Атактуунун айымы

Мунара эже:
"Садыктын атагы эми чыгат"
Ылай десе жийиркенгенибиз менен ал адам баласынын ден соолугуна өтө пайдалуу зат экен. Ылай менен муун, нерв, ашказан жана башка оорулардын алдын алууга мүмкүн. Ылай менен дарылоочу курорттор өлкөбүздө саналуу гана экенин барыбыз билсек керек. Бирок, аталган курорттордон кем калбаган медициналык борбор Бишкек шаарында да орун алыптыр. Ал жакка өлкөбүздүн жети дубанынан келип илешкен илдеттен арылган жарандар көп экенин угуп жүрчүмүн. Өзүм да муун оорусу менен ооругандыктан миң уккандан бир көргөн артык деп "Бейиш" элдик дарыгерлер борборуна барып дарыланып жүрдүм. Мени көзөмөлгө алган ак халатчан айым Мунара эже өзүнүн жөнөкөйлүгү, оорулууларга кылган жакшы мамилеси менен айырмаланып турчу. Эки кыргыз сүйлөшсө карын бөлө болуп чыгат деп коюшат эмеспи. Мунара эже менен сүйлөшүп отурсам Садык Шернияздын жубайы экен. Садык агайдын жубайын ар бирибиз эле тааный бербейбиз, ал тууралуу билгибиз келет деп алгач Садык мырзанын өзүнө чалып "Атактуунун айымы" деген рубрикабызга жеңебизди чыгарсакпы дедик эле десем. "Ал жаман көрчү эле, эртең айтайынчы" деген бойдон жооп кайтарбады. Мунара эженин өзүнө сунуш менен кайрылып төмөндөгү маекти алдым.

- Мунара эже биздин гезитке маек бербейсизби деген сунушуңуз бир чети таң калтырса, бир чети кубандырды. Себеби, биздин медициналык борборго журналист эмес катардагы бейтап катары кайрылып анан жогорудагы сунушту айтканыңыз албетте мен үчүн күтүүсүз. Мен сизге маек бербей эле, сиз мага маек бериңизчи деп кайрылгым келип жатат. Дегеним мен бир үй-бүлөнүн "эркеси" эмесмин. "Кыйын кожойкемин, тамакты түрлөп жасап, бир колум менен ичеги артып, бир колум менен шырдак шырып, бир мырзанын ажарлуу жарымын" деп деле айта албайм. Же болбосо тамеки тизип, эртеден кечке баш көтөрбөй иштеп, колхоздун 5 жылдык пландарын 3 жылда аткарып чоң салымыбызды кошуп, уй саап, кой кайтарган үй-бүлөдөн чыктым деп да айта албайм.
Атам менен сыймыктанам
- Совет мезгилиндеги катардагы үй-бүлөдө туулуп өсүп чоңойдум. Алты бир тууганбыз. өзүмдөн кичүү беш иним бар. Жылдыз иним экөөбүз врачтык кесипти тандап алганбыз. Негизи балалыгым жөнүндө эстегим келсе сөзсүз түрдө совет мезгилине туш болуп, таалим-тарбия алып калыптанганым үчүн аябай ыраазы болуп кубанам. Жашоонун бүт социалисттик формасы жагат жана колдойм. Мектептен баштап институтка чейин басып өткөн жолум кызыктуу өткөн. Албетте, ар бир доордун алдым жуттумдары, алдамчысы, ууру, зордук-зомбучулу бар деңизчи. Бирок, ошол мезгилде азыркыдай ачык айкын болбосо керек. Үй-бүлөбүз тууралуу айта турган болсом апама тамашалап, айылдын алдыңкысы болбосоңор да алдыңкылардын арты болуп жашасаңар керек деп күлүп калам. Атам менен сыймыктанам, атам менин түгөнгүс мүрөгүм, аска зоом десем жаңылышпайм. Бизди эл эмгегин жебей жакшы адам кылып, татыктуу тарбия берип өстүрдү. Айылда "Болот аке", "Болот ата" дешип улуу-кичүү сыйлап кеп-кеңеш сурап кайрылып турат.
Эмгек жол
- Борбор шаарыбыздагы Жогорку Медициналык окуу жайын 1994-жылы акушер гинеколог бөлүмүн аяктагам. Эмгек жолумду ошол эле жылы КГУнун медицина кафедрасында лаборант, кичи илимий кызматкер болуп баштагам. Кийин улуу балам төрөлгөндөн кийин ишимди улантайын деп барсам ал жерде 5-6 мугалим калыптыр. Мен студенттер бейтапканасында врач болуп иштеп калдым. Ошол күндөн ушул күнгө чейин өз кесибим боюнча иштеп келе жатам.
