Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Күйдүмчок

Манас атабыздын атын эми итке беришеби?
Өлкөбүздө ажо шайлоо жарышынын тизгини кое берилгенден бери ишемби, жекшемби күндөрү жалпы кыргыз журтчулугунда той-аштардан башыбыз чыкпай калды. Кыргыз камырабай тойлоп жүргөндө өзүм билем деген ээн баштар өз ишин кылып жүрүптүр. Дегеним, жекшемби күнү дене тарбия окуу жайынын чоң имаратында иттердин сынагы өтүптүр. Сынакка жөн жерден эле күбө болуп калган Таалай Кийикбаев төмөндөгүдөй дейт.
- Бул конкурс тууралуу билген да эмесмин. Ит сүйүүчүлөрүнүн тымпыйып элден обочороок жерге уюштурганынын да себеби бар экен. Алгач мени киргизбешке аракет кылышканынын себеби, ит сынак жүрүп жаткан дене тарбия комплексттин төр жагына "Конкурс Манаса" деп илип алышыптыр. Чок баскандай, бирөө мээлеп туруп мени атып жибергендей денем чымырады. Дароо уюштуруучуларын издеп таап, бул конкурстун атын башкача атаса болмок экен деген оюмду айтсам, сен кимсин дегенге өтүп, андан ары менин жолдоштор мындай кылууга болбойт, өз билгенди кылып ыйык атты ушундай конкурстарга пайдалануу бизге, кыргыздарга намыс экенин айтып чырылдасам эки жоон билек күзөтчүсүн чакырып "бул Манасттын баласын чыгарып салгылачы" деп ууртунан күлүп шылдыңдашты. Атып салууга колумда куралым жок эле, айласыздан калдым. Мындай учурду медицинада "аффект" деген ат менен өзүн-өзү токтото албай калган учур деп баалашат. Урматтуу эл журтум жогоруда жазгандай аш-той, ураа-ураа колдоп коелу деген кечелерден келе жатып же бара жатып мен мисалга келтиргендей окуяларга кулак түрүп же күбө болуп калсак менин эмне ишим бар "ач кулактан тынч кулак" деп басып кетпей, анча-мынча элге билгизип тартипке чакырып турсак. Биз улуу Манасыбызды туу тутушубуз керек.
Мээрим Айталиева




Ташиев жигиттик сапаттан курук калганбы?
Бүгүн бирди айтып, эртеси теңирден тескери сүйлөп, керек учурда жакын адамын "сатып" кетмей - аттуу-баштуу саясатчыларга таандык сапат. Мындай өнөкөттөн "ата журтчу" Камчыбек Ташиев да куру эмес экенин төмөндө баяндайбыз.
Былтыр парламенттик шайлоону утурлай үгүт иштери кызуу жүрүп аткан учурда Камчыке эл менен жолугушуп, экс-президент Курманбек Салиевич Бакиевди мекенине кайтарарын убада кылган. Муну тастыктаган тасма интернет булактарында, телеканалдарда чагылдырылган эле. Ошол окуядан көп өтпөй Камчыбек мырза маалымат каражаттары аркылуу антип айтпаганын билдирип, КурСалиевичти поктоп жатып калды. Ага караганда Адахан Кимсанбаевич эр экен, "Бакиевди алып келем" деп ачык эле мактанып жүрөт.
Ошол эле ЖоКе жарыш мезгилинде убактылуу өкмөттү катыра сындап, жалаң "уурулардын" башы кошулган "Республика" партиясы менен катуу күрөшөрүн шайлоочуларына убада кылган. А иш жүзүндө өлкөнү эң кыйын учурда сактап калган убактылуу өкмөттүн "мотору" КСДП менен "Республиканын" этегине эрмешип, коалициялык өкмөттүн катарына кошулду. Муну менен катар өзү Ак үйдөгү "Ата журт" фракциясынын лидерлигине шайланды. "Баягы убадаңыз канаке, Камчыке?" деп сураган тирүү жан чыкпады...
Баса, К.Ташиев "Ар-Намыс" партиясы менен гана коалиция түзүү тууралуу шерттешкенин эл билбесе да элита чөйрөсү жакшы билет. Чечүүчү моментте "темир генералды" талаага таштап кеткенин турмуш аке ырастады.
Улутчулбу же өзүмчүлбү?
"Кара чотур" Ташиевдин дагы бир өзгөчөлүгү - ашынган улутчулдугунда. Ал: "Эгер орус, өзбек же түрктөр кыргыздар менен бирдей деңгээлдебиз же жогору турабыз дешсе - мамлекет кулайт" деген. Эми болсо түшүнөн чоочуган немедей айтканын унутуп: "Кыргызстандагы бардык улуттар бирдей укукта" деп экинчи "Американы" ачкан кербези.
Камчыбек Кыдыршаевич чыныгы мырза катары аял затына тийишпеши керек эле. Бирок, ал Роза Исаковна Отунбаевага жөнсүз сүйкөнүп, аны президент катары тааныбастыгын айтып, аял заты өлкөнү жетектей албасын жар салганы эсибизде. Ал эми быйыл "айныкейин" карматып, Р.Отунбаеванын мөөнөтүн дагы бир жылга узартуу демилгесин көтөрүп чыкты. Мындайда "айла жок, бирок, ай ля вю" дегенден бөлөк арга таппайсың...
Сөздү ушул жерден токтото туралы. Мөртү келгенде макаланы кайрадан улантабыз...
Акынбек КАПАРОВ


