Китлап

Темирбек Асанбековдун жомогуна ишенген биз
же "Мекен Ынтымагы" кандай жаралды?
(Башы 7-бетте)
Бизди киши тааныбайт. Шайлоо башталганча акырындап тааныла берели деп кеңештик. Асанбековдун 5 миллион долларынан 50 миң доллары келди. Ошону менен офис алып ремонттоп, партияга чапкылап турганга машина да алып койдук. Кеңсебиздин ичин эмерекке толтурдук да, ар бир районго 500 доллардан бөлүп берип дүкүлдөп иштей баштадык. ЭлТРдеги досторубуз аркылуу белгилүү манасчы Өзгөндүн сыймыктанаар уулу Рыспай Исаковду алып манасчылардын мекенине айланган Ысык - Көлгө бет алдык. Манасчы теледолбоорун көл жээгинде колдон келишинче уюштуруп тарттык. Кыргыз элинин сыймыгы болгон Манас бабабыздын арбагына багыштап түлөө жасап, иш баштадык. Жаштык дем менен кызыл чеке болуп талашып - тартышып абдан кызыктуу иштей баштадык. Элдин көпчүлүгү бизди ээрчип, жакшы дем менен келе жатканда Москвадан жайнаган орус, казактар дессанттардай эле кирип келди. Барыбыз четке сүрүлүп калдык. Ошентип оюндан чыктык да, ыштанын булгаган колун аябайт болуп эптеп списокко илип койгула деп жалдырап ээрчип калдык. Мен 37 - болуп тизмеге илинип "репрессияга" кеттим. Энеме ишенип эрсиз калдым болуп же гезит чыгарганга же программабызды тааныштырганга каражат жок, казактар менен орустарга жалдырай баштадык. Алардан Москва акча бөлбөй атат деген гана жооп келет. Ал жакта Айза деген казак кызга отчет бермейин эч нерсе чечилбейт. Айза биз үчүн найза болду го, чиркин. Тимурдан акча маселесин сурасаң, жок дебейт. Жолдо келатат дейт. Шайлоо бүткөнчө анын убадасы бүтпөдү, акчасы да жолдо келатат бойдон кала берди. Дагы кайсыл акылманы ойлоп тапты билбейм, жер жайната чатыр тиге баштадык. Чатыр ичинен өзүбүздү тааныштыра турган материал таратмай болуптурбуз. Тарата турганга эч нерсе жок болгондуктан сөөк коюлгандан кийинки аңгырап бош калган боз үйдөй болуп анда - санда үн чыгып чатырлар кала берди. Шайлоого эки күн калганда штабдын ичи Бакайдын жайытындай бош, эн тамга кылып алган бүркүтүбүздүн сүрөтү гана калды. Шайлоо бүттү. Казактар менен орустар ижарага алган квартираларды өткөрбөй качып кетишип, ортомчу болгон биз уят болуп кала бердик. Чатырлар жыйналбай илээнди аялдын жуулбай калган идиштериндей ар кай жерде калып кетти. Бизге ишенген кара таман, карапайым элден курубузду мойнубузга салып кечирим сурагандан башка аргабыз калбады. Партия үчүн мойнундагы, колундагы алтын сөйкө - шакектерин ломбардга таштап акча алган эжекелерди саттык. Элдин ишенимин саттык. Себеби, биз Тимурдан ушинтип алдандык.
Штаб башчы
Өлкөнү үй- бүлөлүк башкаруудан арылта албай жатканда, өлкө башына келгенди мындай кой, лидер кылып жасалма жол менен жасап алсак, штаб башына бир тууган агасын отургузду. Ал жалаң журналисттерди жыйып алыпсыңар, булар сатып кетет. Мисалы, Эшимканов, Мадумаров, Карабеков кимиси жыргатты, баары саткындар булар да сатат ошолорго окшоп деди. Журналист - өз билгенин кылган өлкө башындагыларды тарамыштан тиштеп турган күч экенин түшүнбөгөн түркөйлүгүнө таң калып кала бердик. Бирок, шайлоо бүткөнчө Эрнис Кыязов, Керим Айдаров, Нургазы Мусаев бир да журналист саткан жок. Тескерисинче Тимур аларды эки эселеп сатты, ушак айтты. Теледебадка чыгып тексттерди окуганы болбосо ал, тексттин барын Эрнис, Нургазы, Керим жазып, оңдоп-түздөп турду. Сөз баккан кыргыз элин төкмө акындар Жеңишбек, Аалы, Азамат досторубуз ал сүйлөгөнчө эле апендинин кызындай мактап, лидер чыгып сүйлөбөй эле учурашып түшүп кетсе болчудай даярдап коюп жатышты. Баса, штаб башчы шайлоо бүткөнчө үч жолу алмашты. Акыры өз эжеси чалкеш кеңсени башкарды.
