Соттон соосуңбу айланайын?

Кудай сотторго күн түшүрбөсүн
Кыргызда бир сөз бар "Кудай милиция менен ооруканадан сактасын" деген. Кудай сотторго күн түшкүлүк кылбасын. Соттордун акыйкатсыздыгы, паракорлугу канчалык ашкере болуп жатса деле адилеттик орной элек. Ушунун бары адамкерчиликти акчага алмаштырган адилетсиздиктин натыйжасы. Эгер эле башыңа иш түшүп, акыйкат үчүн күрөшкүң келсе капчыгың же нервиң калың болуш керек. Биздин өлкөдө мыйзам буйлалаган төөдөй. Кимдин таанышы, кимдин акчасы бар болсо мыйзамдын башы ошол жакка бурулат. Ал мыйзамды жазгандар да өздөрүнө ылайыкташтырып жазышса керек. Кыйын болсоң ошол айлампадан жол таап чыгып көр.

Бул мыйзамдын же соттордун азабын тарткандар арабызда толтура.
Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаровдун бир айткан сөзү ойго салды. Ал: тергөөчүлөр кызматка көтөрүлүш үчүн кандайдыр бир санда кылмыш бетин ачыш керек, ошондо гана кызматтан көтөрүлүшү керек-дейт. Тергөөчүсү болобу, соту болобу кызматтан көтөрүлүш үчүн, калп отчет үчүн кылбаган кылмышты кылдың деп ар кандай кыйноо жолу менен биринчи эле кармаган адамды моюнга алдырып жаткандары ошол себептен эмеспи?
Башына целофан кийгизип...
Былтыр 31-мартта айтылуу шоумен Микаэлди ( Мирлан Доутов) жашаган квартирасынан өлтүрүп кеткени тууралуу сөз желдей тараган. Эки ай өтпөй кылмышкер кармалды деп жар салышкан. Бирок, кылмышкер деп Микаэлдин досу Эркин Турусбековду кармашканын угуп ого бетер таң калганбыз. Анан бул тууралуу биздин гезитке "кылмышкер" деп кармалган Эркиндин апасы Нуржамал Рыскулова менен маектешип, Эркинден кандайча ыкма менен "күнөөнү" мойнуна алдырганын угуп төбө чачыбыз тик турган.
Ошол күнү Эркин Турусбековду өзү иштеген офистен алыс эмес жерден кармап, башына мешок кийгизип ГОМдордун бирине апкелип, "Микаэлди мен өлтүрдүм деп айт" деп тепкилеп сабашып, башына целофан кийгизип аябай кыйнашат. Адам чыдагыс кыйноого чыдай албаган Эркин, алардын айткандарын кагаз бетине өз колу менен жаза баштаган кезде, Эркиндин апасы, туугандары эртеден кечке уулун издеп жүрүшүп Свердлов районунун милиция бөлүмүнө келгенде анын бул жерде жок экенин айтышып жашырып коюшат. Эркиндин туугандары уулун сураштырып жүргөн чакта Турусбековду терезеден чыгарып машинеге салып жаткандарын туугандары көрүп калышат да аркасынан жөнөшүп таппай калышат. Көрсө алар Эркинди Жеңиш аянтчасына апкелип машиненин ичинен коркутуп-үркүтүп баягы кылмышты моюнга алдырууну улантышат. Ошол себептен башы башка сыя, аягы башка сыя менен жазылганы көрүнүп турат дейт.
Бул окуяда оркоюп көрүнүп турса да "көңүлгө" алынбаган көп фактылар бар экенин изилденип тергелбегенин буга чейин да жазганбыз. Бул бир гана Эркин Турусбековго карата адилетсиздик. Ал эми ушуга окшогон канчалаган күнөөсүз күнөөлүлөр бар дейсиз. Көрсө биздин мыйзам ээлери кылмыш ишин ачуунун планын толтуруш үчүн ар кандай айла амалдарды колдонушуп, иши кылып баланча иштин бети ачылды, баланча киши жоопко тартылды деп отчет бериш үчүн барына барат тура. Эгерде берилген убакыт мөөнөткө чейин кылмыштын бети ачылбаса, шаша буша колго тийген адамга кылмыш ишин ачып коюш заматта экен да. Бул сөз болуп жаткан окуянын бары Свердлов районунда болгон нерсе. Жакында эле укук коргоочу Азиза Абдрасулованын уулун да ушул сыяктуу күнөөсүз күнөөлүү кылып кармап кеткен дешет.
Бирөөгө ор казба, өзүң түшөсүң
Ошентип, күнөөсүз күнөөлүү болгон Эркин Турусбеков мурда эле ден соолугу начар экени эске алынбай, мыйзам кызматкерлеринин таягынан ого бетер ден соолугу начарлап, ооруканага андан кийин үйүнө чыгарылган.
Ошондон бери чындык издеп чыркыраган Эркиндин энеси Нуржамал Рыскулова эми ошол кылмыш кылган мыйзам ээлерин сотко берди. Бирок, буларга кылмыш ишин козготуш үчүн 8 ай бою чуркап, канча нервин коротуп жүрүп иш козготуп, 7 ай тергөө жүрүп, акыры иш сотко ашты. Алар Свердлов районунун ыкчам тобунун кызматкерлери Джузубалиев Н, Асанов М, Алиев М, Жунушахунов Т жана Мамбетжанов Э. Аты аталган ыкчам топтун кызматкерлерине иш козголуп, иши сотко ашты. Карга карганын көзүн чукубайт дешет... Эми бул иш кандай бүтөт байкап туралы.
Аяна Манасова




