Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

Нургүл БЕЙШЕН
(Бу чыгарма
"Жанызак@басманын" менчиги)
Орошон кумар ошол түн
(Башы өткөн санда)
- Нурлан-нөл-нөл-нөл.
- Тастыктоо кабыл алынбайт. Туура эмес. 2-19 боюнча каталык. Түнүңүз көңүлдүү улансын, Нурлан мырза.
Баян Нурландын айласыз абалын көрүп, күлкүсүн араң дегенде тыйып турду. Нурлан башкаруу системасынын тактайчасын жеп жиберчүдөй карап, кнопкаларды баскылоодо.
- Нурлан-нөл-нөл-нөл. Тастыктоочу кодду кайра текшер.
- Системага кирүүгө жол берилбейт.
- Эй, темир жашик!..
- Жол жок.
Баян мыйыгынан жылмайып жанында турду.
- Ачпасаң өлүп кетчи, эн-нең… - Нурлан чөнтөк телефонун алып чыкты.
- Гемма, Нурлан-нөл-нөл-бир. "Оюнчуктун" имаратына кирүүчү жашыруун эшикти ач.
- Текшерүүчү тастыктоо?
- Эмне болсо да ачуу керек. Тастыктайм.
- Тастыктоо кабыл алынды. Жашыруун эшикти ачууга кириштим.
- Нурландын үнү менен берилген буйрукту гана аткар. Сүйлөшүү пунктун ишке киргиз.
- Түшүнүктүү, Нурлан мырза. Эшик ачык.
Эшиктин алдында турган Нурлан Токонго кылчайды:
- Эшикти кайтар. Бирөө да кирбесин. Түшүндүңбү?
- Түшүндүм, Босс.
- Биз ичте эмне болгонун текшерип чыгабыз, - деп Баянга кайрылды: - Сизден кийин, айым Тынышева.
Экөө тар эшиктен сыгылып өтүштү да, аңгыраган ээн бөлмөгө чыгышты.
- Гемма, сен ички системага туташтыңбы?
- Ооба. Ички байланыш менин системамда.
- Анда эмне болгонун билдир.
- "Эгиздердин" системасы чаташып калган. Экинчи кабаттан бешинчи кабатка чейинки бардык каалгалардын өткөргүчтөрүндө электр тогу жок.
- Гемма, электр тогу менен камсыз кыл. Бардык эшиктерди ач.
- Түшүнүктүү.
- Менимче, жөө чыкканга туура келет окшойт, чыгасыңбы? - Баянга колун сунду.
- Рахмат. Чыгам. - Баян Нурланга колун берип, жыргап күлүп койду.
Экөөнүн кол кармаша экиден тепкичти бир аттап, чуркап баратышканы кудум мектептеги өспүрүмдөргө окшош эле. Он беш-он алты жаштагы алгачкы сүйүшкөндөр ушинтип, кабаттан-кабатка жашынып өбүшүшөт эмеспи. Бирок азыр өбүшкөнгө убакыт жок эле. Төртүнчү кабатка чыгышты.
- Гемма, эмне болду? Эмдигиче жарык жок?
- Маселени чече албай жатам. Нурлан мырза, төртүнчү кабаттагы илимий-изилдөө борборунун компьютерин кол менен өчүрүшүңүз керек.
- Бардык маселе ошондо бекен?
- Ооба.
Баян менен Нурлан коридордун наркы башындагы жыгач каалганы көздөй тыз коюшту. Эшик жабык экен. Нурлан бар күчү менен чуркап келип тепкенде качыр-кучур болуп, каалга омкорулду да, шар-ра-ак! этип, бөлмөнүн ортосуна кулады. Күү менен Нурлан өзү кошо жыгыла жаздап токтоду. Ооруп калган акырегин сыйпалап, көргөн көзүнө ишенбей бардап-бардап туруп эле калды. Артынан келген Баян андан бетер аң-таң… Он жашар чачы сексейген кыз аларды карай шашпай бурулду.

