Марат Алышпаев, эл артисти:
"Эмне" деген сөздүн жанында үч күн түнөш керек"
Турмуштун өйдө-төмөн көйгөйү, жаман менен жакшысы, эриш -аркак ээрчишип жүрөт эмеспи. Мына ошол жашоонун жан жыргаткан жыргалын, жан кейиткен кууралын күзгү сымал адам баласына көрсөтүп, таартуулап келген театрда эмгек кылган сахна адамдары эмеспи. Эл астындагы улуу инсандарыбыздын турмуш жолу көп адамдарды кызыктырбый койбосо керек. Кырк жылдан ашуун сахнада эмгектенген элибиздин эл артисти Марат Алышпаев жана өмүрүлүк жубайы ырчы Дилбара Райымбекованы кепке тарттык. Атактуу инсандарыбыздын чыгармачылык баскан жолун, дил маегинен билсек.

- Агай, азыркы тапта, чыгармачылыкта кандай жаңылыктар болуп жатат?
- Учурда Т. Абдымомунов атындагы улуттук, академиялык кыргыз драмалык театрына жетекчи болуп келдим. Бул театр 2007-жылы ремонт иштерине байланыштуу убактылуу жабылган эле. План боюнча жалпы ремонтко өкмөт тарабынан 47 млн. сом бөлүнмөк. Азыр 26,5 млн. сом бөлүнүп ошо менен жалпы иш аракет жүрүп, азыр имараттын ички бөлүктөрүн жаңыртып бүттүк. Дагы 20 млн. сом бөлүнсө сыртын жасасакпы деп турабыз. Бирок, ал акчаны "качан берет" деп жогору жакты карап отурбастан жакында 19-октябрда театрдын ачылыш аземин өткөрөлү деп жатабыз. Репертуарларыбызды бекиттик, буюрса 16 спектакль коюлат. Анын үстүнө артистерибиз, көрүүчүлөрүбүз чоң сахнаны сагынып калышты. Мындан ары жабык турган театрдын эшиги көрүчүлөр үчүн ачык болот.
- Өмүрдүн эң кызык учуру студенттик курак эмеспи. Көрүнүктүү инсаныбыздын ал мезгили кандай өттү?
- Мен жаш кезде эле артист болсом деген кыялым бар болчу. Бирок кийин экономика бөлүмүнө өтүп, окуп калдым. 2-курста окуп жүргөндө Москвадан атайын, актёрлук кесипке тандоо болуп жаткандыгын угуп калып, тандоого катыштым. Буйрук экен, үчүнчү турунда өтүп кеттим. Ал жактан билим алып, чыгармачылыктын чыйыр жолуна аттанып ушул ийгилике жеттим. "Устаты күчтүү болсо, шакирти тың чыгат тура". Биздин курстун ынтымагы мугалимдерге байланыштуу болду. СССР дин көрүнүктүү эл артисти Ё. М. Раевскийдин таалим тарбиясы бизге көп таасир калтырды. Чынында бул адам кыйын режиссер, күчтүү актёр болгон. Экинчи мугалимибиз Б. В. Биткив аттуу профессор, орус элинин эл артисти болду. Ал учурунда өз уясынан биз сыяктуу Чихинов, Маргуновду, Гуматовду тарбиялап чыккан. Алардын бир эле тарбиясын айта кетсем; эртен менен таң атпай сегизде сабакка баарыбыз келебиз, ошончо студенттерден бирөө кеч калып калса, кыйкырып урушпастан, кеч калган студент келмейин баарыбызды тикебизден тик тургузуп коюп, мугалимдер өзүлөрү сүйлөшүп бейкапар отура беришчү. Биз кечиккен студентти бутубуз талыгыча күтүп тура берээр элек. Качан сабак аяктап эшике чыкканда, баарыбыз аны төпөштөбөсөк дагы, жемелеп азабын колуна берчүбүз. Ошол себептен кечикпегенге аракет кылаар элек.
- Эң алгач кайсы театрдын босогосун аттадыңыз?
- Союз мезгилинде баардык ишке план коюп иш аткарылчу. Маданият мамлекеттин идеалогиясы болуп иштеген. Биздин кыргыз студенттерди 1967-жылы Моссквага жиберип жатканда, Ошко жаңы театрдын имараты курула баштаган. Эң алгач Ош шаарында жаңы имараттын, жаңы театрдын босогосун аттагам.
- Чыгармачылыкта бут тосуу болбой койбойт эмеспи, сизде мындай көрүнүш болду беле?
- Жок, ар кимдин өзүнө тиешелүү орду бар болчу. Андай көрө албастык деген нерсе болгон эмес. Мисалы, мен дайыма терс каарманды аткарчумун. Өзүмө да жакчу.Кайсы сценарий болбосун, окуп баштаганда эле, ар бирибиздин өзүбүзгө тиешелүү образыбыз чыга келчү. Талыкпаган эмгектин арты менен, ошол жылы Мосскваны бүтүп келген студенттин баары отуз жаштын тегерегинде эмгек сиңирген наамын алган элек.