  Үйтор

Кыргызстанда калыстык, акыйкаттык барбы. Бизде качан сот системасы пулдун кулу болбой өз ишин так аткарат деп редакциянын эшигин кагып энелер келиптир. Алардын сөзүн угуп көрүп гезит бетинен орун берүүнү туура көрдүк. Анда сөз башынан болсун.

Асанбекованын "курмандыгына" айлангандар

Асанбекова Светлананын торуна илингендердин бири Гүлмира Жунушбаева. Гүлмиранын жакын курбусу көр оокаттын айынан акча издеп жүрүп насыя берилет деген жарыяны көрөт. Курбусу Жунушбаеванын Москва көчөсүндө жайгашкан үйүн күрөөгө коюп 7% менен 4 айга Асанбековадан 40 миң доллар алат. Үч айынын процентин 2800 доллардан төлөйт. Үч айдан кийин эле Асанбекова өзү билемдик кылып Жунушбаеванын үйүн айдоочусу Гармс Яков Ивановичке каттатып, Мергенбаев аттуу жаранга 2,5 миллион сомго сатып жиберет. Гармс да, Мергенбаев да Жунушбаеванын үйүн басып барып көрбөстөн сатып алып каттатып жаткандары таң калтырат. Мергенбаев болсо таксиге түшсөм бир орус үй сатып атыптыр, менин жанымда акча бар эле, барып каттатып сатып алдым деген көрсөтмө берген. Айласы кеткен Жунушбаева акыйкаттык, адилеттик издеп шаардык сотко кайрылат. Ишти караган шаардык сот Жунушбаеванын пайдасына чечет. Асанбекова "убара болбогула, соттордун бары меники" деген сөзүн кесе айтат. Жунушбаеванын иши жогорку сотко өтүп каралмай болот. Ал учурда Жогорку соттун төрайымы Жаңыл Алиева Жунушбаевага мыйзам сиз тарапта, сиздин пайдага чечилет деген кептерди айтат. "Сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет" дегендей Жунушбаева Асанбековадан кооптонуп Жогорку сотко мени коркутуп атат, жакшылап көзөмөлгө алгыла деп кайрылат. Тилекке каршы соттун жыйынтыгында иш Асанбекованын пайдасына чечилип калат. Андан бери Жунушбаеванын какпаган эшиги калган жок. Прокуратура, финполицияга кайрылса укмуш фактылар бар экен, бул ишти аягына чыгарабыз дегендей түр көрсөтөт да иш башталгандан кийин суу жуткандай унчукпай калышат- деп безилдеди Гулмира айым. Эми алданган 11 аял комитет түзүп жок дегенде бизден кийинкилер Асанбекованын курмандыгы болбосун деп жатабыз дейт. Бул торго илинген 11 аял Асанбекованын айдоочусу Гармска үйлөрү катталып, тарттырып ийгендер гана. Асанбекованын артын кылчайып карай турган болсок башынан эле ыры-чыры бүтпөгөн иштердин үстүндө жүргөн айым тура. Илгери Ак-Куу дүкөнүн коллективге приватташтырып алып, кийин коллективинин баарын кубалап жиберген экен. Соттошуп отуруп аларды келбей, мунукундай акчабыз жок экен деп отуруп калышкан. Асанбековадан амал качып кутулбайт өңдөнөт карапайым адамдардан тартып алган үйлөрдү дароо эле Чолпон Султашев, Султан Султашев аттуу эки инисине, уулу Максатбек Модобаевге, айдоочусу Гармска каттатат. Бир жылдын ичинде Гармска катталган үйлөрдүн саны 10 болсо, инилериники айтпаса да төгүндүр. Ал эми Асанбекованын чөнтөк дос соттору Алымкулова, Сатарова, Архарова, Албанова, Коңурбаев, Курбанова, Досбаева. Жогорку сотто Акназарова, Абдрахманова. Бул соттордун баарысына Светлана айым "кормешка" болуп калган өңдөнөт. Асанбекованын тузагына илинип