Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

  Кудай сактасын

2012-жылы чын эле акыр заман болобу?

Майя аттуу уруулардын 2012-жылга чейин түзүлгөн календары адамзатты ар кандай ойго салып, акыр заман тууралуу ой жүгүртүүгө түрткү болууда. Бул календар 2012-жылдын 21-декабрына чейин түзүлүп андан ары уландысынын жок болушу ар кандай ойго салат. Бири календардын бүтүшү менен Жер планетасындагы жашоонун да бүтүшү (акыр заман) дешсе бири, календардын бүтүшү менен эски доордун бүтүп, жаңы доордун башталышы дешет. Ал эми жер жүзүнөн түшүнүксүз жоголуп кеткен Майя уруусу улуу циклдин бүтүшү же "бешинчи Күндүн" бүтүшү дешет. Бир цикл 5126 жылды түзүп, циклдин башталышы биздин эрага чейин 13-август 3113-жылы башталган экен. Көпчүлүктүн ою боюнча календардын бүтүшү акыр замандын келишин түшүндүрөт дешет. Себеби, буга чейин 4 жолу ушундай циклдардын бүтүшү менен адамзат жер жүзүнөн жок болуп кырылууга учураган. Майялардын календары адам жерге жаралгандан башталат. Биринчи Күн аттуу цикл бүткөндө адамзат жер титирөөдөн кырылган болсо, "Экинчи Күн" цикли бүткөндө катуу шамал, бороондон кырылган."Үчүнчү Күн" цикли аяктап жатканда жерден атырылган вулкан адамзатты жок кылган экен. Ал эми "Төртүнчү Күн" цикли барыбызга белгилүү жер жүзүн суу каптап кетип адамзатты жер жүзүнөн жууп салган. Мына эми адамзат үчүн дагы бир сынак "Бешинчи Күн" цикли 2012-жылдын 21-декабрында аяктаганы турат. Ошентип алдыда "Алтынчы Күн" цикли башталардын алдында турабыз. Мисалы, ыйык китептердеги жазуудан жер бетин суу каптап, көпчүлүк кырылып калган кезде Нух пайгамбар, жан жаныбарлар жубу менен аман калышып кайра жер бетинде жашоо уланып, адамзат көбөйүп ушул мезгилге чейин жашап жатабыз. Бардык эле ошондой өткөөл мезгилде адамзат таптакыр жок болуп кеткен эмес, ошо Нух пайгамбар сыяктуу энергиясынын сапаты бийик, жандүйнөсү таза адамдар калышып, тукум уланып жашоо жаңыланган. Мына эми алдыбызда дагы бир ошондой өткөөл мезгил келатат. Мында деле ошол келаткан доордун энергиясынын сапатына дал келген адамдар аман эсен жаңы доорго өтөт. Окмуштуулардын айтуусу боюнча Күн планетасындагы активдүү өзгөрүүлөрдүн болуусу Жер планетабызга терс залакасын тийгизет. Күндөн бөлүнүп чыккан плазма Жерге күч менен келип урунгандан көп кырсыктар болот. Буга мисал Япониядагы болуп өткөн жер титирөө, цунами. Жердин магнит талаасы 15-17 градуска жылышып кеткенин окмуштуулар айтып чыгышты. Ошондой эле 21- декабрь 2012-жылы Күн системасындагы планеталар парады болот. Бул 2012-жылы боло турган парад "малый парад" деп аталат. Себеби, бул парадга 4 планета катышат. Бул Марс,Жер,Сатурн, Юпитер планеталары. Мындай параддар 20 жылда бир болот. Ал эми көп планеталар катышкан параддар "Большой парад" деп аталат. Бул параддын 21-декабрь 2012-жылга дал келиши да кокустук эмес. Иши кылып бул число жакындаган сайын адамзаттын тынчы кете баштады. Кудай да сактанганды сактайм деген. Сүйүктүү Жер планетабызды, адамзатты сактап калууга ар бир адам үлүшүңөрдү кошкула.

Ал эми Эрнест Мулдашевдин эсептөөсүндө Жердин магнит талаасы Күндөн келген катуу урунууга туш болуп, 60 градуска жылышып кетсе анда кургак жер сууга басылып, океан, деңиздер кургактыкка айланып, башкача айтканда жер астын-үстүн түшүп, жашоо миң жылдап жоголот дейт. Кудай сактасын, кыргыз эли ошол "Биринчи Күн" циклинен бери келаткан байыркы улуу эл. Ошол өзүбүздүн улуулугубузду сезип, аң сезимибиздин тереңинде, ДНКбызда сакталган Жогорку Манас энергиясын ойготушубуз керек. Акыр замандын болор-болбосу (Жумшак өтүшү) ар бир адамга байланыштуу экенин, канчалык адамдын ички энергиясынын сапаты жогору болгон сайын, адамдын тагдыры, ден соолугу, иши жакшы болоорун айтып келатам. Жер планетабызды, адамзатты сактайлы. Жандүйнөңүздөргө жарык нур чачылып, ар бир адам аруулансын. Жараткан жамандыктан сактап, элиме, жериме сүйүү нурун сээп, адамзаттын аң сезимин жакшы жакка буракөр. Жеримде тынчтык, элимде биримдик болсун!

