Шишкебек

Майрам Акаева:
"Мен бир гана Президентти билем"

Экс-президент Бакиев мекендеген Белорусиянын борбору Минскиде илимий конференция болуп, ага мурдагы 1-айым, профессор Майрам Акаева да чакырылып доклад жасады. Андан соң Акаевага илимий суроолор биринин артынан бири берилип атып аягы саясат менен коштолуп кетти. Ошентип Казакстандан келген окумуштуунун суроосуна Акаеванын жообу.
- Бакиев сизге келип учураштыбы?
- Ал ким эле? Мен андай кишини билбейм да, тааныбайм да.
- Кантип тааныбайсыз? Экс-президентиңерди тааныбайсызбы?
- Мен Кыргызстандын бир гана биринчи президентин Аскар Акаевич Акаевди билем.
- Бакиев президент болгон жок беле?
- Жок. Ал 2005-жылы зомбулук, криминалдык жол менен мамлекеттик төңкөрүш жасап мыйзамсыз түрдө бийликке келген. Кыргызстанды манкуртка айландыргысы келген. Бирок, улуу кыргыз эли анысына чыдаган жок. Себеби, элибиз Эркиндикти баарынан жогору баалаган байыркы эл.
- Отунбаева президент эмеспи?
- Ал убактылуу президент болду го өзүнүн айтымына караганда.
- Сизге Отунбаева рахмат айтканын Казакстандын ММКларынан окуп калдым, чынбы?
- Ал ыраазычылык сөздү жеке мага гана эмес, менин кайрымдуулук иштериме көмөк болуп бир иштешкен бүт мээримчилер менен СОСчуларга деп ойлом.
- Азыр Бакиев кирип келсе бир сөз айт деп кудай сизден суранса эмне дээр элеңиз?
- Манкурт, канкор деп эки сөз айтат элем!
Окумуштуулар Майрам айымдын жообуна канааттандыбы же диалогду токтотууну көздөштүбү, айтор, дүркүрөтө кол чаап жиберишти.
Минскиден атайын кабарчы Ж. Жаманкулова




