Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

  Сандан-санга

Өзүмдү тапкан
жол
Академик, парапсихолог
Лариса Асанбекова

Аян менен окуткан астралдык устат
Парапсихология илимин жаңы өздөштүрүп жүргөн мезгилде, мен ар бир нерсеге таң кала берчүмүн. Мисалы, кээ бир күндөрү менин кабыл алуума жалаң Валентина аттуулар сүйлөшүп алышкансып көп келишсе, кээде бирдей оору менен ооругандар көп келишчү. Мен ал кезде космостун мыйзамын толук өздөштүрө элек кезим экен. Жаңы баштаганда алгачкы устатым Натальянын ыкмаларын колдонуп баштагам жана орусча ибадат кылганды жандүйнөм анча кабыл албагандыктан курандын бир эки сүрөөсүн жаттап алып өзүм билгенимдей сыйынчумун. Аларды деле толук пайдаланганды билчү эмесмин.

Курандын жүрөгү
Бир күнү түш сыяктуу аян келди. Мага аксакал адам жаныма келип мына бул сүрөөнү окуп жүр, бул көп нерсеге пайдалуу, көп ооруларды ушул сүрөөнү окуп дем сал деп мага Куран китепти карматып жатып, бул курандын жүрөгү, оку деди. Китептин ачылган барагындагы жазууну окудум. 36-сүрөө Ясин деп жазылып туруптур. Китептеги жазууну шар окуй баштадым. Эми китепти жаап туруп оку деди аксакал. Мен айтканын кылдым. Эмнегедир менде китепти карабай кандайча окуйм деген ой келген жок. Дароо эле Ясин деп окуп андан ары токтоосуз 83 сүрөөнүн барын токтолбой окуп чыктым. Эмнегедир сүрөөнү аягына чейин китеп карабай окуганыма деле таң калган жокмун. Эртең менен ойгонуп алып өңүм беле же түшүмдө көрдүмбү деп ойлонуп жатып Ясинди окуп көрүүнү чечтим. Тилим дароо эле Ясин деп айтаарым менен токтоосуз мен укпаган сөздөр биринин артынан бири куюлушуп айтыла баштады. Бирок, бул окуп жаткандарым туурабы же жөн эле бирдемелерди айтып жатамбы деген ойлор келип күмөн санай баштадым. Бул тууралуу жанымдагыларга айтып көрсөм. Биз куранды карап текшерип туралы, сен окуп көрчү дешти. Мен бул ойду туура көрүп окуй баштадым. Ясин дегенде эле калганы оозума өзү эле келип жатты. Жанымдагылар жай окучу жетишпей жатабыз дешти. Мен аягына чыкканда аябай таң калышып, чын эле мурда билчү эмес белең? -дешип ишенбегенсип карап турушту. Чын эле бул сүрөөнү жатка билет экемин. Кубанычым койнума батпай ишенээр ишенбесимди билбей турдум. Куранды колума алып сүрөөнү окуй баштаганымда сөздү окуганча эле менин оозуман сүрөөнүн сөздөрү биринчи чыгып атты. Эми түшпү же транс абалбы айтор, мени башка дүйнөдөгү устат окута баштады. Дем- бул энергия экен. Сүрөөнү окуганда автоматтык түрдө космостон энергия алып, ал энергияны жүрөктүн чакрасына чогултуп, анан ал энергияны башка адамга үйлөп, ал адамдын жүрөк чакрасына берет экенбиз. Ал космостук энергия оорулуу адамга энергия берип оорудан айыктырат.
Бир күнү дагы бир кыска сүрөө үйрөттү. Бул куранда жок. Касиданын сүрөөсү деди. Бул сүрөөнү кандай окушум керек, эмнеге колдонушум керек барын айтты. Мен бул сүрөөнү 1200 жолу окушум керек эле. Аны кандай кылып окушум керек барын түшүндүрдү. 7 чакра 5 стихияга ар бирине 100дөн сүрөөнү окуп чыгышым керек. Эртең менен эрте туруп. Астралдык устатымдын айткандарын аткарып, жуунуп тазалангандан кийин ачкарын 1200 жолу окууга олтурдум. Эртең менен саат 9да баштагам, түнкү саат бирде бүттүм. Окуп жатканда ар кандай азгырыктарды, тоскоолдуктарды жин шайтандар жаратат, көңүл бурбай аягына чейин мен айткандай окушуң керек деген. Чындыгында эле оор болду. Окуп жатканда тилдерим булдуруктап, көзүмдү жумултуп, талыкшытып, адаштырып ар балээ кылышты. Кээде окубай таштап койгум да келип жатты. Бирок, бардык күчүмдү жыйнап туруп аягына чейин окудум. Окуп бүткөндөн кийин ушунчалык бир башкача сезим келип, көңүлүм ачылып, өзүмдү жеңгениме ыраазы болгон сезим келди.
Астралдык устатым мага сеансты кандай өтүшүм керек экенин көрсөтүп, үйрөтүп берди. Ошол күндөн баштап башкача сеанс өткөрө баштадым. Бирок, пендечилик кылып кээде жасап жаткандарым туурабы же жокпу деген ойлор келе берчү. Себеби, Россиянын канча парапсихология мектептерин окуп чыгып бир да мектептен, ал түгүл Эниоинженерия Академиясынан да менин ыкмамдай сеанс өткөргөндөрдү жолуктура албадым. Космоэнергетика мектебинен 200дөй каналдарды окуп үйрөнсөм да, ал каналдарды алар үйрөткөндөй эмес, Жогорку күчтөр кайра эле өзүмдүн (астралдык устатымдын) ыкмама келтирип койду. Бул каналдар мага жардамчы каналдар болуп кала берди. Бирок, иштеп жаткан ишимдин жыйынтыгы жакшы болуп аткандан кийин туурабы, туура эмеспи деген күмөн саноом азайып калды.
Эниоинженерия Академиясында өткөн мастер класста мен өз иштөө ыкмамды көрсөткөндө ал жердеги көзү ачыктар, табыптар бары таң калышып, ыкма эң сонун иштээрин айтышып мактаганда кадимкидей күчкө кирдим. Ал тургай мени коштоп жүргөн энергия сүрөткө кошо чыкканын көрүшүп, мына бул сага далил дешти.

Толук далил
Мына кызык, жакында Индиядан келген Руслан Веданта Рам эки күндүк тренинг өтүп, сабак баштан аяк менин иштөө ыкмама дал келгенин көрүп аябай сүйүндүм. Залда олтурган окуучум Улан да утур мени карап, сиз айткандар дегенсип башын ийкеп коюп жатты. Ушундан кийин адам устаттарым мага буларды үйрөткөн эмес, мен муну туура кылып жатамбы деген күмөн ойлордун изи да калган жок. Индиядагы аватар Шри Багаватинин окуусун мага толугу менен астралдык устатым окуткан экен. Көзгө көрүнбөгөн дүйнөдөгү астралдык устатыма чексиз ыраазымын, ошондой эле бул жашоодогу көптөгөн устаттарыма миң мертебе ыраазычылык билдирем. Өз жолумду таап, өзүмдүн ички душманым өзүмдү жеңип чыкканга берген жардамыңар үчүн ыраазымын. Адамдын эң биринчи душманы өзү. Өзүн жеңген адам барын жеңет, жеңишке жетишет деп астралдык устатым да , суфий устатым да көп айтчу. Буйруса өз жолумду таптым.








кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"





??.??