Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Соттордун жардамы менен бийликти кантип алса болот?
Өткөн жума күнү, 30-сентябрда, кыргыз парламентинде бир караганда анчейин деле маанилүү эместей сезилген окуя болуп өттү. Депутаттар "Ата-Журт" фракциясынын аты таанымал бакыйган эки мүчөсү кабыл алууга абдан кызыктар экендиги байкалган токтом токушту. Биринчиси - фракциянын лидери жана соттук-укуктук маселелер боюнча парламенттик комитеттин төрагасы Садыр Жапаров - бул токтомдун демилгечиси болду. Ал эми экинчиси - спикер Ахматбек Келдибеков - аны кадимкидей эле "түртүп" кабыл алдырды.
Токтомдун кабыл алынышы чоң ызы-чуу менен коштолду. Ал эмес юристтер да Жогорку Кеңештин мындай документтерди кабыл алууга ыйгарым укуктары жок экендигин айтып чыгышты. Бирок, спикер Келдибеков буга каш кагып да койбой, маселени добушка койду. Мындай токтомду кабыл алдыртпай койгонго болгону бир нече гана добуш жетпей калды: 102 депутаттын 41и "каршы", 58и - "макул", үчөөсү "калыс" добуш беришти.
Бул талаш-тартыш болгону Кыргызстандын Жогорку сотунун судьясы болом деген, бирок, Президент Роза Отунбаева эки ай мурун талапкерлигин колдобой койгон 15 адамга байланыштуу маселе болчу.

"Болгону ошол элеби?" дегенибиз туурабы?
Кыргызстандагы сот реформасынын тегерегиндеги ызы-чуу өткөн жай айларында эле башталган. Алар бирде күчөп, бирде басаңдап отуруп, сентябрдын аягында абдан курч деңгээлге жетти. Коомчулуктун басымдуу бөлүгү реформаны жарга такаган себеп эмнеде экендигин аңдабай деле турса керек…Анткен менен себептин түйүнү тереңде жаткандыгын бөркүңүздөй эле көрө берсеңиз болот.
Кыргызстанда жаңыдан курула баштаган мамлекетте эң күчтүү бийлик соттордун колунда болот, ал гана эмес президенттик бийликтен да ашып түшөт десек аша чапкандык болбос. Судья гана "Кыргыз Республикасынын атынан" деп чечим чыгарганга акылуу (мамлекет башчысынын буга укугу жок), эми бул формула өзгөчө маани-маңызга ээ болуп отурат.
Сот пирамидасынын бийик чокусунда - Жогорку соттун жана анын түзүмүндөгү Конституциялык палатанын судьялары. Алар бул кызматты өмүрүнүн акырына чейин ээлей турган болушат. Аларды кызматтан алуу дээрлик мүмкүн эмес болгондуктан, Кыргызстанда Кудайдан кийин эле ушул судьялар болуп калышат. Ошентип, ушундай "реформа" ишке ашса, дал ушул судьялар иш жүзүндө өлкөнү, элди башкарып калышмакчы.
Адам тагдырын калчагандардын катарына жайнаган судьялардын ичинен татыктуусун иргеп алуу максатында ушул жылдын июль айында аталышы өзү эле айтып тургандай СОС (Судьяларды тандоо кеңеши) деген уюм түзүлгөн. Августтун башында СОС 114 талапкердин ичинен 29 талапкерди Жогорку соттун судьялыгына сунуштаганда абсурд дегенден башка айтылыш жарашпаган ызы-чуу башталды.
2011-жылдын 10-августу. Президент Роза Отунбаева жумушчу кеңешме өткөрүп, судьялык корпустун, жарандык коомдун өкүлдөрү жана парламенттик фракциялардын лидерлери менен өлкөнүн соттук корпусун түзүүгө байланышкан маселелерди талкуулайт. Ал Судьяларды тандоо кеңешинин мүчөлөрүнүн ысымдары ачык көрсөтүлгөн бюллеттендерди ким кайсы талапкерге добушун бергендигин билүү үчүн берүүнү өтүнөт. Бирок, негедир бул түшүнүктүү жана мыйзамдуу өтүнүчкө (СОСтун иши толугу менен ачык-айкын болушу керек) кызыктай мамиле жасалып, эч ким бюллетендерди көрсөткүсү келбей, чиновниктер уурулугу кармалган мышыктай кыңырылып, ачык жооп бербей, бултактата башташат. Акыры бюллетендер жаткан сейфтин ачкычы СОС төрагасы Замирбек Базарбековдо экендиги аныкталып, бирок, ал аны таппай жаткандыгын айтканда чыдамы түгөнгөн Роза Отунбаева: "Жетишет! Сейфтин ачкычын тапканга бир саат берем! Сиз ачкычты бергиңиз келбей жатса, демек, жарандык коомдун айрым өкүлдөрү жазып чыккандай, чындап эле Ата-Мекен коркунучта турбайбы!", - деп катуу айтат.
