп билгизбей өтүп кеткем. Аржака баргандан кийин күйгөн жеримди үйлөп атам.
Эртеси телевидениеге тартмак, бутума суу толуп, шишип кетти. Экинчи күнү элдин көбүнөн эле сахнага чыгып кеттим. Басканда ачышып, көзүмөн жашым тегеренип-тегеренип кетти. Шише тебелегенде ыйоганын өзүнүн сырлары бар экен. Мен аны менен дайыма машыкпагандан кийин көп сырларын билбей тебелей бердим. Бутум шишеге тилинип да жатты. Тилинбей калса элге бутумду көрсөтүп коем, тилинип калса чокоюмду кийип алам. Артыма дагы ийне сайып жатты го, ошол аябай эле зыян экен. Ийне денеге киргенде кээде кан чыгат, ийне таза эмес болгондуктан ар кандай микробтор кириши мүмүкүн экен. Ошондон бери аны менен алектенбей калдым.
- Жеке турмушуңуз жөнүндө айта кетсеңиз?
- Жеке турмушума келсек, эки кызыма тарбия бергенге да убактым жок. Көбүнчө апам тарбия берип жатат. Кээ бир күндөрү бир жуманын ичинде Кыргызстандын ичин кыдырып коесун. Жакында эле концертиме даярданып жүрсөм, чакыргандар көп болуп, Нарын, Ысык-Көл, Жалалабад, Кочкорлорго барып келдим. Барбай койсоң да болбойт. Жеке турмушумдун бары эле жолдо, машинада өтүп жатат десем да болот. Концертимди өткөргөндөн кийин күйөөгө тийип, мен деле аялга окшоп үйдө отурсам дейм. Үйбүлөлүк жашоону аябай сагындым. Күйөөгө тийейин десем ылайыктуу эч ким жок.
- Мага жубай бол дегендер көп болуш керек?
- Көп эле бирок кимисин тандарымды билбей жатам. Кыздарымды турмушка бергенден кийин, өзүмө ылайыктуу бир абышка таап, кучактап жатармын.
- Эсиңизде калган кызыктуу окуялардан айтып берсеңиз?
- Кичинекей кезимде тоок сарайга кирип алып, тооктор тууру менен жумурткасын алып ыссык кезинде ар кандай форма жасап элге сатчумун. Биздин тооктор ушундай жумуртка тууйт деп алдап.
Апам урушканда тоок сарайгай кирип кетсем, апам батпай уралбай калчу.
Алина эжемдер үйгө кирип алып ырдап даярданышчы. Мени болсо эшикке калтырып үйгө киргизбей койчу. Мен терезеге тырмышып чыгып алып Алина, Наргиза жинди деп аларга тийишчүү элем.
Айзада Жеңишбек кызы