ЖЕТИНЧИ БӨЛҮМ
- Салам, - кыз каадалуу бурулду.
- Мен азыр мобу оңбогурду мыкчып салам. - Кыжына күбүрөдү Нурлан.
- Акырын. - Баян аны жоошутту. - Ал бала да. Сен үчүн атасы жазалайт.
- Мен биринчи келдимби, демек, бул кылыгы үчүн жазасын менден алат.
Кыз алардын түрүн көрүп, ичинен корксо да, сыртынан сыр бербей:
- Бардыгын кайра калыбына келтирип койом, эгер убакыт берсеңиздер, - деди.
- Кереги жок. Бардыгын өзүм жөнгө салам, - Нурлан компьютерге келип, бир нече буйрук берди да, системанын баарын өчүрүп салып:
- Гемма, ишке кириш, - деп койду.
- Нурлан мырза, байланышта болуңуз. Маалыматтарды иштеп чыгуу жараяны жүрүп жатат.
- Жакшы. Гемма, мурунку буйруктардын баарын өчүрүп, программаны кайра жаз.
- Мурдагы буйруктун бардыгы өчүрүлдү. Системаны азыктандыруу жүрүп жатат. Жарык берилди. Лифттер иштеди. Жандуу заттар кабаттарды таштап, сыртка чыгууда. Программа кайра жазылды.
- Алина! Сенин шишиң толду! - Босогодо Алинанын атасы Канат Байжигитов пайда болду. Оозунан от бүрккөн кытайдын оюнчук ажыдаарына окшоп үрпөйө кызына кыйкырып жатты:
- Сен эми өмүр бою компьютерге жакын да жолобойсуң, уктуңбу? Кечирет деп ойлобо! - муштумун түйүп койду. - Бу тилегиң каткырды менин жалаңкычым эмне кылыптыр?
- "Эгиздердин" системасындагы бир аз жетишпеген жерин көрүп, оңдоп койойун дегем, - деп кыз тайманбай чаңкылдады.
- Сенби… Кандайча? - Нурлан уккан кулагына ишенген жок.

(Уландысы кийинки санда)




  Тараза

Уруу сүрүштүрүп, тегин ылгаган элбиз. Азыр ажо шайлоо алдында турабыз. Мурда "Акаев калмак, Бакиев дунган экен, таза кандуу кыргыз келмейин өлкөбүз өнүгүп, элибиз жарыбайт" деп кейичү элек. Таза кандуу кыргыз эл башчы болмоюн өлкө өнүкпөсүн, улутка күйбөсүн түшүндүк окшойт. Бары бир кан тартат эмеспи. Демек, эл ээрип, башчы боло турган эрендердин ким экенин эмитен тактап добуш берсеңиздер, кийин мынтип кейибейт элеңиздер. Эл башчы болом дегендерди эл ичинде ар кандай кеп ээрчип, бири кыргыз десе, "жо-ок ал калмак", экинчиси "ту-уй ата сен билбейт турбайсыңбы, анын баланчанчы атасы дунган болуптур" деген сөздөр көп жүргөн. Эл арасынан президент болчулардын чоо-жайын билип, урусун, тегин, жети атасын жобурап берчүлөр болсо, анан ким президенттикке ылайыктуу десеңиздер кат жолдоңуздар. Ал үчүн чөнтөк телефонду колго алып 0777 84 01 52 телефонуна СМС кат жибериңиздер. Же редакцияга кайрылыңыздар. Өзүңүздүн аты-жөнүңүздү, жердигиңизди жазууну унутпаңыз. Келгиле өлкөнү талатып, тоното бербей таза кандуу ажону тандап алалы.