Команда жана патриоттор
Биз түзгөн команда эң сонун болгонун өзүбүз да кеч түшүндүк. Кандай гана интригалар менен коштолуп кер - мур айтышканыбыз менен "Мекен Ынтымагы" партиясындагы санаалаштар бир туугандай эле болуп калыптырбыз. Муну айткан себебим, шайлоо бүткөн соң бири - бирибиз менен мамилебиз үзүлгөн жок. Бир мисал, түшкү тамакта бир кафеде жолугушмай болдук. Маршруткада келе жаткан бир эженин телефонун чөнтөкчүлөр уурдап кеткен экен. Бардык отургандар жүз сомдон чогулта калып эң сонун телефон алып бергенин көрүп ичим аябай жылыды. Москва районунда Дамира эжебиз жер айдап дыйканчылык кылат экен. Бир машина дарбыз жүктөп келип барыбызга таратты. Кийин да акча таппай атсак, менде помидор бар, канча кааласаңар жүктөп келип керегиңерге жаратып алгыла дегенин көрүп дагы ойлондум. Мындан артык команда кайдан табылат. Партиянын эмес, бир тууганынын карызына шакек-сөйкөсүн койчу кыз - келин табыш кыйын. Партия үчүн канча күйдүк, демек идея үчүн жүгүрдүк. Бирок, ал идеяны Асанбеков келип бузуп кетти. Көрсө, ал лапшаны кулакка чимирилте илген, кооз сүйлөгөн, шайлоо шарапаты менен акча жасап алганы келген кокуй неме экенин түштөн кийин түшүндүк.
Белгилүү кинорежиссер Темир Бирназаровдун "Белгисиз маршрут" кино тасмасын партиянын идеологиясы катары колдонолу дедик. Муну айткан себебим, барыбызга белгилүү автобус жарга асылганда Үмүт деген жигит элди ынтымакка чакырып автобусту чыгарып, Келечек айлына шам көтөрүп ээрчитип кетет эмеспи. Ошол сымал Асанбеков Тимур биздин Үмүт эле. Казактар Бирназаров менен жолугуп, киноңузду элге көрсөтөлү, канча чыгым кетти төлөп берели деди. Сакадай боюу сары алтын адам экен. "Мен кинону элим көрсүн деп тарткам. Силердин акчаңардын кереги жок, эл үчүн тарткан киномду эл көрсүн" дегенде абдан ыраазы болдум. Мына кыргыз, мына намыс, мына жигит! Казактардын алдында башымды тике көтөртүп койгон агама даңк! Кийин монтаж столу менен аппаратурага жетпей жүргөндүгүн уктум. Мындай патриот жигит үчүн ар бирибиз колубуздан келишинче акча чогултсак да керектүү буюмун алып беришибиз керек деп ойлойм. Себеби, Бирназаровдун кыргыз элине кылар далай кызматы алдыда.
Президент
Шайлоо бүткөнчө эле мен өкмөт башчы болом. Кайсы министрликке кимиңди алып барсам деп лапшаны кулакка түрмөктөп илген Темирбек Асанбеков азыр Пушкиндин жомогундагы кемпирдей эски тепшесин кучактап калып, анан акылына келди дедик эле. Элден, анан бизден кечирим сурап, келгиле жаңыча иш баштайбыз деп айтат экен десек, партияны ичтен иритип, кайра жаңы команда түзүп Президенттик шайлоого шайланып атыр. Анткени, буларды алдаган оңой эмеспи. Бизди эми Алдаркөсө болсо да алдай албасын ал жакшы билет. Азыркы жаңы командасы да кийин бизге окшоп санын чапкылап кала бербесе болду.
