Кел Нооруз!
Чыгыштын жаңы жылы, кыргыздын жаңы жылы, теңдик күн, тегиз күн келатат. Күнүбүз да, түнүбүз да теңелген, жер жарылып чөп чыккан, желин жарылып сүт чыккан күн келатат. Айдан аман, кыштан эсен чыктык. Кудайга шүгүр дейли. Көктөмдү күткөн эл, Көсөмдү күткөн эл, өкмөтүбүз тегиз болуп, өлкөбүз өнүксүн деп тиленген эл жаңы жылыңар, Нооруз майрамыңар менен куттуктайбыз! Эми кымбатчылык кыйгап өтсүн, кыйынчылык кыйрап кетсин. Казынаны калпып жеген уурулардан, алдамчы амалкөйлөрдөн, жеп-жутар желмогуздардан алас, ар балээден калас! Үрөй учурган жер титирөөдөн, суу каптаган цунамиден сакта! Жараткандан жакшылык тилейли. Калкыбыз калыс, бийлигибиз тегиз болсун! Жерибиз жемиштүү, малыбыз эгиздүү болсун!

"Асманчылар"