Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

Атамекенчи айым ыйлаганда
Ушул жуманын башында НТС телеканалынан "Контрвью" ток шоусуна Нариман Түлеев, Токтайым Үмөталиева жана ага каршылаш БШК төрагасынын орун басары Гульнар Журабаева "один-одинге" келишти. Анда каттоодон өтөлек Нариман Түлеев БШКчы айымды жарга такап, такымдан алды. Бир тарабынан Токтайым айым "төбөгө чапкылады". Ортодо таландыга калган Гульнар айым чычалап, качып кетүүгө аракет кылып, бирок түз эфир болгондуктан чыгып кете алган жок. Анысы аз келгенсип, БШК төрагасынын орунбасарынын кыргызчасы такыр жок экен. Кыргызча сүйлөсө тили сынып, дагы бир сынга калды. "Кыргызча сүйлөй албайт экен" деп бир топ талапкерди такымга чаап жыккан БШКчылардын өздөрү кыргыз тилин билбейт тура көрсө. Эфир бүткөндөн кийин чычалаган Гульнар Журабаева "так не ожидала" деп бакырып ыйлап, жанындагы жан-жөкөрлөрү бетине суу чачып эсине келтиришти. Эске салсак Гульнар Журабаева "Ата-Мекен" партиясынан БШКнын мүчөлүгүнө сунушталган. Мына БШКнын абалы, курамы толгон "киргизбайлардан" куралыптыр…


Асанбеков "лысый" болдубу?
Кечээ Нарынга бардык. Талапкерлерден Атамбаев, Мадумаров, Ташиев, Суваналиевдин гана кыймылдап атканы болбосо шайлоонун шарапаты билинбейт. Эки бийликте тең ойногон Жапаровдун өз жеринде аптарыйкаты жок экен. Акылбек мырза өз дараметин билгенби айтор, ак үйдүн алтынчы кабатына отуруп алып быкшып, соодалашып атат дешет. Ал эми алдамчы атка конгон Асанбековдун Нарында жыты билинбейт. Мурдагы тарапкерлери баягы шайлоодогу карызыңдан кутулсаң гана иштейбиз дешиптир. Айрым штаптары Суваналиевге өтүп кетишиптир. Асанбеков Тимур Кулибаев менен соодалашып 3 млн. доллар алыптыр деген уу-дуу кеп кеткен эле. Жанындагылар Темирдин кокон тыйыны жок, калтасын какса кара тыйын түшөөрүн, баягыдай эле баймын деп калп кабарлап атканын айтышууда. Ал тургай бир кезде Акаевге жакын болуп, өткөн парламенттик шайлоодо жардам алып анан Акаев менен кезигишкенин эч ким билбейт дегенсип кудугуна түкүрүп, эл алдында "Акаев лысый" деп сөккөнү эркекчиликке жатпай калган. Кайда барба Асанбековду "эй мунуң лапша илет турбайбы" дешип ишенбей калышыптыр. Акаевчилер Темирбек акчасы жок эми өзү "лысый" болуп калды деп алаканын чапкылап атыр дейт. Чын эле акчасы жок айласы кетип турган чагы экен.


Аманбаева жол төшөтөм деп жүрөт
"Алайкуу болк этсе, Москва солк" этет деген кептин кендири кесилгенине көп болду. Союз ыдыраганы 20 миң калкы бар аталган өрөөн кароосуз калып, калкынын көбү мигрант болуп чет өлкөдө ырыскы издеп жүрүшөт. Райборбордон 120 чакырым алыстыкта жайгашкан айылдыктар кышкысын жолу жабылып, 3 айлап жөө-жалаңдап каттаган учурлар көп жолу болгон. Жайындасы жол жээктеп аккан Тар дарыясы жолду "сугунуп" коет. Айтор азапка бүткөн алайкуулуктардын арманы бүтпөс болду. Көп жолу элеттиктер чоңдордун эшигин каккыласа дагы майнап чыкпай, жол тазалоого техника жоктугунан эскилиги жеткен техникалар какап-чакап араң сүрүмүш этчү. Кабар алганы келген чиновниктер айылдык аңкоо элди алдап көп жолу "жолуңарга асфальт төшөйбүз" деп кулакка кесме илген. УӨ тушунда ӨКМге министр болгон Дүйшөн Чотонов дагы жолго көңүл бурган эмес. Айтор алайкуудан чыккан бир топ азаматтар көңүл сыртынан калтырып келсе, бу жолу алайкуулук депутат Урмат Аманбаева катуу киришип, жолдун 50 чакырымына асфальт төшөтөм деп аракеттенип жүрөт. Тилеги орундалып калса азапка бүткөн алайкуулуктардын көйгөйү чечилмек эле…


Келдибековчо өбүшүү
ЖК спикери өткөндө Ош калаасында уулун үйлөп, кең ресторанга дасторкон жайып, казы карта тарткан. Уулун үйлөгөнгө катуу куштарланып кеткенби айтор, Акмат ака аябай арактан согуп, сонун болуп калды дейт. Анан эле эркектик эмеси козголуп кеткенби, (эми мастык да атаңдынгөрү) депутат Чолпон айымды эл көзүнчө эле чопулдатып мойнунан соруп, "засос" койуп балеге кабылды. Бер жактан Келдибековдун аялы таарынып, ар жакта Чолпон эжебиз көзүнөн көл жашын куйултуп капалуу кетти дейт. Анан Акмат ака айыбын кантип жууганын билбедик.


