Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

Туманов Токтогул, "КСДП" партиясынан ЖК депутаты:
"Үй бүлөмдүн коопсуздугунан коркуп жатам"
- Ошто сиздин казинолор бар дешет го?
- Ошто 4 казино бар жана ал белгилүү адамдардыкы. Менин казино курууга каражатым жок. Куруу үчүн жок эле дегенде 3 миллион доллар каражат жумшоо керек. Бул мага карата жүргүзүлгөн саясий оюн. Анткени, мен акыркы учурда сот системасын реформалоо боюнча активдүү катышып жатам. "Дело №" гезитине дагы жазышыптыр, бирок, мен эки сөз үчүн сотко кайрылганым жок. Соттор боюнча дагы оозумду жабуу үчүн акча сунушташты.
- Кимдер?
- Кызыкдар тараптар, аттарын атай албайм.
- Соттор кеңешине айлык коюп, премия берүү жагы каралып жатыптыр, эмне үчүн?
- Бул маселени Садыр Жапаров көтөргөн. Себеби, сот системасынан 8 кишиден сырткары коомдук жарандар бар да, алар айлык албай иштешет, ошолорго жардам болсун деп жатабыз.
- Соттордун айлыктары ансыз деле жогору да?
- Ооба, алардын айлыктары сакталыш керек, берки 16 адамга кыйын, ошолорду ойлоо зарыл.
- Сотторду тандоо кеңешинин ишине көңүл тоёрлук эмес го?
- Негизи мыйзамдын өзүнөн ката кеткен. Соттор туура эмес тандоо жүргүзсө, кайра кайрып алууга мыйзамда жол жок, алар үч жылга шайланган. А мен сотторду тандоо кеңеши баягы эле сотторду тандап жатышканына каршы чыгып келатам.
- Сотторду тандоо кеңешинин мүчөсү Айжамал Ажибраимова "тепкичтен өткөн профессионал соттор келүү керек" деп жатпайбы..?
- 5 жыл сотто иштеген болсо эмне үчүн болбосун? 5-10 жыл иштеген, коррупцияга малынбаган, билим деңгээли жогору, эрки күчтүү, принципиалдуу соттор жок эмес. Биз билебиз, кимдер тепкичтен кантип өтүп "профессионал" болгондорун. Ошон үчүн соттор электен өтүшү зарыл.
- Салык инспекциясы сизди 4 миң сом салык карыз деп теледен берип жатат го?
- Соттор боюнча кандай күрөш баштасам, ошондой кайра мага күрөш башталды. Саясатта чындык үчүн күрөшсөң, ошол адамды каралап, басынтып, оозун жабууга аракет кыла башташат. Жалал-Абадда шаардык кеңешке депутаттыкка талапкерлигимди коюп, биринчи орунга чыкканымда дагы кызымды уурдап кетишкен… Же мен бизнес кылбасам, же уурдабасам, же эч ким менен талашып-тартышпасам деле ушундай мамиле болуп келгени кейитет. Уткузгандар "безилдетели, ушундай жол менен өч алалы" дешет экен. Менин оюмча салык инспекциясы деле теледен жашаган жеримден бери ачык маалымат таратканы туура эмес, анткени бул менин үй бүлөөм үчүн коркунучтуу. Жарыя кылбай эле кагаз жиберишсе төлөп коймокмун.
- Квитанция келген эмеспи?
- Келген эмес.
- Эми коопсуздугуңуздарды кантип камсыздап жатасыздар?
- Минтип отурса көңүлүм кайдан тынч болмок. Эртең эле ким бирөө "бар баласын талкалап кел" десе эмне болот? Ал эми жансакчы алуу үчүн акча керек, менде андай төлөй турган каражат жок.
- "Төрагага курал алып жүрүүгө уруксат берсек туура" деди И.Исаков, анда "120 депутат дагы көтөрөбүз деп чыгат" дешти бирлери. Эми спикерде ансыз деле бар болсо керек, сиздечи?
- Спикерде ансыз деле болушу мүмкүн. Азыр коллегаларым "этият бол, бир күнү 2 жиндиге акча берип койсо, байкатпай чаап кетсе, эмне болот? Элдин, мамлекеттин талабын көтөрүп жатасың" дешүүдө.
- Токтогул мырза, жогоруда казино дебедикпи, жабылса "подпольеге" өтүп кетет деген пикирлер болуп жатпайбы, "андай болсо эл көтөрүлүп чыгып талкалап салабыз" деп билдиришти кечээ Аки-прессте "Сезим" кризистик борбору өткөргөн пресс-конференцияда…
- Талкалап салуу, бирөөнү уруу мыйзамга туура келбейт. Мыйзам, күч органдар күчтүү болсо "подпольеге" кетпейт.
- Чыныбай Турсунбеков ""КСДПнын" активдүү депутаттарына каршы саясат жүрүп жатат" деди. Кимдер каршы саясат жүргүзүшү мүмкүн?
- Бизде партиянын ичинде ынтымак бекем, жердешчилик, тууганчылык, түндүк-түштүк маселеси жок. Башка партиядан болушу мүмкүн.
- "Жогорку Кеңештин Сот-укук боюнча комитетине мүчөлөрдү киргизүү боюнча "Ата-Журт" менен "КСДПнын" ортосунда жарыш болуп жатат, эгерде мындай көрүнүш токтобосо, Парламенттин таркашына алып келет" деген пикир чындыкка жакынбы?
- Комитетте башында "КСДПдан" 4, "Ата-Журттан" 3 депутат болгон. Биз Жогорку Сотко 29 сот мыйзам бузуу жолу менен келди деп, 14үн кайратып алууга аракет кылганбыз. Ошондон соң, "Ата-Журт" комитетте мүчөлөрүн көбөйтө баштады. Анткени, чечимдер көпчүлүк добуш менен кабыл алынат да, алар утулуп кабайлы деген мүнөздө ушуга барган. Кол көтөрүп көпчүлүк менен жеңип чыгууга өбөлгө болот дешүүдө го. Албетте, эгерде мындай жарышуулар боло берсе, Парламенттин жүзү кетет. Реформа жасабай эле эски коррупционерлерди колдоп отура берсек, албетте абройубуз кетет. Тазалайлы дегендерге каршылык, тоскоолдук болуп жатат. Мисалы, убагында Мегакомдо деле элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын карабай, өз кызыкчылыктарын ойлошкон.
- Соттордун айынан 3-революция болушу мүмкүн деген пикирлерге не дейсиз?
- Эл тоюп бүттү. Коррупцияны жоюп, акыйкаттуулукту орното албасак, эски кейпибизге келебиз.




