Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери
ggle_v


Жанызакка келген каттар жана Жанызактын кайрылуулары
email  •  архив
Кайрылуу каттары
жана келген каттар:

Россиянын жарандыгын алган кыргыз патриот болбой калабы?...
Орус атуулдугун алган кыргыздар кийин Кыргызстанга келсе киргизеби?...
“Учур” гезитине айтып койгулачы...
Айгүл ШАРШЕНдин китептерин кантип сатып алам...
“Колжазма терем” дегендерге жумуш бар...
Кыргызча китептерди окугум келет, бирок тамгалар башкача чыгып калып жатат...
Кайсы диндесиз? Сайтка китеп чыгарса болобу?
Ушул сиздин сайтыңыздагы рекламалардан канча акча табасыз?
Жибербеген тыйынды “жибердим” дебегиле...
Бермет менден бир китеп сураптыр...
Жанара бизден “Тамчы” гезитиндеги материалды сураптыр...
Арабаев университетинен Жанызакка кат келиптир...
Адабий китептин биринчи бетине жаш жубайлардын ажайып сүрөтү керек......
"Кытайлык деле эмесмин, кыргызстандык элемин" деп жазыптыр Нурзада...
"Текебаевдин видеосу бар дебедиңиз беле..." деп сураптыр Меймансаптан бирөө
"Мидиндин эшек дептеринде" эмнеге "Мидин" дегенибиз "Жапар" делинип калган" дейт...
"Кыргызстанда кайсы мектеп жакшы, кызым быйыл мектепке барат эле" дейт...
Жуңгодогу “Актилек“ сайтынын ээси кечирим сурады...
Супсулууну кой, "Обонду" таппай жатыптыр...
Жуңгодогу (Кытай) “Актилек“ сайтынын “ууру“ кыргыздарына эскертүү...
Жуңго кыргыздарынын “Актилек” сайтына..
"Заман Кыргызстан" гезитине тергич тууралуу түшүндүрмө кат..
Реферат сураган экен..
Кытай кыргыздарынан ризограф сурадым эле..
Деректирдин емейл дарегин сураптыр..
Кытайлык кыргыз кызы Нурзада Расул кызы Айгеримге нааразы..
Ашкере динчилден кат келиптир..
Сулуу кыз менен таанышат элем дейт..