Бюллетендер - бактыга жараша аларды жок кылып жиберишпептир - табылды. Анан эмне себептен аларды депутаттардан, жарандык коомдон, Кыргызстандын президентинен жана катардагы жарандардан жаап-жашырып, катып салганга далбаса кылышкан?
Болжолу, СОСтун атын атап добуш берүүсүнүн жыйынтыгы бир өтө кызыктуу мыйзам ченемдүү көрүнүштү ачыктагандан улам болсо керек. Ага ылайык, Жогорку соттун судьялыгына талапкерлердин айрымдарын СОСтун бир эле мүчөлөрү таң каларлык биримдикте бир добуштан колдошкон экен. Бир команда. Бригада деп койсо да болчудай.
Бул команданын жаралыш тарыхы да өзүнчө кызыктуу.
СОС 24 адамдан турат. Анын үчтөн бири (8 киши) судьялар корпусунан (өз алдынча башкаруу органы - Судьялар кеңеши аркылуу) турат, дагы үчтөн бири - парламенттик көпчүлүктүн фракцияларынан, калганы - парламенттик оппозициядан түзүлөт.
СОСко талапкерлердин бардыгы Садыр Жапаров ( "Ата-Журт" фракциясы) жетектеген соттук-укуктук маселелер боюнча парламенттик комитетинде бекитилген болчу. Комитет судьялар коомдоштугунан келген алгачкы 8 талапкерди өткөргөн жок. Аларга башкаруучу фракциянын да, оппозициялык фракциянын да нааразычылыктары көп экен. Көп өтпөй эле Судьялар кеңеши дагы 8 талапкерди сунуштады. Алар жапаровдук комитеттен камырдан кыл сууругандай эле жылма өтүштү... Эгерде бюллетендерге байланыштуу ызы-чуу чыкпаганда, жарандык коом СОСтун бул мүчөлөрүнө анчалык деле көңүл бурушмак эмес.
Анткен менен көңүл буруу ашыктык кылбас эле. Айталы, СОСтогу ушул сегиз адамдын катарында болгон, ал гана эмес анын төрагасы болууга да жетишкен бир гана Замирбек Базарбеков эле эмне деген киши (бюллетендерге байланышкан ызы-чуудан соң ал коомчулуктун кысым көрсөтүүсүнөн улам отставкага кетти, бирок, СОС мүчөсү бойдон калды).
Кыргызстанда ушул Базарбеков сыяктуу качан болсо ар кандай ызы-чуулардын чордонунда калып келген башка судьяны табыш кыйын. 2005-жылы ал Каракол шаардык сотунун кызматынан чоң чуу менен жылмышкан. Муну өлкө президентинен ошол мезгилдеги кыргыз парламентинин Эл өкүлдөр жыйыны (ЭӨЖ) абдан суранган болчу. Базарбековдун "ишин" ЭӨЖнын атайын түзүлгөн комиссиясы карап, одоно мыйзам бузууларга жол берилгендигин аныктаган. Базарбековдун үстүнөн прокурорлор, облустун губернатору, шаардык кеңештин депутаттары далай жолу арызданышкан. Алардын арыздарында аны кызматтан кетирүүнүн зарылдыгы баса көрсөтүлгөн болчу.
Буга чейин Базарбеков Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук сотунун төрагасынын орун басары болуп иштеген. Бул жерде да жөн жүрбөй, артынан сөз ээрчитип, нааразычылыктарды жараткан. Анын кызматтык мүнөздөмөсүндө мындай деп жазылат: "Жарандарга орой мамиле кылгандыктан, бир жылда эле берилген арыздардын негизинде 3 ирет кызматтык иликтөөлөр жүргүзүлгөн… Соттук иштерди кароодо укуктук нормаларды бузууга жол берилген. .. Чыгарган чечимдери менен өкүмдөрү жогорку инстанцияларда бекигендигинин пайыздык көрсөткүчү өтө төмөн…Сынды көтөрө албайт, алардан жыйынтык чыгара билбейт".
Мына ушундай киши адам тагдырларына өкүм чыгарчуларды тандоону жетектей баштаган.
