Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Эскилер эстен кетпейт экен
Гүлсүн Мамашева
"Сагынуу", "Кыштак четинде", "Айбыгуу", "Сенин элесиң" аттуу ырлары менен эл арасына белгилүү болгон ырчы Гүлсүн Мамашева чыгармачыл чөйрөгө 17 жашынан баштап аралаша баштаган. Азыр эжени "Жер каймактагандагы Гүлсүн Мамашева" деп кайда барса жылуу тосуп алышат. Алгачкы эстрада карлыгачтарынын бири болгон Гүлсүн эжебиздин жасаган эмгегинин акыбети кайтып КРнын эл артисти наамын алган. Мээр төккөн эне, активдүү аял, нарктуу ак элечек апа, эң негизгиси эл сүйгөн ырчы, кайталангыс талант ээси Гүлсүн Мамашеваны эл сагынды.


Алтынбек Сапаралиев
1969-жылы ар тараптуу шыкка бай шайыр Чоро Кожомжаров кыргыздын тунгуч эстрада ансамблин уюштурганын улуу муундун өкүлдөрү жакшы билсе керек. Жаш жааматтын ана башында басса-турса да, күндүр-түндүр жол жүрсө да оозунан ырын түшүрбөгөн кечээки айылдык шофер Алтынбек Сапаралиев турган. Алтынбек Сапаралиев кезегинде "Алтынчы күнү кечинде", "Стамбулдун кыздар", "Стаканда кантым бар" аттуу ырлары менен элибиздин жүрөгүнөн түнөк тапкан. Азыр кез-кезде Алтынбек агайды сахнадан кезиктирип калабыз.


Роза Таберикова
"Сулуулардын түшүнө нелер кирет" дегенде эле Роза эжебиз элестейт. Атына заты жарашып роза гүлүндөй бажырайып ачылган Роза эжебиз эл оозуна "Жаз элеси", "Бийге чакыруу" деген ырлары менен алынган. Мукам үнүн сагынткан Роза Таберикова 5 жылдан бери алгачкы эстраданын каймактары тууралуу китеп жазам деп камынып жүрөт. Андан тышкары тамада борборун негиздеп тойлордун ханышасы да болуп жүрөт.


Батма Качкынова
1982-жылдан баштап 1992-жылга чейин белгилүү обончу жана аткаруучу Марат Алыбаев түзгөн "Таазим" эстрадалык тобунда "Жашоо-керемет", "Шаардык жигит, "Алма сунсам колуңа" ж.б. ырлары менен оозго алынган ал кездеги жапжаш, чачы ошол кездеги мода (карэ) менен кыркылган (эженин чачы азыр да ошондой) кара көз Батма Качкынованы тааныбаган киши жок эле. "Таазим" таркаганы Батма эжени таппай калдык.


Шахрезада Аскарова, Анарбек Сардарбеков
Өткөн кылымдын 80-жылдары гитарист Анарбек Сардарбеков менен Шахрезада Аскарова дуэт ырдап, далай ырлары ошол муундун жаштары арасында популярдуу хитке айланган. Учурда Анарбек мырза чыгармачылыктан четтеген жери жок. Чоң сахнадан көрбөсөк да өз алдынча эмгектенип мукам үнүн сагындырып жүрөт. Ал эми чейрек кылымдан бери ыр дүйнөсүнөн бакыт тапкан Шахрезада эжебиз бала түйшүгү менен жүрүп сахнадан четтеп кеткен эле.


Барчын Аскарова





кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"





??.??