"Асман пресске" 3 жыл!!!
Убакыт учкан куш демекчи "Асман пресс" гезитинин жарыкка чыкканына үч жыл болуптур. Бирөөлөргө 3 жыл аз убакыттыр. Ал эми биз үчүн түмөн түйшүк, уйкузуз түндөр, изденүү... Утур бир саныбыз жарыкка чыкканда өх деп калабыз да кайрадан кийинки санга даярданмай. Ошентип күндөр айга, айлар жылга айланып гезитибиздин каармандары акүйдөн, көкүйдөн, карапайым калктан, оң жээк, сол жээк, Акаевдин, Бакиевдин кадрлары болду. Бирин сындадык, бирин жактадык. Барына тегиз карап, элге чындыкты, туура маалыматты жеткирүүгө аракеттендик. Кудайга шүгүр "Асман пресс" өз окурмандарын Кыргызстандан эле эмес Казакстан, Россиядан да тапты. Чет элдеги жердештерибиз интернеттен күтүп окуган гезитке айланды. Үч жылдык тоюбузга эл жакшылары келишти. Куттук тилек кылышты. Эл назарындагы ырчылар ыр белек сунушту. Биздин максат эч кимди бөлбөй биримдикте бир дасторкондо баарлашуу болчу. Ошенттик. Той өттү, тойдун эртеси да болду. "Асман пресс" гезитинин жамааты барына чын жүрөктөн ыраазычылык билдирет. Биздин эшик ар дайым ачык. Келип тургула. Эл аман,
эл ичинде биз аман бололу! Бар болгула!










Алым сабак
"Асман пресс" гезитинин 3 жылдык тоюнда ак таңдай акындар Жеңишбек Жумакадыр менен Азамат Болгонбаевдин куттуктоо айтышы
Жеңишбек: -"Асман пресстин" тоюнда Азамат айталы алым сабакты.
Азамат: -Бул алты күндүк өмүрдө байке, ачыш керек да кабакты.
Ж: -Буларың экөөбүздү укпастан качырып кирди тамакты.
А: -Бирөөсү урдуруп жатат салатты, бирөөсү угуп жатат жамакты.
Ж: -Эч нерсеге карабай уланталы санатты,
А: -Анткени эл алдына чыкканда, акын болбойлу жадатчу.
Ж: -"Асман пресстин" тою экен, Азамат тойлосо бирге тойлойлу,
А: -Акын деген ошондой куттугун айтып ойнойлу.
Ж: -Эки акын чыкса алдыңа кичине кол чаап койсоңор болбойбу.
А: -Улуудан калган көрөңгө, акындар улуунун жолун жолдойлу.
Ж: -Эми катасы болсо бул жерде акындык менен оңдойлу,
А: -Даамдуу кече турбайбы, бүгүн бир даанасын айтсак болбойбу.
Ж: -Билесиңби Азамат, жана Дайыр мага кеп айтты,
А: -Дааналап айтчы нени айтты.
Ж: -Керимди мактап койсоңор,
А: -Гезитке көп чыгасыңар деп айтты.
Ж: -Андыктан, кулак сал досум Керимим, жазаарда чындыктын көзүн актап жаз.
А: -Акимдерди кактап жаз, акындарды мактап жаз.
Ж: -Ойго батып калганда, ары-бери басып жаз.
А: -Туруп тажап кеткенде, атүгүл "спалныйыңа" жатып жаз.
Ж: -"Срочно" гезит чыгаарда, калемиң алып шашып жаз,
А: -Психолог, акын, журналист, Асанбековадан ашып жаз.
Ж: -"Асман KG" деп атың уурдап алса да, кабагыңды ачып жаз,
А: -Балдай ширин сөздөрдүн "Асман press", бал-шекерин татып жаз.
Ж: -Анткени, акындарда билесиң Азамат, айтылат чындык гана тексттер.
А: -Анткени, айтып жатат карачы, акындарды эгиз деп.
Ж: -Бакылдап ырдап беришсин, Азамат менен Жеңиш деп,
А: -Чындыгы менен айтылат, байке чын сөздөргө негиздеп.
Ж: -Абайлачы Азамат, отурган жокпу чекистер,
А: -О-о, Эмил байкемден башкасы карачы, чогулуп алыптыр эксттер.
Ж: -Эми, ардактуу гезит жамааты, куттуу болсун тоюңар,
А: -Чыркырап жаткан бул күндө, чындыкты сүйчү болуңар,
Ж: -Ушакка такыр берилбей, таза болсун оюңар,
А: -Нарындын болбой жолундай, силердин бүтүн болсун жолуңар.
Ж: -Билбеймин мобу микрофон кармаган жигиттин эки буту тыбырап,
А: -Мобунуң болсо жүдөттү, кайра-кайра эки колу кыбырап,
Ж: -Экөө тең жатат акындарга кыскарткыла деп шыбырап,
А: -Ушундай жерге келгенде акындар ушундайларга урунат,
Ж: -Эми оң жагы деле уккан жок, сол жагы деле уккан жок,
А: -Эки акын келип ырдайт деп, тиги Керимге деле жуккан жок,
Ж: -Бакылдап ырдап жатсак да, көңүлүнө жуккан жок,
А: -Кандай той болот экен деп, мунун башкадан ою чыккан жок,
Ж: -Эми Керим сага айтаарым, тиги ашкандай бийик Долонду,
А: -О-о биринчи ашып өткүлө, Супер Инфо, Обонду,
Ж: -Каршылаштар бар болсо, жеңгиле, жеңгендей Кошой Жолойду.
А: -Өзүңдөй болгон гезитти, карачы өнөрүбүз менен баалайбыз,
Ж: -Ак тилектин кушундай, ак тоюңда каалайбыз,
А: -Керим байке, жаныбызга келиңиз, конверт анан санайбыз,
Ж: -Агайын тууган чогулуп, дал ушундай бел болсун,
А: -Калем менен жакшы сөз, кадырлап турган эл болсун.
Ж: -Теңирим колдоп дайыма, эми телегейиңер тең болсун
А: -Ала-Тоонун ичинде ак калпак кыргыз эл болсун.
Ж: -Ынтымак менен иштей бер, силерге калкым бел болсун,
А: -Керемет иштеп жүрө бер, байке келечегиңер кең болсун!