Садыкка жолукканыма ыраазымын
- Албетте Садык тууралуу кеп баштагым келсе, өмүрүмдө Садыкка жолукканыма мен кандай ыраазы болсом, Садык да мага жолукканына ошондой ыраазы болуш керек деп ойлойм. Атактуунун жубайы болуу кандай деген сурооңузга төмөнкүчө жооп узаткым келет. Бирде жашылдай, бирде кызылдай (тамаша). Эч кандай. Себеби, Садыкты атактуу деп эсептебейм. Анын атагы эми чыгат. Садыктын атагын мен көөнөрбөс, түгөнбөс, өчпөс маданий иш менен байланыштырам. Садык көп кырдуу адам десем болот. Кыргыздын мырзасына тиешелүү болгон бардык кулк-мүнөзү бар адам.
Өкүл балдар
- Экөөбүз бирге жараткан ийгиликтерибиз көп эле. Эң эле сыймыктанганым биздин өкүл балдарыбыз. Ырым кылып санын айткандан коркуп турам, токтоп калбасын деп. Азырынча 18 өкүл балабыз бар. Убагында 40 болсо деп тилек кылчубуз. Баары менен бирдей катташып, кол үзбөй тегерегибизде чогуу алып жүргөнгө аракет кылабыз. Ар бир үй-бүлө жүрөгүбүздөн орун алган. Арасында бүт кесиптин ээлери бар. Азыркы тилегим врач өкүл балалуу болсок дейм.
Түйшөлткөнү
- Эгер мындан 10-12 жыл мурун интервью алганыңызда, Садык экөөбүздүн кантип таанышып, мага кантип биринчи жылуу сөзүн айтып, көңүлүмдү кантип өзүнө буруп, кантип үйлөнгөнүбүз анан кандай гана кыйналып бутубузга турганыбызды, канча жолу батирден батирге көчкөнүбүздү, канча жолу урушуп, кайра кечиришкенибизди төкпөй чачпай айтып берер элем. Бирок, азыр мени башка нерсе түйшөлтөт. Биздин азыркы башыбыздан кечирип жаткан өткөөл турмушубуздун оң жана терс жактары көбүрөөк ойлонтот. Ойлонгонумдун себеби уул-кызымдын келечеги, туулуп өскөн мекенимдин келечеги менен тамырлаш болгонумда. Негизги тарбияны ата-энеден тышкары коом берет. Азыркы биздин коом кандай, мына ушул нерсе түйшөлтөт.
Кубандырганы
- Акыркы кездери коомдогу эки нерсеге кубандым. Биздин эл жогорку жактан бир идеологияны акылмандар айтып, жазат деп 15-20 жыл күтүп чарчады окшойт. Өздөрү жаштар министрлигинин демилге колдоосу менен "Желек", "Ак калпак" күнү деп белгилешкени кубантты. Акыркы кездери "Кыргызча тактык 5 мүнөт эрте" деп айтыла баштады. Ушул бир эле сүйлөм бир идеологияны камтыса керек деп ойлоп коем. Бардык нерсеге ажодон тартып, мектеп окуучусуна чейин так болсо жакшы эмеспи.
Жеке иштери
- Бир нерсени, идеяны бузуу оңой. Ал эми эскини оңдоп, жамап, кайра жан киргизүү оор. Биз да тобокелге салып борбор шаарыбыздын чок ортосунан орун алган 1996-жылга чейин дүркүрөп өскөн "Бейиш" элдик дарыгерлер борборунун бир тармагы болгон "Водогрязолечебница" деген бөлүмүн ижарага алып, оңдоп-түзөп иштеп жатабыз. Албетте, бул деле биз үчүн тобокел, бир чети намыс болду. Себеби, бул жерге кимдер көз артпаган. Казино, кафе, офис кылалы деген көп аракеттер болгон экен. Эми кыргызчалатып айтканда ылай менен дарылоону айтпасак да эл билет. Себеби, бул медицинадагы чоң жаңылык, жаңы бурулуш эмес. Канча жылдан бери колдонулуп келе жаткан ыкма. Ошол эле Ысык-Ата, Жалал-Абад курортторундай. Айырмасы бул борбор шаарыбыздын жарандары үчүн ыңгайлуу. Күндүзү убакыт таап, 40 мүнөт ичинде дарыланып кете алышат.
Аракет
- Кандай ооруларды дарылайт деген сурооңузга жооп бергендин ордуна, кандай ооруларга болбойт деген суроого жооп кайтарган жеңилирээк. Маселен, бул рак оорусу менен ооругандарга болбойт. Ылай менен дарылоо дегенге эмне деген суроо туулушу мүмкүн. Бул ылайдын өзүнүн дарылык касиетинде. Ылайдын курамында микроэлементтер (калий, магний, кальций сыяктуу), минералдык туздар, органикалык кошулмалар, биостимуляторлор, антибиотик жана гормондор бар. Биз болгону 25 жыл эмгек жолу бар эжекелерибиз менен бирге ойлонуп, адаттагы ылай апликацияларынын ордуна элдик медициналык ыкманы кошуп дарыласак деген гана аракеттебиз.
Мээрим Айталиева