Абдраимов 6 млн. сом сурады
Бул жолку шайлоодо чет өлкөдө жүргөн жарандарыбыздын добушу желге кеткени калды.
Себеби, шайлоо учаскалары мурдагы парламенттик шайлоодо баардык аймактарда ачылган болсо, алдыдагы президенттик шайлоодо Кыргызстандын консулдуктарында, элчиликтеринде гана ачылат. Демек, орус жериндеги мекендештерибиздин добуштары бу сапар чечүүчү күчкө ээ болбойт. Анткени, аталган шайлоо учаскалары 1-2 жерде гана бар.
Жакында Жогорку Кеңештин отурумунда БШК төрагасы келип маалымат берди. Депутат Урмат Аманбаева чет элдерде жүргөн жарандарыбыздын укуктары каралбай, шайлоодо көз жаздымга калып, добуш берүү мүмкүнчүлүгү чектелип калганын айтты. Буга БШК төрагасы Туйгуналы Абдраимов консулдуктар ачылаарын, эгерде жетишпей калса кийинки шайлоодо болоорун божурады. Мына кызык, дагы кыргызбайлык кылып "кийинкиде жакшы болоттур" деп ийнин куушурган БШКнын кайдыгерлиги депутаттарды таң калтырды. Дагы бир билермандардын айтымында чет жакадагы жүргөндөрдүн көпчүлүгү Кыргызстандын түштүгүнөн, түштүктүн талапкерлеринин добушун азайтуу амалы болуш керек дешет. Мунун да жүйөөлү жактары бар. Былтыр парламенттик шайлоодо чет өлкөдөн келген добуштун жыйынтыгы айрым "түштүкчүл" партиялардын энчисине эңшерилгени маалым.
Учурда шайлоочулардын саны такталып атат. Мурунку шайлоолордо шайлоочулардын саны такталбаганын кошумчалап, каза болгондор, чет жактарга чыгып кеткендердин саны тазаланбай калып атканын кошумчалады. "2001-2011-жылдар ортосундагы шайлоочулардын тизмесин тактап атасыздар, иш кандай жүрүүдө " деген депутаттын суроосуна,Т.Абдраимов " айрым жерлерде 1800-жылдары туулган жарандар дагы шайлоо тизмелеринде жүрөт. Муну изилдеп, атайын 50 адамдан турган жумушчу топ түздүк" деди. БШКнын 22-сентябрында Жогорку Кеңештин отурумунда берген маалыматында быйыл 2 млн. 842 шайлоочу бар. Андан тышкары шайлоо урналары жоголуп, кайрадан жаңы урналарды алуу керек болуп атканын, ага 6 млн. сом чыгым кетерин белгиледи. Муну дагы мурдагы БШК курамынын шалакылыгынан көп чыгымга дуушар болдук деп эсептейт. Эске салсак жакында эле өткөн шайлоодогу урналар кайда кетип, кайда житкени тууралуу эч ким билбейт.
Дайырбек Орунбеков