Ал тургай бул дагы башкысы эмес. Базарбековдун ишмердигинин эң чуулгандуу эпизоддорунун бири анын Каракол шаардык кеңешинин төрагасы Валентин Цойго чыгарган өкүмү болгон. Ал "Ысык-Көл" Инвестбанкынын филиалынын башкаруучусу болуп иштеген. Анан бир ирет төрага жана директорлор кеңешинин мүчөсү Ж.Турдубаев жана М.Байтиков менен бирге банктын кардарларынын бирине насыяны кайтарып төлөбөгөндүгү үчүн өтө ачууланган кат менен кайрылган. Кардар "Жалаа" деген берене менен кылмыш ишин козготуп, Каракол шаардык сотуна кайрылган. Судья Базарбеков тигил үчөөнү тең күнөөлүү деп таап, ошол эле учурда депутат Цойду акчалай айыпка жана 1 жыл эркинен ажыратууга "кесип", сот залынан колуна кишен салдырган. (Салыштыруу үчүн: башка бир кылмыш иши боюнча судья Базарбеков каракчыга шарттуу мөөнөт берген, андан кийин эркиндикте болуп калган тигил шүмшүк жаңы оор кылмыш жасап туруп, качып кеткен).
Айтмакчы, ал кардарды Сабыр Жапаров деп аташчу. Ал азыркы сот системасынын реоформатору, "Гюзель" ЖЧКсын жетектеп туруп, "Ысык-Көл" Инвестбанкынан насыя алган депутат Садыр Жапаровдун агасы болот. Ал эми Садыр Жапаровдун карындашы - Райкүл Жапаровага быйылкы жылдын январь айында Башкы прокуратура Максим Бакиев менен бирге "Ысык-Көл" банкын рейдерлик жол менен тартып алгандыгы үчүн күнөө койду (бул кылмыш иши сотторду айланып адашып жүрүп, азыр толуктап тергөөгө берилген). Айткандай, укук коргоо органдары менен Садыр Жапаровдун өзүнүн да проблемалары бар - азыр каржы полициясында ал жетектеген "Гюзель" фирмасынын 46 миллион сом суммасындагы салыкты төкпөй койгондугу жөнүндө токтотулуп коюлган кылмыш иши жатат. Мына ушундай кызыктуу чынжырча...
Бирок азыркы жолкуда Замирбек Базарбаев (2006-жылы ал кайрадан Балыкчы шаардык сотунун судьясы болуп дайындалып, 2010-жылдын августунда анын төрагасы болуп калган) менен Садыр Жапаровдун жолдору дагы кайрадан кайчылашып калганы өтө кызык. Анан биринчиси экинчисинин жардамы менен өтө жооптуу органды - СОСту) жетектеп калып жатпайбы. Муну кокустук деп эсептесек болобу? Антиш кыйын го,э?
Мындан башка да СОСтогу судьялар корпусунун башка да бир катар өкүлдөрү жөнүндө, Судьяларды тандоо кеңешине алар да, ушинтип айтып коёлучу, кокусунан кошулуп калбагандыгы тууралуу аз эмес кызыктуу маалыматтар бар.
Мына ушинтип, СОСтун "Ата-Журт" фракциясы сунуш кылган дагы эки мүчөсү менен Кеңештин кааласа да каалабаса да бул фракция контролдогон мүчөлөрүнүн саны он болду. Эми санап көрөлү. СОСтун чечимдери (алардын саны 24 кишиден турарын эске сала кетели) жөнөкөй көпчүлүк менен кабыл алынат. Башкача айтканда, кеңештин 13 мүчөсү добуш берсе, кандайы керек болсо ошондой судьяларды тандап алса болот. "Ата-Журтта" мындай керектүү жана өз мүчөлөрү (Жогорку сотко талапкерлерди тандоодогу добуш берүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча эсептеп көрсөк) ашыкчасы менен - он төрт болуп кетиптир. Анткени башка фракциялардан сунуш кылынгандар менен келишип алууга жана аларды өз тарабына тартып кетүүгө болот эмеспи. "Ата-Журт" да келишип кетти - төртөө менен. Кандай жол менен келишкени болжол менен белгилүү.
Ошентип, СОСто жөнөкөй көпчүлүккө ээ болуу менен андан ары Жогорку сотко контролдоно турган судьяларды алып өтүүгө болот да. Эмне үчүн алардын кереги тийиши мүмкүн? О-о-о, эгерде тил алчаак судьяларды чечүүчү кызматтарга (мисалы, Жогорку соттун төрагасы менен орун басарларына) коюп алчу болсо, бул жерде кучак жеткис мүмкүндүктөр ачылып олтурбайбы! Мисалы, анын ичинде, улутташтырылган мүлктү мурдагы кожоюндарына кайтарып берүү менен менчикти кайра бөлүштүрүүгө неге болбосун?.. Ошондой эле жакынкы көйгөйдү - президенттик шайлоону да чечсе болот.
