Бир собол

24-мартты революция деп кабыл аласызбы. Көз карашыңыз кандай?
Айнура Касымова, журналист:
- 24-март Кыргызстандын эгемендүүлүгүн алгандан кийинки Акаевдин үй-бүлөлүк режимин кулатууда чечкиндүү күн десек да болот. Бул күндү толугу менен революция эмес, ыңкылап десек туура болчудай. Себеби, революциянын жыйынтыгы коомдук түзүлүштү түп тамырынан бери өзгөртүү деп түшүнсөк, анда бул күн жарым жартылай гана максатына жетти десек болот. Ошентсе да, 24-март биздин өлкө үчүн көп эле пайда алып келгени маалым болбодубу...

Марат Токоев, журналисттер бирикме-синин жетекчиси:
- Революция деген, негизинен өлкөдөгү саясий жашоонун кескин өзгөрүшү. Башка саясий формацияга өтүшү. Бизде болсо бийликтегилердин эле, болгондо да чокусундагылардын гана алмашуусу болду.
"Революциялар" жылда болуп жатса, демек жалпы элдин мүдөөсү канааттанбай жатат. Демек, эл көксөгөн калыстык, адилеттик жок. Эгер адилеттик, калыстык болсо эл барын түшүнөт эле, көтөрүлбөйт болчу. Элди жеке кызыкчылыгында козутуп жаткандар да бар дечи. Бирок, чакага суу толбосо аны канча чайкаба, сууну төгө албайсың.

Абдымамбет Сариев, жазуучулар союзунун төрага орун басары:
- 24-мартты революция деп атоого болбойт. Себеби, революцияда адамдардын көз карашы өзгөрүш керек. Анын эки жолу бар, кандуу жана кансыз болуп бөлүнөт.Буга Кыргызстандын тарыхындагы 1990-жылдагы саясий окуялардын жүрүшү адамдын аң -сезими 180 %га бурулуп, тынчтык жолу менен болгон революция деп атоого болот. Ал эми 24-мартты да, 7-апрелди да революция деп айта албайм. Кан төгүү болгону менен бийлик алмашуу эле болду. Башкаруу системасы элдин жан дүйнөсүндө эч кандай өзгөрүү болгон жок.
Назгүл Эсенгулова



  Бирбүркүм

Пош-пош-пошлина
Премьер-министр Алмазбек Атамбаев Россияга болгон иш сапарында күйүүчү жана майлоочу майларга экспорттук пошлинаны алып салуу маселесин чечип келди. Премьер-министрдин айтымында, Россия тарап экспорттук пошлинаны алып салуу менен гана чектелбей, пошлина киргизилгенден берки айырманы да кайра төлөп берүүгө макул болуптур. Россия келерки жылы Кыргызстанга берилүүчү нефти продуктулардын көлөмүн 1млн. тоннага чейин жеткирмекчи. Бул болсо 450 млн.долларды үнөмдөөгө мүмкүндүк берет.
Мындай келишимдин Кыргызстан үчүн канчалык маанилүү экендигин айтпаса деле түшүнүктүүдүр. Былтыр февраль айында экспорттук пошлина киргизилишинин натыйжасында Кыргызстан күйүүчү майга 220 млн. доллар көбүрөөк төлөөгө аргасыз болгон.
Бирок, бул келишимдин артында ачык айтылбаган бир маселе бар. Былтыр В.Путин менен А.Атамбаевдин ГСМге экспорттук пошлинаны алып салуу боюнча макулдушуусу убактылуу, Алмазбек Шаршенович айткандай, Россиянын өкмөт башчысынын "волевая решениеси" болчу. Бул жолу да келишим канчага чейин созулары ачык көрсөтүлгөн жок. Анткени, Россия парламенттик коалициянын иш-аракети кандай болот деп кыжалат тартууда. Эгер коалиция тарап, Атамбаевдин өкмөтү отставкага кетчү болсо, Россия тарап пошлинаны ошол замат кайра киргизип коюшу мүмкүн.

"Камбар-Атанын" курулушуна төрт миллиард
Убактылуу токтоп калган "Камбар-Ата-1" ГЭСинин курулушу кудай буюрса кайра башталмай болду. Россия менен Кыргызстандын өкмөт башчыларынын эки тараптуу сүйлөшүүлөрүнөн кийин " Камбар-Ата 1" дин курулушун Россиянын "ИнтерРАОЭС", Жогорку Нарын каскаддарын курууну "РусГидро" колго алган жатат. Энергетика министри Аскарбек Шадиевдин айтымында, энергетика багытында Россиянын Кыргызстанга берүүчү инвестицияларынын көлөмү 3-4 миллиард долларга чейин көбөйөт. "Камбар-Ата" ГЭСин биргелешип куруу маселеси мурдагы бийликтин тушунда эле каралып, Россия бул максатка 1,7 миллиард доллар бөлмөй болгон. Бирок сейсмологиялык талаптарды эске алуу менен эми инвестициянын көлөмүн дээрлик эки эсе көбөйтүп отурат. Нарын дарыясына ГЭСтерди куруу маселеси апрель айында, өкмөттөр аралык комиссиянын отурумунда каралат.


