Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
А.Атамбаев:
"Кыргызстанда Заманбап искусство борборун ачуу тилегим бар"
Бала чагында Алмазбек Атамбаев жазуучу болгусу келген. Ал президент болууну да, бийлик, чоң акча тууралуу да кыялданчу эмес. Бийликтин бийиктигине жетти. Учурдагы кырдаал коомубуздун бардык күчтөрүнүн башын бириктирип, чыңдоону талап кылууда, Атамбаев президенттик кызматка келсе ушул милдетти ишке ашыра ала тургандыгына ишенет. Бирок, мурдагыдай бири-бирибизди урматтаган, бөлүнгүс жана күчтүү элге айланыш үчүн түпкүлүктүү нарк-насил, баалуулуктарыбызды кайтарып, абийир, ар-намысыбызды акча менен бийликтен бийик тутуп, турмушубуздун каарманы бандиттер эмес, жазуучулар, акындар, сүрөтчүлөр болуусу кажет. Андыктан Алмазбек Атамбаев менен аңгемелешүүбүз рухий кайра жаралуу тууралуу болмокчу.

- Алмазбек Шаршенович, белгилүү болгондой, жан-дүйнөдөгү кыйроо адамдын аң-сезиминен башталат. Демек, өлкөнү саясий жана экономикалык каатчылыктан алып чыгуу үчүн биздин аң-сезимибизде да өзгөрүүлөр болушу керек го. Бул оңой иш эмес. Сизде ушуга жооп барбы, канткенде биз өзгөрөбүз?
- Ооба, Булгаков жаңылган эмес, жан дүйнөдөгү башаламандык адамдын башында башталат. Адамдардын аң-сезиминде оң бурулуш болушу үчүн элдин элитасы өзгөрүүсү керек. Журт башындагылар үлгү алуунун, жүрүм-турумдун эталону болууга тийиш. Чын-чынына келгенде бизде азыр андай элитанын өзү жок. Тилекке каршы, өлкөбүздүн жетекчилиги алмашканы менен, сапаттык өзгөрүү болгон жок, элита алмашпады. Арам жол менен тапкан чоң акчалуу адамдардын тобу жүрөт, алар рухий дөөлөттөрдөн, мамлекеттик деңгээлде ой-жүгүртүүдөн алыс. Өлкөнү Сервантес менен сервантты айырмалай албагандар башкарууга тийиш эмес. Опурталдуу жери, Бакиевдер гана эмес, Кыргызстандын алсыз жетекчилигине кызыгдар айрым тышкы күчтөр да ачык эле ошондой талапкерлерди каржылоодо. Тилекке каршы, Кыргызстанды бардыгы эле өнүккөн жана стабилдүү өлкө катары көргүсү келишпейт. Биз идеалдарды алмаштыруубуз керек деп ойлойм. Дал ушундай максатта залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун айкелинин маңдайына Айкөл Манастын айкелин тургуздук. Буйруса, шайлоодон кийин Кыргызстанда Заманбап искусство борборун ачуу тилегим бар. Азыр сүрөтчүлөргө, жазуучуларга, кинематографисттерге, театр режиссерлоруна мамлекеттик күчтүү колдоо керек. Бизде Борбордук Азиянын искусствосунун борбору, очогу болуп калуу мүмкүнчүлүгүбүз бар. Искусство, адабият, чыгармачылыктын башка өңүтү эркин чөйрөдө