Таза кандуу талапкер издейбиз!

sms эс эмес

Бийлик Түлеевден кооптонуп cынактан жыкты эле. Корккондорунан кайра коюштубу? Максат
Түлеев азамат, чыныгы кыргыздын жигити! Өткөндө парламентте БШКнын төрагасынын оозун жакшы жап кылды. Кекечтенип сүйлөй албай калды го. Азамат сендей тайманбаган жигиттер кыргызда көп болсун.
Уметалиева анча-мынча эркектерге караганда алда канча өйдө. Албууттанып кыйкырса эле ажаандана берет деп ойлошот, эл үчүн бир топ эле кызмат кылып атат саясатчы эркек сөрөйлөргө караганда. Замира Бишкек
Марат Султанов талапкерлигин алып таштаган турбайбы. Таң калыштуу. Билек жеңин түрүнүп, баарын алып түшөм түрүн көрсөтүп атпайт беле. Өзүн башка жактан рекламаласа болмок экен. Гүлназ.
Шаардагы шиттин бары Калматов деген неменикиби? Мурда аты жыты чыкпай жүрүп эле жер жерге сүрөтүн иле койсо эл таанып шайлап жибермек беле. Элим үчүн эмне кылдым деген суроого жооп издешсе дейт элем. Курманбек
Турсунбай Бакир уулун колдосок жакшы болмок. Бул киши ыймандуу, элди ойлогон кудай деген киши. Бирок көрдүңүздөр эмне кылганын. Саттон жеңип алса да чыгарбай жатышат. Саясий закас экени көрүнүп эле турат. Баягы эле Акаев, Бакиев тактикасы. Биз чындыкка жетебизби же Кыргызстанда чындык жокпу? БШКдан Т. Абдраимовду тупой кызматкерлери менен жана аларга кошуп И. Исаков менен Д. Ниязалиеваны жоготуш керек. 0558 7131ХХ
Кыргызстанда А. Мадумаровдон башка татыктуу адам жок. Биз ушул кишини кодойбуз. Ноокат району Бел айылы. 0778 98-18ХХ
Элет жериндеги карапайым калк Атамбаевге эле добуш беребиз деп атышат. Пенсиябызды, айлыгыбызды көтөрдү, иштеп атат мүмкүнчүлүк бериш керек дешет. Чагымда президенттик такка Алмаз Атамбаев келе турган болуп калды окшойт. Мамасабыр
Асанбековдун абийиринин бары ачылып жаман болду. Болбосо эл ушул жигит үмүт артып, Путиндин кишиси деп колдошчу. Эми кантээр экен. Нурлан
Суваналиев Атамбаевди жамандагыча өзүңдүн артыкчылыктарыңды айтсаң жакшы болмок. Азиз
Мадумаровду эл колдобойт. Тилинен чаң чыгарып, куру сөздөр менен элди алдабай эле койсун. Азыр элдин көзү ачылган. Кимдин ким экенин билет.
Темирбек Асанбековдун аялы кыргыз эмес . Аялы башка улуттар бизди жыргатпайт. Ойлонгула. Кыргыз.
Шамшыбек Медетбеков темирдей бекем тартип орнотом деп эң алдыңкы болуп чыкты эле, бирок шайлоо жакындаганы талапкерлигин алып таштаганы эмнеси? Өздөрүнүн күчүнө ишене албаган соң чыкпай эле коюшпайбы. Медетбековдун бул кылганыңыз жигитчилик эмес го. Астра
Абдылдаевге өткөн айда келген көзү ачыктар президент болосуң деп коюшкан окшобойбу. 0554086ХХХ
Кубанычбек Исабековду көлдүктөр эле жердешибиз деп колдобосо калгандары түшүндө да көргүлөрү келбейт. Нурбек
Ташиев түштүк коогалаңында элди ынтымакка чакырып, ат көтөргүс жүктү көтөргөн. Камчыбек мырзанын бул эмгегин эске алып койсоңор.
Түлеевди Бишкекке эле мэр кылып койгулачы сураныч. Шаарыбызды оңдоп түзөйт эле. Миргүл Бишкек.










кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"





??.??