"Асылзат"
Сынактын шарты, жума ичиндеги СМС добуштардын жыйынтыгы менен сүрөөн сынакта эң көп упай топтогон асылзатты финалга чыгарып, добуш ала албай калган айымдарды сынактан четтетебиз. Сынактын жалпы жыйынтыгын февраль айында чыгарылып, баалуу белектер ыйгарылат. Ал үчүн чөнтөк телефонду колго алып татыктуу деп эсептеген айымыңызга колдоо кылып, "1032" кыска номерине "А" тамгасын жазып СМС жибериңиз. Кана эмесе чамдаңыздар!
Эскерттүү: Каралаган же сөккөн СМСтер жарыяланбайт!

"Аял деген үч тамганын ичинде, ай-ааламды титиретчү күч турат" сөз эмес бекен! Бейиш эненин таман алдында дейбиз, анын сыңарындай азылзадаларыбызга айта берсе сөз түгөнбөйт. Сөздүн гүлүн, ырдын берметин арнап, ашыктык секетпайларды жаратсак неге жарашпасын. Назик үлбүрөгөн гүл сымал айымдар, кайраты тоону бузган коомдук ишмерлер, маданиятка чыйыр жол салган айтор элибиздин жүгүн көтөрүп эл арасында кадыр-барк тапкан асылзаттарга арнай турган сөзүң болсо эч аянба. "Асылзат" айымдарыбыздын сынагы сиздердин таразаңыздарда. бул жуманын жыйынтыгында эң көп добуш алган Айдай Самиева аптанын асылзаты аталды. Күйөрмандарынан добуш ала албаган ди-джей Нурзада Жолдошва жана Нурайым эң аз добуш алган Айдай Самева сынактан четтетилди. Сүрөөн сынакка ЖКнын Депутаты Чолпон Султанбекова актриса Элина Абай кызы кошулду.


Айгүл Рыскулованы колдойм. 05550020хх. Айгүл Рыскулова, алдыга. 07721747Ххх. Айгүл Маратбековна. 0555хх2018. Айгүл Рыскулова алтын айым. 05528000хх. Айгүл Рыскулова. 05550040хх. Айгүл Маратбековна сиз менен сыймыктанабыз. 055500хх24. Айгүл эжеге ийгилик.07706500хх. Айгүл эже канча жылдан бери түз, таза иштеп келатат. 05566824хх. Айгүл Рыскулованы сүйөм! 05587541хх.
***
Айдайды сүйөм. 05564219хх. Айдай, сенин күйөөң болсо ажырашчы,сени алайын, өмүр бою сүйөм. 0556хх1975. Айдай Самиева сени өмүр бою сүйө берем, баары бир сүйөм. Бейтааныш жигит. Айдай Самиеваны өлө сүйөм, сени алсам болобу? 05568754хх. Айдай жакшы айым, боорукер, кайрымдуу. 07788541хх. Айдай сексуалдуу, сулуу, айчырай айым. Жезбай. Айдай, сен суперсиң! 05564219хх. Айдай жаным, сени 5-каналдан карап сүйүп отурам жаным. 05564219хх. Айдайды жактырып калдым, мага турмушка чыгасыңбы? 05544789хх. Айдай Самиева сени сыйлайбыз. Кесиптешиң.

Наргиза сулуулардын сулуусу! 05438209хх. Наргиза байыркы кыргыздардын жүзүн сактаган сулуу! Бакыт. Наргиза акылдуу, намыстуу теле алып баруучу. Наргиза адептүү жана назик кыз. Азамат. Наргиза Курманжан энебиздей атактуу азылзат болсун. Бегимай. Наргиза таланттуу, адептүү сулуу. Нурлан. Наргиза, сени сүйөм. Улук.
***
Гүлназдын үнүн угуп алып эле жыргай берем. 0556хх0024. Гүлназ күйөөң жокпу, сен менин ардагымсың? 07785487хх. Гүлназ, ты супер! Жеңиш. Гүлназ жаным, сени сүйөм. Болсунбек.
***
Кундуз, сенин фигураң жагат мага. Азамат. Кундуз кайда кеттиң, дайының жок. Сагындык. Кундуздан кызгана берем. 05577788хх. Кундуз менин сүйүктүүм болчу. 07796547хх.