Отунбаева Ошто
Өлкө башчысы иш сапарына чыкса, бара турган аймак 1 жума мурда дарбып калышат. Жолго мыдыр киши бастырбай, жол жээгиндеги иретсиз көрүнүштөрдү тазаламай. Милиция кызматкерлери жолго тизилип, сак-сактап калышат. Илгертен ушундай. Биздин өлкөдөгү аткаминерлер көз боемочулар эмеспи, президент өтө турган жолду тазалап, калган жагы бапырап былгып жата берет. Башчыларың дагы элине жашырынып, коргонуп, бекинип барышат. Мамлекет кызматкерлери Ошто Отунбаева келет экен деп баары алагды. Иштебей эле Отунбаеваны тособуз деп жүрүштү. Кошоматка көнгөн элбиз, жүрө бергиле ушинтип…


Шамал согот оң тараптан...
Өткөн жума башкаруучу фракциянын ичиндеги карама-каршылык, пикир келишпестик апогейине жетип, коалиция ана тарайт, мына тарайт деген божомолдор айтыла баштаган. Бул оюндардын ана башында "Ата-Журт" фракциясынын айрым депутаттары тургандыгы да эч кимге жашыруун эмес. Бирок, жуманын акырында кырдаал кескин өзгөрүп, фракция лидерлери кайрадан ымалага келе баштаганы байкалды. "Ата-Журтчулардын" бир тобу биздин дегеле коалициядан чыгайын деген оюбуз жок деп билдирүү да жасап ийишти. Парламенттик көпчүлүк фракцияларынын коалиция кеңеши түзүлүп, ага фракция лидерлери, ар бир фракциядан үчтөн депутат кирди.
Кыкеңдер башка жактан ишара болмоюн өз алдынча эч нерсе кылышпайт эмеспи. Ушундан улам көп серепчилер Россиядан "Ата-Журт" фракциясына сууну ылайлап, башкаруучу коалицияны таратабыз дегениңерди койгула деген команда болгонун айтышууда.

"Ата Журттун" бандиттери
Бизнестин битин сыккандардын канын соргон тараптар көбөйүптүр. Түштүктө 3 дубандагы ишкерлердин ишин тороп, капчыгына кол сала башташыптыр. Салык салып кирешесинен "доля" алышат экен. Алар кадимки "Ата Журт" партиясынын өкүлдөрү дешет. Биздин партияга салым кошосуңар, силерди биз коргойбуз, эгерде каршы болсоңор бир секундда бизнесиңердин "бачагын" чыгарабыз дешет экен. Ушинтип бизди коркутуп атат деген бизнес өкүлдөрү ыйламсырап бизге шыбырашты. Ата-Журтка тирек болом деген атажуртчулардын кылыгы күчөп атыптыр. Муну элге бел болчу азаматтар Акмат Келдибеков, Камчы Ташиев билеби, жокпу белгисиз. Балким бирөөлөр Ата-Журттун атын саткандыр, мүмкүн чындыгы бардыр.


Шакенин шапкеси алмашабы?
ЭлТР каналынын директору Шайырбек Абдрахмановдун ордуна көз арткандар көп. Жакындан бери Шакебизди алып ыргытып, ордуна Болот Казакпаевди алып келет экен деген кеп бар. ЭлТРчилер Шакебизге көнүп калдык эле, капилеттен Казакпаев чыгып атат, Казакпаевди тааныбайбыз деп атышат. Болот Казакпаев кайсы дөөнүн көңүлүн таап алды экен.


Отунбаева өзбектерден кечирим сурады
Оштогу иш сапарында Отунбаева Он-Адыр деген өзбек айылына айылчылап, туугандарынын сүннөт тоюнда ойда тойлоп, анан ашыналардын бал сөзүнө эрип бапырап сүйлөп, этегинде эзилип кечирим сураптыр. Кандуу окуяда карапайым элди кырып алдык дептир. "Иттик бизден кетти" дегенчелик кылып, кечирим сурап атат. Эмне үчүн кечирим сурайт? Түнкү саат 12де ким ок атып, согуштук унааларды даярдап, курал чогултту эле? Кандуу окуяны ким баштады эле? Эгер Отунбаева билбесе билгизип коелу, дал ошол Роза айым өз деп өзүнө тарткан өзбектер кылган деп оштуктар калпагын жерге чапкылап жинденип атыр. Президент Ошко барганда Он-Адырга чыгып кетти дешкен, көрсө айылды аралап кечирим сурап жүргөн тура. "Жээн эл болбойт, желке тон болбойт" дейт кыргыз. Кантсе да жакындыгын ушинтип байкатып алат тура киши. Кечирим сураса Отунбаева өзүнүн атынан кечирим сурап аткандыр, балким баягы айтылып жүргөндөй "келин аялык" кылып кечирим сурагандыр. Бирок, кыргыздын атынан кечирим сураганга укугу жок. Качанга чейин эле бийлик башындагылар башкаларга чөгөлөй бересиңер. Кыргызды кыя жолго таштабасаңар эй!