Түлеев түңүлтөбү?
Нариман Түлеевдин таскагы арбап баратат. Соттон утуп, тил комиссиясынан өтүп шайлоого бара турганга бир кадам калганда, 3-октябр күнү түнкү 3тө Москвадан атайын сомолет келип алып кеткени көпчүлүктүн башын маң кылууда. Ким чакырды экен, эмнеге кетти? деген суроолор атаандаштарын аң-таң калтырды. Москвага баргандар Путин менен Медведевге жолугат эмеспи. Анан калса Түлеевдин Москвада барандуу достору бар экенин көпчүлүк билет. Марат Султанов өз талапкерлигин Түлеевдин пайдасына алып койгону да Нариманга күч болду. Баткендин барктуу адамы Мамат Айбалаев да Түлеевге командасы менен кошулду дешти. Айтор, кошулабыз дегендер көп. Күлүк ат түштөн кийин чуркайт болуп Түлеевдин багы ачылганы турат окшоп калды.


Кулов самолет сатты беле?
Кечээ "Ар-Намыс" фракциясынын чогулушу болуп, баягы эле келише албай жүргөн эки тараптын кезектеги шоусу болду. Куловду кулатууга аракеттенген тарап, мурда танка-темирге кошуп самолет да сатып жибергенин, дарексиз 80 млн. сомду сол чөнтөккө сологону тууралуу иликтенип атканын жар салышты. Эгерде бул айтылган фактылар такталса Кулов оңбой калчудай экен эй…


Нарматов мечитке кел деди
Атамбаев Абдышүкүр Нарматовдун мечитине барып жума намазды үзчү эмес экен. Талапкер болгондон бери барбай калганбы, (эми аны да түшүнсө болот, убактысы жок эмеспи) айтор, Нарматов Атамбаевге телефон чалып, байке бул жакты унуттуңуз го-дейт. Эл аралап бошобой атам, жумуш көп маанисинде жооп берет. Байке бул жакты унутпаңыз, ошон үчүн ушундай даражага жетип атасыз -деп эскертиптир. Бали Абдышүкүр ака, Атамбаев го ар дайым Кудайды эстеп турарын билебиз, эми ушинтип башка эл башындагыларга да Кудайды эсине салып турсаңыз! Ууру-кески жоголуп, эл оңолот эле.


Та-ак Ташиев!
Талапкер Ташиев эл аралап, президент болом деп үгүт иши менен жүрү. Кантсе да пенде да, чарчайт, кечинде эс алгысы келет эмеспи. Кашайгыр далай эр азаматтарды жанындагы жан жөкөрлөрү жарга түртүшпөдүбү. Муну да жагынуучулары эс алсаңыз деп ийишкени бизге жетип атпайбы. Кап деп турубуз. Эми жердеши, ырчы Кубик Калыков менен мамилеси бузулабы? Кубиктин аялы жаалданып туру дейт. Ортомчусу да азыр убайым жеп атыр. Ичтеги кичине кыял чыр болуп чыгып кетпесе экен деп турубуз. Камчыкең депутаттарды тумшука урганын эле билчү элек…


Батька директор Бакиевди мактады
Бир кездери биз Бакиев Белорусияда батька Лукашенконун карамагында талтаңдап жатканын, анан аскер заводуна директор болуп алганын жазган элек. Аз өтпөй бул маалымат бүт КМШ сайттарына, Россиянын телелерине чейин чыккан. КурСалиевич арданып кеттиби бул маалыматты төгүнгө чыгарган. Көрсө Бакиев адатынча өрдөктөрдү учурган экен. Бакиев мыкты завод башкармасы экенин айтып батька Лукашенко бапылдап жүрү дейт. Кыргыздар мурда эле Бакиев президент болалбайт бирок, мыкты завод директору болаларын айтып койгон. Лукашенко эми түшүнгөн тура.


Бали Бактыбаев
Кечээ редакциябызга УККнын бир кызматкери келиптир, төрагасы Душебаевге башпрокурордун орун басарынын атынан жазылган кагазды көтөрүп алып. Көрсө баш прокурор орун басары Р. Бактыбаев бизди кылмыш кодексинин 299-беренеси менен жоопко тартууну көздөп, текшерүүгө алууну сураптыр. Пай-пай Бактыбаев мырза, коркунучтуу кылмышты бизден издегениңизге жол болсун. Шектенгени "Таза кандуу талапкер издейбиз" деп элден СМС алып жазган макалабыз болуп атпайбы. Кандай максатта бу макалага "кишен" салгыңыз келгенин түк түшүнбөйм. Башында түшүндүрмөсү бакыйып жазылып турат го. Же бөрк ал десе баш алган баягы заман башталдыбы? Кимдин заказын аткарып атасыз? Болбосо, улуттар аралык бузукулар, чагымчылар кечээ эле өлкөнү будуң чаң кылып, адамдарды кырып анан эч нерсе болбой кетип калышпады беле. Аларга кана кишениңер? Аталган макаланы алдын сызып аябай аңдып окуп көрсөңүз, 299-беренени илештире алат бекенсиз. Бали Бактыбаев. Ушинтсеңиз өсөсүз. Буга чейин да башкалар ушинтип өсүп келген.


"Асман пресс"





кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"





??.??