гана жемиштүү жана ийгиликтүү өнүгө алат. Ошол эркиндик, буйруса, биздин коомдо сөзсүз болот. Эгерде биздин өлкөдө ушундай чөйрө, мейли, алгач Бишкекте эле түзүлсө, ошол дем өсүп келаткан жаңы муунга өз таасирин тийгизбей койбойт. Биз жаштарга материалдык жактан байларды эмес, руханий дүйнөсү бай адамдарды, маселен, Айтматов сыяктуу жаратман инсандарды урматтап-баалаганды үйрөтүшүбүз керек. Азыр ишеним деген жок. Жашоодо акча эле эмес, башка да баалуулуктар бар экендигине ишенимди кайтаруу керек. Эмнеликтен айрым жаш балдар үчүн криминалдык авторитеттерден башка сыйына турган, кызыга турган каарманы жок? Бул моралдык баалуулуктарыбызды жоготуп койгондугубуздун далили, бул өлкөбүздүн глобалдуу проблемасы. Эсиңиздедир, биз мугалимдерге, жазуучуларга, актерлорго кандай гана урмат менен мамиле кылчу элек? Кинорежиссерлор болсо биз үчүн кол жеткис жылдыздай болчу - Океев, Шамшиев... Кинематографиядагы кыргыз ийгилиги менен сыймыктанчубуз. Бүбүсара Бейшеналиева, Болот Миңжылкиев, Насыр Давлесов, Калый Молдобасанов деген ысымдар биз үчүн кандай гана мааниге ээ эле? Аларга таазим этчүбүз да. Азырчы? Жип машинаң, көп акчаң болсо, бүт дүйнө таман астыңдагыдай мамиле жасашат. Бул коркунучтуу көрүнүш. Биз адеп-ахлактан ажырап калдык, балээнин баары ушунда. Жаштарга ийгиликке жол өз талантың, эмгекчилдигиң жана кесипкөйлүгүң аркылуу төшөлөөрүн далилдешибиз керек. Жаныш Бакиевдин, Максим Бакиевдин да жолу бар, бирок ал ууру менен киши өлтүргүчтөрдүн жолу.
- Мындай кырдаал бир күндө эле түзүлө калган жок да? Өлкөнүн кызыкчылыгын сатып жиберүүгө даяр саясатчылардын бүтүндөй катмары жаралгандай.
- Чынында эле ошондой. Саясатчылардын улуу мууну тезирээк кетиши керек, аларга акча тумардай эле болуп калган, ушул коомду чириткен илдет жаңы муунга да жугуп жатат. Мындай акыбалдан тез арада чыгышыбыз керек. Президент болуп калсам, биринчи кезекте өз өлкөсүнө кереги жок болуп калган, дүйнө кезип кеткен акылдуу, таланттуу, билимдүү жаштарыбызды өлкөгө кайтарганга аракет кылам. Андай жаштарыбыз көп. Биздин жаш мекендештерибиз дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө катардагы эле эмес, барктуу, жогорку класстагы адистер катары эмгектенип жүрүшөт. Аларга Ата-Журтуна кайтып келчүдөй, кызыктыраарлык татыктуу сунуштарыбыз болот деп ишенем. Буйруса, беш жылдан кийин өлкөнү башкаруу ишин өз колуна ала турган татыктуу орун басар - муун келет деген ойдомун.
- Сиздердин муундун саясатчыларынын ушундай болуп калышына эмне себеп деп ойлойсуз?
