Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї

Казинолор жабылды, АРАК-АНАША, СОЙКУЛАР ЭМНЕ БОЛОТ?
Жакында Жогорку Кеңеш казинолорго тыюу салгандан баштап, эми бул кумарга азгырган оюнканалар көмүскө рынокко өтүп кетет деген сөз желдей тарады. Бирок, муну менен дагы күрөшүүгө болоорун Аки-пресс маалымат агенттитигинде "Сезим" кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова айтып чыкты. Анын айтымында, казинолор жабылса, ал жерде иштегендер жумушсуз калбайт, алар 15 миң кызматкер болсо, андан көп жарандар жабыркап жатат.


"Өкмөт бюджетке түшүп турган кирешеден куру калабыз дешүүдө. Мага жабыр тарткан энелер телефон чалып "Ушу менен иштеп, өзүнө акча тапкандын тукуму курут болсун" деп айтышты. Эгерде казинолор көмүскө иш жүргүзө баштаса, жабыркаган үй бүлөөлөр кыймыл түзүшүп каршы чыгууга даяр. 10 жылга лицензия алган казинолордун тагдыры эмне болот дешет? Булар 100 жолу, 200 жолу чөнтөктөрүн толтуруп алышты" дейт Б.Рыскулова. Ошондой эле, казинолордун жабылышына каршы чыккандардын көбү 300-500 сомго жалданып келгендигин Рыскуловага телефон аркылуу билдирип турганын аталган борбордун жетекчиси өз сөзүндө белгилеп өттү. Ал эми ЖК депутаты Б.Жетигеновдун кеңешчиси Арстан Бектемировдун айтымында, кумар оюндарынын ишмердүүлүгүн өзгөчө оор кылмыштардын катарына теңеп, мыйзам чегинде 15 жылга эркинен ажыратуу чарасын көрүү зарыл. Учурда бул багытта бир катар депутаттар жаңы мыйзам иштеп жатышат.
Жоомарт Бейшембиев, оюнчу:
"Пачкалап ыргытып ойногондордун 80 пайызы көчөдө калды"
- Мен мурдагы чоң суммада ойноп жүргөн оюнчумун. Силер билесиңерби, оюн автоматтары, казинолор жакшылык алып келбейт. Менден сырткары көп адамдарды көрдүм, машинасын, үйүн уттуруп, абалы начарлап селсаяк кейиптенип калышкан. Мүнөзү алсыздар таптакыр өздөрүн жоготуп коюшкан. Ким бирөө үчүн бул чөнтөк бизнеси. Оюн автоматтарынын, казинолордун кызматкерлери түшүнүүлөрү зарыл, алар 15 миң адам болсо, оюнчулар миллиондоп саналат. Ким бирөөнүн көз жашы аркылуу акча табуу өтө коркунучтуу.
- Сизде эмне болду?
- Менде башкалардын башынан эмне өтсө ошол өттү. Машиналарымды уттурдум, чөйрөмдөгүлөр арасында кадыр-баркым түшүп, адам катарынан чыгып калгам. Казинонун кызматкерлери чыгып пикет кылып жатышкандары менен бир нерсени түшүнүшсө, пачкалап ыргытып ойногондордун 80 пайызы акырында ичип кетишип, үй жайынан ажырап көчөдө калышты.
- Сиз алгач кантип барып калдыңыз эле?
- Жанымдагы бир киши менен чогуу барып, көрүп, үйрөнүп, алаксып, азгырылып кеткем. Башында мен үчүн убакытты өткөрө турган жөн эле кичинекей оюн болчу. Ошол убакытты кетирип отуруп, акыры баардык убактымды автомат оюндары, казинолор ээлеп алды. Бул мен үчүн азаптуу оору болду. Мен эле эмес, канча кыргыздар, жаш балдар, студенттер жүрөт. Бул алар үчүн эмес…
- Азыркы абалыңыз кандай?
- Азыр мен токтотуп койгом. Иштеп жатам. Менин күчүм жетти ушуга.
Салымбек Мырзаев, оюнчу:
"Адамдык азарт чекти билбейт экен"
- Бул игромания менен мен 20 жыл оорудум. Бул жол менен эч жакка баралбасымды эми гана түшүндүм. Адамдык азарт чекти билбейт экен. Көп жолу уттургам жана уткам. Жакындарымдан, балдарымдан, аялымдан ажырап калууга аз калганда түшүндүм. Мага акчаларымдын суудай агып кеткени өкүнүчтүү эмес, а жеке убактымдын көздөн кайым болгону өкүндүрөт.
- Жыйырма жыл ойноптурсуз, кайрадан кайтып барып ойной берем деген коркунуч жокпу?
- Ооба, мындай коркунуч бар. Эгерде казинолор жабылбаса кайтып бара беришим мүмкүн. Анткени бул абдан чоң азгырык. Ошон үчүн жаныма акча албай жүрүүгө, оюн залдарынын жанынан жөн гана карап өтүп кетүүгө аракеттенем.
- Канча убакыттан бери ойной элексиз?
- Эки жыл болду.
Улан Жусубеков, оюнчу:
"Кандуу Ош окуясы дагы казинодон башталган"
- Мен он жылдан бери ойноп келем. Убакыт кантип өтүп кеткенин деле билбейм. Ушул убактыма ичим күйөт. Мындан эч бир пайда тапкан жокмун. Мисалы, кандуу Ош окуясы дагы казинодон башталган. Ал окуяны дагы мамлекет токтоткон жок, канчалаган кан агып, адамдар кырылып отуруп эл өзү токтотту. Эгерде "подпольеге" кетип, өкмөттүн күчү жетпесе, эл чогулуп чыгып талкалап эле жаап салыш керек, "подполье" эмес балакеттин баарын талкалап салышат. "Подпольеге кетип калса эмне кылабыз" деп Өкмөт өзүнүн күчү жоктугун билдирип жатат.
Айгүл Толтоева, Ош шаарынан:
"Эмне, казиночулар өндүрүш өндүрүп жатышыптырбы?"

