Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

Карысы бардын ырысы бар дечү эле

Кыргыз эли нарктуу, кадырлуу, түптүү эл экендиги тарыхтын карт барактарында сакталып, айтылып келет. Түбү түптүү, салттуу байыркы элибиздин жашоо-шартында улуу адамдарга өзгөчө сый-урмат тиешелүү болуп келген. "Карысы бардын ырысы бар" деген кеп бекеринен айтылып калбагандыр. Ушул күнгө чейин аксакал аталарыбыздын, ак элечек апаларыбыздын насыят сөздөрү менен жашап келгенбиз жана жашай беребиз. Мындай улуу салтыбыз кылымдардан кылымга чейин сакталып, өз маани-маңызын жоготпой бүгүнкү күнгө келип жетти. Мындан 24 жыл мурда БУУда 1-октябрь карылардын күнү катары кабыл алынгандан бери эгемен өлкөбүз дүйнөлүк коомчулук менен бирдикте бул күндү "Кары адамдардын эл аралык күнү" катары ырааттуу белгилеп келет. Мамлекет жана коом кары-картаңдардын кем-карчына, суроо-талаптарына ар дайым көзөмөл болуп турушу зарыл, себеби "карысын карабаган коомдун келечеги болбойт" деген кеп бекеринен айтылбаса керек.
Мына ушул карылар күнүнө карата Кант шаарындагы Нижняя Серафимовка айылында жайгашкан "Карылар үйүнө" "Жаннат-секюрити" күзөт кызматтыгы "MSET Group холдинг" компаниясы менен биргеликте карыларыбызды майрамдатып, кайрымдуулук жардам көрсөтүп кайтышты. Биз барганыбызда кары адамдар жалооруган көздөрү менен тосуп алышты. Алардын каректеринин түпкүрүндө аянычтуу окуянын элестери окулуп турду. Аталган компания 50 миңден ашык акчага тамак-аш азыктары жана ар бир карыга жылуу тапичкелерди белек кылышты. Маектешүү убагында карылар үйүнүн директору Бакыт Жунушев кайрымдуулук көрсөткөн компанияга бир катар техникалык каражаттарды алып берүүлөрүн сунуш кылдык деди. Корооодогу орундуктарда олтурган кары-картаңдар бардыгына кайдыгер боло өз иштери менен алек. Имаратка кирерибизде жагымсыз жыт каңыл жарды өрдөдү. Имараттын жедеп эскилиги жеткен. Жалпы 350дөн ашык кары-картаңдар жашашат. Ар бир залында эс алуу жайлары бар, бир бөлмөдө 2-3 же жалгыздан турушат. Мамилелери келишип баш кошуп алгандар да жок эмес. Кантип үйлөнүп калгандыгы тууралуу билүү үчүн түгөйлөр 56 жаштагы Жеңишбек Ибрагимов жана Маалымбүбү Бейшембиеванын бөлмөсүнө баш бактык. Түтүн булатып жаткандарына бир жылдын жүзү болуп калган экен. Ар бир кабатка жашаган стажысына карай староста шайлап коюшуптур. Староста кабатта жашаган карыялардын тартибине жооп берет экен. Баарынан бизди таң калтырганы бир адамдын бир күндүк тамак-ашына 55 сом каралганы болду. Канттын түбүндөгү карылар үйүнүн бар экендигин жогору жактагылар эсинен чыгарып койгон өңдүү. Акыркы ирет ЖКнын депутаты А.Сулайманов жаз айында барган экен. Андан бери бир чиновник баш багып, ал-акыбал сурай элек дешти. Эмне кылабыз, айла жок зээнибиз кейип, күнөөнү кимге коюшту билбей турдук. Ара-чолодо карылар үйүндө күн кечирип келген карыяларга суроо салдык.

Талига Дүйшеева:
"55 сомдун тамагы эмне
болот азыр айланайын"
- Саламатсызбы апа, майрамыңыз менен!
- Жакшы айланайындар, келгиле, киргиле, отургула.
- Жашыңыз канчага келди, кайдан келдиңиз, ким алып келди?
- Жашым 86да айланайын, 2009-жылы апрель айында Чолпон-Атадан келгем. Шаардык мэрдин кызматкерлери алып келишти. Келген жылы ботодой-боздоп эле ыйлай берчүмүн. Быйыл кичине жакшыраак болуп жүрөм.
- Бул жерге кандай себеп менен келип калдыңыз?
- 86 деген оңой жаш эмес экен. Жалгыз жашай албай калдым, бала-чака деген жок. Карылыкка моюн сунганы көп ооруйм, суу алып берер киши жок. Мейли, ошол жакка барайын, өлсөм да ал жакта эл бар, журт бар эптеп бирдеме кылып көөмүп коер деп келдим.
- Бир тууганыңыз да жокпу?
- Туугандар бар. (Оор үшкүрүнүп) Ай… эми азыр тууган карап атабы?
- Турмушка чыгып, балалуу болгонсуз да?
- Турмушка чыккам, бирок, балалуу боло алган жокпуз. Төрөй албай калдым. Эми айланайындар келгендин баары ушунтип сурай берип жүрөгүмдү оорута бересиңер.
- Өкмөттөн пенсия аласызбы?
- Ооба пенсия алам. Мурда айылда 1800 бирдеме сом алчумун. Ал эми бул жерге келгенде 1220 сом алып калдым. Калганын бул жерге орунга которуп алышат.
- Бул жерде жашоо-шарт кандай апа?
- Эми жашоо-шарт жакшы балам, калп айткан менен болобу. Бизди жуундуруп мончого алып барып турушат. Төрт медсестра иштейт, ооруп жатабыз десек дары-дармегин ала чуркашат. Бир дарыгер бар, сестра хозяйка деп коет экен төшөнчү-орунчуларды алып келип берет.
- Тамак-аш жакшы эле берилеби, ачка калбайсызбы?
- Мына плитка, чайнек, идиш-аяк бар. Дүкөнгө акча берип эт алып келип бер десек алып келип беришет. Өкмөттүн тамагы деген өкмөттүкү да . Силер да чоңуңарга айта баргыла, жардам бере алса берсин. Тамак-ашка бир кишиге 55 сом каралат. 55 сомдун тамагы эмне болот. Азыр тоесуңарбы ошондой акчага балам, айтчы. Азыр да эптеп-септеп үч маал тамак берет.
- Өкмөттөн, жогору жактан ал-ахыбалыңыздарды сурап адамдар келип турушабы?
- Ой, бүгүн эле келди. Майрам турбайбы көрсө. Бүгүн келип бирдеме беримиш болуп кетишти. Билбейм кайсы мекеме, ким экендигин.