Талапкерлердин каражатын карасаңар эй
"Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Конституциялык мыйзамынын 41 - беренесинин 12 - пунктуна ылайык жана Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларындагы акчалай каражаттарды чыгымдоонун ачыктыгын камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын алдындагы Контролдук - текшерүү тобу 2011 - жылдын 1- октябрына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин шайлоо фондуларындагы акчалай каражаттарынын жүгүртүлүшү жөнүндөгү төмөндөгү маалыматты жайгаштырат.
Талапкерлердин шайлоо фондуларынын атайын эсебиндеги акча каражаттары (сом менен):
АБДЫЛДАЕВ АРСТАНБЕК БЕЙШЕНАЛИЕВИЧ
2 948 000 (түшкөнү)
2 778 443 (чыгымы)
169 557 (калдыгы)
АСАНБЕКОВ ТЕМИРБЕК ИШЕНБАЕВИЧ
220 000(түшкөнү)
210 696 (чыгымы)
9 304 (калдыгы)
АТАМБАЕВ АЛМАЗБЕК ШАРШЕНОВИЧ
24 400 000 (түшкөнү)
16 265 554 (чыгымы)
8 134 446 (калдыгы)
БАЙБОЛОВ КУБАТБЕК КАЛБЕКОВИЧ
9 255 000 (түшкөнү)
8 048 313 (чыгымы)
1 206 687 (калдыгы)
ДЫЙКАНОВ СООРОНБАЙ САБЫРОВИЧ
482 000 (түшкөнү)
478 468 (чыгымы)
3 532 (калдыгы)
ЖАПАРОВ АКЫЛБЕК УСЕНБЕКОВИЧ
200 000 (түшкөнү)
195 470 (чыгымы)
4 530 (калдыгы)
ИСАБЕКОВ КУБАНЫЧБЕК САТИНДИЕВИЧ
2 680 820 (түшкөнү)
2 096 820 (чыгымы)
584 000 (калдыгы)
ИМАНКУЛОВ МАРАТ МУКАНОВИЧ
390 300 (түшкөнү)
371 237 (чыгымы)
19 063 (калдыгы)
КАЛМАТОВ АНАРБЕК БАРАТОВИЧ
4 395 000 (түшкөнү)
4 153 492 (чыгымы)
241 508 (калдыгы)
КАРИМОВ АЛМАЗБЕК ТАШПОЛОТОВИЧ
130 500 (түшкөнү)
130 199 (чыгымы)
301 (калдыгы)
МАДУМАРОВ АДАХАН КИМСАНБАЕВИЧ
19 083 579 (түшкөнү)
16 715 902 (чыгымы)
2 367 677 (калдыгы)
МАСАЛИЕВ ИСХАК АБСАМАТОВИЧ
195 000 (түшкөнү)
100 471 (чыгымы)
94 529 (калдыгы)
МАТУБРАИМОВ АЛМАМБЕТ
199 000 (түшкөнү)
190 393 (чыгымы)
8 607 (калдыгы)
ОМОРОВ РОМАН ОМОРОВИЧ
154 850 (түшкөнү)
105 458 (чыгымы)
49 392 (калдыгы)
ОСМОНОВ КУРМАНБЕК ЭРГЕШОВИЧ
493 500 (түшкөнү)
312 171 (чыгымы)
181 329 (калдыгы)
СУВАНАЛИЕВ ОМУРБЕК ИСАКОВИЧ
2 300 000 (түшкөнү)
2 221 930 (чыгымы)
78 070 (калдыгы)
ТАШИЕВ КАМЧЫБЕК КЫДЫРШАЕВИЧ
5 617 290 (түшкөнү)
5 612 426 (чыгымы)
4 864 (калдыгы)
ТОКТОГАЗИЕВ ЖУМАБЕК КЕМЕЛОВИЧ
101 000 (түшкөнү)
100 323 (чыгымы)
677 (калдыгы)







кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"





??.??