Ооба-ооба, жогорку соттор Кыргызстандын келечек президентин "жасоого" жөндөмдүү. Шайлоонун бардык чыр-чатактары райондук соттордо чечилет, чоң чекитти коё турган кийинки сот инстанциясы - дароо эле Жогорку сот. Анын чечимдери даттанууга жатпайт. Эгерде анын жыйынтыктары судьялардын "кожоюндарына" жакпай калса, анда өз судьялардын жардамы менен айрым округдарда же бүтүндөй республика боюнча шайлоонун жыйынтыктарын жаратпай, аны өткөн жок деп таанып коюуга болот. Бул көйгөйдү ал тургай шайлоочулар шайлоо урналарына жакындай электе эле чечип койсо да болот. Мисалы, шайлоо ат салышынан Алмазбек Атамбаевди (же башка бир опурталдуу талапкерди) четтетип коюп, муну менен "Ата-Журттан" көрсөтүлгөн Камчыбек Ташиевге жеңишти камсыздап берсе болот эмеспи.
Бир сөз менен айтканда, мындай чектелбеген ыйгарым укуктары менен Жогорку сот аркылуу эмнелерди гана жасаса болот!
Эми Жогорку Кеңештин Садыр Жапаров демилгелеген жакындагы токтомуна кайрылалы. Ушул жылдын августунда президент Роза Отунбаева Жогорку соттун Судьяларды тандоо кеңеши тандап алган 29 талапкеринин 15ин четке какпадыбы. Ал коомчулукка мунун себептерин түшүндүрүп да берди: компетентсиздик (талапкерлердин айрымдары менен ал ачык аңгемелешүү өткөрдү), талапкерлердин кынтыксыз эмес репутациясы, өткөн чакта - алардын бакиевдик режимге активдүү иштеп бергени... Садыр Жапаровдун алдастап калганына караганда (ал Отунбаеваны бийликти жеке басып алды деп, ачыктан ачык күнөөлөп жибербедиби), ошондой эле бирден жеке добуш берүүнүн натыйжалары боюнча (дал ошол талапкерлер үчүн СОСтун жогоруда эскертилген команда-бригада мүчөлөрү ынтымактуу добуш беришкен), дал ушул 15 судьяга "Ата-Журт" өзгөчө ишеним арткан.
Мына ошентип, "ата-журтчулардын" кысымы астында парламент СОСту "судьялыкка талапкерлер боюнча президенттин каршы болуусун карап чыгууга жана бул боюнча чечим кабыл алууга" милдеттендирген. Кандай чечим кабыл алынышы керек эле, сезип-билип турганыңыздардай, мамлекет башчысынын ветосун кыйгап өтүп, кандай жол менен болсо да дал ОШОЛ СУДЬЯЛАРДЫ Жогорку сотко алып келүү керек болчу. Жана мүмкүн болушунча тезирээк!
Кызыктай мыйзам ченемдүүлүк: ушул токтом кабыл алынардан болгону эки күн мурда Роза Отунбаеванын демилгеси менен депутаттардан, жарандык коомдун жана сот системасынын өкүлдөрүнөн турган комиссия түзүлгөн. Анын милдети - уларып кеткен сот реформасын туңгуюктан чыгаруу. Азап-реформаторлор жол берген мыйзамдардагы толуп жаткан карама-каршылыктарды иретке келтирип чыгуу керек.
Эл оозунда айтылгандай, "шашкан суур ийинге кире албайт"... Андыктан биздин тагдырыбызды чече турган судьяларды тандоодо мынчалык жанталашып ашыгуунун кажети барбы?
Жарандык сектор дагы мындай ойлоно турган сунушту киргизүүдө: Судьяларды тандап алуу боюнча кеңеште чечимдер жөнөкөй көпчүлүк менен эмес, добуштардын үчтөн экиси менен кабыл алынуусу керек. Мына ушинтип гана сот бийлигин бир колго топтоонун алдын алса болот.
Мүмкүн дал ошондуктан "Ата-Журт" фракциясынын лидери Садыр Жапаров жана анын санаалаштары ушул бийликти өз контролуна алууга ушунчалык жанталашып шашып жатышпасын?
Айтмакчы, парламенттин 30-сентябрындагы отурумунда төрага Ахматбек Келдибеков Жогорку соттун төрагасынын орун басары Кубанычбек Момбековду кызматына кайра алып келүүнү да талап кылды. Апрель революциясынан кийин ЖС төрагасынын милдетин аткарган баягы кадимки Момбековду, айтылуу Раушан Рыкунова "Мегаком" иши боюнча олчойгон пара алган судьялардын катарында атаган кадимки Момбековду.
Келечектеги Жогорку сот - "ата-журтчулардын" башкы күжүрмөн күчү көз алдыбызда түзүлүүдө... Тилекке каршы бүгүн коомчулуктун көпчүлүгүнүн жана өлкө жетекчилигинин көздөрү калың таңуу менен байланган. Бул таңуулар биздин көзүбүздөн алынган күнү "алаканды шак коюп" олтуруп калбасак болду!.. Кечээ жакында эле бизде бакиевдик режим менен ушундай болбоду беле!
Тимур Асанов, "Дело №" гезити,
№32, 5-октябрь, 2011-жыл.







кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"





??.??