- Менин балам жаңыдан азгырыла баштаганда "баламды киргизбегиле" деп казинолорго сүрөтүн тараттык. Ага болбогондо, кайра барсак, "бул депутат Тумановдуку, колуңдан эмне келет!" деген сөздү уккан соң, чындап адамдык укугуңду пайдалангың келет экен.
- Анан, балаңызды кантип чыгарып алдыңыз?
- Үй бүлөөбүз менен чогуу күрөштүк.Чыгарып алаарыбыз менен Москвага жибердик.
- Акчаны ал кайдан алчу эле?
- Майда акчалар менен 200 сом, 1000 сом менен кирип ойночу экен. Айта кетчү нерсе, "бюджетке акча түшөт" дегендери менен казинолор бирөөнүн бекер акчасын алып эле өкмөткө берип коюп жатышпайбы. Булар эмне өндүрүш өндүрүп, айдап-сээп жатышабы? Эч эмгек кылышпай эле да!
Элдияр Мамыров,
казинолордун юристи:
""Сезим" дагы бир
жолу калп айтты"
- Бүгүнкү билдирүүгө кандай карайсыз?
- "Казиночулар нааразычылык акциясына 300-500 сомго чыгышты" дешет, биринчиден, ошол жерде иштеген кызматкерлер 300 сомго келеби? Экинчиден, "алар абдан агрессивдүү болгон" дегени "Сезимдин" дагы бир жолу жалган айтканы. "Биз чогулткан колдор 150 миң" деп 5 күн мурда айткан, бүгүн 100 миң дейт, эмне алар колдорду жоготуп жатышабы? Теледен коомдук деңгээлде каргап-шилеп жатат.
- "Подпольеге" өтүп кетет деген пикирге оюңуз кандай?
- Биринчи кезекте "подполье" боюнча биз айткан эмеспиз, муну саясий чиновниктер айткан. Чиновниктер менен саясий ишкерлердин айырмасы бар. Бири айтат, бирок эч нерсе аткарбайт, экинчиси айтпайт, бирок, аткарууга милдеттүү.
Жыйынтык сөз
Эмнеси болсо да казино ачкандарды дагы, ага баргандарды дагы коомчулук жакшы эле күнөөлөп келдик. "Андай болсо барбай койбойбу, антпей койбойбу, минтпей койбойбу" дейбиз. А бирок, чынында эле азгырык ар кадам сайын болуп турган азыркы заманда андан аттап өтүүгө күчүң жетпей калган учурлар болбой койбойт. Макул, казинолорду ушинтип отуруп жаап салууга дагы аз гана убакыт калды. Мындан дагы оор маселе, кайсыл гана дүкөнгө баш бакпа арак-шарап, тамеки. Нечендеген жол кырсыгына, өкүнүчтөргө алып келген аракка тыюу салынмак турсун, Темир Сариеви баш болуп түрлөп чыгарып жатат. "Эрдик кылсаң сүрө кыл" дешет кыргыздар, эми арактарды чеги менен сатууга мажбурлай турган күчтөр чыга алабы? Же арак ичип казиного баргандан жаман турмушу бузулгандар, көчөдө селсаяк болуп калгандар, түбөлүк оорулуу болуп калгандар коомубузда жокпу?
Анан да "Вечеркада" жарнамалап берилип жаткан кыз-уландарды, чиновниктерибизди азгырып, жетелеген жеке сойкуканаларды, сауналарды жаап салууга аракеттер көрүлөөр бекен? Атка минерлерибиз бир убакта сойкуканаларды "легитимдиштиребиз" деп чыгышкандай же бул иш арам эмеспи?
Азима АКУНОВА








кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"





??.??