Поиск
Керектүү материалды ушул жерден издегиле:
ggle_h

"Мекен ынтымагынан" жана бир талапкер
"Мекен ынтымагы" партиясын түптөп, анан Москвадан Темирбек Асанбековду аттап-тондоп апкелип лидер кылган балдарды Темикең адатынча алдап, борттон ары ыргытам деп атып былыгы чыккан эле. Бу Темикең буларды эле эмес, шайлоодо иштегендерге айлыгын бербей, чатыр тигип жан үрөгөндөрдү да жайдак калтырган. Кэчээ Жалал-Абаддагы мурдагы активистер жаалданып, Асанбековго каршы иштейбиз дешти. Мындайлар Чүйдөн, Нарындан да чыгышты. Темикең болсо адатынча ар кайсыны бир айтып, карапайым элди алдап-соолоп, актанып жүрү. Баягы эле Путиндин "П"сын билбейт, бирок, кубулуп "Путинден келдим" деген жөө жомогун жоруп жүргөн кези. Мындай алдамчы, жалган сүйлөгөн киши президенттикке койсо куруган экенбиз деп жаалданган партиянын чыныгы мүчөлөрү жана активисттери, президенттикке "МЫ"нын негиздөөчүсү, бизнесмен жигит Жамалбек Ырсалиевге ак батасын берип, ажолук таймашка аттануу алдында турат. Кыязы партия мүчөлөрү, эркекче сүйлөгөндү билбеген, айткан сөзүнө турбаган Асанбековду алка жакадан алганы калды окшойт. Себеби, партияны түптөгөн инсандардын ой пикири менен эсептешпей, Москвадан келе калып оңой олтоң бийликке отура калууну көздөгөн Асанбеков 5 млн. доллар өлчөмүндө акча менен шайлоого аттанабыз деп партия мүчөлөрүн алдап, партиянын 1-курултайын өткөрүп, өзүн партия лидери катары тааныткан. Асанбековдун акчасы түгүл караанын көрүүгө зар болгон партиянын мыйзамдуу ээлери, кыскача айтсак түзүчүүлөрү Асанбековдун жан сакчыларынан жана жагалданган аткошчуларынын жосунсуз жоруктарынан жанына жакын жолой албай калышкан. Партия мүчөлөрү менен жолугушуудан качкан Темике, "Кайдасын?" -деген суроого, "маанилуүү жолугушууда жүргөн кишинин кейпин кийип", казактардын курчоосунда Орто-Сай айылындагы "Дипгородокто" жөө жомогун айтып отурган. Депутаттык мандатка ээ боло элек жатып, министрликке ылайыктуу кишилерди издеп баштаган. Кыязы, "ары жок тооктун түшүнө, акталган таруу кирет" болуп, ошондо эле оозунан куюлган шилекей премьер-министрдин креслосуна чачырап калган тура. Акыры, ушундай "куру кыялга курсак тойгузган" Асанбеков "уйдан жок, же уй байлаган жиптен жок" болуп, казактардан алган акчасын актай албай, эми президенттикти жеңип берем деп кайрадан алдооч баштыгын жонуна илип, баягы жөө жомогунун уландысын улап, карапайым калктын башын айландырууга белсенди. Кыргыз элинин даанышмандыгы, катылгандын катыгын берген эл экендиги, алыскы Маскөөдө ар кимдин короосуна көчөт отургузуп жүргөн Асанбековдун эсинен чыгып кеткен окшобойбу. Ага караганда "МЫ" партиясын түзүүчүлөрдүн көч башында туруп, азыр партия мүчөлөрү тарабынан президенттикке сунушталып жаткан Жамалбек Ырсалиевдин "аптарыйкаты" төөчөлүк өйдө.




Текебаевдин былыгын ким билип алган?
Абдрахманов Текебаевди коркутуп алыптыр. Анткени, Манаска шек келтиргенден кийин Абдрахмановду партиядан четтетебиз дешет. Жер-жерлерден келген мүчөлөргө Текебаев жай отуруп жайгарбай, мурду менен бир тийип жолго салат. Партиянын жыйынында Талас, Нарындан келген мүчөлөрдүн сунушу менен Эркин Алымбеков күн тартибине Абдрахмановду партиядан чыгаруу чечимин ортого салат. Ошол кезде Текебаев туура калып, "Алымбеков отур, жыйынды өзүм алып барам" деп сунушту четке кагат. Кайра Ө.Абдрахмановго каршы чыгып аткандарды бир-бирден киргизип алып зекип, "Эгер Абдрахмановду кетирем десеңер, мен кошо кетем!" деп коркутат. Кайсы бир жыйында Текебаев Абдрахмановго атырылганда "баягыны айтайынбы?!" деп жыландын башын кылтыйтканда, Текебаевдин оозу жап болгон дейт. Демек, Текебаев анчалык Абдрахмановду коруп атканы жөн жерден эмес, бир балээнин башын билдирип, кылтагына илинип калган окшойт. Болбосо акыр түбү Текебаев деле кыргыз го, Манасты шылдыңдап, Курманжан датканы кемсинткен партиялашын кой десе болмок . Кой дештин ордуна коруп атса "элим!" деп кызыл тилин сайраткан Текебаевден деле түңүлөт экенсиң. Бир кезде Абдрахманов Текебаевге машине мингизип, үй алып берген деген кептер бар. Үй алып берсе эле үйрүлүп түшүп коруп алганы жаман экен эй.


Аликең да аттанат экен
"Акыйкатчы" Аликбек Жекшенкулов Курултай иши менен өлкөбүздүн булуң-бурчтарындагы эл менен жолугушууларды өткөрүп, тымызын карапайымдардын тамырын тартып жүрөт. Президенттикке барары арсар болуп атты эле, эми аттанам деп киришиптир. Аликең уюштуруу жагынан алдына ат салдырбайт. Бактылуу өкмөттүн балын татып, бакыт тапкандардын башын бириктирип, убагында жол баштап берген. Ошол кездеги бийликтин токмогун жеп, Бакиев качкандан кийин сыртта калып калды. Парламенттик шайлоодо депутаттык "партага" барбай калып, эми президенттик шайлоого катуу киришип атыр. Ал тууралуу августа ачыкка чыгам деп туру...


