Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Адамзатта аты улук, манастан ураан чакырдык
- Манас Атабыздын үйүн курсак болобу?
Эгемендик алганыбызга 20 жыл өтсө да улутубуздун уңгусу, сыймыгы болгон Манас атабызга алгылыктуу мамиле, сый-урмат кыла албаганыбызга өкүнүп келебиз. Эмгиче борбор калаабызда Манас атабызга арналган үй жок экенине, куралбаганыбызга аттиң дейбиз. Эми да кеч эмес. Андыктан редакторубуз Керим Айдаровдун сунушу менен "Асман пресс" гезити ушул маселени көтөрүүнү чечти. Адегенде коомчулуктун оюн билели дедик. Андан соң максатыбыздын пайдубалын түзүүгө аракет болоор.

Бактыбек Максүтов, "Айкөл Манас баяны"фондунун жетекчиси:
- Бул чо-оң максаттагы, республикалык деңгээлдеги иш. Муну ө зүңөр айткандай аябай ойлонуп, талкууга салып анан бүтүрүш керек. Колдой турган жакшы нерсе "Манас үйү" эмес, ак сарай болушу зарыл. Анын ичине Манаска тиешелүү музейи, жыйын залы, дагы-дагы ушундай чоң иштер аткарылса жакшы болмок. Бул колдой турган эле нерсе, бирок көп каржатты талап кылат. Ошондой эле бир жылда же бир күндө бүтө турган иш эмес. Көтөргөнүңөр жакшы, ортого салсаңар эл да өздөрүнүн сунуш- пикирлерин айтса керек. Салыныш ордуна токтолсом, албетте, борборго салынганы дурус. Мисал үчүн Жогорку Кеңештин күн батыш тарабында ачык аянт бар. Мына ошол жерге салса болот. Бул өзү кыргыздын сыймыгы боло турган жер болуусу керек да. Маданий бир чооң очок болушу абзел. Гезитке сунуштай берсеңер ар бир адамдын пикиринен жакшы варианттар чыгат өзүнөн-өзү эле. Эл деген эл да, ар кимдин ар кандай ою бар. Эң негизгиси буга колдоо керек да. Кичинекей мамлекетибиз бутуна туруп, экономикалык жактан оңолуп кетсе эле эртеби-кечпи салууга туура келет. Бул башталып калган нерсе аягына чыгат баары бир. Мисалы, Манас боюнча мыйзам, Манастын эстелиги, менин силерге жиберген "Манас шаары" жөнүндө, Манастын эстелигин Балыкчыга куруу жөнүндө пикрилерим бар эмеспи. Мына ушул өңдүү ой-пикирилер келе берет менимче. Мындан кийин мен дагы ойлонуп өзүмдүн сунуштарымды, пикирлеримди киргизейин. Ишиңерде ийгилик болсун!

Саадабек Адиев, скульптор:
- Манас жөнүндө айта берсем сөз жетпейт эмеспи. Жаман айтпайм. Эч ким билбейт Манас өзү кандай болгонун так сүрөттөп айта албайт. Ар кимдин түшүнө ар кандай көрүнөт. "Манас үйүн" курсак болот, эмнеге болбосун. Ал үйдө эмне камтылышы керек. Биринчиден "Манас" эпосунун бардык варианттары, манасчылар, Манас тууралуу изилденген илимий иштер, Манасчылар тууралуу кенен маалыматтар да камтылса болот. Салыныш ордуна токтоло кетсем. Негизинен борбор калаабыздын борбор бөлүгү гана туура болот. Бирок, ал болбойт дешсе "Манастын айылына" деле салсак болот. "Манас үйү"десе үйдү гана тургузуп коюнун кереги жок, ал комплекстүү болушу керек, чоң масштабда болуусу шарт. Аталган демилгени колдойм, курсак болот.

Изат Кумакеев, технолог;
- Эми мына Манас деп эстелигин койду. Мен үйүн курабыз деген демилгеңерге каршымын. Көрүнгөн жерге эле Манасты чаптай берүүнүн кажети жок, мындайча айтканда авторитети кетет. Ар кайсы жерди эле Манастын үйү, Манас көчөсү жада калса Манас деген арак да чыгарып жиберишти. Бул туура эмес. Андан көрө жогору жагыбыздагы Манас айылын жакшыртып, оңдоп-түздөп, гүлдөтүп алсак жакшы болоор эле. Жаңы үйлөнгөн жаштар Манас айылына барат. Өткөндө мен да жаш түгөйлөрдү алып бардым эле. Ал жердин абалын көрүп алып ушунчалык зээним кейип турду. Таштандылар ар кайсы жерде жатат, көп жерлери ураган, сынган. Ошол абалынан чыгарып, жогорку деңгээлде кылып оңдоп койсоңор эле болот эле. Элдер бул жердеги "Өчпөс отко" сыйынганы баргандай, ал жерге да сыйынып барышса жакшы болоор эле.
Гүлзат САДЫРБЕК кызы







кыргыз тилиндеги гезит "Асман пресс"





??.??