Лариса Асанбекова




Карагылачы, карагайды уурдап кетишти

Ысык-Көл областынын Ак- Суу районунун Ак-Чий айылындагы жаштар жандуу жаратылышты аеосуз талкалап кыйратып жатышкан пайдакечтердин мыйзамсыз аракеттерин ооздуктоо максатында коомдук көзөмөлдү күчөтүүнү чечишип, айылдык жаштар комитетинин жыйынын өткөрүшүп, 14 адамдан турган жумушчу комиссиясын түзүшкөн. Комиссия мүчөлөрү Боз-Учук айылдык милиция бөлүмүнүн кызматкерлери менен бирдикте 8-11- сентябрда кечки рейддерди жүргүзүшүп, эч кандай документтери жок карагай жүктөлгөн "Урал" үлгүсүндөгү жана ЗИЛ-131 үлгүсүндөгү 4 автоунааны кармашып, аларды Ак-Чий айыл округуна караштуу кырмандын короосуна түшүрүшкөн. Рейд учурунда ЗИЛ-131 (I 80 59 D) автооунасында 9.77м/куб. карагай, экинчи ЗИЛ- 131(N 29 96 B) автоунаасында 8.31 м. куб. карагай, мамлекеттик номери жок "УРАЛ" автоунаасында 10.44 м. куб. карагай бар экени аныкталган. Ал эми ЗИЛ- 131(I16 28 D) үлгүсүндөгү автоунаасында шыкала жүктөлгөн карагай башка автоунааларга караганда эки эсе көп болуп чыкты. Бул боюнча маалымат Ак-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө билдирилип, учурда тергөө иштери жүрүүдө. Облустук айлана чөйрөнү коргоо жана экосистемасын өнүктүрүү боюнча аймактык башкарманын маминспекторлору Б. Жайнаков жана Н. Орозбаев да бул уурдоолор боюнча кабардар. Бирок, Ак-Чий айылынын жаштары алар тарабынан жыйынтык болбой жатканын айтып, нааразы болушууда. Ушул мыйзамсыз уурдалган карагайлар "Каракол" токой чарбасына жана "Жыргалаң" токойчулугуна тиешелүү экен. Жетекчилери буларды карабай эмне кылып жүрөт деген жүйөөлүү суроо туулат. Кимдер карагай кыйып алууга уруксат берип койгону, буйрутманын ээлери кайсы мыкчыгерлер экени териштирилип, күнөөлүүлөр жазаланса, жаратылышыбызга, экологияга чоң зыян алып келген фактылар азайып, бул өңдүү терс көрүнүштөргө бөгөт коюлаар эле.
Апрель революциясынан кийин бийликке келген Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү Топчубек Тургунаалы аксакалыбыз токой чарбасынын бир топ жетекчилерин кызматынан алып, алардын мамлекетке келтирген зыянын далилдеп берген. Майлуу кызмат орундарынан ажырап калган атка минерлер жандалбастап, жакын санаалаштарын топтоп, акчага сатылган "дежурларды"тартышып, мындай учурларда утулгус натыйжа берүүчү пикет, митингдерди уюштуруп, Ак үйдү камоого алып жатышып, кайрадан ордуларына келип алышканын жалпыбыз билебиз. "Биз болбосок токой чарбасынын иши жүрбөй калат" деп жүрүшкөн, бул чарбанын "каймактары" учурда сөзгө алынчу натыйжаларды жаратып жатканы көзгө көрүнбөйт. Көзөмөлдөө органдары чечкиндүү аракеттердин ордуна, кайра мындай фактыларды жаап жашырып жаткан сыяктанат. Андай эмес десек, эмгиче кармалган карагайлардын ээсин ачыкка чыгарып, күнөөкөрлөрдү жазага тартат эле да.
Азыркы бийлик башчыларынын саясий эркинин жетишсиздигинен өлкөдөгү коррупциянын, чектен чыккан өзү билемдиктин, мыйзамсыз аракеттердин орун алып жатышына жол берилүүдө. Эгерде бийлик мамлекеттин, элдин байлыгын жегендерди токтото албаса жалпы коомчулук бул милдетти, жоопкерчиликти өздөрүнө алуусу тийиш. Коррупция менен күрөшүүнүн бир гана натыйжалуу ушул жолу калды көрүнөт. Өзүңөр билесиңер, урматтуу окурмандар, коомдук теленин байкоочу кеңеши кандай күчтүү чыкты. Биздин эң калыс, элдик депутаттардын көпчүлүгү алардын ишин токтотуу үчүн бардык аракеттерин кылышып, акыры алардын азыркы курамын жоюп тынышты. Акчанын, бийликтин күчү менен парламентке келишкен көпчүлүк депутаттар көмүскө иштеринин ачыкка чыгышын каалашпайт, аларга чөнтөк телевидениясы керек. Министрликтерде, облус, райондордо түзүлгөн коомдук байкоочу кеңештер дал ошол сыяктуу "дежурный" чөнтөк кеңештер десек жаңылбаган болобуз. Анын айныксыз, ачык далили биздин азыркы итке минген жашообуз.
Өз кызыкчылыгын көздөгөн алдым- жуттумдардын, мансапкорлордун буйрутмасы менен акчага сатылып, пикет, митингдерге аралашпай, мыйзам чегинде, укуктук негизде коомдук байкоо кеңештерин түзүп алып, өзүбүздүн укуктарыбыз үчүн чечкиндүү күрөшкө аттансак коомубузду жат нерселерден, мансапкор, сүткорлордон, Арзыматтардан тазалайбыз. Ак-Чийлик жаштардын демилгесин жалпы коомчулук колдоого алса, өздөрү жашап, эмгектенген айыл-кыштак, шаарларда коомдук байкоочу кеңештерин түзүшсө элдин ой-мүдөөсү, тилектери ишке ашаар беле.
З.АСАНАЛИЕВ,
Каракол шаары








кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"





??.??