келген жарандарды жогорудагы соттор кароодон, анын пайдасына чечип берүүүдөн эч убакта чарчашпайт. Шаардык сот Албанова Асанбекованын пайдасына он батирди чыгарып берген. Айлалары кеткен жабырлануучулар Асанбекова жок дегенде мамлекетке салык төлөбөйбү деп чыгышкан. Бир байпак сатам десең потентиң кана деп баса калган салык инспекциясы бул айымды көз жаздымда катырганы бизди кыжырлантат дешет. Карап отуруп элди алдоону профессионалдуу өздөштүргөн Асанбековага тан бердик. Редакцияга келген жабырлануучулардын басымдуу бөлүгү жалгыз бой, таянары жок айымдар экени таң калтырды. Аларды карап туруп Асанбекова адамдарды атайы карап туруп "курмандыкка чалат тура" деген ойго келдик. Эки президентти кууп чыкканга жеткен кыргыз элинин алы, жалгыз Асанбековага жетпейт бекен, бул ишти аягына чыгарабыз деген айымдарыбыз дагы Жогорку Кеңешти көздөй адилеттик издеп жөнөп кетишти. Баса, бул турасында дагы кеп болот.
Гармска үйлөрү катталып, жабыр тарткан 11 аялдын тизмеси:
Жунушбаева Г.К
Тамабаева А.К
Шамбетова Б
Собурова Ж
Мильютина С.А
Осмонова Н.Э
Кулубаева А
Шатманалиева Б
Самдуинова А
Касымова З
Жукенова Ж
Бактыгүл Шатманалиева:
- 2007-жылы бир таанышым аркылуу акча алам деп Шаршеналиев Рахат дегенге доверенность берем. Берер алдында "Про-монтаж" организациясына карызмын, үйүм арестте турганын, нотариусттан чыгармайын эч нерсе кыла албайм деп айткам. Алар сиз доверенность бериңиз биз акча болгондо сизге байланышабыз деп доверенность алышат. Ошентип алар жок болуп кетишкен. Бирок документтеримдин оригиналы өзүмдө болчу. 4 ай өткөн соң апрель айында Воронцовкадагы 3 этаждуу кирпичттен салынган үйүмдү Асанбекова купля-продажа кылып, өткөзүп алган. Ортобузда сатам деген келишим болгон эмес, мага акча керек дегем. Бул үй арестте турса кантип менин карызымды төлөп коет. 2008-жылдан бери соттошуп, Асанбекованын подставной лицосу Шаршеналиев Рахат экенин билип отурам. Көрсө Шаршеналиев С. Асанбековага барат да 100 миң долларлык үйдү 50 миң долларга сатышат экен. Шаардык, райондук соттордон тартып Жогорку сотко чейин барып утулуп келе жатам. Мен жогоруда айткан организацияга менин атыман кат жазылган экен. Менин катышуумсуз экономикалык суроону кароо деп менин колум коюлуптур. Аны ким койгону белгисиз. Азыр Аламүдүн райондук соту ишти кылмыш жана жарандык иш деп экиге бөлүп карап жаткан эле, иш 4 жыл мурунку деп кайрадан эле Шаршеналиевдин пайдасына чечип койду. Азыр көчөдө жүрөм. Асанбековага алым келбей койду, эки жыл мурун менин жактоочума соттордун баарына акча берип атып чарчап бүттүм, 5миң доллар берейин ошо менен калсын деп айткан экен. Мен бул аялдан эч нерсе албасам, үйүмдү сатпасам эмнеге 5миң долларга 3 этаж үйүмдү беришим керек. Сотторго барсаң акча чечет экен баарын. Азыр үйүмдө Асанбекованын туугандары турат. Канча ыйлап бардым, барсам "бар кааласаң президентке бар" деп коюшту. Үйүмдүн документтеринин оригиналы менде турат. Асанбекова болсо госрегистрдан документтин дубликатын чыгартып алган. Мага жардам берген бирөө чыгабы?
Мээрим Айталиева