- Бул бир эле саясатчылар эмес, жалпы элибиздин абалы. Акыркы 20 жылдын ичинде адамдардын негизги баалуулуктары түп орду менен өзгөргөндүгү өкүнүчтүү. Мурда врачтарды, мугалимдерди, искусство, адабият адамдарын урматтап келсек, азыр акчалуулардын доору болуп калды. Акча башкы критерийге айланды. Албетте, мунун башаты 90-жылдарга барып такалат. Өлкө ыдырап, аны менен кошо идеологиябыз да кулабадыбы. Өкүнүчтүүсү, эгемендүүлүктүн 20 жылында биз ушул боштукту толтурчу жаңы баалулуктарды сунуштай алган жокпуз. Биздин төбөлдөр Союз учурунда куралган Кыргызстандын байлыгын уратууну улантып жатышты. Адамдар кыйынчылыктары менен жекеме-жеке калды. "Өлбө жаным өлбө" деген заман келип, эптеп күн көрүүнүн амалы болуп калды. Бул акыры келип эмнеге алып келди? Натыйжасы ушул, бүгүн биздин коом күнүмдүк инстинкт менен жашап, өнүгүүнүн ордуна уруу-урууга бөлүнүп-жарылган доорго кайтып бараткандайбыз. Мындай коомдо билими күчтүү эмей эле, билеги күчтүү жеңип, кара күчкө сыйынып, башкарып калат эмеспи. Дал ушул себептен улам жада калса биздин парламентке криминалдык структуралардын өкүлдөрү өтүштү. Криминал менен байланышта болуу уят гана эмес, кылмышка тете иш экендигин айрым саясатчыбыз дегендер жакындан тартып эле аз-аздан түшүнө башташкандай. Болбосо, 2-3 жыл мурун эле мындай байланыштары менен сыймыктанышчу да. Азыр өздөрүн мыкты саясий лидерлербиз дегендер, мисалга, ошол эле Камчы Көлбаевдин "алдынан өтүшчү" эмес беле. Бул көрүнүш Кыргызстан саясий же интелектуалдык элита эмес, криминалдын колдоосуна ээ болгон жеп-ичкичтер бийлеген өлкө катары кабылданышына алып келди. Эгерде биз мындай кырдаалды өзгөртпөсөк, өлкөнүн келечеги бүдөмүк болуп калат.
- Сиз адамдарды байлыгы үчүн сындашыңыз мүмкүн, бирок өзүңүз да кедей адам эмессиз да?
- Өлкөдө бай адамдар канчалык көп болсо, ошончолук жакшы. Мен "бай адам" деп эмес, ууру, паракор, жеп-ичкичтер жана мамлекет эсебинен байыгандар деп бөлүп карайм. Байлык табуунун ар кыл жолдору бар да. Ооба, мен легалдуу кыргыз миллионери болуп келгем, ошондуктан кирешем тууралу декларацияны коркпостон ачык көрсөтөм. Байлыкты таза жол менен, жокко чөкпөй, барга көппөй топтогом, эч качан акчага сыйынган эмесмин. Бул сөздөрдү бекер эле айтып жаткан жокмун, себеби, убагында жетишпестикти да баштан өткөргөм. Мен орто жашаган үй-бүлөдө төрөлүп, өстүм. Анан бала кезде, мисалга, жаңы кийим алып кийгим келчү, себеби "эжелүү кызга эски тон" дегендей байкелеримдин эскисин кийип чоңойдум. Студент кезде болсо Москванын көчөлөрүн шыпырган күндөрүм болду, метрого түшкөнгө акча калбай калган күндөр да эсте. Ошондуктан акчанын ачуу-таттуусун мен жакшы билем... Акча адамды бактылуу кылып жибербешин да билем. Мисалга, адам жөнөкөй гана сугатчы болуп туруп, бактылуу болушу мүмкүн, кап-кап доллары бар туруп, бактысыз бойдон калышы да мүмкүн. Баардыгы салыштырмалуу, бакыт акчада эмес... Мен муну жакшы билем.
- Миллионер эместерге акча табуу, баюунун сырларын айтып бербейсизби?
- Өзүм тууралу эле айтып берейин. Адабиятка жакынмын, китепти көп окугам. Улуу муун советтик доордогу дефицит, жетишсиздик дегенди эсинен чыгара элек. Ал убакта үйдө хрусталь менен китептин турушу бардарчылыктын көрсөткүчү эле. Хрусталды дүкөндөрдөн издесек, китеп болсо райисполкомдун разнаярдкасы менен берилчү. 1989-жыл. Ал убакта кыргыз жазуучуларынын чыгармаларын орус тилине которуп, басылма рыногундагы жагдайдан кабарым бар эле. Биздин типографиялар иштебей туруп калган, ал эми Москванын типографиялары болсо жык-жыйма китеп чыгаруу менен алек. Китеп чыгаруучуларды Москвадан таап, басып чыгаруу ишин бизде токтоп турган типографияларда ишке ашырып, китеп чыгарып, сата баштадым. Бүгүн Москвада 10 миң нуска менен китеп чыгаруу - бул чоң нуска, а мен ошол кезде миллиондогон тираж менен чыгарып жаттым.