Марс Сариев, саясат талдоочу:
"Автоматтык түрдө Келдибеков президент болот"
- "КСДПга" каршы саясатты кимдер жүргүзүшү мүмкүн? "Ата-Журт" партиясы менен жарыш болуп жатат дешет го…
- Мага дагы ушул кызык. Ушуну билгим келип жатат. Менде бул тууралуу жетиштүү маалымат жок. Менимче, "Ата-Журт" чыгып жатат го. Кыскасы "КСДП" партиясынан сырткы күчтөр болушу мүмкүн. Чыныбай Турсунбеков аларды бириктирейин деп ынтымакка чакырды окшойт.
- "Шайлоону өткөрбөй коюга кызыкдар күчтөр бар" деди Т.Уметалиева. Мындай учурда мыйзамга ылайык спикер президент болуп калышы толук мүмкүнбү?
- Мүмкүн. Андай оюндар дагы болушу мүмкүн. Анда автоматтык түрдө Келдибеков президент болуп калат.
- Шайлоо өтпөй калса эл ичинде бөлүнүп-жарылуу болуп, тополоң болуп кетпейби?
- Эл бөлүнүп-жарылып, аймактарда чыр чыгышы мүмкүн. Африкада, Ливияда деле токтобой жатпайбы. Анда тынччылык болбойт. Бул жерде сырткы күчтөрдүн кызыкчылыгы бар. Мисалы, Кытай активдүү оюнга киришти, темир жолду куруп, тыгыз карым-катнаш аркылуу даярдыктарды көрүүдө.
- Кыска мөөнөттүн ичинде мындай болуп кетиши мүмкүнбү?
- Албетте. Аз убакыттын ичинде эле болуп калышы мүмкүн. Бажы Батышка каршы, Батыш Кытайга каршы. Бул геосаясаттын иши болуп калды.

Кожоберди Рыспаев ЖК депутаты:
"Мурдагы Каржы министри самолетторду жең ичинен саткан"
- "Ар Намыс" фракциясынын кечээги жыйынында Куловдун самолет сатып жибергени, 80 млн. сом жегенин редакциябызга кабарлашты, ушул чынбы?
- Кулов тууралуу сөз болгон жок. Үч самолеттун жең ичинде сатылып кеткени тууралуу талкуу болду. Буга мурдагы каржы министринин, соттордун дагы күнөөсү бар экен. Азыр МУКК, Генпрокуратуранын кызматкерлери менен бирдикте Жогорку Кеңештин атайын жумушчу тобу бул багытта иш алып барып жатышат.
- Бул маселени ким көтөрдү?
- Буга чейин эле айтылып келиптир. Негизи депутат Токон Мамытов көтөрүп чыккан.

Бетти даярдаган Азима АКУНОВА








кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"





??.??