Кыңыр иш бир жылда

Курманбек Бакиев, экс-президент:
"Элди оппозиция аткан"
- Саламатсызбы Курманбек Салиевич, ден соолугуңуз жакшыбы?
- Жакшы.
- Эмне сөздөн баштаарымды билбей турам, ал жактагы абалыңыз кандай?
- Абалым жаман эмес. Өзүңөр билгендей былтыр мыйзамсыз, элди курал кылып, тукуруп оппозициялык топ мени сүрүп чыгарышкан. Анын акыр аягына чыгып-чыкпай эле, мени кан төктү, элди аттырды деген күнөө коюшту. Чындыгында андай болгон эмес. Ошондо Жалал-Абадга барып көз карандысыз эксперттер текшерсин деген суранычымды эч ким аткарган жок.
- Акүй тараптан атып атканын элдин баары билет го?
- Элдер Акүйдөн атты деп ойлоп атат. Мен эч кандай атсын деген буйрук берген эмесмин. Чындыгында элди атып аткан белгисиз тарап болгон. Керек болсо ошол кездеги оппозиция муну күн мурунтан пландап, элди мас кылып, аянтка чыгарып, провокация кылып өздөрү аткан. Алардын максаты эптеп эле кызматты тартып алуу болчу. Көрдүңөр аз убакытта Кыргызстанды эмне кылды? Башкармак түгүл башаламан түшүп, Кыргызстандын түштүгүнө бийлигин орното албай өзбек-кыргыз жаңжалын ойлоп чыгарышты. Ошондон пайдаланып референдум деп, коркуп калган элдин добушун алып президент экөөнү шайлап алышты. Уялбай туруп Ош окуясынын артында Бакиев бар деп жалган жалаа жаап атышат. Менин эч кандай күнөөм жок. Муну эл аралык деңгээлде изилдеп чыгыш керек.
- Азыркы президентти президент катары тааныйсызбы?
- Эч кандай президент эмес, укугу дагы жок. Алар мен жакшы эле иштеп аткан жеримден көрө албастык кылып кууп чыгышкан. Анда дагы элдин баары эмес, бир ууч кишилерди куру сөздөр менен алдап баштарын айлантышкан. Мени кууп чыгышкандан кийин Кыргызстанды гүлдөтөм дешти эле, кайра бир заматта башаламан түшүп, өлкө артка кетти. Эки киши урушуп кетсе дагы мага шылтаганга өтүштү. Өздөрү өлкөнү башкара албай, жок шылтоолорду таап айтканды абдан үйрөнүп алышты. Эгер менин жаман оюм болсо ошол 4-5 оппозиционерди киши жалдап туруп аттырып коймокмун. Атамбаев "менин башыма баланча сумма акча коюптур" деп сөз таратты. Анын баары болбогон сөз. Эгер акча сайып, Атамбаевдин башы керек болсо бир заматта тынчытып коймокмун. Эл түшүндү, менин учурумдагы абал менен азыркыны салыштырып болбойт. Мурдагыга салыштырмалуу бийликтин баркы кетти. Элдин ишеними такыр сууду.
- Парламенттин ишинен маалымат алып атсаңыз керек…
- Парламенттик башкаруу деп жар салып, ал башкарууга жасалма жол менен келишти. Азыр бири-бирине баш бербей, биринин сөзүн бири тыңшабай атат. Мурда "Ак Жолду" сындашчу эле, эми өздөрү андан өтүп калышты. Парламентте баягы эле Текебаев тескери сүйлөп жүрөт. Аз убакыт өткөндөн кийин эл менин кадырымды билишет. Жакында 7-апрель келатат, бул кандуу окуя өз баасын алат. Убакыт өтүшү менен чыныгы күнөөлүү адамдардын жүзү ачылат.
- Кыргызстанга келейин деген ой барбы?
- Жакында апрель окуясын териштиргени барам. Май айларында барып калам. Азыр даярданып атам.
- Кыргызстанга коркпой кантип келесиз?
- Келе албагыдай мен эмне жат белем? Алгач өз коопсуздугумду караштырып атам. Убакыт келди, эми баары ачыкка чыгышы керек. Мен күнөөлүү эмес экенимди тастыктап берем. Колумда далилдер бар, ошол кездеги оппозиция элди аттырганын, ким каржылаганын видеого түшүрүп алганбыз.
Далил Тастыкбаев


Жогорудагы "Кыңыр иш бир жылда" деген рубрикабыз 1-апрель күлкү күнүнө карата тамаша болду.