Сахнатөр

Денис Бобков, музыкант:
"Өзүмдү ырчы деп эсептебейм"
- Маегибизди майрамдардан баштасак, махабат майрамын кандай тостуңуз?
- Майрамдаган деле жокпуз. Себеби, жакында боло турган "Досум Үсөн" тобунун 40 жылдыгына арналган концертке кызуу даярдык көрүп, жумушта болуп атам. Жаңы ырларды жазып, убакыт аз.
- Жанеттанын эң биринчи берген белеги эсиңизде болсо керек?
- Биринчи белеги эсте жок. Акыркы жолу 14-февралга карата сакал алган набор берди.
- Акыркы кездерде жалаң жубайыңыз ырдап, сиз көрүнбөй кеттиңиз го?
- Негизи мен өзүмдү ырчы деп эсептебейм, жөн гана музыкантмын.
- Жанетта чет жакка көп чыгат, жалгыз жиберүүдөн коркпойсузбу?
- Жок, коркпой эле жибере берем. Көпчүлүк эркектер кызгангандан улам көп жиберишпесе керек. Мен кызганбайм деп айтпайм, бирок чеги менен гана кызганам. Маселен, гастролго деле жалгыз кете берет.
- "Кызганганым" сүйгөнүм дегенге кошуласызбы?
- Ооба, адам деген сүйбөсө кызганбайт да.
- Үй-бүлөдө кимиңер кызганчааксыңар?
- Үйдө Жанеттага караганда мен көбүрөөк кызганам. Жанетта кээде гана кызганат. Үйлөнгөндөн бери 10 жыл ичинде 3-4 ирет кызганган болуш керек. Жумушум кеч бүтөт. Эртең менен кетип, кечинде 1-2 лерде келем, түшүнөт. Кайда жүрдүң, эмне кылып жүрдүң деп сурай бербейт.
- Үйдө кайсы тилде сүйлөшөсүздөр?
- Үйдө эки тилде тең сүйлөшө беребиз. Көбүнчө орус тилинде сүйлөйбүз. Балдар деле ошондой сүйлөшөт. Кичүү балам кыргызча жакшы сүйлөйт. Кызым болсо аралаштырып сүйлөгөнү менен орусча көбүрөөк сүйлөйт.
- Кайын журтка барганда күйөө балалык милдетти аткарасызбы?
- Колумдан келишинче бардык милдетти аткарганга аракет кылам.
- Сойкуга барбаса да, солго баспаган эркек жок дейт. Сизчи?
- Адам болгондон кийин оңго, солго басышат. Солго баскан эркек солго басып атам деп кеңири айтмак беле. Кудай сактасын дейли. Коомчулуктун адамы болгондон кийин түз жүрүш керек. Барган эркек деле бардым деп айтпайт го.
- Куран окуй аласызбы?
- Жок, куран окуганды билбейм.
- Атаңыздан акыркы жолу качан келтек жегенсиз?
- Эсимде деле калбаптыр. Балким, жыйырма жыл мурун мектепте окуп жүргөндө болсо керек. Бир жолу уруксатсыз машинасын айдап чыгып, сүзүп алганда таяк жесем керек.
- Окуучу кезде кайсы сабакты жаман көрчү элеңиз?
- Физика сабагын жаман көрчүмүн.
- Тентек белеңиз?
- Бардык эле эркек мектепте тентек болот да. Мен деле тентек болчумун.
- Мектепте көп эле кат алышып-беришип калсаңыз керек?
- Кыздарга кат деле жазган жокмун, бирок кыздар үй телефонго көп чалышчу. Кыздар чалып жатканда кээде трубканы алчу эмесмин. Атам кээде кыздар чалып атса жооп берип койбойсуңбу деп калчу.
- Жаныңыздагы жарыңыз атактуу адам болот деп ойлочу белеңиз?
- Жок, андай ой келген эмес.
- Атактууга жолдош болуу, анан да уул болуу кыйын болсо керек?
- Эми мен аны айта албайм. Анткени, мен өзүм кошо аралашып жатпаймбы. Жанетта экөөбүз эки чөйрөдө болсок балким кыйыныраак болмок. Экөөбүздүн багытыбыз бир эле болуп жатпайбы.
- Жакында боло турган концертиңизден эмне өзгөчөлүк күтсөк болот?
- Өзгөчөлүк деп 40 жылдын ичинде "Досум Үсөндө" ырдап кеткен бардык солисттер чогулат. Азыр ошого жаңы ырларды жаздырып, эски ырларды дагы жаңыча иштеп чыгып жатабыз. Буюрса жакшы болот деген ойдобуз.
- Өзүңүз ырдайсызбы?
- Жок, мен ырдабайм.
- Орус оюндагысын кылат дейт го, сиз да ошондойсузбу?
- Бул макал жөн жерден айтылып калган эмес. Толугу менен кошулам, оюмдагы нерсени бербейм. Муну Жанеттадан сурасаңар кенен айтып берет.
- Турмушта адам болгон сайын болсо экен дейт эмеспи, сиз ушул жашооңузга канааттанасызбы?
- Жубайым, балдарым бар, аман-эсен. Ыраазымын ушундай жашоого. Ден соолук болсо эле баары болот.
- Үйдө кандай атасыз?
- Кандай ата экенимди айта албайм. Балдарымды катуу деле кармабайм. Бирок, Жанеттага караганда мени көбүрөөк угушат.
- Жанеттага ашканада каралашасызбы? Келинчегиңиздин кайсы тамагын жактырып жейсиз?
- Жанетта көп тамакты жакшы жасайт. Алардын ичинен мантысын сүйүп жейм. Ал эми ашканага көп аралашпайм. Жетишпей жаткан учурунда кээде жардам берем.
- Жанетта үйдө кандай кожойке?
- Мыкты кожойке деп айта алам. Кээде экөөбүз тең кеч келип калган учурубуз болот. Мындай учурда Жанеттага даамдуу тамак жасаш үчүн 5-10 мүнөт жетет. Анан досторум тамакты жакшы жасайт деп макташат. Аялдарыбызды жибериш керек экен үйрөтсүн деп калышат.
Махабат Сексенбаева