Шоудүйнө

Алтынай Нарбаева эмнеге санаркап жүрөт?
"Менденби же сенденби кимибизден" деп элинин эт жүрөгүн эзген ырчы айым учурда санаркап турган чагы. Жолдошу кырсыктап колу, буту сынып ооруканага жатып калыптыр. Ошого байланыштуу Алтынай эжекебиздин май айына пландаштырган концерти болбой калышы мүмкүн. Эжекебиз "концерт мейли жылса жылсын, башкысы үй-бүлөмдүн амандыгы барынан кымбат" дейт.

Гулнара Кахарова темир тулпарлуу болду
Сүймөнчүлүктүү ырчы айым Гүлнара Кахарова жакында чай концерт уюштуруп андан түшкөн пайдага темир тулпарлуу болду. Буга чейин ырчы айым айдоочулук менен иши жок болчу. Эми сүйүктүү ырчыбызды айдоочу катары да көрүп калабыз. Тулпарыңыз ак жолтой болсун!

Чолпонай ичегисин алдырды
НБТ теле каналындагы "Муз канал" телеберүүсүнүн алып баруучусу ай чырайлуу Чолпонай Жанышбекова көптөн бери көгүлтүр экрандан көрүнбөй кеткен. Көрөрмандарын сагындырып кайда жүрөт десек, аппендицит илдети жармашып, операция болуптур. Көп жигиттин көзүн күйгүзгөн теле жылдыз ден соолугун чыңдап алгандан кийин кайра телеге кайтып келди.

Атасынын кызы Айтурган
Бүгүнкү күнгө чейин аты аталып, сүйүүнү даңктап ырдап, уламышка айланган Раймаалы менен Бегимайдын махабаты тарыхта өз ордун таап, кээ бири аны жомок десе, айрымдары кино катары билишет. Бирок бул сүйүү баяны кашкайган чындык, болгон окуя. Тилинен балы тамып, куйулуштуруп ырдаган Раймаалынын өнөрү, калыстыгы, таланты зор болгон экен. "Аккан арыктан суу агат" дегендей, урпактары дагы өнөр адамдары болуп, небереси обон созуп келет. Чөбөрөсү Айтурган Раймалиева да кичинесинен колуна комуз алып, обон кошуп чоң атасынын жолун жолдойм деген аруу тилектери бар экен. Мектепти дагы жалаң "5" деген баа менен окуп, калган убактысын комуз менен кошо сүйлөшүп, күү чертип өткөрөт. "Бешиктеги баланын бек болоорун ким билет" дегендей, балким келечекте чоң талант, оргуштаган өнөрдүн ээси болуп, ата атын жерге таштабай, из улайт чыгар. Ай чырайлуу Айтурганга ак жол дейли!