Ошентип, көп эле акча таптым, кирешемди заводго бурдум. Мүмкүн, кимдир бирөө "банкка салып, же акчаны карызга берип, жүгүртүү менен пайда көрсө туура болмок" деп айтаар. Бирок, мен романтик элем, өлкөнүн өнөр жайын көтөргүм келди... Кийин ал заводдорду Акаев жана анын айланасындагылар тартып алышты. 2005-жылдын 24-мартынан кийин Үсөн Сыдыков менен Курманбек Бакиев мурда мага караган заводдорду кайтарып берүүнү сунушташкан. Бирок, мен макул болгон жокмун, себеби, Айдар Акаев менден тартып алынган мүлктү башкаларга сатып жиберген. Алардын ээси эми башка адамдар эле. Мага бул чоң жоготуу деп айтышкан. Бирок, мага бул жоготуу эмес, буйруганы, кейибейм.
- Акаевдин уулу Айдар тууралу кеп козгоп калдык. Сиз көп балалуусуз, балдарыңыздын арасында ишкерлери да бар. Алар тууралу эмне айтып бере аласыз?
- Балдарым ири ишкер деп айтпас элем, чакан ишкерлик менен алектенишет. Кудай мага кудайдан корккон, ишенген, атасын аяган жакшы балдарды берди. Балдарымдан кам санабайм десем болот. Алар эч качан саясатка кийлигишпейт, менин атыма таянып, иш жасашпайт, күмөн жараткан ишке аралашышпайт. Буга мен толук ишенем. Акыркы жылдары алардын негизги максаты, милдети - мени жаманатты кылбоо болду. Айта кетчү нерсе, ушундай болгула деп мен аларга айтпасам да ушундай жолду өздөрү аңдап-сезип, тандашты. Мен алардын алдында, мүмкүн, күнөөлүүмүн, себеби, алар мен үчүн өзүн-өзү чектеп, кайсы бир кызматка баруудан, же болбосо пайдалуу сунуштардан баш тартууга мажбур болушат. Ушунусу үчүн мен аларга ыраазымын.
- Сиз бүгүнкү күндө бийликтин бийиктигине жеткен адамсыз. Президенттик тактыга күрөшкө аттандыңыз. Кошоматка кой сойгондор көбөйөт, жагынуунун максатында "Сиз жана командаңыз мыкты иштеп жатат, баардыгы жайында" деген ынанымдуу отчеттор, "Сизди эл сүйөт" деген ишендирүүлөр... Айтор, мурдагы ажолордун түбүнө жеткирген айга-күнгө теңөөлөр сөзсүз болот да... Натыйжада, мурдагы бийликти сындап, өзүңүз айткан ажыдаарга айланып калбаймбы деп коркпойсузбу?
- Мен саясатка аралашканыма көп жыл болду, бийик кызматтарда бир эмес бир нече ирет иштедим, кыскасы ай да, күн да болгом (күлөт). Анан оппозицияда жүрдүм, катардагы адам болдум. Ошондуктан, "бийлик оорусунан" өткөм. Мага даража күтүш үчүн бийлик кереги эмес, менде ал жетишээрлик болду. Мага акчанын да кереги жок, менде ал да бар. Мени жетегине алган каалоо-тилектер, максаттар такыр башка. Президенттикке баратканымдын себеби - мамлекетибиздин келечеги аныкталчу азыркы кырдаалга байкоочу катары карап тура албайм, мага чоң жоопкерчилик жүктөлдү. Андан баш тартууга менин азыр укугум жок. Ошондуктан, бул кадамга барбай кое албайм. Ал эми кошоматчылар, мага жагынам дегендерге күлкүм келет. Мендеги баалуулуктар башка. Менин принциптерим бийликте болгондо да, куугунтукка тушукканда да өзгөргөн эмес. Ошондуктан ажыдаарга айланбайм. Убада кылам...
Даярдаган Аида Тастанова








кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"





??.??