Редакциябызга окурмандардан ар кандай каттар келүүдө. Ошол себептен биз "Справочный бүйрө" деген жаңы рубрика ачтык. Урматтуу окурмандар жан дүйнөңүз сүйүнүчкө толуп, же коомдогу ар кандай кырдаалдар жан дүйнөңүзгө тынчтык бербей атса биз менен сыр бөлүшүңүз. Куттуктоо, сүйүү, жакыныңызды издеп жүргөн болсоңуз бизге СМС жөнөтүңүз. Сурооңуз болсо жоопсуз калтырбайбыз


Текебаевдин кадыры
Саламатсыздарбы "Асман пресс" гезитинин жалпы жамааты. Мен өз оюмду сиздердин жаңы ачылган рубрикаңар аркылуу билдиргим келди.
Өлкөбүз турукташып, өкмөттүн жаңы курамы кандай болот деп түнкү 11ге чейин уктабай сыналгыны тиктедик. Спикерликке талапкерлигин койгон Текебаев акыры өз максатына жетти деп жаткан элек. Бирок, ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет белем, айтор добуш берүүдө өзүнүн партиялаштарынан колдоо ала албай калгандан кийин сөз айтуунун кажети жоктур. Коалиция түзүүдөн да баш тарткан соң, Текебаевдин кадыры түшкөнбү деген тыянакка келдим. Өмүрбек Чиркешовичке кудайым оппозиционер болууну гана насип эткен окшойт. Нурбек.

Сен деп зарлаган жалгыз мен болбосом керек
Саламатсыздарбы, "Асман пресс" гезитинин жалпы жамааты. Арзыган адамыма сүйүүмдү сиздердин гезит аркылуу билдирүүнү чечтим. Кыздык намысымды жыйыштырып, Мирхамид Токтогуловго болгон арзуумду билдиргим келди. Жоомарт алгач жаштар кыймылы менен чыкканда бир көрүп жүрөгүм болк дей түшкөн. Карап турсам жаратканым сенден эч нерсесин аябаптыр, бардык жагың төп келген ашыкча сулуусуң. Кара курч көздөрүң ар бир кыздын жүрөгүнө сайылган канжар. Сен деп зарлаган кыз жалгыз мен болбосом керек. Бирок, Мирхамид бир гана кыздын багына жаралган экен. Үйлөндү дегенди укканда асманым түшүп кеткендей эле болгом. Өзүмчө аны кызганып, эркектерди көргүм келбей, айтор ал учурдагы абалымды бир гана кудай билет. Кантейин мен баары бир сага жетпейм. Сен бактылуу болсоң, мен өзүмдү бактылуу сезем. Сен менин жүрөгүмдө түбөлүккө жашайсың. Асел.


Шыкмаматов
кыздарга шыктуубу?
"Алмамбет Шыкмаматов интервью алган журналист кыздардын бардыгын эле агенттикке кызматка чакыра берет экен деген чынбы?" деген суроону Майрамбек аттуу окурманыбыз жөнөткөн. Төмөндө сурооңуздун жообу.
Алмамбет Шыкмаматов:
- Калп. Маселен, сиз менден интервью алып жатасыз. Сизди чакырган жерим жок го. Бизде журналисттер иштей турган кызмат жок. Агенттикте пресс-служба бар. Ал жерде беш кишибиздин орду турат. Кызматкерлерибизди кызматтан кетире албайбыз. Бул мага жабышкан миңдеген ушактардын бирөө десем болот.


Айнура неге муңдуу ырдайт?
Жаңы чыгып келе жаткан ырчылардын бири Айнура Салахидинова кайгы, арман, муң тууралуу эле ырдай берет. Жаш сулуунун мындай ырларды ырдаганынын себеби болсо керек. Сиздердин рубрикаңардан пайдаланып сүйүктүү ырчымдын эмнеге мындай ырларды ырдаарын билип берүүңүздөрдү өтүнөм. Кубат.
Албетте урматтуу окурман, сиздин сурооңуз жоопсуз калбайт. Анда сүйүктүү ырчыңыздын жообун окуңуз.
Айнура Салахидинова:
- Шаңдуу ырларды ырдаганды деле жакшы көрөм. Репертуарымда мындай ырлар бар. Билбейм, кайгылуу ырлар эмнегедир жүрөгүмө жакын. Убагында башыңдан өткөн үчүн, кандайдыр бир сезимдерге кабылган үчүн ушундай чыгармаларды аткарасың деп айтып калышат эмеспи. Менин дагы жашоомдо сүйүүдөн көңүлүм калган учурлар болгон. Балким ошого байланыштуудур.


Даярдаган Махабат Сексенбаева