Суваналиевдин жолун тороп атышабы?
Суваналиев президенттикке аттанганы түшүнөн чочуп ойгонгондор көп дейт. Анткени, көп былыктын башын билген Катани келсе камалып кетемби деп атышыптыр азыркы кээ бир чоң кызматта отургандар. Себеби, мурда кийин Катанини ИИМге келет деген миш-миштер жүргөн. Бирок, ИИМдин ичине аяк салган жок. Апрелден кийин Атамбаев Суваналиевди чакырып алып министрлик кызмат сунуштайт. Генерал, министрликти коюп, башаламан түшкөн элди жайгарып, мародерлорду токтотолу десе, кол шилтеп көнбөй коет. Ачуусу келген Катани каарданып, "эмне сен министр бол дегидей, президент болуп кеттиң беле!" деп чыгып кетет. Кайра Ош окуясы башталып, түштүктөгү коогалаңды басууга жөнөтөт. Анда дагы Роза Отунбаева ИИМди дагы сунуштайт. ИИМди жетектеп турган Болот Шердин ичи тарып, ага болгон күчүн жумшап жолун торойт. Аны байкаган генерал коогалаңды токтотуп, милдетимди аткардым деп кызматына карабай кол шилтеп басып кетет. Айтор, көп жыл, Акаев доорунан бери эле ИИМди сунуштап, сунуштарына кол шилтеп кете берген Суваналиев эми президенттикке ат салышмай болду. Корккондор көп. Айыбым ачылат дегендер караманча каршы туруп, Катанинин жолун тосот болушу керек.


Ала жазда ат салышка камынган Акылбекке не болду?
Жогорку Кеңеш фракцияларга бөлүнгөнү менен ар бир фракция ичиндеги пикир келишпестиктер өз ара бөлүнүп-жарылууга алып келди.
Мисалы, жакында эле өткөн "Ар-Намыс" фракциясындагы президенттикке талапкерди көрсөтүүдө, ич ара бөлүнүүлөрү партиянын келечегине көлөкө түшүрдү. Акылбек Жапаров ала жазда эле кам көрүп, президенттик тактыга дымак байлап, тызылдап иштей баштаган. Чабал өрдөк болуп эрте учуп алдыбы, айтор, партиясынын колдоосуна ээ болбой кулап түштү. Бала баатыр Бабановдун "Республикасынан" так талашка бирөө аттанабы же жокпу али күнчө белгисиз. Кээ бирөөлөрдүн "Республика" партиясынын ичинде да бөлүнүп жарылуулар бар экен дегени менен алар биринин кебин бири жерге таштай элек.
"Республиканын" депутаты Алтынай Өмүрбекова башка кызматка кеткендигине байланыштуу ордуна Шаршенбек Абдыкеримов келди. БШКда депутаттык мандат алуу тизмесинде турган Уран Мурадылов, Нурланбек Баймуратов, Венера Исалиева, Мирлан Жээнчороевдер өз жылуу креслолорун Абдыкеримов Шаршенбекке берүү үчүн, БШКга өз каалоолору менен депутаттык мандаттан баш тарткан арыздарын беришкенин билдиришти. Өз каалоолору менен эле бере койгону жакшы экен. Кызык эй, ток пейил болуп баратышкан го ээ? Же соодагерлер көп партия эле, соодалашты бекен.


ggle_v

кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"
bottom
гезит сайтка чыгарылыш туралуу Жакшылык:
емейл:presskg@outlook.com
тел.: +996557106640
 0312 87 28 79
Сайт жөнүндө:
Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери
электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат.
Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген.
Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте:
На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты в виде электронных подшивок данных газет.
Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции
указаны на главной странице конкретной газеты.
Принимаются заказы на публикацию частных статей.
Алган материалга шилтеме бериңиз!  © J.Janyzak, Kyrgyzstan  Ссылки на взятые статьи обязательны!

Яндекс цитирования