Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


  Бирбүркүм

Түлеев президент болот дейт
Парламенттик шайлоо болот десе баары бапырап партияга биригип, соодалашып шайлоого аттанышкан. Жалган убадаларды жаадырышып, депутат болсом күн сайын кабар алып, керек болсо эшигиңерди шыпыртып беребиз дешкен. Депутат болуп, көксөгөн креслого жетишти. Көптөн күткөн кресло ушул эле турбайбы деп, кайра башка жакка өтө башташты. Касам ичишип аттангандардын арасы алыстап, президенттик шайлоо башталганы жеке амбициясы күчөп, өз камын көрө башташты. Айрым партияларда көч башында болом деген лидерлердин баары бир казанда кайнабай, бирден хан болобуз деп жүгүрүп жүрүшөт. "Ата-Журттагы" эрендерден экөө жакында кол алышып, эки багытка түшүшкөн имиш. Нариман Түлеев, Ташиевге "Камчыке, мени камактан алып калдын, шайлоодо сага электорат топтоп бердим, муну бир-бир дейт. Ортобузда аласабыз дагы, бересебиз дагы жок, эми мен дагы өз оокатымды кылайын" деп келээрки президенттикке кам көрүп жүрөт дейт. Атажуртчулар ичи ушинтип бир лидерди чыгара албай, ар кимиси өзүн шер ойлоп аткан имиш. Парламенттик шайлоодон утушту эле, эми президенттик шайлоодон бириндеп кетиши ыктымал.


Атамбаев шайлоого барат
Президенттик жарышка аттанчулар четинен чыгып атыр. Премьер-министр Атамбаев шайлоого барар-барбасымды майда айтам деген экен партиялаштары, депутаттары чырылдап, анда кеч болуп калат деп атышат. Алмаз мырза көпчүлүк партиялаштарынын алдында калп эле кийин айтам деп коюп, тымызын иш баштаган белем. Партия башы Болот Отунбаев өткөн шайлоодо маарага жетпей, бирок жакшы добуш алган жаш партия өкүлдөрү менен кезигип, кепке келишип атыр. Арасында "Мекен Ынтымагы", "Каганат" партиянын барандуу өкүлдөрү Отунбаевдин огородуна кирип, кызмат аркалап башташты. Баса, "Мекен Ынтымагы" партия башчысы Асанбеков Отунбаевге чабарман чаптырып, Атамбаев шайлоого барбайт экен, бизге иштебейсиңерби кыязында кыйыткан экен, Болот мырза болбойт, шайлоого барабыз дептир.


Басмакананы басып алышабы?
Американын колдоосу менен сөз эркиндигине көмөк катары "ММКларды колдоо борбору" деп басмакана ачылган. Кудайга шүгүр өз тарыхында эркин гезиттерге далай ирет көмөк кылган. Чоң муштум президенттердин барында да бу басмаканага каран түн түшкөн эмес эле. Өздүк кылып алам деп кызыккан да жан болгон эмес. Максим да маани берген эмес. Азыркы демократиялык заманда жылтыр жерди көрсө жыла басып барып баса калган жылма жүздүү бийликте отурган адам чыкты. Азырынча атын айтпай туралы, ушу адам бу басмакананы да басып алууга далбастап атыр дейт. АКШ элчиси ушундан арачалап калыш үчүн басмаканага барып акыбалын сураганы туру. Кудая тобоо, Максимден кутулдук деп кудуңдап атсак, жана бир желмогуз пайда болду.


Отунбаева жөө,
Келдибеков "төө" менен кыдырды
Ажо айым Таласты тегеренип, Нарынды кыдырып чыкты. ЖоКенин төрагасы Акматбек Келдибеков, түштүктөгү сапарын абдан шаңдуу кылып, артына 5, алдына 5 МАИ, булуң-бурчтарга милиция кызматкерлерин сайып, саксактап барды. Аны көргөн жергиликтүү эл "өзүнүн жеринде муну бирөө жеп алмак беле, эркин келсе болмок" дешти. Акмат мырза анчалык эси чыгып эмне болду экен же өз жериме эркелеп алайын деди бекен. Ажо айым андан айырмаланып, кийимине тагып алган күмүштөрдү эске албаганда, абдан жупуну барды. Колдоп, коштоп жүргөн министр, чоңдорду бусикке тыгып, картежди узартпагыла деп катуу тыйып салыптыр. Жылуу машинеде, жайлуу кыдырууну каалаган май көчүк министрлер, бусикте жаман эле болушуптур. Айтымда бир жерде дагы союш сойдуруп, май көл, сүт көл кылдырбай, рагу, плов, беш бармак эле жегизиптир. Губернатор кошомат кылып, элди чогултуп, күтүп алууга камданган экен, ажо айым аны зекип, суукта буларды эмне тоңдурдуң деп такалап, күтүүсүз 6 мекемени текшерип, жупуну жерде медиктер менен бетме-бет отуруп баарлашты. Анан кошомат кылган дүжүрлөргө, "мөөнөтүмдү узартпайм, мен Акаев, Бакиев эмесмин" деп жаактарын жап кылды. Баракелде, Роза эже!


Жапаров жалгыз калдыбы?
Акылбек Жапаров "Ар Намыска" келгени ичтен иритип атыр деген кеп акүйдү аралаганына көп болду. Дегинкиси Жапаровдун автобиографиясы ушундай. Башында атамбаевчил анан бакиевчил эми куловчул боло калды. Эми кайсыл жээкке барары кызык болуп туру. Өткөндө жалаң нарындык журналисттерди "Соң-Көл" ресторанында максат, маанисин айтпайле жердеш катары сыйласа, кечээ 23-февраль эркектердин майрамына карата "Пекин" ресторанына жалаң нарындык эркек журналисттерди бөлүп чакырып чай берди. Ойлойт экенсиң Жапаров Нарынды бөлүп алгысы келип атабы деп. Көрсө, Нарынга батыш үчүн жасаган жан алакети тура. Дегеним, Кочкордун тың чыкмалары Акылбек мырзаны ары түртүп, катарларына кошпой жатышыптыр. Баса, 8-мартка карата азыртан эле нарындык аял журналисттер камдана бергиле…


Сулайманбеков "сугунганда"
Шайтандын чоңунан кичинеси жаман дегендей, бийликтеги чоң кызматтагы аткаминерлерди айланчыктап, алардын жеп ичкенин тизмектеп отура беребиз. Тоң районунун мурдагы акиминин орун басары Кубан Сулайманбеков, кызматтан "жеп, ичти" деген элдин даттануусунан кеткен дешет. Кайра жөн отурбай, Мамкаттоодон, "экономист" деген жок штатты ачтырып алып, кайра кызматка келип алганына жергиликтүү эл абдан капа болуп атышыптыр. Убагында бир дагы документти парасыз бүтүрчү эмес экен. Сол чөнтөккө солоп атып, райондук мамкаттоонун начальниги болуп турганда 18 миң АКШ акчасына УАЗ "патриот" унаасын алган, эми дагы жөн отурбай кайра келип, биздин каныбызды сормой болду деп жергиликтүү эл кабатыр болуп кулак кагып атышат.


"Асман пресс"








кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"
Яндекс.Метрика