Бир ирет мени чакырганынан жаныма Нургазы Мусаевди ээрчитип барсам, дипломаттар шаарчасында катар - катар охрана менен тосуп, телефонубузду калтырып киргизди. Баягы баш-аягы жок, куру чечен сөздөр. Ким президентке жарактуу, Атамбаевби, Келдибековбу, Бабановбу же Куловбу, булардын баары "дерьмо" деди. Кудай сакта, дагы кайсы жыландын башын кылтыйта баштады деп оюмду жыйнаганча, мен гана президент болушум керек. Россияда шайлоодо иштеп берген балдарга 500миң доллар таратып бердим. Эл мага ишенет дейт. Жанында жүрүп кайсыл убакта жел чыгара турганынан өйдө билген бизди алдаса, кыргыз элине мындай бакыттын кереги жок дедим да чыркыраган чындыкты жазгым келди. Тигинин калпын чыгарып, эч кандай 500 миң доллар берилбегенин айтып атпайбы. 26 - февралда кайрадан кезиктик. Бул ирет жолугушуу Токтогул - Дзержинский көчөсүндөгү штабда болду. Свет өчүп калыптыр. Кирсем локуйгон жансакчылары тосуп алды. Караңгы жерге киргизип алып жансакчыларын тегеректетип коюп орусчалап согуп кирди, 3 күн срок 30 миң долларды алып келип столго коюп кой деп. Кимди президент кыласыңар, доктор Апастыбы же Арстанбектиби? Кимди? деп бакырды. Башкага зыяны жок Апас деле жакшы. Жаман да болсо өз улагынан теке сал дейт, Арстанбек да жакшы дейм ичимен. Тек гана жалганчы, лапшагон адамдардан алыс болгонубуз дурус. Ансыз да элибиз сөзгө туралбаган эки жүздүүлөрдөн улам төңкөрүш болуп азып-тозуп отурат. Темир ошентип өзүнүн мүнөзүн, эгер жөн жүрбөсөң көрөсүң кыязда күчүн көрсөткөндөй болду. Мен да жаман - жакшы жактарым менен элге таанымалмын. Мени караңгы жерге киргизип опузаласаң, сага теңдешчү ата - эне, дос - тууган бар деп айтайын дегиче басып кетти. Бул анысы менен тайыздыгын көрсөттү. Демек, ал акылман саясатчы болалбасына толук көзүм жетти.
50 миң доллар
Ал эми 30 миң доллар баяны мындай: "Каракчылар капчыгыңды же кара жаныңды алам десе, катындар капчыгыңды да, кара жаныңды да алам" дейт демекчи, 5 миллион доллар апкелем деп тим болгон Темирбек Асанбековду 50 миң доллар менен баатырга айлантсак, ал "Атак - пайдасыз товардай, баасында кымбат сактап туруу кыйын" деген Оноре де Бальзактын (француз жазуучусу) айтканын ташка тамга баскандай далилдеп койду. Ошол 50 миң доллар офистердин ижара акысы, мебель, машина, компьютер, партияны түзүү ж.б. маселелерге кеткен. Кошумча акча кошконумду майдаланып сурабай эле коёюн деп отурсам, Тимур шайлоого кеткен 50 миң долларын менден өндүргүсү бар. Менин да жайнаган жан сакчыларым болгон күндө да бармагымды ортонум менен сөөмөйүмдүн ортосунан чыгарып көрсөтпөйт элем. Себеби, мен адаммын, Аллах мени эркек кылып жараткан. Ошон үчүн Тимур досум сен да эркек бол, майдаланба деп суранам. Болбосо, сендей лидердин бизге кереги жок. Шайлоо учурунда "Мен келдим башкалар да келишет" деген урааның кагаз бетинде кала берди, айткан убадаларыңдын бири да аткарылган жок. Эми ошол урааның тескерисинче, "Мен кеттим башкалар да кетишет" болбос бекен. Андан көрө партиядан чык дагы Москвага барып миллиардермин деген жомогуңду уланта бер. Сенин жомогуңа эми кыргыз эли ишенбейт. Эгер чыныгы жүзүңдү көп адамга ачып берсек Москвага да батпай каласың. Эгер мага көрсөткөн кыялыңды башкаларга көрсөтсөң, өзүңдү эр ойлосоң, өзгөнү шер ойло деген макалды эсиңе салып койчулар четтен табылат. Баса, кептин башы эми козголду. Дагы далай айтылчу кеп бар досум.


"Мекен Ынтымагы" партиясынын уюштуруучусу Жамалбек Ырсалиев