  Жыңайлак баскан издер

Окшошкондор
Дүйнөдө окшоштуктар көп. Мисалы, адамга адам окшош, малга мал окшош, саясатчыга саясатчы окшош дегендей. Ал эми биздин тамтыгы кеткен кыргыз саясатында окшоштуктар (саясатчылар жөнүндө айтып жатам) абдан көп санда экен. Албетте, алардын окшоштуктары оркойуп көрүнүп турса жашырып көмүскөдө сактай албайт экенбиз да. Андыктан, "саясий эгиздердин" айрымдарын эл алдында санап берели деп бел байладык.
Саясаттагы окшошторду тизмектей келгенде эле К. Жумалиев жана А. Муралиев мырзалар жарк деп көзгө урунушат. Экөө тең учурунда А.Акаевдин сүймөнчүктөрү болуп келишкен, бул алардын биринчи окшоштуктары. Экинчиси, экөө тең биринчи качкын президенттин тушунда премьер-министрдин жылуу креслосунда көчүк жылытышкан. Үчүнчүсү, экөө тең А.Акаевичтин доорунда түштүк жергесинин майлуу-сүттүү делген облустарында губернаторлук орундарды ээлешкен, бирөө Жалал-Абаддыкы, бирөө Оштуку. Мына ушундай!
Ушул экөө менен эле бүтүп калыш кайда? Дагы бар. Азыр барандуу эрендер борбор калаабыздын эмки жана экс-мэрлери Иса Өмүркулов менен Нариман Түлеевдин окшоштуктарын санайбыз. Иса Өмүркулов эсиңиздерде болсо адегенде "Кыргыз Темир жолу" ишканасына башчы болуп барган, кийин ушул эле орунду Нариман Түлеев ээлеген. Тагдырдын тамашасы дейбизби же жөн гана дал келүүбү, айтор, Нариман "бай акебиз" Бакиев тушунда басып отурган мэрлик кызматта, ошол эле экинчи "күлүк" президенттин мыйзамы ишке жарап бүгүн Иса агабыз отурат. Абайлап карап көрсөк И.Өмүркулов эл өкүлдөр жыйынына төрт жолу депутат болуп шайланган экен, Түлеев болсо депутаттык баскычка эми жетти. Бул көрүнүш тууралуу Иса агабыз "Нариман мен басып өткөн жолдорго эми кадам таштап жатат" деп сыймыктануу менен айтып калмайы бар дешет. Чындап эле бул эки азаматыбыз куушуп деле, окшошуп деле бара жатышыптыр же экөө бирин-бири кумир тутушабы?
Андан ары санагыбызды улантсак, "Алга карай кеткен Кыргызстандын Ак жолунда" кызмат кылып келишкен ага-ини эки жигитибиз көзгө илинет. Алар А.Келдибеков менен М.Султанов. Кайда болбосун бул азаматтар ар дайым эле чогуу жүрүшкөндөй. Эстеп көрсөк, учурда Акмат мырза ээлеп турган спикерлик кызматта, бир кезде Марат мырза отурган. Соцфонддун төрагалык ордуна үкасынан кийин акасы барып көчүк баскан. Кыязы бөлөлөр (экөө бөлө экендиги жашыруун деле эмес) бийликтин жумшак креслолорун "сен отурдуң, эми мен отуруп көрөйүнчү" деп ойдаа сынап көрүшкөн окшобойбу. Ооба, кызмат, мансап дегениң бирде бирөөнө, бирде экинчисине буйрулуп турат деңизчи, бирок чиркин биздин саясатчылар сан жагынан да бирдей болуп турса таң калат экенсиң. Тим эле мистика. Айтайын дегенибиз Акаев жана Бакиев доорлорунун аралыгында урматтуу Роза эжебиз 4 жолу тышкы иштер министри болуп дайындалган экен. Ушул доорлордун арасында Бакиевдин кан кудасы болгон Таштемир Айтбаев да 4 жолу УКМКнын башчылыгына барыптыр. Каап, төрттөн эле кылбай, сегиз жолу дайындалганыңарда бөлөкчө болоор беле деген ойго кеттик. Себеби, чыгыш философиясында сегиз санын чексиз сан деп коюшат эмеспи. Балким майлуу-сүттүү кызматтарда биротоло калмаксыңар. Тескери жагын айтсак, Кулов менен Атамбаев кубалашып келатышат. Адегенде Кулов премьер-министр, Атамбаев пикет "башкармасы" болгон. Кийин Алмаз мырза Бакиевге жагынып, бийлик менен оппозицияга көпүрө болом деп Куловдун креслосуна келип отуруп, Феликс мырза пикеттин баш баканы болуп "фронт" уюштурган. Азыр да экөө бири-бирин кубалашып келатат. Жана бир окшоштук, Акаевди кууп Бакиев өлкө башына келсе, Бакиевди качырып Отунбаева орунга отурду. Окшош бекен?
Мына урматтуу окурман, өзүңүз байкагандай окшошторубузду санай берсек гезитибизде орун калчудай эмес. Ойлоп көрсөк эгемендикти алгандан бери Акүй, ЖК дегеле саясат деген айлампада бири кетип, бири келип баягылар эле айланып жүрүшкөндөй. Саясатыбыз туруктуу болбогону менен, саясатчыларыбыз туруктуу экен көрсө. Бирок, ошол эл ишенген уул-кыздарыбыз кызматтарын өзгөртүп жатышканы менен, өлкөбүздү өзгөртүп, өнүктүрө албай жатышканын түшүнбөй башыбыз маң. Айтор, туңгуюк. Балким саясатта жадап бүткөн баягыларды борттон ары ыргытсак кантет?
Мирлан Өмүралиев