Арстанбек Дүйшөказиев:
"Мен адам эмесмин"
- Бул жакка келгениңизге канча болду, каяктан келдиңиз?
- Беш жылдын жүзү болду. Ушул эле Чүй жергесинен болом.
- Канча жаштасыз?
- 58 жашка чыктым, жаш көрүнөт экенминби. Баары эле айтат жаш көрүнөсүң деп.
- Эмне себептен бул жакка келип калдыңыз?
- Ээ, кызым мен Баткен согушуна катышкандардын эң алгачкыларынан элем. Жарадар болуп келгенимде "бул адам болбой калды" деп балам, аялым таштап кетишкен. Мына эми киши болуп калдым. Азыр келип атышат, мен кубалап атам. Жок жололбогула, мен адам эмесмин деп. Эми айла жок эмне кылабыз жашап жүрөбүз.


Сабира Мамбеталиева, башкы дарыгер:
"Орустарды да кыргызча узатууга туура келет"
- Сиздерге жылына келген багар-көрөрү жок кары-картаңдардын саны канча?
- Мурун алыскы айылдагылар өздөрү карап, өздөрү багышчу эмес беле. Эми алыскы райондордон да келип атышат. Мына азыр 1 айдын ичинде 30 киши келди. Көбүнчө Көл, Нарын, Чүй тараптан келишет. Ал эми түштүк жактагылардын өздөрүнүн интернаты бар.
- Жумушуңуз кыйын болсо керек?
- Эми 30 жылдан бери көндүк. Ар биринин көңүлүн таап тил табышыш керек да. Жылуу мамиле, мээрим керек. Ар бири менен күлүп-жайнап сүйлөшсөң бул дарыдан дагы артык. Канча жылдан бери ооруп "хроник" болуп калгандар келет. Колубуздан келишинче дары-дармегибизди берип турабыз.
- Каза болуп калгандарды кандай кылып жайына узатасыздар?
- Өзүбүздүн күчүбүз менен жерге беребиз. Кыргыздарды кыргызча койгонго аракет жасайбыз. Ал эми орустарды кийинтип кыргыз салттары менен эле коебуз. Аларды гропко салып узатканга чамабыз жетпейт. Жерге берүү аземине каражат бөлүп берүү тууралуу депутаттарга, Саламаттыкты сактоо министрлигине кайрылганбыз. Бирок, алгылыктуу жооп ала алганыбыз жок. Айла жок колубуздан келишинче кылып жатабыз.
- Бул жакка келгенде психологиясы өзгөрүлүп калышса керек?
- Кээ бирлери даярданып келишет. Мурда психиатор деген штат жок болчу. Айтып түшүндүрүп жатып психиатор деген штат ачтырдык. Азыр сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз, жакында келип иштеп баштайт. Булар менен чындыганда сүйлөшүп алдын ала даярдыктан өткөрүш керек.
- Урушуп-талашуулар болбойбу?
- Ар кимиси ар жерден келгендиктен андайлар болбой койбойт. Бар аз жашагандан кийин билип каласың кимдин мүнөзү кандай экенин. Аларды бири-бири менен тил табыштырганга аракет кылабыз.


Данияр Полотов, "Жаннат-секюрити" күзөт кызматынын директору:
- Пенде болгон соң кайрымдуулук жардамын көрсөтүү милдетибиз болсо керек. Карылар күнүнө карата аз болсо да жардам берели дедик. Карылар үйүнүн абалын көрүп жүрөгүм тилинип турат. Тамак-ашка 55 сом каралат экен, бул өтө кейиштүү. Азыркы заманда 55 сомго эмне келет? Аз болсо да колубуздан келишинче тамак-аш азыктарын алып келип бердик. Тамак-аштан тышкары тапичке, кийим-кече, идиш-аяктарды бердик. Биз мындай кайрымдуулук иштерди дайыма жүргүзүп келебиз. Карылар үйүнүн директору болгон кем- карчын айтты, Кудай буюрса ал нерсесин да алып келип беребиз.


Гүлзат Садырбек кызы








кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"





??.??