- Бир ролду жаратыш үчүн канча убакыт сарпталат?
- Театр сахнасында "Эмне"деген сөздүн жанында үч күн түнөш керек деп коюшат. Анынсыңарындай бир образды жаратууда көп убакыт талап кылынат Мисалы: "Ричарт үчүнчү" спектаклинде, Глостордун образын жаратууда, "Токтогула! Түшүргүлө табытты!"-деген сөздү айтыш үчүн, үч күн сарпталган.
- Жубайыңыздын чыгармачыл адам экенин баардык эл билет эмеспи. Эжеге дайыма колдоо көрсөтүп жардам берип турасызбы?
- Дилбар экөөбүз Чүй театрында эмгектенип жүргөн кезде таанышып, анан баш кошуп калдык. Өзү дайыма изденип, иш алып барат. Клиптердин, жаңы ырлардын үстүндө талыкпай эмгектенет. Ортодо Диана жана Назик атту эки кызыбыз бар.
- Балдарыңыздан сиздин жолуңузду жолдой турганы барбы?
- Биринчи келинчегимден уулдарым бар. Эч кимисин театрды тандаткан жокмун. Себеби, бул өтө оор кесип.Кыздарымдын улуусу Чок-Талда "Себат" кыздар лицейинде7-класста билим алат. Кичинекейи 4-класста мектепте окуйт.
Дилбара Райымбекова, ырчы:
"Ырдалбай жаткан
ырларым көп"
- Чыгармачылык менен үй-бүлөнү бирдей алып кетиш кыйынчылык туудурган жокбу?
- Үч эм эгиз баласы бар эне сыяктуу болуп калат экенсиң. Чыгармачылык менен үй-бүлөнү алып кетиш кыйын эле. Азыр кыздарым өз алдынча болуп калды. Кичинерээк кезинде кыйналган элем.
- Марат агай кыздарына кандай ата, сизге кандай өмүрүлүк жолдош?
- Кыз бала атасына жакын болот дегендей. Экөө тең атасына ынак. Мени кыздарынын энеси, үй-бүлөгө камкор, сарамжал айым катары дайыма сыйлап турат.
- "Сүйүү кары жашка карабайт" деп коет эмеспи. Кайсы мүнөзү менен сүйдүрүп алды эле?
- Марат театрда иштеп жүргөндө бир чыгарма окуган экен. Ал чыгармада элүү жашка келгенде жаш кызды сүйүп калганы баяндалыптыр. Ошондон улам "Мен да элүүгө келгенде бирөөнү сүйүп калбасам экен" деп ойлонуп койгом дейт. Ал күндөн көп өтпөй экөөбүз жолугушуп калдык. Сүйгөн адамыңдын баардык сапаты сулуу көрүнөт тура. Баардык мүнөзүн жактырдым. Ортобуз жыйырма жаш болгонуна карабай бактылуу үй-бүлөнүн катарын толуктап, эки кыздуу болдук.
- Үй-бүлө болгон соң казан -аяк кагылышпай койбойт да. Андай учурда ким биринчи таарынычты жазат?
- Мен жаркылдаганым менен көк беттик мүнөзүм бар. Андай учурда 90 күн болсо да сүйлөбөй коё алам. Марат катуу айтып алганы менен бат эле жазылып кетет.
- Азыр тааныш-билиш менен эмгеги сиңбегени деле наам алып калбадыбы. Агайдын арты менен сиз деле наам алганга болбойт беле?
- Сыйлык алаардан мурда, эмгегим өттүбү же жокбу деп ойлонуп, анан барып наам алыш керек. Азыр улуттук Т. Сатылганов атындагы филармонияда А.Үсөнбаев атындагы "Эл шайырлары" фолькулордук ансамбилинде эмгектенип келем. Негизи Марат Совет мезгилинин адамы болгон үчүнбү, айтор, мындай нерсеге өтө так. "Иштеп эмгегиңди элге жеткирип алган наам барктуу болот" дейт. Мараттын айтканына кошулам. Себеби, үкү кийгендин баары ырчы болуп жатпайбы. Азыр техниканын өнүккөн заманы. 2000 сомго үндү кооздотуп жаздырып алып, элди алдап фонограмма менен ырдап "Звезда" болуп жаткандар четтен чыгат. Ырчылардын атын булгагандар көбөйүп бара жатканына өкүнөм. Ал эми менин ар бир жаздырып келген ырларымды Марат сындан өткөрөт, көбүнчөсүн жактырбайт, азыр ырдалбай жаткан ырларым көп.
Маектешкен
Жаз Айым Айдекова